Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

27-аңгеме: Мисирди каардуу падыша башкарат

27-аңгеме: Мисирди каардуу падыша башкарат

БУЛ кишилер элди кыйнап иштетип жатышат. Тиги кишинин жумушчуну камчы менен сабап жатканын карачы! Бул жумушчулар Жакыптын үйбүлөсүнөн тараган. Ошондуктан аларды ысрайылдыктар деп аташат. Ал эми аларды иштетип жаткандар — мисирликтер. Ысрайылдыктар аларга кул болуп калышкан. Кандайча?

Мисирликтер ысрайыл элин кысымга алышкан

Жакыптын чоң үйбүлөсү Мисирде көп жылдар бою тынчтыкта жашайт. Аларга фараондон кийинки эле беделдүү адам Жусуп кам көрөт. Бирок кийин Жусуп өлөт. Мисирде жаңы фараон бийликке келет, ал ысрайылдыктарды жаман көргөн падыша болот.

Ошо каардуу фараон ысрайылдыктарды кул кылып, алардын үстүнөн каардуу, ташбоор башчыларды коёт. Ал башчылар ысрайылдыктарды фараонго шаар куруп, оор эмгектенүүгө мажбурлашат. Бирок буга карабастан ысрайылдыктар көбөйө берет. Бир нече убактан кийин мисирликтер ысрайылдыктар көбөйүп, аябай күчтүү болуп кетишет деп чочулай башташат.

Мисирликтер ысрайыл элин кысымга алышкан

Фараон эмне кылганын билесиңби? Ал ысрайылдык энелерге төрөт маалында жардам берген аялдарга: «Ар бир жаңы төрөлгөн эркек баланы өлтүрүшүңөр керек»,— деп буйрук берет. Бирок алар жакшы аялдар болгондуктан ымыркайларды өлтүрүшпөйт.

Ошондо фараон өз элине: «Ысрайылдыктардын ар бир жаңы төрөлгөн эркек баласын тартып алып, өлтүргүлө. Кыздарын гана тирүү калтыргыла»,— деп буйрат. Бул кандай гана ташбоордук менен айтылган буйрук эле! Кел эми, жаңы төрөлгөн бир эркек баланын кантип аман калганын билели.

Чыгуу 1:6—22.



Суроолор

  • Сүрөттөгү камчы кармап турган киши ким жана ал кимди сабап жатат?
  • Жусуп өлгөндөн кийин, ысрайылдыктар эмне болот?
  • Эмне себептен мисирликтер ысрайылдыктардан корко башташат?
  • Ысрайылдык аялдарга төрөт маалында жардам берген эки аялга фараон эмнени буйруган?

Кошумча суроолор

  • Оку: Чыгуу 1:6—22.

    Жахаба Ыбрайымга берген убадасын кантип аткара баштаган? (Чыг. 1:7; Башт. 12:2; Элч. 7:17)

    Эврей аначы аялдар өмүрдүн ыйык экенин түшүнгөнүн кантип көрсөтүшкөн? (Чыг. 1:17; Башт. 9:6)

    Алар Жахабага берилгендигин сакташканы үчүн кандай сыйлык алышкан? (Чыг. 1:20, 21; Накыл 19:17)

    Шайтан Жахабанын убадаланган тукумга байланыштуу ой-ниетинин аткарылышына тоскоолдук кылуу үчүн эмне кылган? (Чыг. 1:22; Мт. 2:16)