Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

17-аңгеме: Бири-бирине окшобогон эгиздер

17-аңгеме: Бири-бирине окшобогон эгиздер
Эйсап

БУЛ балдар бири-бирине такыр окшобойт бекен? Алардын аттарын билесиңби? Мергенчилик кылганынын аты — Эйсап. Кой кайтарып жүргөн баланыкы болсо Жакып.

Эйсап менен Жакып — Ыскак менен Ребеканын эгиз балдары. Ыскак Эйсапты аябай жакшы көрчү, анткени ал мергенчилик кылып, үйгө тамак алып келип турчу. Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү, анткени ал жоош, момун бала эле.

Ал кезде эгиздердин чоңатасы, Ыбрайым, тирүү болчу. Жакып чоңатасынын Жахаба тууралуу айтып бергендерин укканды аябай жакшы көрсө керек. Ыбрайым 175 жашка чыгып каза болот, ал кезде балдар 15те эле.

Эйсап 40 жашында канаандык эки кызга үйлөнөт. Буга Ыскак менен Ребека абдан капаланат, себеби келиндери Жахабага сыйынышчу эмес.

Күндөрдүн биринде Эйсап Жакыпка катуу кыжырлангандай окуя болот. Ыскак тун уулуна батасын бере турган убак келет. Жакыптан улуу болгондуктан Эйсап бата аларына үмүттөнгөн. Бирок ал бата алуу укугун мурун эле Жакыпка сатып жиберген болчу. Ошондой эле балдар төрөлгөндө, Кудай батаны Жакып аларын алдын ала айткан. Анан, чын эле, ошондой болот. Ыскак батасын Жакыпка берет.

Жакып

Муну билгенде Эйсап Жакыпка аябай ачууланат. Ушунчалык кыжыры келгендиктен, атүгүл аны өлтүрөм дейт. Бул жөнүндө укканда Ребека абдан тынчсызданат. Анан Ыскакка: «Эгер Жакып Канаан кыздарына үйлөнсө, мен буга чыдай албайм»,— дейт.

Ыскак Жакыпты чакырат да: «Канаандык кыздардан аял алба. Харанга, таятаң Бетуелдин үйүнө барып, анын баласы Лабандын кыздарынын бирине үйлөн»,— деп айтат.

Жакып атасынын тилин алып, дароо эле алыскы Харандагы туугандарыныкына жөнөйт.

Башталыш 25:5—11, 20—34; 26:34, 35; 27:1—46; 28:1—5; Эврейлерге 12:16, 17.



Суроолор

  • Эйсап менен Жакып кимдер эле жана бири-биринен эмнеси менен айырмаланган?
  • Ыбрайым каза болгондо, Эйсап менен Жакып канча жашта эле?
  • Эйсап ата-энесин эмне кылып капаланткан?
  • Ал эмне үчүн биртууганы Жакыпка абдан ачууланган?
  • Ыскак Жакыпка кандай кеңеш берген?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 25:5—11, 20—34.

    Жахаба Ребеканын эки уулу тууралуу кандай пайгамбарлык айткан? (Башт. 25:23)

    Жакып менен Эйсап тунгучтукка карата кандай көзкарашта болушкан? (Башт. 25:31—34)

  • Оку: Башталыш 26:34, 35; 27:1—46 жана 28:1—5.

    Эйсаптын рухий нерселерди баалабаганы эмнеден айкын көрүнгөн? (Башт. 26:34, 35; 27:46)

    Ыскактын сөздөрүнө ылайык, Жакып Кудайдын батасын алуу үчүн эмне кылышы керек эле? (Башт. 28:1—4)

  • Оку: Эврейлерге 12:16, 17.

    Ыйык нерселерди баалабагандар кандай кесепетке кабылары Эйсап менен болгон окуядан кандайча көрүнүүдө?

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жакып менен Эйсап

Жакып менен Эйсап жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн сүрөт түрүндөгү бул тапшырманы жүктөп алгыла да, кагазга чыгарып алып, боёгула.