Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 СЕГИЗИНЧИ БӨЛҮМ

Ал дайыма ишенимдүү болгон

Ал дайыма ишенимдүү болгон

1. Шилонун эли эмне үчүн кайгырган?

ШЕМУЕЛ ПАЙГАМБАР Шилодогу элдин кайгысына ортоктош болуп отурат. Бүтүндөй шаар төгүлгөн көз жашка чыланып тургандай. Аталарынын, уулдарынын, күйөөлөрүнүн, ага-инилеринин кандуу кара майданда каза таап, эми үйлөрүнө эч качан кайтып келбей турганын укканда канчалаган аялдар, балдар кан жутуп, буркурап ыйлады болду экен? Пелиштиликтер менен болгон согушта алгач 4 000 ысрайылдык жоокер курман болсо, кийинкисинде 30 000дейи кылычтын мизине алынган (1 Шем. 4:1, 2, 10).

2, 3. Кандай окуялардан улам Шилонун эли уятка калып, шаар даңкынан ажыраган?

2 Каргашалуу окуялар ушуну менен эле бүтүп калса кана! Эйлинин Копни менен Пинехас деген акылсыз уулдары келишим сандыгын көтөрүп алып, кан күйгөн согуш майданына бет алышкан. Келишим сандыгы ыйык чатырдын Ыйыктын ыйыгы деп аталган бөлүгүндө турчу. Ал Кудайдын ысрайыл эли менен экенин билдирген ыйык сандык болгон. Эл аны тумар тутуп, согуш кызуу жүрүп жаткан жерге алып барса эле, Кудай аларды жеңишке ээ кылат деп ойлоп, акылсыздык кылды. Бирок пелиштиликтер келишим сандыгын тартып алып, Копни менен Пинехасты өлтүрүштү (1 Шем. 4:3—11).

3 Ыйык чатырда кылымдар бою турган келишим сандыгы шаарды даңкка бөлөп турчу. Эми болсо ал кас-душмандын колунда. Бул суук кабарды укканда 98 жаштагы Эйли отурган жеринен жыгылып, мүрт кетет. Ошол эле күнү жесир калган келининин толгоосу келип, төрөтү башталат. Ал көз жаргандан кийин: «Ысрайылдын даңкын туткундап кетишти»,— деп кейип, жан берет (1 Шем. 4:12—22).

4. Бул бөлүмдө эмнелер талкууланат?

4 Шемуел пайгамбар мындай оор кыйынчылыктарды кантип көтөрүп кете алат? Жахабанын колдоосунан, ырайымынан ажырап калган элине жардам бере алабы? Баарыбыздын эле кыйынчылыктарга, сыноолорго дуушар болуп, ишенимибиз сыналган учурларыбыз болот. Андыктан Шемуел пайгамбардан эмнелерге үйрөнө аларыбызды карап чыгалы.

 Ал «адил иштерди кылып», адилеттикти орноткон

5, 6. 20 жылдын ичинде кандай окуялар болгон жана ал убакыт аралыгында Шемуел пайгамбар эмне кылган?

5 Ыйык Китепте ушул жерден баштап Шемуел пайгамбар жөнүндө эмес, пелиштиликтердин келишим сандыгын тартып алганы үчүн өз баштарына балээ үйүп, аны кайтарып берүүгө мажбур болушканы тууралуу айтылат. Ал эми Шемуел пайгамбар жөнүндө ошондон 20 жылдай өткөндөн кийин гана кайра баяндала баштайт (1 Шем. 7:2). Ошол жылдар аралыгында ал эмне кылган? Бул суроонун жообун Ыйык Китептен таба алабыз.

Шемуел пайгамбар кайгырып турган элине жардам берген

6 Жыйырма жыл бою «Шемуел Кудайдын айткандарын ысрайыл элине айтып турган» (1 Шем. 4:1). Ошондон кийин да ал жыл сайын Ысрайылдын үч шаарын кыдырып, ар кандай маселелерди, элдин талаш-тартышын чечип жүргөн. Андан соң Рама шаарындагы үйүнө барчу (1 Шем. 7:15—17). Ооба, Шемуел пайгамбар 20 жыл бою эл үчүн тынбай кызмат кылып, көп иштерди аткарган.

Шемуел пайгамбар 20 жыл бою эл үчүн тынбай кызмат кылып, көп иштерди аткарган

7, 8. а) Шемуел пайгамбар элди эмне кылууга чакырган? б) Эл пайгамбардын айткандарына кандай жооп кайтарган?

7 Эйлинин уулдарынын адеп-ахлаксыз, ыпылас иштери элдин ишенимин кадимкидей солгундаткан. Натыйжада көптөр жалган кудайларга сыйынып кетишкен. Шемуел пайгамбар ысрайылдыктарды Кудайдын жолуна салууга 20 жыл аракет кылгандан кийин да аларга: «Эгер Жахабага бүт жүрөгүңөр менен кайрылып жатсаңар, анда араңардан Астарталарды жана бөтөн жерликтердин башка кудайларын жоготкула да, жүрөгүңөрдү чечкиндүү түрдө Жахабага буруп, ага гана кызмат кылгыла, ошондо ал силерди пелиштиликтердин колунан куткарат»,— деген сөздөрдү айтууга туура келген (1 Шем. 7:3).

8 Пелиштиликтер ысрайыл элине кош чеңгелин салып, үстөмдүк кылып турган. Ысрайылдыктарды жеңгенден кийин эрдемсинген пелиштиликтер Кудайдын элин андан ары да эзе беребиз деп ойлошкон. Бирок Шемуел пайгамбар элди Жахабага кайрылганда гана каардуу душмандын эзүүсүнөн бошоноруна ынандырат. Эл анын сөзүнө кулак какты беле? Бактыга жараша, алар жалган кудайларын таштап, Жахабага кызмат кыла башташат. Ошондон кийин Шемуел пайгамбар элди Иерусалимдин түндүк тарабында жайгашкан Миспа шаарына чогултат. Эл орозо кармап, жалган кудайларга сыйынып кеткени үчүн өкүнөт. (Оку: 1 Шемуел 7:4—6.)

Пелиштиликтер Жахабанын элин жер менен жексен кылууну ойлошкон

9. Пелиштиликтер эмне кылууну ойлошкон жана алардын келатканын укканда ысрайылдыктар эмне кылышкан?

9 Ысрайылдыктардын Миспага чогулганын уккан пелиштиликтер  аларды жер менен жексен кылууну ойлоп, аскерин ошол жакка алып жөнөшөт. Калдайган кара колдун каптап келатканын укканда элдин үрөйү учуп, Шемуел пайгамбардан Кудайдан тиленишин суранат. Пайгамбар курмандык чалып, Кудайга кайрылат. Ал аңгыча пелиштиликтердин аскери Миспага келип калат. Ошондо Жахабанын каары кайнайт. Ал Шемуел пайгамбардын өтүнүчүн угуп, пелиштиликтерди «дүрбөлөңгө түшүрүш үчүн... катуу күн күркүрөтөт» (1 Шем. 7:7—10).

10, 11. а) Жахабанын күн күркүрөткөнү өзгөчө болгон деп эмне үчүн айта алабыз? б) Миспадагы салгылаштын аягы эмне болуп бүткөн?

10 Күн күркүрөгөндө пелиштиликтердин, коркконунан энесинин этегине жашынган балача, кирерге тешик таппай калганын элестетсеңер. Далай согушта дасыккан эр көкүрөк жоокерлердин ал жоругу таң калыштуу болгон. Ошондо тарыхта болуп көрбөгөндөй, бир укмуштай күн күркүрөсө керек. Ал чайыттай ачык асмандан угулганбы же тоо тараптан чыккан жер теңселткен жаңырыктай болгонбу, белгисиз. Бир билгенибиз, аны уккан пелиштиликтердин жүрөгү оозуна тыгылган. Олжосуна шукшурулуп келген пелиштиликтер заматта өздөрү олжого айланып, артын карабай безип жөнөшкөн. Ысрайылдыктар болсо туш тарапка качкан жоонун аркасынан сая түшүп, жеткенин кызылдай кылычка алып, Иерусалимдин түштүк-батышына чейин кууп барышкан (1 Шем. 7:11).

11 Ошол салгылаштан кийин Шемуел пайгамбардын көзү тирүүсүндө пелиштиликтер баш көтөрө албай калган. Кудайдын эли пелиштиликтер басып алган шаарларды биринин артынан бирин кайтарып алган (1 Шем. 7:13, 14).

12. Шемуел пайгамбар кандайча «адил иштерди кылып», адилеттикти орноткон жана ага кызматын талыкпай улантканга кайсы сапаттар жардам берген?

12 Көптөгөн кылымдар өткөндөн кийин элчи Пабыл Шемуелди «адил иштерди кылып», адилеттикти орноткон бийлер менен пайгамбарлардын катарында санап өткөн (Евр. 11:32, 33). Шемуел пайгамбар Кудайдын көз алдында дайыма туура, адил иштерди кылган жана элди да ошого үндөгөн. Ал Жахабаны күтө билгендиктен, кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү болгондуктан кызматын талыкпай уланта берген. Ошондой эле жакшылыкты баалап, ыраазы боло билген киши болгон. Алсак, ысрайылдыктар жеңишке жеткенде, эл Жахабанын колдогонун унутпашы үчүн, Миспадан алыс эмес жерге эстеликке таш койгон (1 Шем. 7:12).

13. а) Шемуел пайгамбарды туурагыбыз келсе, кандай сапаттарды өрчүтүшүбүз керек? б) Шемуел пайгамбардыкындай сапаттарды качан өрчүтө баштаганыбыз жакшы?

13 Сен да «адил иштерди кылып», адилеттикти орноткуң келеби?  Анда, Шемуел пайгамбардай болуп, Кудайды күтө билгенге, момун болгонго жана ыраазы боло билгенге үйрөнгөнүң маанилүү. (Оку: 1 Петир 5:6.) Мындай сапаттар ар бирибизге керек. Шемуел пайгамбар ушундай сапаттарды жаш кезинин тартып эле өрчүткөндүктөн кийин туш болгон кыйынчылыктарга туруштук бере алган.

«Уулдарың... сенин жолуң менен жүрүшкөн жок»

14, 15. а) Шемуел пайгамбар карып калганда кандай кыйынчылыкка туш болгон? б) Эйлиден айырмаланып, Шемуел пайгамбар аталык милдетин кандай аткарган?

14 Ыйык Китепте Шемуел пайгамбардын карып калгандагы жашоосу жөнүндө да баяндалат. Ал Жоел менен Абия деген эки уулун, өзүнө жардам бериши үчүн, Ысрайылга бий кылып дайындайт. Тилекке каршы, алар атасынын ишенимин акташкан эмес. Алар чынчыл, адил атасынын жолун жолдобой, бийлигин кыянат колдонуп, акыйкаттыкты бурмалап, элден пара алышкан (1 Шем. 8:1—3).

15 Бир күнү Ысрайыл аксакалдары чогулуп, Шемуел пайгамбарга: «Уулдарың... сенин жолуң менен жүрүшкөн жок»,— деп арызданышат (1 Шем. 8:4, 5). Улгайып калган пайгамбар уулдарынын туура эмес иштери жөнүндө билчү беле? Ыйык Китепте бул туурасында эч нерсе айтылбайт. Бирок, Эйлиден айырмаланып, ал аталык милдетин жакшы аткарган. Жахаба Кудай Эйлини уулдарын туура  жолго салбай, аларды андан артык көргөнү үчүн жазалаган болчу (1 Шем. 2:27—29). Ал эми Шемуел пайгамбарды жаза алууга тийиш деп эсептеген эмес.

Уулдары начар чыкса да, Шемуел пайгамбар ишенимдүүлүгүнөн жазган эмес

16. Балдары ээнбаш чыкса, ата-энелер кандай сезимде болот жана кандайча Шемуел пайгамбардын окуясы аларды жубатып, көп нерсеге үйрөтө алат?

16 Ыйык Китепте Шемуел пайгамбар уулдарынын жоругун укканда эл караган бети жер карап, капа болуп, көңүлү чөккөнү айтылбайт. Бирок көптөгөн ата-энелер анын кандай сезимде болгонун жакшы түшүнөт чыгар. Азыркы оор заманда ата-энени сыйлабагандык, ээнбаштык болуп көрбөгөндөй кулач жайды. (Оку: 2 Тиметей 3:1—5.) Шемуел пайгамбардын окуясы ушундай кыйынчылыктарга туш болуп жаткан ата-энелерди жубатып, көп нерсеге үйрөтө алат. Уулдары начар чыкса да, ал ишенимдүүлүгүнөн жазган эмес. Андыктан, ата-энелер, балдарыңардын катууланып калган жүрөгүнө айткан насаатыңар, берген тарбияңар таасир этпей калган күндө да, үлгүңөр күчтүү таасир эте берерин эч качан унутпагыла. Эмнеси болсо да, Шемуел пайгамбардай болуп, асмандагы Атаңардын жүрөгүн кубанта аласыңар.

«Бизге падыша шайлап бер»

17. Ысрайыл аксакалдары кандай талап коюшкан жана Шемуел пайгамбар буга кандай караган?

17 Шемуел пайгамбардын уулдары ач көздүгү менен өзүмчүлдүгүнүн аягы эмне болуп бүтөрүн элестеткен да эмес. Ысрайыл аксакалдары пайгамбарга: «Бизге падыша шайлап бер, ал башка элдердин падышаларындай болуп бизге сот жүргүзсүн»,— дешет. Ошондо Шемуел пайгамбар өзүн четке кагылгандай сезгенби? Кантсе да элди көп жылдар бою Жахабанын атынан башкарып келбеди беле? Эми алар жөн эле бир пайгамбар башкарышын эмес, падыша бийлик жүргүзүшүн талап кылып турушат. Алар коңшу элдерден кем калбай, падышанын бийлиги астында жашагысы келет. Буга Шемуел пайгамбар кандай караган? Ыйык Китепте айтылгандай, аксакалдардын талабы пайгамбарга жаккан эмес (1 Шем. 8:5, 6).

18. Жахаба Шемуел пайгамбарды эмне деп жубаткан жана элдин күнөөсү олуттуу экенин кантип көрсөткөн?

18 Шемуел пайгамбар элдин талабы тууралуу тиленгенде, Жахаба: «Элдин айтканын ук. Алар эмне десе, ошону кыл, анткени алар сени эмес, мени четке кагып жатышат, менин падыша болушумду каалабай жатышат»,— деп жооп берет. Бул сөздөр пайгамбарды жубаткан, бирок элдин падыша талап кылганы Кудуреттүү Кудайдын көңүлүн оорутканы шексиз. Жахаба пайгамбарына падышанын башкаруусунун кесепети да болорун элге эскертүүнү айтат. Шемуел пайгамбар Кудайдын сөздөрүн айтканда, эл: «Жок, бизди падыша башкарсын»,— деп туруп алат. Жахабанын айткандарын эч качан эки кылбаган Шемуел пайгамбар анын тандаган кишисин падыша кылып майлайт (1 Шем. 8:7—19).

19, 20. а) Шемуел пайгамбар Жахабанын буйругун кандай маанай менен аткарган? б) Шемуел пайгамбар элине кантип жардам бере берген?

 19 Шемуел пайгамбар Кудайдын буйругун кандай маанай менен аткарган? Мойну жар бербей, нааразычылыгын билдирди беле? Көңүл кайттыктын, таарынычтын жүрөгүндө тамыр алышына жол бергенби? Балким, көптөр так ушундай кылышмак, бирок Шемуел пайгамбар анткен эмес. Ал Шабулдун башына май куюп, аны Жахаба тандаган жол башчы катары дайындаган. Аны бетинен өөп, падыша катары кабыл аларын жана ага баш иерин көрсөткөн. Анан элге: «Жахабанын кимди тандаганын көрдүңөрбү?! Элдин арасында ага окшогон эч ким жок»,— деп айткан (1 Шем. 10:1, 24).

20 Шемуел пайгамбар Кудай тандаган падышанын кемчиликтерине көңүл бурбай, жакшы жактарын көрө билген. Ошол эле учурда көлөкөдөй өзгөрө берген адамга жагууга эмес, Кудайдын алдында кынтыксыз болууга умтулган (1 Шем. 12:1—4). Ал элге Кудай менен болгон мамилесине доо кетире турган нерселер жөнүндө эскертип, ишенимдүүлүгүнөн жазбоого үндөп, Кудай тапшырган ишти так аткарган. Анын сөздөрү жүрөк козгоорлук болгондуктан, эл андан алар үчүн тиленишин жалбарып суранган. Ошондо ал: «Жахабанын алдында силер жөнүндө тиленгенимди токтотуп күнөөгө батуу менин оюма да келбейт. Мен силерди мындан ары да туура, жакшы жолго багыттап турам»,— деген жагымдуу сөздөрдү айткан (1 Шем. 12:21—24).

Шемуелди туурап, жүрөгүбүздө көрө албастыктын, таарынычтын тамыр алышына жол бербейли

21. Кимдир бирөө сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо көңүлүң чөксө, Шемуел пайгамбардын үлгүсү кандайча жардам берет?

21 Кимдир бирөө кандайдыр бир ийгиликтерди кылганда же сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо, көңүлүң чөккөн учурларың болду беле? Шемуел пайгамбардын үлгүсү жүрөгүбүздө көрө албастыктын, таарынычтын уялашына эч качан жол бербешибиз керектигин айкын көрсөтүп турат. (Оку: Накыл сөздөр 14:30.) Кудай ишенимдүү кызматчыларынын ар бирине кубаныч тартуулай турган, мол бата алып келе турган сыймыктуу иштерди тапшырат. Ал эч кимди кур калтырбайт.

«Качанкыга чейин Шабулду ойлоп кайгыра бересиң?»

22. Шемуел пайгамбар эмне үчүн Шабулду жактырган?

22 Шемуел пайгамбар Шабулду бекеринен жактырган эмес, анткени анын жакшы жактары көп болчу. Алсак, ал шыңга бойлуу, келбеттүү, эр жүрөк, акылы тетик, ошол эле учурда жөнөкөй, момун киши болгон (1 Шем. 10:22, 23, 27). Ошондой эле кайсы жолду  тандаарын өзү чече алган (Мыйз. 30:19). Шабул ошол эркиндигин кандай колдонгон?

23. Шабул такка отурганда кайсы сапаттарды чагылдырбай калган жана кандайча баш ийбестик көрсөтө баштаган?

23 Өкүнүчтүүсү, колго тийген бийликтин нурлары, күн нуру музду эритип жиберген сымал, адегенде эле адамдагы жөнөкөйлүк менен момундукту эритип жиберет. Такка отургандан көп өтпөй эле Шабул текеберденип кеткен. Ал Жахабанын буйруктарына баш ийбей баштаган. Бир жолу чыдамы кетип, Шемуел пайгамбар чалышы керек болгон курмандыкты чалууга батынган. Ошондо Шемуел пайгамбар аны ашкерелеп, падышалык бийлик анын тукумунан тартылып алынарын айткан. Бирок Шабул күнөөсүн мойнуна алып, оңолгондун ордуна, ачыктан ачык эле баш ийбестик кылган (1 Шем. 13:8, 9, 13, 14).

24. а) Амалыктын тукумдары менен согушканда Шабул Жахабага кандайча баш ийбей койгон? б) Шемуел пайгамбар ашкерелегенде, Шабул эмне кылган жана Жахаба кандай чечим чыгарган?

24 Жахаба Амалыктын тукумдарынан өч алуу үчүн Шемуел пайгамбар аркылуу Шабулга согушка аттанууну буйруган. Шабул алардын кара өзгөй падышасы Агакты да өлтүрүшү керек болчу. Бирок Шабул Агакты өлтүргөн эмес, анын малынын жакшысын да алып калган. Шемуел пайгамбардан ашкере сөз укканда Шабулдун канчалык өзгөрүп кеткени айкын болгон. Күнөөсүн момундук менен мойнуна алгандын ордуна, актанып, баарын элге оодарып, суудан кургак чыккысы келген. Жазадан качыш үчүн олжого алынган малды Жахабага курмандык чалууга алып калганын айтып актанганда, Шемуел пайгамбар: «Тил алуу курмандыктан артык»,— деген күчтүү сөздөрдү айткан. Анан Жахабанын Шабулдан падышалык бийликти тартып алып, андан алда канча жакшы бирөөгө берүүнү чечкенин тайманбай айткан * (1 Шем. 15:1—33).

25, 26. а) Шемуел пайгамбар Шабулду ойлоп эмне үчүн кайгырган жана Жахаба анын маанайын кантип оңдогон? б) Шемуел пайгамбар Жышайдын үйүнө барганда кандай маанилүү нерсени түшүнгөн?

25 Шемуел пайгамбар Шабулдун текебер болуп кеткенине аябай кайгырып, түнү бою Жахабага жалынып чыккан. Ал Шабул жөнүндө ойлогондо жүрөгү сыздачу. Пайгамбар Шабулду аябай жакшы падыша болот деп андан көптү күткөн болчу, бирок анын үмүтү таш  капкан. Шабул бир кездерде кандай киши эле! Эми минтип көз көрүнө эле өзгөрүп, Жахабага каршы чыгып отурат. Ошондон тартып Шемуел пайгамбар Шабулду көргүсү келбей калган. Бир канча убакыттан кийин Жахаба Шемуел пайгамбардын маанайын оңдош үчүн ага жумшактык менен мындай деген: «Качанкыга чейин Шабулду ойлоп кайгыра бересиң? Ысрайылга падыша болбошу үчүн, мен аны четке кактым. Мүйүзгө май толтуруп, жолго чык. Мен сени бетлехемдик Жышайдыкына жиберем, анткени анын уулдарынын арасынан өзүмө падыша тандадым» (1 Шем. 15:34, 35; 16:1).

26 Жахабанын ой-ниетинин аткарылышы жеткилеңсиз пенделердин берилгендигин сактаар-сактабасынан көз каранды эмес. Эгер кимдир бирөө ишенимсиз болуп калса, Жахаба эркин аткарыш үчүн башка бирөөнү тандап алат. Жахаба Шемуел пайгамбардын маанайын оңдогондон кийин, ал Шабулду ойлоп кайгырбай калган. Жахабанын буйругу боюнча, ал Бетлехемде жашаган Жышайдын үйүнө барат. Анын уулдары келбеттүү болчу. Бирок Жахаба пайгамбарына алардын сырткы көрүнүшүнө карабашы керектигин эскертет. (Оку: 1 Шемуел 16:7.) Шемуел пайгамбарга Жышайдын кенже уулу Дөөтүнү эң акырында көрсөтүшөт. Жахаба так ошол баланы падыша кылып тандаган эле.

Шемуел Жахаба чече албай турган кыйынчылык жок экенине, атүгүл аны батага айланта аларына ынанган

27. а) Шемуел пайгамбарга ишенимин бекемдей бергенге эмне жардам берген? б) Шемуел пайгамбардын үлгүсү сага кандай таасир этти?

27 Өмүрүнүн акыркы жылдары Шемуел пайгамбар Жахабанын Шабулдун ордуна Дөөтүнү падыша кылып тандаганы эң туура болгонуна ынанган. Шабул көрө албастыкка ушунчалык уугуп, киши өлтүрүүдөн да кайра тартпай калган жана Кудайдан такыр эле баш тартып кеткен. Ал эми Дөөтү чындап эле эр жүрөк, кынтыксыз, ишеними күчтүү, берилген киши болгон. Шемуел пайгамбардын Кудайга болгон ишеними барган сайын бекемделе берген. Ал Жахаба чече албай турган бир да кыйынчылык жок экенине, атүгүл аларды батага айлантып жибере аларына далай жолу ынанган. Дээрлик бир кылымды карыткан Шемуел пайгамбар бизге мыкты үлгү калтырган. Ал көз жумганда, бүтүндөй ысрайыл элинин аза күтүп, кайгырганы таң калыштуу эмес. Жахабанын ар бир кызматчысы: «Мен да Шемуел пайгамбардыкындай күчтүү ишеним көрсөтө аламбы?» — деп ойлонуп көрүшү керек.

^ абз. 24 Агакты Шемуел пайгамбар өзү өлтүргөн. Каардуу Агак падыша да, анын үй-бүлөсү да ырайымга татыксыз болчу. Бир нече кылымдан кийин Агактын тукумдарынан болгон Аман Кудайдын элин тукум курут кылууга далалат кылган (Эстер 8:3; ушул китептин 15, 16-бөлүмдөрүн карагыла).