Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык китептик аңгемелер

2-аңгеме: Кооз бак

2-аңгеме: Кооз бак

БУЛ сүрөттөгү жердин кооздугун карачы! Гүлдөрдү, бак-дарактарды, чөптөр менен жаныбарларды карасаң. Сүрөттөн пил менен арстанды таба аласыңбы? Бул кооз бак кайдан пайда болгон? Кел анда, Кудай биз үчүн жерди кантип даярдаганын билели.

Эйден багындагы жаныбарлар

Алгач Кудай жерди жашыл чөп менен каптап, анан көптөгөн майда өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды жаратат. Алар өсүп, жер аябай кооз болуп калат. Бак-дарактар айлананы көркүнө чыгаргандан сырткары, пайдалуу да келет. Себеби көбү абдан даамдуу мөмө байлайт.

Андан кийин Кудай суудагы балыктарды, асманда учкан куштарды жаратат. Ошондой эле иттерди, мышыктар менен аттарды жана ар кандай чоң-кичине жаныбарларды да жаратат. Сенин үйүңдүн жанында кандай айбанаттар жашайт? Кудайдын ушунун бардыгын биз үчүн жаратканына кубанышыбыз керек эмеспизби?

Акырында Кудай жердин бир бурчуна өзгөчө орун даярдайт. Анан ал жерди Эйден багы деп атайт. Андагы нерселердин баары аябай кооз, эч кемчиликсиз жаратылган. Кудай бүт жер жүзүнүн ушундай сонун жайга айланышын каалаган.

Бирок сүрөттү дагы бир жолу карасаң. Кудайдын ою боюнча эмне жетишпегенин билесиңби? Кел анда, ошол тууралуу билели.

Башталыш 1:11—25; 2:8, 9.



Суроолор

  • Кудай жер бетин биз үчүн кантип даярдаган?
  • Кудай кандай жаныбарларды жаратканын айтып бер. (Сүрөттү кара.)
  • Эйден багы эмне үчүн өзгөчө болгон?
  • Кудай бүт жер жүзүнүн эмнеге айланышын каалаган?

Кошумча суроолор

  • Оку: Башталыш 1:11—25.

    Үчүнчү жаратуу күнүндө Кудай эмнелерди жараткан? (Башт. 1:12)

    Төртүнчү жаратуу күнүндө эмнелер жаратылган? (Башт. 1:16)

    Бешинчи жана алтынчы жаратуу күндөрүндө кайсы жаныбарлар жаратылган? (Башт. 1:20, 21, 25)

  • Оку: Башталыш 2:8, 9.

    Эйден багында кандай эки өзгөчө дарак болгон жана алар эмнени билдирген?