Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

18-аңгеме: Жакып Харанга жол тартат

18-аңгеме: Жакып Харанга жол тартат

ЖАКЫПТЫН кимдер менен сүйлөшүп турганын билесиңби? Ал көп күн жол жүргөндөн кийин, кудуктун жанынан ушул адамдарга кезигет. Алар кой кайтарып жүрүшкөн. Жакып алардан: «Кайдан болосуңар?» — деп сурайт.

— Харанданбыз,— дешет алар.

— Лабанды билесиңерби? — деп сурайт Жакып.

— Билебиз. Мына, кызы Рахел койлорун айдап келатат,— дешет тигилер. Ары жакта келаткан Рахелди көрдүңбү?

Жакыптын Рахелге жолугушушу

Жакып таякеси Лабандын койлорун айдап келаткан Рахелди көрүп, койлорду сугаруу үчүн кудуктун оозундагы ташты жылдырат. Анан Рахелди өөп, өзүнүн ким экенин айтат. Рахел аябай толкунданган бойдон үйүнө барып, атасы Лабанга болгон окуяны айтып берет.

Лабан Жакыптын анын үйүндө жашаарын билгенде аябай сүйүнөт. Жакып Рахелди аялдыкка берүүсүн сураганда, Лабан ого бетер кубанат. Бирок Лабан Жакыптан Рахел үчүн жети жыл талаасында иштеп беришин суранат. Жакып Рахелди аябай сүйгөндүктөн, макул болот. Бирок үйлөнүү тою болгондо эмне болгонун билесиңби?

Лабан Рахелдин ордуна улуу кызы Леяны аялдыкка берип коёт. Жакып Лабандыкында дагы жети жыл иштөөгө макул болгондо, Лабан ага Рахелди аялдыкка берет. Ал убакта Кудай эркектерге бир нече аял алууга жол берген. Бирок азыр эркектин бир гана аялы болушу керектигин Ыйык Китеп көрсөтүп турат.

Башталыш 29:1—30.



Суроолор

  • Сүрөттөгү кыз ким жана Жакып ага кандай жакшылык кылган?
  • Рахелге үйлөнүү үчүн Жакып эмне кылууга даяр болгон?
  • Жакып Рахелге үйлөнөрдө Лабан эмне кылган?
  • Рахелге үйлөнүш үчүн Жакып дагы эмне кылууга макул болгон?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 29:1—30.

    Лабан алдап кетсе да, Жакып кантип чынчылдык менен иш кылган жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот? (Башт. 25:27; 29:26—28; Мт. 5:37)

    Чыныгы сүйүү менен ашыктыктын ортосундагы айырма бар экени Жакып тууралуу билдирүүдөн кандайча көрүнүүдө? (Башт. 29:18, 20, 30; Ыр. 8:6)

    Кайсы төрт аял Жакыпка турмушка чыгып, ага уулдарды төрөп беришкен? (Башт. 29:23, 24, 28, 29)