Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

23-аңгеме: Фараондун түштөрү

23-аңгеме: Фараондун түштөрү

АРАДАН эки жыл өтөт, Жусуп дагы эле зынданда жатат. Шарап сунуучу аны унутуп калган. Бир күнү фараон адаттан тыш эки түш көрүп, алардын маанисин билгиси келет. Анын уктап жатканын көрүп жатасыңбы? Таң атканда, фараон өзүнүн акылман адамдарын чакырып, аларга көргөн түштөрүн айтып берет. Бирок алар түштөрдү жоруй албай коюшат.

Ошондо шарап сунуучу Жусупту эстейт. Ал фараонго: «Мен зынданда отурганда, түш жоруй алган бир киши бар болчу»,— дейт. Фараон токтоосуз түрдө Жусупту зындандан алып келүүнү буйрат.

Фараон Жусупка түшүн айтып берет: «Мен жети семиз уй көрдүм. Анан омурткалары оркойгон жети арык уй көрдүм. Жети арык уй жети семиз уйду жеп салды.

Фараон түш көрүп жатат

Экинчи жолу көргөн түшүмдө бир сабактан бадырайган, жакшынакай жети баш буудай өсүп чыкты. Анан кургаган, чүрүшкөн жети баш буудайды көрдүм. Чүрүшкөн буудай баштары жети бадырайган буудай баштарын жей баштады».

Жусуп фараонго: «Эки түш тең бир эле нерсени билдирет. Жети семиз уй менен бадырайган, жакшынакай жети баш буудай жети жылды билдирет, ал эми жети арык уй менен чүрүшкөн жети баш буудай башка жети жылды билдирет. Мисир жеринде мол түшүмдүү жети жыл болот. Андан кийин жети жыл ачарчылык болот»,— дейт.

Анан: «Даанышман адам караштырып, берекелүү жети жыл ичинде мол түшүмдү жыйноого аны башчы кылып кой. Ошондо кийинки түшүм болбой турган жети жыл ичинде адамдарды ачарчылык баспайт»,— деп кошумчалайт.

Фараонго бул ой жагып калат. Ошондуктан ал Жусупту түшүм жыйноого жана сактоого башчы кылып дайындайт. Жусуп Мисирде фараондон кийинки эле беделдүү адам болуп калат.

Сегиз жыл өткөндөн кийин, ачарчылык башталганда, Жусуп бир нече киши келатканын көрөт. Алардын ким экенин билесиңби? Алар — Жусуптун 10 агасы! Канаанда тамак-аш калбай калгандыктан, Жакып аларды Мисирге жиберген. Жусуп биртуугандарын тааныйт, бирок алар аны таанышпайт. Эмне үчүн экенин билесиңби? Себеби Жусуп мурдагыдан чоңойгон, анын үстүнө, башкача да кийинип алган.

Жусуп бала чагында көргөн түшүн эстейт. Анда биртуугандары ага келип жүгүнүшкөн болчу. Ошо жөнүндө окуганыбыз эсиңдеби? Эми Жусуп аны Мисирге Кудай өзү жакшы ниет менен жибергенин түшүнөт. Ал азыр эмне кылат деп ойлойсуң? Кел, окуп көрөлү.

Башталыш 41:1—57; 42:1—8; 50:20.



Суроолор

  • Бир жолу түнүчүндө фараон эмне болот?
  • Шарап сунуучу эмнеден улам Жусупту эстейт?
  • Сүрөттөн көрүнүп тургандай, фараон кандай эки түш көрөт?
  • Жусуп ал түштөрдү эмне деп жоруйт?
  • Жусуп кантип фараондон кийинки эле беделдүү адам болуп калат?
  • Жусуптун биртуугандары Мисирге эмнеге келишет жана алар эмне себептен аны таанышпайт?
  • Жусуп кайсы түшүн эстейт жана эмнени түшүнөт?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 41:1—57.

    Жусуп кандайча башкалардын көңүлүн Жахабага бурган жана Ыйсанын жолдоочулары аны кантип туурай алышат? (Башт. 41:16, 25, 28; Мт. 5:16; 1 Пет. 2:12)

    Мисирдеги молчулук жылдарынан кийин болгон ачарчылык мезгили Жахабанын эли менен христиан дүйнөсүнүн рухий абалы бири-биринен кескин айырмаланарын кандайча көрсөтүп турат? (Башт. 41:29, 30; Амос 8:11, 12)

  • Оку: Башталыш 42:1—8 жана 50:20.

    Жергиликтүү салтка ылайык, жогорку абалды ээлегендерге жүгүнүп урмат көрсөтүү талап кылынса, Жахабанын кызматчыларынын андай кылганы туура болобу? (Башт. 42:6)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жусуптун элди сактап калышы

Бул окуяны жүктөп алып, Кудайдын Жусуп аркылуу бүтүндөй бир улутту кандайча сактап калганын окуп көргүлө.