Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

11-аңгеме: Биринчи көкжеле

11-аңгеме: Биринчи көкжеле

НУХ үйбүлөсү менен кемеден чыкканда биринчи кезекте эмне кылганын билесиңби? Ал Кудайга курмандык чалат. Аны бул жердеги сүрөттөн көрсөң болот. Нух Кудайга Топон суудан өзүн жана үйбүлөсүн аман алып калганы үчүн ыраазычылык билдирип, малдан курмандык чалат.

Кеме жана көкжеле

Кандай деп ойлойсуң, анын курмандыгы Жахабага жакканбы? Албетте, жаккан. Ошондуктан ал Нухка мындан ары эч качан дүйнөнү Топон суу менен жок кылбай турганын убадалаган.

Жер кургаган соң, Нух үйбүлөсү менен кемеден чыгып, жерде жашай баштайт. Кудай аларга: «Көп балалуу болгула, жер бети адамдарга толсун»,— деп батасын берет.

Бирок кийин адамдар Топон суу болгонун угуп, дагы ошондой суу каптайт деп коркушмак. Ошондуктан Кудай эми эч качан жер бетине Топон суу каптатпаары жөнүндөгү убадасын адамдардын эсине сала турган бир нерсе берген. Ал эмне экенин билесиңби? Ал — көкжеле.

Нух жана анын үйбүлөсү

Адатта, жаан басылып, күн көрүнгөндө, асманда көкжеле пайда болот. Ал көп түстүү болушу мүмкүн. Көкжелени көрдүң беле? Сүрөттөн көрүп жатасыңбы?

Кудай: «Мындан ары адамдар менен айбанаттарды Топон суу менен жок кылбоону убада кылам. Булут бетине көк желе тартам. Көк желе пайда болгондо, аны көрүп убадамды эстейм»,— деп айткан.

Эми көкжелени көргөнүңдө, ал эмнени эсиңе салышы керек? Ооба, Кудайдын Топон суу менен дүйнөнү жок кылбайм деген убадасын.

Башталыш 8:18—22; 9:9—17.



Суроолор

  • Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Нух кемеден чыгары менен эмне кылган?
  • Топон суудан кийин Кудай Нух менен анын үйбүлөсүнө кандай буйрук берген?
  • Кудай эмнени убадалаган?
  • Көкжелени көргөндө эмнени эстешибиз керек?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 8:18—22.

    Бүгүн биз кандайча Жахабага «жагымдуу жыттанган» курмандык алып келе алабыз? (Башт. 8:21; Эвр. 13:15, 16)

    Жахаба адамдын жүрөгү жөнүндө эмне деп айткан, ошондуктан эмнеден сак болушубуз керек? (Башт. 8:21; Мт. 15:18, 19)

  • Оку: Башталыш 9:9—17.

    Жахаба жердеги жаратуулары менен кандай келишим түзгөн? (Башт. 9:10, 11)

    Көкжелеге байланыштуу түзүлгөн келишим канча убакытка чейин күчүндө болот? (Башт. 9:16)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

«Аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган»

Нух пайгамбар үй-бүлөсү менен адамзат тарыхындагы эң оор учурда кантип аман калышкан?