Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 ОН БИРИНЧИ БӨЛҮМ

Ал сергек болуп, талыкпай күткөн

Ал сергек болуп, талыкпай күткөн

1, 2. Илияс пайгамбар кандай жагымсыз ишти аткарышы керек болчу жана Ахап экөө бири-биринен эмнеси менен айырмаланган?

ИЛИЯС ПАЙГАМБАР элсиз ээн жерге барып, асмандагы Атасы менен сүйлөшкүсү келип турат. Бирок жаңы эле асмандан от түшүргөнүн көргөн эл батасын алгысы келип, аны тегеректеп алган. Кармел тоосунун чокусуна чыгып, Жахаба Кудайга кайрылардын алдында Илияс пайгамбар бир жагымсыз ишти аткарышы керек эле. Ал Ахап падыша менен сүйлөшүшү керек.

2 Ал экөөндөй бири-бирине такыр окшошпогон эки башка киши болбос чыгар. Кычыраган кымбат-баалуу кийимчен Ахап падыша Кудайдан баш тарткан, ач көз, эрки бош неме. Ал эми малдын терисинен тигилген жупуну кийимчен Илияс пайгамбар кайраты бек, ишеними күчтүү, кынтыксыз киши. Бүгүн болуп өткөн окуядан кийин бул экөөнүн бири-биринен аябай айырмаланары ого бетер айкын болду.

3, 4. а) Ахап падыша менен Баалдын кызматчыларынын баары кандайча маскара болушкан? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

3 Ахап падыша жана Баалга табынгандардын баары маскара болушту. Ахап падыша менен Изабел каныша он уруудан турган Ысрайыл падышалыгына жайылткан жалган динге чоң сокку урулду. Баалдын жалган кудай экени баарына маалым болду. Ал жансыз кудай пайгамбарларынын жалынып-жалбарганына, жин тийген немелердей бийлегенине, денесин кан чыгара сайгылаганына карабай, от эмес, оттун учкунун да тутанта алган жок. Атүгүл өзүнүн 450 пайгамбарын өлүмдөн алып калууга кудурети жеткен жок. Ал эле эмес, пайгамбарлары үч жылдан ашык убакыттан бери жаан сурап жалбарып келишсе да, бир да тамчы жаан жаадыра албай койду. Эми Жахаба өзүнүн жалгыз чыныгы Кудай экенин далилдеп, кургакчылыкты токтотот (1 Пад. 16:30—17:1; 18:1—40).

4 Бирок ал муну качан кылат? Илияс пайгамбар Жахаба убадасын аткаргыча эмне кылат? Ишеними күчтүү бул пайгамбардан эмнеге үйрөнө алабыз? Анда эмесе, Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делгенин карап чыгалы. (Оку: 1 Падышалар 18:41—46.)

 Үзгүлтүксүз тиленген

5. Илияс пайгамбар Ахапка эмне деген жана Ахап болуп өткөн окуядан бир нерсеге үйрөнгөнбү?

5 Илияс пайгамбар падышага: «Бар да, ичип-же, анткени нөшөрдүн дабышы угулуп жатат»,— деп айтат. Мыйзамсыз падыша болуп өткөн окуядан бир нерсеге үйрөнгөнбү? Ыйык Китепте анын өкүнгөнү жөнүндө да, Жахабадан кечирим сурап, аны менен болгон мамилесин оңдош үчүн пайгамбардан жардам сураганы тууралуу да эч нерсе айтылбайт. Ыйык Китепте тек гана: «Ахап ичип-жегени кетти»,— делет (1 Пад. 18:41, 42). Ал эми Илияс пайгамбар тууралуу эмне айтууга болот?

6, 7. Илияс пайгамбар эмне жөнүндө тиленген жана эмне үчүн?

6 Ыйык Китептен: «Илияс болсо Кармел тоосунун чокусуна чыгып, чөгөлөп, башын эки тизесинин ортосуна, жерге тийгизди»,— дегенди окуйбуз. Ахап падыша курсагын тойгузуш үчүн кетсе, Илияс пайгамбар асмандагы Атасына тиленүүгө шашылган. Ал чөгөлөп, Жакып 5:18де айтылгандай, Жахабадан кургакчылыкты токтотушун момундук менен сурап тиленген. Кармелдин чокусунда ал так ушул тууралуу тиленсе керек.

Илияс пайгамбар Кудайдын эркинин аткарылышына куштар болгон

7 Андан мурунураак Жахаба: «Мен жерге жамгыр жаадырганы жатам»,— деп айткан эле (1 Пад. 18:1). Демек, Илияс пайгамбар  Жахабанын эрки аткарылышын тилеген. Андан миң жылдай убакыт өткөндөн кийин Иса пайгамбар да жолдоочуларын ошол жөнүндө тиленүүнү үйрөткөн (Мт. 6:9, 10).

8. Илияс пайгамбардан тиленүүгө байланыштуу эмнелерге үйрөнө алабыз?

8 Илияс пайгамбардан тиленүүгө байланыштуу көп нерсеге үйрөнсөк болот. Ал биринчи кезекте Кудайдын эркинин аткарылышы жөнүндө ойлонгон. Тиленип жатканда «Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарын» унутпаганыбыз дурус (1 Жкн. 5:14). Андыктан тиленүүбүздү Кудай кабыл кылышы үчүн, анын эркин жакшы билишибиз зарыл. Ан үчүн Ыйык Китепти изилдөөнү жашообуздун ажырагыс бөлүгү кылып алышыбыз керек. Илияс пайгамбар кургакчылыктын азабын тарткан мекендештерине боору ачыгандыктан да жаандын эртерээк эле жаашын каалаганы шексиз. Андан сырткары, Жахабанын ошол күнү кылган ажайып иштерин көрүп, жүрөгү ыраазычылыкка толгон көрүнөт. Биз да Кудайга кайрылганда ага чын жүрөктөн ыраазы экенибизди, башкалардын камын ойлоп жатканыбызды көрсөткүбүз келет. (Оку: 2 Корунттуктар 1:11; Филипиликтер 4:6.)

Бекем ишенген жана сергек болгон

9. Илияс пайгамбар кызматчысын эмне кылууга жиберген жана пайгамбардын кайсы эки сапатын карап чыгабыз?

9 Илияс пайгамбар Жахабанын жаан жаадырарына эч шектенбесе да, качан жаадырарын билген эмес. Ал ортодо пайгамбар эмне кылган? Ыйык Китепте: «Анан кызматчысына: „Өйдө чыгып, деңиз жакты карап келчи“,— деди. Ал барып, карады да: „Эч нерсе жок экен“,— деп келди. Илияс ага: „Дагы барып, карап кел“,— деди. Ошентип, аны жети жолу жиберди»,— деп айтылат (1 Пад. 18:43). Илияс пайгамбардын бул иш-аракетинен ал жөнүндө, бери дегенде эле, эки нерсени билсек болот. Биринчиден, анын ишеними бекем болгон. Экинчиден, ал сергек болгон.

Илияс пайгамбар Жахабанын иш-аракет кыла баштаганын көрсөткөн белгилерди издеген

10, 11. а) Илияс пайгамбар Кудайдын өз убадасын аткарарына бекем ишенерин кантип көрсөткөн? б) Кудайдын өз убадаларын аткарарына эмне үчүн бекем ишенсек болот?

10 Илияс пайгамбар Жахабанын өз убадасын аткарарына бекем ишенгендиктен анын иш-аракет кыла баштаганынан кабар берген белгилерди ынтызарлык менен издеген. Жаандын жышаанынын бар-жогун байкап келиши үчүн, ал кызматчысын тоонун бийигирээк жерине улам-улам жиберген. Бирок кызматчысы кайтып келген сайын: «Эч нерсе жок экен»,— деп, чеке жылытпаган  кабар алып келе берген. Чайыттай ачык, тунук асманда же бир үзүм булут көрүнсөчү. Илияс пайгамбар Ахап падышага: «Нөшөрдүн дабышы угулуп жатат»,— деп айтпады беле. Асманда бир да булут жок болсо, анын ушинтип айтканы кызык эле болгон.

11 Жахабанын пайгамбары, өкүлү катары Илияс пайгамбар Кудайдын өз убадасын аткарып, сөзүнө турарын жакшы билген. Ал Кудайга ушунчалык бекем ишенгендиктен нөшөрдүн дабышын уккандай эле болгон. Илияс пайгамбар «көрүнбөгөндү көрүп тургандай туруктуу болгон» Муса пайгамбарды эске салат. Сен да Жахабага аны көрүп тургандай ишенесиңби? Кудайга жана анын убадаларынын аткарыларына бекем ишенүүгө бизде жетиштүү далилдер бар (Евр. 11:1, 27).

12. Илияс пайгамбар сергек турганын кантип көрсөткөн жана кымындай булут пайда болгонун укканда эмне кылган?

12 Эми Илияс пайгамбардын кандайча сергек болгонуна токтололу. Ал кызматчысын тоонун бийик жагына бир-эки жолу эле эмес, жети жолу жиберген. Кызматчы улам барып келе берип чарчаса керек. Бирок Илияс пайгамбар белгини көрмөйүн багынган эмес. Акыры, кызматчысы жетинчи жолу барып келгенден кийин: «Деңиз жактан алакандай булут көтөрүлүп келатат»,— дейт. Анын колун көтөрүп, алаканын көрсөтүп, кыймылсыз жаткан Улуу деңиздин үстүндө кымындай булут пайда болгонун айтып жатканын элестетсеңер. Балким, ал кымындай булутка маани деле бербесе керек. Бирок ал булут Илияс пайгамбар үчүн айкын белги болгон. Ошондо ал кызматчысына дароо: «Эми барып, Ахапка: „Арабаңды чегип, нөшөргө калып калбаш үчүн тезинен жөнө“,— деп айт»,— деп буйрук берет (1 Пад. 18:44).

13, 14. а) Сергек болуу жагынан Илияс пайгамбарды кантип туурай алабыз? б) Шашылыш түрдө иш-аракет кылууга бизге эмне түрткү берет?

13 Ооба, Илияс пайгамбар сергек болуу жагынан бизге мыкты үлгү көрсөткөн. Биз да Кудай жакында ой-ниетин ишке ашыра турган убакта жашап жатабыз. Илияс пайгамбар кургакчылыктын бүтүшүн күтсө, биз бузулган дүйнөнүн акырын күтүп жатабыз (1 Жкн. 2:17). Андыктан, Илияс пайгамбардай болуп, Жахаба Кудай иш-аракет кыла баштаганга чейин сергек турушубуз керек. Кудайдын Уулу Иса Машаяк да жолдоочуларына: «Сергек болгула, анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер»,— деген (Мт. 24:42). Иса пайгамбардын сөздөрү дүйнөнүн акыры качан келерин таптакыр билбей турганыбызды билдиреби? Жок, ал дүйнөнүн акыры жакындап калганда дүйнөдөгү абал кандай болорун майда-чүйдөсүнө чейин айткан. Андыктан баарыбыз «бул дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөтүп турган белгини баамдай алабыз. (Оку: Матай 24:3—7.)

Илияс кымындай булутту көрүп, Жахабанын иш-аракет кыла баштаганын түшүнгөн. Анда акыркы күндөрдүн белгиси бизге ого бетер шашылыш иш-аракет кылууга түрткү бербейби?

 14 Ал белгинин ар бир бөлүгү дүйнөнүн аягы келип калганынын төгүндөлгүс далили болуп эсептелет. Ошол белгилер бизге шашылыш түрдө кабар айтууга түрткү берип жатабы? Деңиздин үстүндө пайда болгон кымындай эле булут Илияс пайгамбар үчүн Жахабанын иш-аракет кыла баштаганын түшүнгөнгө жетиштүү далил болгон. Жахаба ишенимдүү пайгамбарынын үмүтүн орундатты беле?

Жахабанын батасы

15, 16. Көз ачып-жумгуча кандай окуя болгон жана Илияс пайгамбар Ахап падыша жөнүндө эмне деп ойлонсо керек?

15 Ыйык Китепте: «Аңгыча асманды кара булут каптап, шамал согуп, жаан нөшөрлөп жаай баштады. Ахап болсо арабасы менен Изреилге кетип баратты»,— делет (1 Пад. 18:45). Жагдай көз ачып-жумгуча эле чукул өзгөргөн. Илияс пайгамбардын кызматчысы Ахап падышага барып, пайгамбардын сөзүн айтып бүткүчө эле, баягы бир үзүм булут бир түрмөк болуп, бир түрмөк булут калдайган кара булутка айланып, асманды бүт бойдон каптап калат. Капилеттен катуу шамал башталат. Үч жарым жылдан бери бир тамчы сууга зар болгон какшыган жерге жаан чакалап куя баштайт. Чаңкап турган жер жаандын суусун кере-кере жутат. Жаан улам күчөгөндөн күчөп, Кишон дарыясы толуп-ташып, жээгин каптап кирет. Дарыянын күрүлдөп аккан суусу Баалдын пайгамбарларынын канын жууп кетет. Тоң моюн ысрайылдыктар эми Баалга сыйынуунун айынан жедеп булганган абийирлерин тазалап жууп, Кудай менен болгон мамилесин калыбына келтирет болду бекен?

«Жаан нөшөрлөп жаай баштады»

16 Илияс пайгамбар элдин так ошондой кыларына үмүттөнгөн. Балким, ал: «Жүрөк солкулдаткан ушундай окуялардан кийин Ахап падыша эми кандай иш-аракет кылат болду экен?» — деп ойлонсо керек. Ахап падыша өкүнүп, жийиркеничтүү кудайынан баш тартабы? Ошол күнү болгон окуялар ага чечкиндүү иш-аракет кылууга түрткү бергидей эле болгон. Ошондо падышанын оюна эмнелер келгени белгисиз. Ыйык Китепте анын «арабасы менен Изреилге кетип баратканы» эле айтылат. Ал кандайдыр бир сабак алды беле? Туура жолго түшкөнгө түрткү алды беле? Кийинчерээк болгон окуялардан көрүнүп тургандай, анын жүрөгүн эч нерсе козгогон эмес. Бирок ал дагы бир кереметтүү окуяга күбө болмок.

17, 18. а) Изреилге алпарган жолдо кандай окуя болгон? б) Илияс пайгамбардын Кармелден Изреилге чейин чуркап барганы эмнеси менен өзгөчө болгон? (Шилтемени да карагыла.)

 17 Жахабанын пайгамбары Ахап падыша кеткен жолго түшөт. Жол узак, баткак белчеден, теребел караңгы. Бирок ошондо дагы бир укмуш окуя болот.

18 «Жахабанын колу Илиястын үстүндө болду. Ал кийиминин этегин куруна кыстарып алып, Изреилге жетер-жеткиче Ахаптын алдында чуркап барды»,— делет Ыйык Китепте (1 Пад. 18:46). Ооба, «Жахабанын колу Илиястын үстүндө болуп», ага адаттан тыш күч берген. Изреилге чейин 30 чакырымдай жол жаткан болчу, анын үстүнө, Илияс пайгамбар да бир топ жашка келип калган *. Пайгамбардын узун кийиминин этегин куруна кыстарып алып, былчылдаган баткак жолдо шамал менен жарышып, жепжеңил чуркап баратканын элестетсеңер. Ал ушунчалык тез чуркагандыктан падышанын арабасын кууп жетип, атүгүл ашып кеткен!

19. а) Илияс пайгамбардын күчкө толгону кайсы пайгамбарлыктарды эске салат? б) Илияс пайгамбар чуркап баратканда эмнени сезгени шексиз?

19 Бул Илияс пайгамбар үчүн чоң бата болгон. Пайгамбарга кандайдыр бир күч, оргуштаган кайрат киргенде, жүрөгү алып учуп, бир башкача сезимде болсо керек. Ал мындайды жалындаган жаш кезинде да сезип көрбөгөн чыгар. Аны менен болгон окуя Бейиште Кудайдын ишенимдүү кызматчыларынын баары күч-кайратка толуп, чың ден соолукта өмүр сүрөрү жөнүндөгү пайгамбарлыктарды эске салат. (Оку: Ышая 35:6; Лк. 23:43.) Илияс пайгамбар баткак жолдо чуркап баратканда асмандагы Атасынын, жалгыз чыныгы Кудай Жахабанын, аны колдоп жатканын сезгени шексиз.

20. Жахабанын батасына кантип ээ боло алабыз?

20 Жахаба бизге да батасын берүүнү каалайт. Анын батасына эч нерсе тең келбейт, андыктан аны алууга бүт күчүбүздү жумшайлы. Коогалаңдуу акыркы күндөрдө, Илияс пайгамбардай болуп, Жахабанын иш-аракет кыла баштаганын көрсөткөн айкын белгилерди баамдай билип, сергек болушубуз керек. Бизде да «чындыктын Кудайы» Жахабанын бардык убадаларын аткарарына бекем ишенүүгө орчундуу негиз бар (Заб. 31:5).

^ абз. 18 Ушул окуядан көп өтпөй эле Жахаба Илияс пайгамбарды анын «колуна суу куюп берип жүргөн» Элишаны үйрөтүүгө дайындаган (2 Пад. 3:11). Элиша билегинен каруу кеткен Илияс пайгамбарга кызмат кылып, анын жанында жүргөн.