Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

14-аңгеме: Кудай Ыбрайымдын ишенимин сынайт

14-аңгеме: Кудай Ыбрайымдын ишенимин сынайт

ЫБРАЙЫМДЫН эмне кылганы жатканын карасаң. Ал колуна бычак алып, өз баласын өлтүргөнү жатат окшойт. Эмне себептен? Кел, адегенде Ыбрайым менен Сара кандайча балалуу болгонун билели.

Ыбрайым Ыскакты курмандыкка чалып жатат

Кудай аларга балалуу болушарын убада кылганын эстесең. Ыбрайым менен Сара аябай карып калгандыктан, бул мүмкүн эместей көрүнгөн. Бирок Ыбрайым Кудайдын мүмкүн эмес нерсени кыла аларына ишенген. Андан кийин эмне болгон?

Кудай убада бергенден кийин толук бир жыл өтүп, Ыбрайым — 100гө, Сара 90го чыкканда уулдуу болушат. Атын Ыскак коюшат. Ошентип, Кудай убадасын аткарат!

Ыскак чоңойгондо, Жахаба Ыбрайымдын ишенимин сынайт. Ал: «Ыбрайым!» — деп чакырат. Ыбрайым: «Мен мына»,— дейт. Кудай ага: «Уулуңду, жалгыз уулуң Ыскакты, алып, мен айткан тоого бар. Ошол жерде аны өлтүрүп, курмандыкка чал»,— дейт.

Муну укканда Ыбрайым кандай гана капаланган, анткени ал уулу Ыскакты абдан жакшы көрчү. Кудай Ыбрайымга анын тукуму Канаан жеринде жашаарын убадалаганын эстесең. Эгерде Ыскак өлүп калса, Кудайдын ал убадасы кантип аткарылат? Ыбрайым муну түшүнбөсө да Кудайга баш ийген.

Ал тоого чыгып, курмандык чалынуучу жай жасайт да, Ыскакты байлап, анын үстүнө жаткырат. Анан аны өлтүрүү үчүн бычагын алат. Бирок ошондо Кудайдын периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» — деп чакырат. «Мен мына»,— дейт Ыбрайым.

«Балага тийбе, аны эч нерсе кылба,— дейт Кудай.— Эми сенин мага ишенериңди билдим, анткени жалгыз уулуңду менден аяган жоксуң».

Ыбрайымдын Кудайга болгон ишеними кандай күчтүү болгон! Ал Жахаба үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок экенине жана Ыскакты тирилте аларына ишенген. Бирок, чынында, Кудай Ыбрайымдын өз уулун өлтүрүшүн каалаган эмес. Ошондуктан ал Ыбрайымдын жанындагы бадалга кочкорду мүйүзүнөн чырмалтып коёт да, аны Ыскактын ордуна курмандыкка чалууну айтат.

Башталыш 21:1—7; 22:1—18.



Суроолор

  • Кудай Ыбрайымга эмнени убадалаган жана аны кандайча аткарган?
  • Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Кудай Ыбрайымдын ишенимин кантип сынаган?
  • Ыбрайым Кудайдын эмне үчүн андай буйрук бергенин түшүнбөсө да, эмне кылган?
  • Ыбрайым уулун өлтүрүү үчүн бычагын алганда, эмне болгон?
  • Ыбрайымдын Кудайга болгон ишеними канчалык күчтүү эле?
  • Ыбрайым курмандык чала алышы үчүн, Кудай ага эмне берген жана кантип?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 21:1—7.

    Уулунун төрөлгөнүнө сегиз күн болгондо, Ыбрайым эмне үчүн аны сүннөткө отургузган? (Башт. 17:10—12; 21:4)

  • Оку: Башталыш 22:1—18.

    Ыскак атасы Ыбрайымга баш ийгенин кантип көрсөткөн жана бул келечектеги кайсы маанилүү окуянын прообразы болгон? (Башт. 22:7—9; 1 Кор. 5:7; Флп. 2:8, 9)

Көбүрөөк билиңиз

Ыбрайым — «бардык ишенгендердин атасы»

Ыбрайым кантип ишеним көрсөткөн? Канткенде андан үлгү алган болобуз?