Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

15-аңгеме: Лоттун аялы артын карайт

15-аңгеме: Лоттун аялы артын карайт

ЛОТ жана анын үйбүлөсү Ыбрайым менен чогуу Канаан жеринде жашачу. Бир күнү Ыбрайым Лотко: «Биздин малыбызга бул жер тар болуп жатат. Кел, бөлүнөлү, эгерде сен солго кетсең, мен оң тарапка кетем»,— дейт.

Лот айланага көз чаптырып, суусу, чөбү көп жерди көрөт. Ал Иордан өрөөнү эле. Лот үйбүлөсү, малы менен ошол жакка көчүп, акырында Содом деген шаарга отурукташат.

Содомдун тургундары аябай жаман адамдар эле. Лот ага абдан кайгырат, себеби ал жакшы адам болгон. Буга Кудай да кайгырат. Акыр-аягы, Кудай Содом менен Амордо жашагандардын жаман иштери үчүн ал шаарларды талкалай турганын Лотко айтуу үчүн эки периштесин жиберет.

Алар Лотко: «Аялың менен кыздарыңды алып, бул жерден тезирээк кет!» — деп буйрук беришет. Лот үйбүлөсү менен шашпай койгондуктан, периштелерге аларды шаардан жетелеп чыгууга туура келет. Анан периштелердин бири: «Жаныңарды куткаруу үчүн чуркагыла! Артыңарды карабагыла. Өлүп калбаш үчүн тоого качкыла»,— дейт.

Лот менен кыздары тил алып, Содомдон качып кетишет. Алар бир мүнөткө да токтошпойт, артын да карашпайт. Бирок Лоттун аялы тил албай коёт. Содомдон алысташканда Лоттун аялы токтоп, артын карап жиберет. Ал ошол замат туз мамыга айланып калат. Аны сүрөттөн көрүп жатасыңбы?

Биз мындан чоң сабак ала алабыз. Кудай анын тилин алгандарды сактайт, ал эми тил албагандар жок кылынат.

Башталыш 13:5—13; 18:20—33; 19:1—29; Лука 17:28—32; 2 Петир 2:6—8.

Лот Содомдон чыгып баратат


Суроолор

  • Эмне үчүн Ыбрайым менен Лот эки жакка бөлүнүп кеткен?
  • Эмне себептен Лот Содомду тандаган?
  • Содомдо кандай адамдар жашаган?
  • Эки периште Лотко эмне деп айтышат?
  • Эмне үчүн Лоттун аялы туз мамыга айланып калган?
  • Лоттун аялы менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 13:5—13.

    Келишпестиктерди чечүүдө Ыбрайымдан эмнеге үйрөнсөк болот? (Башт. 13:8, 9; Рим. 12:10; Флп. 2:3, 4)

  • Оку: Башталыш 18:20—33.

    Жахабанын Ыбрайымга жасаган мамилеси бизди Анын жана Ыйсанын адилеттүү сот жүргүзөрүнө кандайча ынандырат? (Башт. 18:25, 26; Мт. 25:31—33)

  • Оку: Башталыш 19:1—29.

    Ыйык Китептеги бул билдирүүгө ылайык, Кудай гомосексуализмге кандай карайт? (Башт. 19:5, 13; Леб. 20:13)

    Кудайдын көрсөтмөсүнө баш ийүү жагынан Ыбрайым Лоттон эмнеси менен айырмаланган жана мындан кандай сабак алсак болот? (Башт. 19:15, 16, 19, 20; 22:3)

  • Оку: Лука 17:28—32.

    Лоттун аялы материалдык нерселерге кандай караган жана бул биз үчүн кандай эскертүү болуп саналат? (Лк. 12:15; 17:31, 32; Мт. 6:19—21, 25)

  • Оку: 2 Петир 2:6—8.

    Лоттон үлгү алып, азыркы бузулган дүйнөгө карата кандай көзкарашта болушубуз керек? (Жез. 9:4; 1 Жкн. 2:15—17)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Лоттун аялынын туз мамыга айланышы

Лоттун аялы менен болгон окуядан кандай сабак алса болот? Ан үчүн Ыйык Китептеги окуяны окуп чыгып, тапшырманы аткаргыла

Сүрөт түрүндөгү окуя: Лот жана анын үй-бүлөсү

Бул тапшырманы жүктөп алып, Лоттун үй-бүлөсү менен болгон окуядан эмнеге үйрөнө аларыңарды ойлонуп көргүлө.