Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

28-аңгеме: Ымыркай Мусанын аман калышы

28-аңгеме: Ымыркай Мусанын аман калышы

АЯЛДЫН колун кармап ыйлап жаткан баланы карачы. Анын аты — Муса. Бул сулуу аялдын ким экенин билесиңби? Ал — Мисирдин падышасы болгон фараондун кызы.

Фараондун кызы Мусаны таап алат

Мусанын апасы баласын мисирликтер өлтүрүшүн каалабайт. Ошондуктан аны үч айга толгончо жашыруун багат. Бирок баласы табылып калышы мүмкүн экенин билгендиктен, аны аман алып калуу үчүн төмөнкүдөй кылат.

Ал суу кирбегидей кылып себет жасайт. Анан ага Мусаны салып, Нил дарыясынын жээгинде өскөн бийик камыштардын арасына коюп коёт. Мусанын эжеси Мириямга анча алыс эмес жерден баланын эмне болорун карап туруу тапшырылат.

Көп өтпөй фараондун кызы сууга түшкөнү Нил дарыясына келет. Ал бийик өскөн камыштардын арасынан себетти көрүп, өзүнүн кызматчы кыздарынын бирин чакырып: «Себетти алып келчи»,— дейт. Фараондун кызы себетти ачканда, татынакай ымыркайды көрөт! Ымыркай Мусанын ыйлап жатканын көрүп фараондун кызынын боору ачып кетет. Ал баланын өлтүрүлүшүн каалабайт.

Ушу маалда Мириям келет. Аны сүрөттөн көрсөң болот. Фараондун кызынан Мириям: «Баланы эмизе турган ысрайылдык аялды чакырып келейинби?» — деп сурайт.

«Чакырып келчи»,— дейт фараондун кызы.

Мириям чуркап барып, апасына бардыгын айтып берет. Мусанын апасы келгенде, фараондун кызы мындай дейт: «Бул баланы багып бер, акысын төлөп берем».

Ошентип, Мусаны өз энеси бага баштайт. Кийин Муса чоңойгондо, аны фараондун кызына алып барат, ал Мусаны асырап алат. Мына ошентип, Муса фараондун үйүндө чоңоёт.

Чыгуу 2:1—10.



Суроолор

  • Сүрөттөгү бала ким жана ал кимдин колун кармап турат?
  • Мусаны аман алып калыш үчүн апасы эмне кылган?
  • Сүрөттөгү кичинекей кыз ким жана ал эмне кылган?
  • Фараондун кызы баланы таап алганда, Мириям эмне деп айтат?
  • Фараондун кызы Мусанын апасына эмне дейт?

Кошумча суроо

  • Оку: Чыгуу 2:1—10.

    Мусанын апасында аны кичинекей кезинде тарбиялап, үйрөтүү үчүн кандай мүмкүнчүлүгү болгон жана ата-энелер мындан эмнеге үйрөнсө болот? (Чыг. 2:9, 10; Мыйз. 6:6—9; Накыл 22:6; Эф. 6:4; 2 Тим. 3:15)

Көбүрөөк билиңиз

ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СЫЙЫНУУ КЕЧИНЕ

Мусанын Мисирде чоңоюшу

Мусанын Мисирдеги жашоосу тууралуу көбүрөөк билиш үчүн бул тапшырмаларды жүктөп алгыла да, ата-энеңер менен чогуу аткаргыла.