Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

19-аңгеме: Жакыптын чоң үйбүлөсү

19-аңгеме: Жакыптын чоң үйбүлөсү
Жакып жана анын уулдары

БУЛ чоң үйбүлөнү карачы. Булар — Жакыптын 12 уулу. Анын кыздары да бар. Жакыптын канча баласынын атын билесиң? Кел анда, алардын айрымдары менен таанышалы.

Лея Рубейинди, Шымонду, Лебини жана Жүйүттү төрөйт. Рахел төрөбөгөнү үчүн аябай капаланат. Ошондуктан ал өзүнүн кызматчысы Биланы Жакыпка аялдыкка берет. Била Дан жана Напталы деген эки бала төрөйт. Лея да өзүнүн кызматчысы Зилпаны Жакыпка аялдыкка берет. Зилпа эки уул төрөйт, алардын аттары — Гат жана Ашыр. Лея андан кийин Исахар жана Забулун деген эки балалуу болот.

Акырында Рахел да эркек бала төрөйт. Анын атын Жусуп коёт. Кийинчерээк Жусуп жөнүндө көбүрөөк билебиз, себеби ал абдан белгилүү адам болот. Демек, Жакыптын 11 баласы ал Рахелдин атасы Лабандын үйүндө жашап жүргөндө төрөлөт.

Жакыптын кыздары да болгон, бирок Ыйык Китепте алардын бирөөнүн гана аты айтылат. Анын аты — Дина.

Жакып Лабандын үйүнөн чыгып, Канаанга жөнөй турган учур келет. Ошондуктан ал өзүнүн чоң үйбүлөсүн жана короо-короо коюн, үйүр-үйүр бодо малын чогултуп, узак жолго чыгат.

Алар Канаан жерине киргенден бир нече убакыт өткөндөн кийин, Рахел дагы бир эркек бала төрөйт. Бул жолдо болот. Рахел абдан кыйналып, төрөт учурунда өлүп калат. Бирок бала аман калат. Жакып анын атын Бенжемин коёт.

Жакыптын 12 уулунун атын жаттап алышыбыз керек, анткени ысрайыл эли ошолордон тараган. Чынында эле, ысрайылдын 12 уруусу Жакыптын 10 уулунун жана Жусуптун 2 уулунун аты менен аталган. Ыскак Жакыптын уулдары төрөлгөндөн кийин да узак өмүр сүргөн. Ал көп неберелүү болгонуна абдан кубанса керек. Эми анын небереси Дина менен эмне болгонун карап көрөлү.

Башталыш 29:32—35; 30:1—26; 35:16—19; 37:35.



Суроолор

  • Биринчи аялы Леядан Жакыптын кайсы алты уулу төрөлгөн?
  • Леянын кызматчысы Зилпа Жакыпка төрөп берген эки баланын аттары ким болгон?
  • Рахелдин кызматчысы Биладан Жакыптын кайсы уулдары төрөлгөн?
  • Рахел кайсы эки баланы төрөгөн жана экинчисин төрөп жатканда эмне болгон?
  • Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Жакыптын канча уулу болгон жана алардан кайсы эл тараган?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 29:32—35; 30:1-26 жана 35:16-19.

    Жакыптын 12 уулу жөнүндөгү билдирүүдөн көрүнүп тургандай, байыркы убакта эврейлер балдарына көп учурда атты кантип коюшчу?

  • Оку: Башталыш 37:35.

    Ыйык Китепте Динанын аты гана айтылса да, Жакыптын дагы башка кыздары болгонун кайдан билебиз? (Башт. 37:34, 35)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жакып пайгамбардын уулдары жөнүндөгү окуя

Бир тууганыңдын же досуңдун сен самаган нерсеси болсо, ага кандай карашың керек?