Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

5-аңгеме: Оор жашоонун башталышы

5-аңгеме: Оор жашоонун башталышы

ЭЙДЕН багынын сыртында жашоо Адам ата менен Обо эне үчүн абдан кыйын болгон. Алар тамак таап жеш үчүн оор эмгектенишкен. Алардын айланасын кооз, мөмөлүү дарактардын ордуна тикенек менен отоо чөп басып кеткен. Кудайдын тилин албоо жана Аны менен болгон достуктан айрылуу ушуга алып келген.

Уулу менен бирге катуу эмгектенип жаткан Адам ата

Баарынан жаманы, Адам ата менен Обо эне акыр-аягы өлүшмөк. Кудай бир даракты көрсөтүп, анын жемишинен жесеңер өлөсүңөр деп эскерткенин эстесең. Кудай айткандай эле, алар жемишти жеген күндөн баштап өлүм жолуна түшүшкөн. Адам ата менен Обо эненин Кудайдын тилин албаганы кандай гана акылсыздык болгон!

Алар Эйден багынан куулгандан кийин балалуу болушкан. Андыктан балдары да картайып, акыры өлүшмөк.

Эгер Адам ата менен Обо эне Жахабанын тилин алышса, өздөрү да, балдары да бактылуу болмок. Бардыгы жер бетинде түбөлүк жана бактылуу жашашмак. Эч ким картайып, ооруп, өлмөк эмес.

Кудай адамдардын түбөлүк, бактылуу жашашын каалайт. Ошондой эле алардын келечекте түбөлүк жашаарын убада кылууда. Ал убакта жер жүзү аябай кооз болгондон сырткары, адамдардын баары чың денсоолукта болуп, Кудай менен жана бири-бири менен дос болушат.

Обо эне балдары менен

Обо эне Кудайдын досу болбой калгандыктан, бала төрөө ал үчүн жеңил болгон эмес. Ал аябай кыйналган. Жахабага баш ийбегендиктен анын канчалаган кыйынчылыктарга туш болгонун көрдүңбү?

Адам ата менен Обо эне көп балалуу болушкан. Биринчи баласынын атын — Кабыл, экинчисиникин Абыл деп коюшкан. Алар эмне болгонун билесиңби?

Башталыш 3:16—23; 4:1, 2; Аян 21:3, 4.



Суроолор

  • Адам менен Обо Эйден багынын сыртында кандай жашоо өткөрүшкөн?
  • Алар бара-бара эмне болушкан жана эмне үчүн?
  • Эмне себептен алардын балдары да картайып, өлүшмөк?
  • Адам ата менен Обо эне Жахабанын тилин алышса, өздөрү да, балдары да кандай жашамак?
  • Обо эненин тил албастыгы өзүнө кандай зыян келтирген?
  • Адам ата менен Обо эненин биринчи эки баласынын аты ким болгон?
  • Сүрөттөгү балдар кимдер?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 3:16—23 жана 4:1, 2.

    Жердин каргышка калганы Адам атанын жашоосуна кандай таасир тийгизген? (Башт. 3:17—19; Рим. 8:20, 22)

    Обого «өмүр» дегенди билдирген аттын коюлганы эмне үчүн орундуу болгон? (Башт. 3:20)

    Жахаба Адам менен Обого алар күнөө кетиргенден кийин да кантип кам көргөн? (Башт. 3:7, 21)

  • Оку: Аян 21:3, 4.

    Эмнелердин жок болушун каалайсың?