Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

«Кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»

«Кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам»

1, 2. а) Рут менен Нааминин сапарын жана алардын жүрөгүндөгү кайгысын сүрөттөп бергиле. б) Руттун сапары кайненесиникинен эмнеси менен айырмаланат?

МААПТЫН кыйырсыз жергесиндеги чубалжыган кашка жолдо Рут менен Наами кетип баратат. Шамал аркырап согуп турган ээн талаада экөөнөн башка караан көрүнбөйт. Күн айдың талаанын аркы бетине таянып, көлөкө улам узарган сайын, Рут кайненеси экөөнүн каякка түнөөрүн ойлоп, тынчсызданып барат. Ал кайненесин аябай жакшы көргөндүктөн оорун колдон, жеңилин жерден алганга даяр.

2 Кайнене-келиндин башынан эмнелер гана өткөн жок. Нааминин жесир калганына бир нече жыл болуп калган, бирок жакында эле Килион менен Махлон деген эки уулунан тең бирдей айрылып, асманы жерге түшүп, күйүт тартып турган кези. Руттун да көкүрөгү муңга толуп турган учуру. Анткени Махлон анын күйөөсү болчу. Ал кайненеси Наами менен Ысрайылдагы Бетлехем шаарына жол тартып баратат. Экөө бир багытта баратканы менен, булардын сапары бири-бириникине окшош эмес. Наами өз мекенине баратса, Рут ата-энесин, тууган-уругун, киндик каны тамган жерин, кудайларын калтырып, өмүрү көрбөгөн чоочун элге, чоочун жерге баратат. (Оку: Рут 1:3—6.)

3. Кайсы суроолордун жообу Руттан үлгү алууга жардам берет?

3 Ал жаш келинге жашоосун түп-тамыры менен өзгөртө турган мындай чечим чыгарууга эмне түрткү берди эле? Рут бөтөн жерге, бөтөн элге кантип көнөт? Кайненесине кантип кам көрөт? Бул суроолорго жооп алсак, Кудайга бекем ишенген мааптык Руттан көп нерсеге үйрөнө алабыз. ( «Чакан адабий шедевр» деген кутучаны да карагыла.) Келгиле, адегенде ошол эки аялдын эмне себептен Бетлехемди көздөй жол тартканына токтололу.

Кайгы баскан үй-бүлө

4, 5. а) Нааминин үй-бүлөсү эмне үчүн Маап жерине көчүп барган? б) Наами Маап жеринде кандай кыйынчылыктарга туш болгон?

4 Рут Жансыз деңиздин чыгыш тарабында жайгашкан Маап  жергесинде чоңоюп-өскөн. Маап жери бак-шагы сейрек өскөн бөксө тоолуу, капчыгайлуу аймак болгон. Ал жер түшүмдүү болгондуктан, Ысрайылда ачарчылык болгон учурда, мааптыктар ачарчылыктын азабын тарткан эмес. Рут Махлон менен алар Маап жерине көчүп келгенде таанышкан (Рут 1:1).

5 Ысрайылда ачарчылык башталганда, Нааминин күйөөсү Элимелек аялын, эки уулун алып, Маап жерине көчүп барууга аргасыз болгон. Ушундан улам алардын Кудайга болгон ишеними сыналган болуш керек, анткени ысрайылдыктар өз мекенинде Жахаба Кудай тандаган ыйык жерге барып, сыйынып турушу керек эле (Мыйз. 16:16, 17). Бирок Наами Кудайга болгон ишенимин дайыма бекем сактаган. Ошентсе да күйөөсүнөн айрылганда катуу күйүт тарткан (Рут 1:2, 3).

6, 7. а) Наами эки уулу мааптык кыздарга үйлөнгөндө эмне үчүн кайгырган? б) Нааминин келиндерине кылган мамилеси эмне үчүн мактоого татырлык?

6 Наами кийин эки уулу мааптык кыздарга үйлөнгөндө да кайгырбай койгон эмес (Рут 1:4). Ал ата-бабаларынан болгон Ыбрайым пайгамбардын уулу Ыскакка Жахабага сыйынган элден аял алып бериш үчүн кулун алыс жерге жибергенин билген (Башт. 24:3, 4). Кийинчерээк Кудай өз элине Муса пайгамбар аркылуу башка элдер менен куда-сөөк болууга тыюу салган мыйзам берген болчу. Бул аларды жалган кудайларга сыйынып кетүүдөн сактаган (Мыйз. 7:3, 4).

7 Тилекке каршы, Махлон менен Килион мааптык кыздарга үйлөнүшкөн. Наами буга капа болуп, кейисе да, келиндери Рут менен Орпага мээримин төгүп, жакшы мамиле кылганы шексиз. Балким, ал кийин алар да Жахабага сыйынышар деп үмүттөнгөндүр. Рут менен Орпа да кайненесин абдан жакшы көрүп калышкан. Алардын ортосундагы ынактык башына мүшкүл түшкөндө бири-бирине жөлөк-таяк болууга жардам берген. Эки келини тең балалуу боло электе эле күйөөлөрүнөн ажырап, жесир калышкан (Рут 1:5).

8. Руттун Жахаба менен болгон мамилеси кантип өрчүй баштаган?

8 Руттун туткан дини ага күйүтүн көтөрүп кетүүгө жардам берди беле? Антип айтыш кыйын. Мааптыктар көптөгөн жалган кудайларга сыйынышчу. Ал кудайлардын башкысы Кемос болгон (Сан. 21:29). Мааптыктардын дининде төбө чачты тик тургузган, ырайымсыз иштер менен коштолгон үрп-адаттар бар болчу. Алсак, алар кичинекей балдарды курмандыкка чалышчу. Ошондуктан Махлон менен Наами Рутка ысрайылдыктар сыйынган мээримдүү, ырайымдуу Жахаба Кудай жөнүндө айтып беришкенде, анын жүрөгү козголгону шексиз. Ал Жахаба Кудайдын, мааптыктардын зөөкүр кудайларынан айырмаланып, мээримдүүлүк менен башкарарын түшүнгөн. (Оку: Мыйзам 6:5.) Ошон үчүн күйөөсүнөн  айрылгандан кийин кайненесине мурдагыдан да жакын болуп калган. Ал анын Кудурети Күчтүү Жахаба жөнүндө, кереметтүү иштери, өз элине ырайым кылып, мээримдүүлүк менен кам көрүп келгени жөнүндө айтып бергендерин кызыгып укканы шексиз.

Рут кайненеси менен бирге турмуштун ысык-суугун көрүп, ага жакын болуп калган

9—11. а) Наами, Рут жана Орпа эмне кылууну чечишкен? б) Рут китебиндеги окуядан эмнени билүүгө болот?

9 Наами Маап жеринде жүргөндө өз эли жөнүндө кабар алып турган. Күндөрдүн биринде ал, сыягы, жер кезген соодагерден Ысрайылда ачарчылык бүткөнүн угуп калат. Жахаба Кудай өз элине назарын салып, «Нан үйү» дегенди билдирген Бетлехем шаарында кайрадан тамак-аш мол болуп, элдин турмушу оңоло баштаган. Ошондо Наами мекенине кайтып барууну чечет (Рут 1:6).

10 Ал эми Рут менен Орпа эмне кылат? (Рут 1:7). Эки келин тең кайненеси менен бирге көп кыйынчылыкты башынан өткөргөндүктөн ага аябай жакын болуп калышкан. Айрыкча, Рут Нааминин боорукердигин, Жахабага болгон бекем ишенимин көрүп, аны өз энесиндей көрүп калса керек. Ошентип, үч жесир аял Жүйүт жерин көздөй жол тартышат.

11 Рут китебиндеги окуядан көрүнүп тургандай, кайгы-касирет жаманын да, жакшысын да ылгабай, ар бир адамдын башына түшөт (Нас. 9:2, 11). Ошондой эле андан жакыныбыздан айрылып, күйүт тартканда обочолонбой, кимдир бирөөгө, өзгөчө, Жахаба Кудайды баш маана кылган адамдарга ичибиздегини төккөнүбүз акылдуулукка жатарын билүүгө болот (Накыл 17:17).

Туруктуу сүйүү, берилгендик көрсөткөн келин

12, 13. Наами эмне үчүн келиндерине өз жерине кайтышын айткан жана келиндери буга эмне дешкен?

12 Маап жергесинен улам алыстаган сайын Нааминин санаасы санга бөлүнөт. Ал жандап келаткан келиндеринин өзүнө жана балдарына кылган жакшылыктарын ойлоп ичинен ыраазы. Бирок ансыз деле күйүт тартып турган келиндерине жүк болгусу келбейт. Аларды өз жеринен алыс алып кетип, Бетлехемге алып барса, келиндеринин көрөр күнү кандай болот? Аларга кантип кам көрөт?

13 Ошон үчүн Наами келиндерине: «Баргыла, өз энеңердин үйүнө кайткыла. Силер маркум күйөөлөрүңөргө, мага мээримдүүлүк  көрсөткөнүңөрдөй эле, Жахаба да силерге мээримдүүлүк көрсөтсүн»,— дейт. Анан Жахаба Кудайдын бата беришин, турмушка чыгып, күйөөлөрү менен бейкут жашашын каалаарын айтып, аларды өбөт. Ошондо келиндери боздоп ыйлай башташат. Наами чынында эле боорукер, өз кызыкчылыгын көздөбөгөн аял болгон. Андыктан Рут менен Орпанын эмне үчүн аны аябай жакшы көрүшкөнүн түшүнүү кыйын эмес. Ошондуктан келиндери: «Жок, биз сиз менен бирге сиздин элиңизге барабыз»,— деп туруп алышат (Рут 1:8—10).

14, 15. а) Орпа эмне үчүн үйүнө кайтууну чечкен? б) Наами Рутту үйүнө кайтууга көндүрүш үчүн эмне кылган?

14 Бирок Наами да алардын айткандарына көнбөйт. Ал багар-көрөрү жок жесир болгондуктан Ысрайылга барганда аларга жарытып деле кам көрө албасын, күйөө болгудай уулдарды төрөп бере албасын айтат. Наами алардын эртеңки күнүн ойлоп, жүрөгү тынч албай жатканын ачык айтат. Орпа кайненесинин айткандарын туура көрөт. Ал энесин, бир туугандарын ойлоп, кайтууну чечет. Ошентип, кайненесин таштап кетип жатканына кейип, аны акыркы жолу бетинен өөп, аргасыз артка кетет (Рут 1:11—14).

15 Ал эми Рут эмне кылат? Наами эки келинине тең өз жерине кайтууну айткан болчу. Бирок Рут кайненесинин жанында калууну чечет. Наами жолун андан ары улап кете берет. Бир убакта Руттун ээрчип келатканын көрүп: «Мына, жесир калган абысының өз элине, өз кудайларына кайтты. Сен да аны менен кайт»,— деп айтат (Рут 1:15). Нааминин айткандарынан маанилүү бир нерсени байкоого болот. Орпа өз элине эле эмес, «өз кудайларына» да кайткан. Ал Кемоско жана башка жалган кудайларга сыйына берүүнү чечкен. Ал эми Рут жөнүндө эмне айтууга болот?

16—18. а) Рут туруктуу сүйүүсүн, берилгендигин кантип далилдеген? б) Руттун туруктуу сүйүү, берилгендик көрсөткөнүнөн эмнеге үйрөнө алабыз? (Наами менен Руттун сүрөттөрүн да карагыла.)

 16 Жалгыз аяк жолдо кайненесин ээрчип бараткан Рут чечиминин тууралыгына эч шектенген эмес. Анткени ал кайненесин да, анын Кудайын да жакшы көрчү. Ошондуктан ага: «Сизди таштап кетишимди суранбаңыз, артка кайтышымды өтүнбөңүз. Сиз кайда барсаңыз, мен да ошол жакка барам. Сиз кайсы жерге түнөсөңүз, мен да ошол жерге түнөйм. Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот. Сиз кайсы жерде өлсөңүз, мен да ошол жерде өлөм, сөөгүм ошол жерге коюлат. Эгер сизден өлүмдөн башка себеп менен ажырасам, Жахаба мени жазаласын»,— дейт (Рут 1:16, 17).

«Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»

17 Руттун ошондо айткан сөздөрү ушунчалык таасирдүү болгондуктан, арадан 30 кылымдай өтсө да, анын сөздөрү бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда айтылып келет. Руттун сөздөрү анын туруктуу сүйүүсүнөн, берилгендигинен кабар берет. Ал кайненесин ушунчалык жакшы көрүп, ага ушунчалык берилгендиктен аны менен кайда болсо да кете берүүгө даяр болгон. Аларды бир гана өлүм ажырата алмак. Рут Нааминин элин өз эли катары көрүп, Маап жеринде эмнеси болсо, ошонун баарынан, атүгүл Маап кудайларынан да баш тарткан. Ал абысынынан айырмаланып, кайненесине: «Сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деп чын жүрөктөн айта алган *.

18 Ошентип, ал экөө андан ары жолун улап, Бетлехемди көздөй жөнөп кетишет. Айрымдардын айтымында, алар бир жумадай жол жүрүшкөн. Алар ошондой оор учурда бири-бирин жөлөп-таяп, колдошкон.

19. Жубайыбызга, досторубузга, ишенимдештерибизге мамиле кылууда Руттукундай туруктуу сүйүүнү кантип көрсөтө алабыз?

19 Бул дүйнөдө жамандыкка кабылбаган бир да жан жок. Биз азыр, Ыйык Китепте айтылгандай, «өзгөчө оор мезгилде» жашап жаткандыктан жакындарыбыздан айрылабыз, күйүт тартабыз, айтор, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп келебиз (2 Тим. 3:1). Андыктан Руттукундай туруктуу сүйүү өрчүткөнүбүз маанилүү. Туруктуу сүйүү эч качан өчпөйт жана бул караңгы дүйнөдө багынбай, эч нерсеге карабай жакшылык кыла берүүгө күч берет. Андай сүйүү жубайыбыз, досторубуз, ишенимдештерибиз менен болгон мамилебизди чыңдайт. (Оку: 1 Жакан 4:7, 8, 20.) Ооба, туруктуу сүйүү өрчүтсөк, мыкты үлгү көрсөткөн Рутту туурай алабыз.

 Бетлехемдеги турмуш

20—22. а) Маап жергесиндеги жашоо Наамиге кандай таасир эткен? б) Наами кандай жаңылыш ойдо болгон? (Жакып 1:13тү да карагыла.)

20 Албетте, туруктуу сүйүү жөнүндө айтып коюу бир, бирок аны иш жүзүндө көрсөтүү такыр башка нерсе. Рут кайненесин эле эмес, кызмат кылам деп чечкен Жахаба Кудайын да сүйөрүн далилдеген.

21 Акыры, Рут менен Наами Иерусалимден түштүк тарапты карай 10 чакырымдай алыс жайгашкан Бетлехемге келишет. Нааминин үй-бүлөсү бул чакан шаарда бир кездерде таанымал болгон көрүнөт. Себеби Наами келиптир деген кабар эл арасына чагылгандай тез тарайт. Аялдар аны тигиле карап: «Бул Наамиби?» — деп таң калышат. Кыязы, Маап жерине көчүп кеткенден бери ал бир топ эле өзгөрүп кетсе керек. Анын өңү муңайып, жүзүнөн күйүттүн көлөкөсү байкалып турган (Рут 1:19).

22 Наами тууган-туушкандары менен кошуна-колоңдоруна көп азап тартканын айтып берет. Ал жадагалса ага «жагымдуу» дегенди билдирген Наами деген ысымынан кайрылбай, «шордуу» дегенди билдирген Мара деген ысым менен кайрылышын суранат. Атаны байкуш Наами! Ал да, Аюп пайгамбардай болуп, аны азапка Жахаба Кудай салып жатат деп ойлогон (Рут 1:20, 21; Аюп 2:10; 13:24—26).

23. Рут эмне жөнүндө ойлоно баштаган жана Жахабанын мыйзамында кедейлер үчүн кандай чаралар караштырылган? (Шилтемени да карагыла.)

23 Рут кайненеси менен Бетлехемге отурукташкандан кийин экөөнүн кантип жан багышарын ойлоно баштайт. Ал Жахабанын өз элине берген мыйзамында кедей-кембагалдарга кам көрүүгө байланыштуу да көрсөтмөлөр бар экенин угат. Мыйзамга ылайык, кедей-кембагалдар оруп-жыюу убагында эгин талаасынан машак терип, талаанын четинде өскөн буудайды же арпаны оруп ала алышмак * (Леб. 19:9, 10; Мыйз. 24:19—21).

24, 25. Рут эгин талаасына барып эмне кылган жана машак терүү оңой иш болгонбу?

24 Арпа орулуп жаткан кез. Кыязы, азыркы  календарь боюнча, апрель айы. Рут бирөө жарым талаасынан машак терип алганга уруксат берет болду бекен деп эгин талаасына барат. Ал көзү өтүп кеткен кайнатасы Элимелектин тууганы болгон Бууз деген бай кишинин талаасына барып калат. Мыйзамга ылайык, анын машак тергенге укугу бар болсо да, адегенде орокчулардын башчысынан уруксат сурайт. Ал киши уруксат берери менен, дароо ишке киришет (Рут 1:22—2:3, 7).

25 Оттук таштан жасалган орогун шилтеп бараткан орокчулардын артынан Руттун машак терип жүргөнүн элестетсеңер. Ал улам эңкейип, алардан калгандарын чогултуп, боо-боо кылып байлап, боолорду эгин бастырган жерге ташыйт. Бул аябай машакаты көп, оор жумуш. Өзгөчө, күн так төбөгө көтөрүлгөндө жумуш эмей эле, азапка айланат. Рут чекесинен аккан терди аарчыш үчүн эле же алачыкка барып, шам-шум этип алыш үчүн эле бир азга тыным албаса, керээли кечке баш көтөрбөй иштегени иштеген.

Кайненеси экөө жан багыш үчүн Рут кара жумушта иштегенге даяр болгон

26, 27. Бууз кандай киши болгон жана Рутка кандай мамиле кылган?

26 Рут аны эч ким деле байкабайт болуш керек деп ойлосо керек. Бирок Бууз аны байкап, орокчулардын биринен анын ким экенин сурайт. Кудайга бекем ишенген Бууз жумушчулары менен: «Жахаба силер менен болсун»,— деп учурашат. Жумушчулар алик алышат. Алардын айрымдары бир күнгө жалданган ысрайылдыктар болсо, кээ бирлери атүгүл бөтөн жерден келишкен. Кудайды сүйгөн ал сакалдуу киши Руттун ким экенине, кайдан келгенине, камкор атадай болуп, чын ниеттен кызыгат (Рут 2:4—7).

27 Бууз Рутка кызым деп кайрылып: «Машак тергени башка талаага барба, менин жумушчу кыздарым менен бирге болуп,  ушул жерден кетпей эле кой... Жумушчуларга сага тийбегиле деп буйрук кылдым»,— дейт. Ошондой эле жумушчулары менен кошо тамактанып турушуна кам көрөт. (Оку: Рут 2:8, 9, 14.) Бууз Рутту мактап, ага жылуу сөздөрдү айтат.

28, 29. а) Рут кандай атка ээ болгон? б) Сен да, Рутка окшоп, канткенде Жахабаны баш маана кыла аласың?

28 Рут Бууздан бөтөн жерлик болгонуна карабай, ага көңүл бургудай эмне кылып ырайым тапканын сураганда, Бууз анын кайненесине кылган жакшылыктары жөнүндө укканын айтат. Сыягы, Наами жакшы көргөн келинин аялдарга мактаса керек. Анын жакшы келин экенин Бууз да уккан. Ошондой эле Жахаба Кудайга сыйына баштаганын да билгендиктен: «Бул үчүн Жахаба сага батасын берсин, сен канатынын астынан баш маана издеп келген Ысрайылдын Кудайы Жахаба сага толук сыйлык берсин»,— деп айтат (Рут 2:12).

29 Бууздун сөздөрү Рутка кандай гана дем-шык берген! Энесинин канатына коргологон балапанга окшоп, Рут да Жахаба Кудайдын канатынын астынан баш маана издеген. Ал Буузга жылуу сөздөрү үчүн ыраазы болгон. Ошентип, ал кеч киргенге чейин жаны тынбай мээнеттенет (Рут 2:13, 17).

30, 31. Руттан эмнелерге үйрөнө алабыз?

30 Кудайга ишенгендигин иш жүзүндө көрсөткөн Рут каатчылык желкеден басып турган азыркы убакта баарыбыз үчүн эң мыкты үлгү. Ал: «Мен жесирмин да. Башкалар мага кам көрүшү керек»,— деп ойлогон эмес. Кандай жардам көрсөтүлбөсүн, баарын ыраазычылык менен кабыл алган. Жакшы көргөн кайненесине кам көрүш үчүн эртеден кечке кара жумуш кылуудан намыстанган эмес. Ошондой эле каякта жана кимдер менен иштеш керектигине байланыштуу кеңештерге ылайык иш кылган. Баарынан маанилүүсү, чыныгы баш маанасы жана камкор Атасы Жахаба Кудайды дайыма көңүлүнүн борборунда сактаган.

31 Эгер биз да, Руттай болуп, Кудайды жана жакындарыбызды туруктуулук менен сүйсөк жана момун, эмгекчил болсок, Кудай жөнүндөгү билимди бааласак, башкаларга ишеними күчтүү киши катары жакшы үлгү болобуз. Жахаба Рут менен Наамиге дагы кантип кам көргөн? Бул тууралуу кийинки бөлүмдөн билебиз.

^ абз. 17 Баса белгилей кетчү нерсе, Рут бөтөн жерлик башка адамдардан айырмаланып, жөн эле «Кудай» деп айткан эмес, ал Кудайды «Жахаба» деп ысмынан айткан. Бир эмгекте: «Рут китебин жазган киши бөтөн жерлик Руттун чыныгы Кудайдын кызматчысы болгонун баса белгилегиси келген»,— делет («The Interpreter’s Bible»).

^ абз. 23 Маап жеринде мындай мыйзам жок болгондуктан, бул Рут үчүн таң калыштуу болгону күмөнсүз. Жакынкы Чыгышта ал убакта жесирлерге абдан жаман мамиле жасашчу. Бир эмгекке ылайык, «жесир калган аялды уулдары бакчу. Эгер анын уулдары жок болсо, ал өзүн кулчулукка сатууга, денесин сатып жан багууга аргасыз болчу же өлүп калчу».