Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

30-аңгеме: Күйүп турган бадал

30-аңгеме: Күйүп турган бадал

МУСА койлоруна жайыт издеп отуруп, Хореп тоосуна келет. Ал жерден бир бадалдын жалбырттап күйүп жатканын, бирок күйүп кетпегенин көрөт!

Күйүп жаткан бадалдын жанындагы Муса

«Шумдук,— деп ойлойт Муса,— жакыныраак барып, жакшылап карап көрөйүнчү». Ал жакындап баратканда, бадалдан: «Жакындаба! Бут кийимиңди чеч, анткени сен турган жер — ыйык жер»,— деген үн чыгат. Ошол учурда периште аркылуу Кудай сүйлөгөн эле, ошондуктан Муса бетин жаап алат.

Анан Кудай: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм. Аларды куткарам, а сени элимди Мисирден алып чыгууга жиберем»,— дейт. Жахаба өз элин укмуштай кооз Канаан жерине алып бармак.

Бирок Муса: «Мен киммин? Мен бул тапшырманы кантип аткарам? Мейли, барайын, бирок алар: "Сени ким жиберди?“ — десе, эмне деп жооп берем?» — деп сурайт.

«Мени силерге Ыбрайымдын, Ыскактын, Жакыптын Кудайы ЖАХАБА жиберди дейсиң»,— дейт Кудай. Анан: «Бул менин түбөлүктүү ысмым»,— деп кошумчалайт.

— Мени Сен жибергениңе алар ишенбесечи? — дейт Муса.

— Колуңдагы эмне? — деп сурайт Кудай.

— Таяк,— деп жооп берет Муса.

— Аны жерге ташта,— дейт Кудай. Муса аны жерге таштаганда, таяк жыланга айланат. Анан Жахаба башка керемет көрсөтөт. Ал: «Колуңду койнуңа сал»,— дейт Мусага. Муса колун койнуна салып, кайра чыгарганда, колу аппак кардай болуп калат! Анын колу пес деп аталган жаман оору менен ооругандай көрүнөт. Андан кийин Жахаба Мусага үчүнчү кереметти жасоого күч берип, мындай дейт: «Сен бул кереметтерди жасаганда, ысрайылдыктар сени Мен жибергениме ишенет».

Муса үйүнө келип Итрого: «Мен Мисирге барып, биртуугандарымды көрүп келейинчи»,— деп айтат. Ошентип, ал Итро менен коштошуп, Мисирге жөнөйт.

Чыгуу 3:1—22; 4:1—20.



Суроолор

  • Сүрөттөгү тоо эмне деп аталат?
  • Койлору менен тоого келгенде Мусанын эмнени көргөнүн айтып бер.
  • Күйүп турган бадалдан чыккан үн эмне деген жана ал кимдин үнү эле?
  • Кудай Мусага ысрайыл элин Мисирден ал баштап чыгарарын айтканда, Муса эмне деп жооп берген?
  • Кудай Мусага эл аны ким жибергенин сураганда эмне деп айтууну буйрат?
  • Муса өзүн чынында эле Кудай жибергенин кантип далилдемек?

Кошумча суроолор

  • Оку: Чыгуу 3:1—22.

    Муса тууралуу билдирүү теократиялык кайсы бир тапшырманы аткаруу колубуздан келбечүдөй сезилгенде Жахабанын жардам берерине кандайча ынандырат? (Чыг. 3:11, 13; 2 Кор. 3:5, 6)

  • Оку: Чыгуу 4:1—20.

    Мидиан жеринде өткөргөн кырк жылдын ичинде Мусанын көзкарашы кандайча өзгөргөн жана жыйналыштагы жоопкерчиликтерге умтулгандар мындан кандай сабак ала алышат? (Чыг. 2:11, 12; 4:10, 13; Мих. 6:8; 1 Тим. 3:1, 6, 10)

    Жахабанын уюму тарабынан жаза алганыбызда, Муса тууралуу билдирүү эмнеден шектенбөөгө жардам берет? (Чыг. 4:12—14; Заб. 102:14; Эвр. 12:4—11)