Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

3-бөлүк: Мисирден чыккандан Ысрайылдын биринчи падышасына чейин

3-бөлүк: Мисирден чыккандан Ысрайылдын биринчи падышасына чейин

Муса ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан чыгарып, Синай тоосуна алып келет. Ал жерден Кудай аларга мыйзамдарын берет. Кийинчерээк Муса Канаан жерин көрүп келүүгө 12 чалгынчыны жиберет. Бирок алардын ону ал жер тууралуу жаман маалымат алып келишет. Алардын айынан эл Мисирге кеткиси келет. Ишенимсиз болушканы үчүн Кудай ысрайылдыктарды 40 жыл чөл кездирип жазалайт.

Акырында Жашыя ысрайыл элин Канаан жерине алып барууга дайындалат. Жахаба аларга Канаан жерин басып алууга жардам берүү үчүн кереметтерди жасайт. Ал агып жаткан Иордан дарыясын токтотот, Жерихонун дубалын кулатат жана күндү батырбай токтотуп коёт. Алты жылдан кийин ысрайылдыктар Убадаланган жерди канаандыктардан тартып алышат.

Ысрайылда Жашыядан баштап, 356 жыл бою башкаруучулар бийлик кылат. Алардын көбү менен, мисалы, Барак, Гидон, Иптах, Шимшон жана Шемуелдер менен таанышабыз. Ошондой эле Рахап, Дебора, Жаел, Рут, Наами, Делила аттуу аялдар тууралуу да окуйбуз. Үчүнчү бөлүктө 396 жылдык тарых баяндалат.

Жыйын чатыры