Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 ЖЫЙЫРМА ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

Ал кечиримдүүлүккө үйрөнгөн

Ал кечиримдүүлүккө үйрөнгөн

1. Петирдин жашоосундагы кайсы окуя ал үчүн эң каргашалуу болгон?

КӨЗДӨРҮ бир ирмемге чагылыша түшкөн ошол учур Петирдин дилинде өчпөс элес болуп кала берди. Ал Мырзасынын көз карашынан көңүл калуунун көлөкөсүн байкадыбы же жемелеген түрүн көрдүбү, аны айтыш кыйын. Ыйык Китепте, болгону: «Иса бурулуп, Петирди карады»,— деп айтылат (Лк. 22:61). Бирок Петир ошол көз караштан өзүнүн канчалык олуттуу ката кетиргенин туйду. Ал эч качан кылбайм деген ишти кылып, сүйүктүү Мырзасы алдын ала айткандай, андан баш тартканын түшүндү. Ошондо ага ушунун баары коркунучтуу түш сыяктанып, көзүн ушалап койсо эле, баары тең баягы калыбына келе тургансыды! Өкүнүчтүүсү, бул каргашалуу окуя өңүндө эле болуп жатты.

2. Петир эмнени үйрөнүш керек болгон жана анын башынан өткөн окуялардан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

2 Бирок үмүт үзүүгө али эрте болчу. Анткени Петирдин ишеними күчтүү болгондуктан ката кетиргенине карабай, кайрадан бутуна туруп, Мырзасынан кечиримдүүлүккө үйрөнгөн. Негизи, ар бирибиз кечиримдүү болууга үйрөнүшүбүз керек. Андыктан, келгиле, Петирдин башынан өткөн окуяларга кененирээк токтололу.

Ал көп нерсеге үйрөнүшү керек болчу

3, 4. а) Петир Иса пайгамбарга кандай суроо берген жана ал кандай ойдо болсо керек? б) Иса пайгамбар Петирге замандаштарынын терс көз карашы таасир этип жатканын кантип көрсөткөн?

3 Петир жарым жылдай мурун Капернаумда жүргөндө Иса пайгамбардан: «Мырзам, мага каршы күнөө кылган бир тууганымды канча жолу кечиришим керек? Жети жолубу?» — деп сураган. Ошол учурдагы диний жетекчилер күнөө кылган кишини үч эле жолу кечирүүгө болот деп окутушчу. Андыктан Петир айкөлдүк көрсөтүп жатам деп ойлосо керек. Бирок Мырзасы ага: «Жети жолу эмес, жетимиш жети жолу»,— деп жооп берген (Мт. 18:21, 22).

4 Иса пайгамбар Петирге ким, качан күнөө кетиргенин кылдат жазып жүрүшү керектигин айткысы келди беле? Жок, анын жетимиш жети жолу кечириш керек дегени таарынычтарды эсептей бербей, чексиз кечириш керек дегенди билдирген (1 Кор. 13:4, 5).  Ал Петирге башкалардын ката-кемчиликтерине көз жумбаган, жүрөгү таш, мерез замандаштарынын көз карашы таасир этип жатканын айкын көрсөтүп, Кудайды туурагысы келгендер башкаларды айкөлдүк менен кайра-кайра кечириши керектигин баса белгилеген. (Оку: 1 Жакан 1:7—9.)

5. Кечиримдүүлүк деген эмне экенин качан жакшы түшүнөбүз?

5 Петир Мырзасы менен талашып-тартышкан эмес. Бирок анын айткандары жүрөгүнө жеткенби? Кечиримдүүлүк деген эмне экенин башкалар бизди кечиришине муктаж болуп турганда жакшы түшүнөбүз. Келгиле анда, кайрадан Иса пайгамбардын өлөр алдындагы түндө болгон окуяларга токтололу. Так ошол түнү Петир Мырзасынын алдында көп ката кетирген.

Ал көп ката кетирген

6. Иса пайгамбар элчилерин момундукка үйрөткөндө, Петир эмне кылган жана Иса пайгамбар ага кандай мамиле кылган?

6 Иса пайгамбардын жердеги жашоосунун акыркы түнү. Ал элчилерин дагы көп нерсеге, анын ичинде момун болууга үйрөтүшү керек. Андыктан кулдар кыла турган жумушту аткарып, момундук менен элчилеринин бутун жууп, аларга үлгү көрсөтөт. Адегенде Петир Мырзасынан эмне кылганы жатканын сурайт. Анан бутун жуудурбай турганын айтып каршы болот. Бирок бир аздан кийин бутун эле эмес, колун да, башын да жууп беришин суранат. Иса пайгамбар сабырын салып, кылып жаткан ишинин маанисин жана анын канчалык маанилүү экенин жумшактык менен түшүндүрүп берет (Жкн. 13:1—17).

7, 8. а) Петир дагы кандай туура эмес иш кылган? б) Иса пайгамбар боорукердигин кантип көрсөтө берген?

7 Көп өтпөй эле Иса пайгамбардын чыдамдуулугу дагы бир ирет сыналат. Текебердиктин айынан элчилер арабыздан кимибиз чоң деп талаша кетишет. Ал уяттуу жорукка Петирдин да катыштыгы болгон. Ошого карабай Иса пайгамбар жумшактык менен элчилеринин көз карашын оңдоп, атүгүл аларды берилгендигинен жазбай, ишенимдүү болгону үчүн мактайт. Бирок баары тең аны таштап качып кетерин да алдын ала айтат. Петир болсо өмүрү менен кош айтышууга туура келсе да, аны таштабай турганына ынандырат. Ошондо Мырзасы ага короз эки жолу кыйкыргыча, андан үч жолу баш тартарын айтат. Петир Мырзасынын айткандарына түк да макул болбой, баары качып кетсе да, өзү таштабай турганын айтып, мактана сүйлөйт (Мт. 26:31—35; Мр. 14:27—31; Лк. 22:24—28; Жкн. 13:36—38).

8 Иса пайгамбар Петирге ачууланды беле? Ал өзү жаны кейип, кыйналып турганына карабай, жеткилеңсиз элчилеринин жакшы жактарына көңүл топтогон. Ал Петирдин таштап кетерин билсе да, ага: «Сенин ишенимиңдин алсырап калбашын сурап жалындуу тилендим.  Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»,— деп айткан (Лк. 22:32). Анын бул сөздөрү Петирдин өкүнөрүнө жана кызматын кайрадан ишенимдүүлүк менен улантарына бекем ишенерин билдирген. Кандай гана боорукердик, эмне деген айкөлдүк!

9, 10. а) Гетсемани багында Петир кандай туура эмес иш кылган? б) Петирдин ката кетиргени эмнени эсибизге салат?

9 Кийинчерээк Гетсемани багында Иса пайгамбар өзү тиленип жатканда Петирден, Жакыптан жана Жакандан уктабай сергек турушун суранат. Мырзасынын ичи уйгу-туйгу болуп, санаасы санга бөлүнүп, колдоого муктаж болуп турганда, алар үргүлөп, кайра-кайра уктап кала беришет. Ошентсе да Иса пайгамбар аларды түшүнө билип: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деп айтат (Мр. 14:32—41).

10 Аңгыча болбой колдоруна шамана, кылыч, союл көтөргөн топ киши келип калат. Ошол учурда сактык, эстүүлүк менен иш кылуу болуп көрбөгөндөй маанилүү болчу. Бирок Петир ойлонбой иш кылып, кылычын сууруп чыгып, башкы дин кызматчынын кулу Малкостун кулагын шылый чабат. Иса пайгамбар Петирге туура эмес иш кылганын сабырдуулук менен түшүндүрүп, тиги кулдун кулагын айыктырып коёт. Анан зордук-зомбулук көрсөтпөөгө байланыштуу жолдоочуларынын баарына тиешелүү болгон маанилүү осуят айтат (Мт. 26:47—55; Лк. 22:47—51; Жкн. 18:10, 11). Ооба, Мырзабыз Петирди көп жолу кечирген. Петир менен болгон окуялар баарыбыздын тең көп жаңыларыбызды көрсөтүп турат. (Оку: Жакып 3:2.) Баарыбыз эле күн сайын ката кетиребиз жана Кудайдын бизди кечиришине муктажбыз. Өкүнүчтүүсү, Петирди алдыда андан да жаман окуялар күтүп турган.

Петирдин эң чоң катасы

11, 12. а) Иса пайгамбарды кармап кетишкенде, Петир кандайдыр бир деңгээлде эр жүрөк болгонун кантип көрсөткөн? б) Петир, өзү айткандай, Мырзасы үчүн жанын берүүгө даяр болду беле?

11 Иса пайгамбар аны кармаганы келген кишилерге элчилерин коё беришин айтат. Петир куралчан кишилердин Мырзасын байлап жатканын карап тургандан башка эч нерсе кыла албай турганын түшүнөт. Анан башка элчилер менен бирге Мырзасын таштап качып кетет.

12 Бирок Петир менен Жакан мурунку башкы дин кызматчы Анастын үйүнүн жанына келгенде токтоп калышат. Иса пайгамбарды биринчи жолу ошол үйдөн суракка алышкан. Эки элчи топ кишини көрүп, «Исаны алыстан ээрчип» барышат (Мт. 26:58; Жкн. 18:12, 13). Петир коркок киши болгон эмес. Анткени Иса пайгамбарды кармап кеткен куралчан кишилердин артынан ээрчип барыш үчүн эр жүрөктүк керек болчу. Анын үстүнө, Петир алардын биринин кулагын шылый чапкан эле. Ошентсе да ал, жанараак өзү  айткандай, Мырзасы үчүн жанын бергенчелик эр жүрөк болгон эмес (Мр. 14:31).

13. Машаяктын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?

13 Бүгүнкү күндө да көптөр, Петирге окшоп, «Исаны алыстан ээрчишет», башкача айтканда, анын жолдоочусу экенин башкаларга ачык айтышпайт. Бирок, Петир өзү кийинчерээк жазгандай, Машаяктын жолун жолдоо деген, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, анын изи менен так жүрүүнү, аны бардык жактан тууроону билдирет. (Оку: 1 Петир 2:21.)

14. Иса пайгамбар суракка алынып жатканда Петир эмне кылган?

14 Петир куралданган топ кишинин артынан акмалап отуруп, Иерусалимдеги заңгыраган үйлөрдүн бирине келет. Ал бай, таасирдүү дин кызматчы Каяпанын үйү болчу. Андай үйлөрдүн кенен короосу, заңкайган дарбазасы боло турган. Бирок Петир дарбазанын жанына келгенде, аны ичкери киргизбей коюшат. Жакан башкы дин кызматчынын таанышы болгондуктан короого тоскоолдуксуз эле кирип кетет. Ал дарбаза кайтарган күң менен сүйлөшүп, Петирди да киргизет. Петир Жакандан оолак турса керек, Мырзасы тарапта экенин көрсөтүш үчүн үйдүн ичине кирүүгө да аракет кылбаса керек. Ал үйгө кирип-чыгып жаткан жалган күбөлөрдү шектүү карап, суук түндө отко жылынып турган кызматчылардын жанына барат (Мр. 14:54—57; Жкн. 18:15, 16, 18).

15, 16. Иса пайгамбардын Петир жөнүндө айткандары кандайча аткарылган?

15 Петирди короого киргизген күң оттун жарыгынан аны тааный коюп: «Сен да галилеялык Иса менен чогуу жүргөнсүң!» — деп ага колун көзөйт. Андайды күтпөгөн Петир анын эмне деп жатканын түшүнбөгөнүн, Иса пайгамбарды тааныбай турганын айтып танып коёт. Анан көздөн далдаа турганча шашып, дарбазанын жанындагы кароолканага барат. Бирок ал жактан дагы бир күң аны көрө калып: «Бул да назареттик Иса менен жүргөн»,— деп баарына угуза айтат. Петир болсо эмне кыларын билбей: «Мен аны тааныбайм!» — деп дагы танып коёт (Мт. 26:69—72; Мр. 14:66—68). Ал Мырзасынан экинчи жолу танганда, короз кыйкырган көрүнөт. Бирок алапайын таппай калдастап турган Петир аны этибарга деле алган эмес окшойт.

16 Ал элдин көзүнө урунбаганга болушунча аракет кыла баштайт. Бир маалда короодогу топураган кишилер анын жанына басып келишет. Алардын арасында алиги кулагын шылый чапкан Малкостун тууганы да бар экен. Анысы Петирге: «Сени бакта анын жанынан көрбөдүм беле»,— дейт. Айласы кеткен Петир аларды жаңылып жатканына ынандырууга аябай аракет кылат. Атүгүл калп айтсам, каргышка калайын деп айтканга чейин барса керек. Ошентип, ал Мырзасынан үчүнчү жолу баш тартат. Айтып оозун жыйгыча, короз экинчи жолу кыйкырат (Жкн. 18:26, 27; Мр. 14:71, 72).

«Иса бурулуп, Петирди карады»

17, 18. а) Чоң ката кетиргенин түшүнгөндө Петир эмне кылган? б) Петирди кандай ойлор басса керек?

 17 Так ошол учурда Иса пайгамбарды үйдүн үстүнкү кабатынан алып чыгып келатышкан. Ошондо, бөлүмдүн башында айтылгандай, экөөнүн көздөрү бири-бирине кадала түшөт. Мырзасын жалооруй тиктеген Петир канчалык чоң ката кетиргенин түшүнөт. Ал өзөгүн өрдөп чыккан өкүнүчкө чыдабай короодон атып чыгып, батып бараткан айдын жарык шооласы себилген шаардын көчөсү менен белгисиз багытка бет алып жөнөйт. Өкүнүч менен ачуу муунтуп, ысык жаш каңылжарын ачыштырат. Анын көз алдынан жер көчүп, ызасы ичин өрттөйт. Баятан топтолгон бугуна эрк берип, өпкө-өпкөсүнө батпай өксөп ыйлайт (Мр. 14:72; Лк. 22:61, 62).

18 Мындай учурда тоодой күнөөм кечирилбейт деп өзүңө өзүң өкүм чыгарып коюш бат эле. Петир Мырзасы аны эч качан кечирбейт деп ойлосо керек. Анын күнөөсү чын эле кечирилгис беле?

Петирдин күнөөсү кечирилгис беле?

19. Күнөөсүн эстеген сайын Петир кандай сезимде болгон жана анын көңүл чөгөттүккө алдырбаганын кайдан билебиз?

19 Петир эртеси күнү түндөгү каргашалуу окуяларды эстеп, ичи туз куйгандай ачышса керек. Мырзасы жан чыдагыс азап чегип, кыйналып өлгөнүн билгенде ого бетер жанын коёрго жер таппай, өзүн жемелеген чыгар. Кудайдын Уулунун жердеги жашоосунун акыркы күнүндө азабына азап кошконун ойлогон сайын жан дүйнөсү кыйналганы шексиз. Бирок ал канчалык сыздаса да, көңүл чөгөттүккө алдырып, таптакыр мүңкүрөп калган эмес. Ыйык Китепте анын ошондон көп өтпөй эле башка шакирттер менен бирге болгону айтылат (Лк. 24:33). Башка элчилердин деле Мырзасын таштап кеткенине ичи ачышып, жаман болгону айтпаса да түшүнүктүү. Алардын бири-бирин бекемдеп-кубаттаганына шек жок.

20. Петирдин бир туугандардан обочолонбогонунан эмнеге үйрөнө алабыз?

20 Петирдин бир туугандар менен чогуу болгону эң туура болгон. Кудайдын кызматчысы жаза басып алганда баарынан да анын күнөөсүнүн канчалык олуттуу болгону эмес, өкүнүп, кайрадан туура жолго түшүүгө чечкиндүү болгону маанилүү. (Оку: Накыл сөздөр 24:16.) Петирдин муңга басылып, кыйналып турганына карабай, Кудай кошкон бир туугандарынан обочолонбогону ишеними бекем болгонун көрсөтүп турат. Кыйналып, көңүлүбүз чөгүп жүргөндө башкалардан качып, жалгыз болууну самап калышыбыз мүмкүн, бирок бул өтө кооптуу (Накыл 18:1).  Андай учурда ишенимдештерибизден качпай, кайрадан рухий жактан күч топтоого умтулганыбыз акылдуулукка жатат (Евр. 10:24, 25).

21. Петирдин ишенимдештери менен чогуу болгонунун пайдасы кандай болгон?

21 Петир ишенимдештери менен чогуу болгондуктан Иса Машаяктын сөөгү мүрзөдө жок деген кабарды угат. Ошол замат Жакан экөө Иса пайгамбардын сөөгү коюлган, оозу таш менен жабылган мүрзөгө чуркап барышат. Жакан, кыязы, жашыраак болгондуктан мүрзөгө биринчи жетет. Ал мүрзөнүн оозу ачык экенин көрүп, кирүүгө батынбай туруп калат. Петир болсо учкан тейден келип, энтиккенине карабай түз эле мүрзөнүн ичине кирип барат. Бирок, мына кызык, мүрзө бопбош экен! (Жкн. 20:3—9).

22. Петирдин өкүнүчү, шек саноосу кантип жок болгон?

22 Петир Иса пайгамбардын тирилгенине ишенди беле? Жок. Ишенимдүү аялдар Иса пайгамбардын тирилгенин периштелердин өзүнөн укканын айтышса да, ал башында ишенбей коёт (Лк. 23:55—24:11). Бирок көп өтпөй эле Петирдин өкүнүчү, шек саноосу жел тийгендей тарап жок болот. Анын Мырзасы азыр тирүү, болгондо да күчтүү рухий жаратуу! Ал элчилеринин баарына көрүнөт. Бирок анын ага чейин кылган бир иши көңүлгө аларлык. Ошол күнү элчилер бири-бири менен: «Мырзабыз, чын эле, тирилиптир! Ал Симонго көрүнүптүр!» — деп сүйлөшүшөт (Лк. 24:34). Кийинчерээк элчи Пабыл да Иса Машаяктын «Кейфага, кийин он эки элчиге көрүнгөнүн» жазган (1 Кор. 15:5). Симон да, Кейфа да Петирдин башка ысымдары болчу. Иса Машаяк Петирге эч ким жокто көрүнсө керек.

Петирди Мырзасы көп жолу кечирген. Баарыбыз Кудайдын бизди кечиришине муктажбыз

23. Күнөө кетирип алганда Петирдин башынан өткөн окуяны эмне үчүн эсибизден чыгарбашыбыз керек?

23 Устат менен шакирттин ошондогу жүрөк козгоорлук жолугушуусунда эмне жөнүндө сөз болгону Ыйык Китепке жазылган эмес. Ал маек экөөнүн ортосундагы купуя сыр болуп кала берген. Биз, болгону, Петирдин сүйүктүү Мырзасынын тирилгенине чексиз кубанганын, өкүнүп, андан кечирим сураганын гана элестете алабыз. Ошол учурда ал баарынан да Мырзасынын аны кечиришин каалаган. Иса Машаяктын Петирди кечиргенине кымындай да шек жок. Андыктан күнөө кетирип алганда Петирдин башынан өткөн окуяны эсибизден чыгарбайлы. Кудай бизди эч качан кечирбейт деп өзүбүзгө өзүбүз өкүм чыгарып койбошубуз керек. Ооба, Иса Машаяк «айкөлдүк менен кечирген» Жахаба Кудайды жеткилең түрдө туураган (Ыш. 55:7).

Кечиримдүү Мырза

24, 25. а) Петирдин Галилея деңизине барганын сүрөттөп бергиле. б) Петир Мырзасын тааныганда эмне кылган?

24 Иса пайгамбар элчилерине тирилгенден кийин Галилеяга  барарын жана ал жактан алар менен жолугушарын айткан болчу. Элчилер Галилеяга барганда, Петир балык кармоону чечет. Ага башка элчилер да кошулушат. Петирдин көз алдында далай күндөрү өткөн, эриген коргошундай көлкүлдөгөн баягы деңиз. Кайыктын кыйчылдаган үнү, балык жыттанган тор, толкундун шарпылдагы — мунун баары ага аябай эле тааныш. Тилекке каршы, бул түнү торго бир да балык түшкөн жок (Мт. 26:32; Жкн. 21:1—3).

Петир сууга секирип, жээкке сүзүп барган

25 Таң сүрүп келатканда жээкте турган бир караан аларга торду кайыктын оң жагына ыргытышын айтат. Алар анын айтканындай кылып, чоң балыктардан 153тү кармашат. Жээкте турган тиги  кишинин ким экенин тааный койгон Петир сууга секирип, жээкти көздөй сүзүп жөнөйт. Иса пайгамбар ишенимдүү досторуна отко какталып бышырылган балык даярдап койгон болчу. Анын көңүлү Петирге бурулган (Жкн. 21:4—14).

26, 27. а) Иса пайгамбар Петирге үч жолу кандай мүмкүнчүлүк берген? б) Иса пайгамбар Петирди айкөлдүк менен кечиргенин кантип көрсөткөн?

26 Иса пайгамбар, чамасы, жаңы эле торго түшкөн балыктарды көрсөтүп, Петирден: «Буларга караганда мени көбүрөөк жакшы көрөсүңбү?» — деп сурайт. Петир балык уулоону көбүрөөк жакшы көргөнбү же Мырзасынбы? Иса пайгамбар өзүнөн үч жолу баш тарткан элчисине башка шакирттеринин алдында аны жакшы көрөрүн үч жолу ырастоого мүмкүнчүлүк берет. Ал Петирге ага болгон сүйүүсүн ыйык кызматты баарынан жогору коюп, оторду багып, жакшы кайтаруу менен көрсөтө аларын айтат (Лк. 22:32; Жкн. 21:15—17).

27 Иса пайгамбар Петирди өзү да, Жахаба да жогору баалаарына ынандырган. Кийинчерээк Петир Иса Машаяк жетектеген жыйналышта маанилүү иштерди аткарган. Ырас, Мырзасы аны айкөлдүк менен кечирген! Петирдин буга миң мертебе ыраазы болуп, кетирген каталарынан сабак алганы күмөнсүз.

28. Петир кандайча ысымына ылайык жашаган?

28 Петир өзүнө тапшырылган ишти көп жыл бою ишенимдүүлүк менен аткарган. Ал Мырзасы өлөр алдында берген тапшырманы аткарып, ишенимдештерин бекемдей берген. Машаяктын оторун кайтарууда чыдамдуу, боорукер болгон. Ошентип, Иса пайгамбар берген «аска таш» дегенди билдирген ысымын актап, жыйналыштагыларга аска таштай бекем, туруктуу, ишеничтүү таяныч болгон. Буга асыл сөздөр камтылган анын эки каты далил боло алат. Ыйык Китепке кирген ал баалуу каттар анын Мырзасынан кечиримдүүлүккө үйрөнгөнүн эч качан унутпаганын көрсөтүп турат. (Оку: 1 Петир 3:8, 9; 4:8.)

29. Канткенде ишеними күчтүү Петирден жана ырайымдуу Иса пайгамбардан үлгү алабыз?

29 Келгиле, биз да кечиримдүү болууга умтулалы. Күнөөлөрүбүз үчүн Кудайдан күнүгө кечирим сурайлы. Анын бизди кечирип, таза абийирге ээ кыларына бекем ишенели. Өзүбүз да башкаларды кечире билели. Ушундай кылсак, ишеними күчтүү Петирден жана ырайымдуу Иса пайгамбардан үлгү алган болобуз.