Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

4-аңгеме: Эмне үчүн үйүнөн ажырап калышкан?

4-аңгеме: Эмне үчүн үйүнөн ажырап калышкан?

КАРАСАҢ, Адам ата менен Обо эне кооз Эйден багынан куулуп чыгыптыр. Себебин билесиңби?

Адам ата менен Обо эне Эйден багынан куулуп чыгууда.

Алар бир жаман иш кылышкан. Ошол үчүн Жахаба аларды жазалаган. Ал экөөнүн эмне кылганын билесиңби?

Алар Кудай кылба деген нерсени кылышкан. Кудай Адам ата менен Обо энеге каалаган дарактын мөмөсүнөн жешсе болорун айткан. Бирок алар бир дарактын мөмөсүнөн жебеши керек эле: жесе өлүшмөк. Ал дарак Кудайдыкы болчу. Башка бирөөнүн бир нерсесин уруксатсыз алуу туура эмес экенин билебиз, чынбы? Анда Адам ата менен Обо эне эмне кылды болду экен?

Бир күнү Обо эне бакта жалгыз жүргөндө, ага жылан сүйлөйт. Элестетсең, ал Обо энеге Кудай жебегиле деген дарактын мөмөсүн жей бергиле дейт. Бирок Жахаба жыланды сүйлөй алгыдай кылып жараткан эмес. Демек, жыландын ордуна башка бирөө сүйлөгөн. Ал ким болду экен?

Ал Адам ата эмес эле. Анда ал Жахабанын эң алгачкы жаратууларынын бири болсо керек. Алар периштелер деп аталат жана жер жаратылганга чейин пайда болушкан. Биз аларды көрө албайбыз. Периштелердин бири абдан текебер болуп чыгат. Ал Кудайдай башкаруучу болууну ойлоно баштайт. Анан адамдардын Жахабага эмес, ага баш ийишин каалайт. Жыландын ордуна ошол периште сүйлөгөн.

Ал периште Обо энени алдаган. Обо эне анын мөмөнү жесең, Кудайдай болосуң деген сөзүнө ишенет. Ошондуктан ал өзү да, Адам ата да мөмөдөн жейт. Кудайдын тилин албагандыктан алар кооз бактагы үйүнөн айрылып калышат.

Бактыга жараша, Кудай бир күнү бүт жер бетин кайрадан Эйден багына окшогон кооз жайга айландырат. Ал ишке сен кантип катыша аларың тууралуу кийинчерээк билебиз. Кел, азыр болсо Адам ата менен Обо эненин эмне болгонун карап көрөлү.

Башталыш 2:16, 17; 3:1—13, 24; Аян 12:9.



Суроолор

  • Сүрөттөн көрүнүп тургандай, Адам ата менен Обо эне эмне болгон?
  • Жахаба аларды эмне үчүн жазалаган?
  • Жылан Обо энеге эмне деген?
  • Жылан аркылуу ким сүйлөгөн?
  • Адам ата менен Обо эне эмне үчүн бейиштеги үйүнөн айрылып калышкан?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 2:16, 17 жана 3:1—13, 24.

    Жылан Обо энеге берген суроосу менен Жахабага кандай жалаа жапкан? (Башт. 3:1—5; 1 Жкн. 5:3)

    Обо эне менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот? (Флп. 4:8; Жкп. 1:14, 15; 1 Жкн. 2:16)

    Адам менен Обо өздөрүнүн туура эмес иши үчүн эмне деп актанышкан? (Башт. 3:12, 13)

    Эйдендин чыгыш жагына коюлган керуп Жахабанын эгедерлигин жактаарын кантип көрсөткөн? (Башт. 3:24)

  • Оку: Аян 12:9.

    Шайтан адамдарга Кудайдын бийлигине каршы чыгууга түрткү берүүдө кандай натыйжага жеткен? (1 Жкн. 5:19)