Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

9-аңгеме: Нух кеме курат

9-аңгеме: Нух кеме курат
Нухту шылдыңдап жаткан адамдар

НУХТУН аялы жана үч баласы болгон. Балдарынын аттары — Шем, Хам жана Жепет. Үч баласынын тең аялы бар болгондуктан, Нухтун үйбүлөсү сегиз адамдан турган.

Кудай Нухка ал мурда жасап көрбөгөн ишти, чоң кеме курууну, буйрат. Анын көлөмү абдан чоң, ал эми көрүнүшү узун сандыкка окшош болгон. Кудай Нухка: «Кемени үч кабат кылып кур жана бөлмөлөргө бөл»,— деген. Ал бөлмөлөрдө Нух, үйбүлөсү жана жаныбарлар жашамак, ошондой эле келечекте керектеле турган тамак-аш сакталмак.

Кудай Нухка кемени суу кирбегидей кылып курууну буйрат жана: «Жердегилердин баарын жок кылыш үчүн топон суу каптатам, кеменин сыртындагылардын баары өлөт»,— деп айтат.

Нух менен балдары Жахабанын тилин алып, кеме кура башташат. Башка адамдар болсо аларды шылдыңдап, жаман иштерди кыла беришет. Нух Кудайдын ой-ниети тууралуу адамдарга айтат, бирок ага эч ким ишенбейт.

Нухтун үй бүлөсү кемеге жаныбарларды жана азык-түлүктү киргизип жатышат

Кеме абдан чоң болгондуктан, аны курууга көп жыл керектелет. Акыр-аягы, кеме курулуп бүтөт. Кудай Нухка кемеге жаныбарларды киргиз дейт. Айрым айбанаттардан эркек-ургаачы кылып — экиден, ал эми башка түрлөрүнөн жетиден киргизүү керек эле. Кудай Нухка кемеге канаттуулардын бардык түрүнөн киргизүүнү да буйрат. Нух так ошондой кылат.

Кемеге аягында Нух жана анын үйбүлөсү кирет. Анан Кудай кеменин эшигин жабат. Нух үйбүлөсү менен кеменин ичинде күтүп отурушат. Сен да алар менен бирге күтүп отурганыңды элестетсең. Кудай айткан Топон суу чын эле болот болду бекен?

Башталыш 6:9—22; 7:1—9.



Суроолор

  • Нухтун үйбүлөсү канча адамдан турган жана анын уулдарынын аттары ким?
  • Кудай Нухка ал мурда жасап көрбөгөн кандай ишти аткарууну буйрат жана эмне үчүн?
  • Нух кеме жөнүндө айтканда, башкалар аны кандай кабыл алышат?
  • Кудай Нухка жаныбарларды эмне кылууну айтат?
  • Кудай кеменин эшигин жапкандан кийин, Нух үйбүлөсү менен эмне кылат?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 6:9—22.

    Эмнеден улам Нух чыныгы Кудайдын жакшы кызматчысы болгон? (Башт. 6:9, 22)

    Жахаба зордук-зомбулукка кандай карайт жана бул көңүл ачуунун түрүн тандаганыбызда кандай таасир этиши керек? (Башт. 6:11, 12; Заб. 10:5)

    Жахабанын уюмунан көрсөтмөлөрдү алганда Нухту кантип туурай алабыз? (Башт. 6:22; 1 Жкн. 5:3)

  • Оку: Башталыш 7:1—9.

    Жахабанын жеткилең эмес Нухту адил деп эсептегени бизди кандайча бекемдейт? (Башт. 7:1; Накыл 10:16; Ыш. 26:7)