Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 ОН ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

Ал катасынан сабак алган

Ал катасынан сабак алган

1, 2. а) Жунус пайгамбардын айынан кемедегилер кандай кыйынчылыкка кабылышкан? б) Жунус пайгамбардын окуясынан эмнени билүүгө болот?

ЖУНУС ПАЙГАМБАР зээнди кейиткен үндөрдү угуп, заманасы куурулуп турат. Ал үн кемени ары-бери жулкуган долуланган шамалдын добушу эмес. Кыр артынан кыр болуп кеменин каптал-боорун кычырата урган тоодой толкундардын да добушу эмес. Жунус пайгамбардын жүрөгүн тилген үндөр кеме оодарылып кетпестин аракетинде жан далбаса кылган кемедегилердин чуру-чуу түшкөн үндөрү. Мына эми, анын айынан баары ырайымсыз деңиздин туңгуюгуна түшмөй болушту!

2 Жунус пайгамбар мындай алаамат окуяга эмне болуп кабылып отурат? Ал Жахаба Кудайдын алдында олуттуу ката кетирген. Кандай ката кетирди эле? Анын жазыгы кечирилгис беле? Бул суроолорго жооп алсак, көп нерсеге үйрөнөбүз. Мисалы, Жунус пайгамбардын окуясынан ишеними күчтүү кишилер деле жаза басып алышы жана кайрадан түз жолго түшүшү мүмкүн экенин билүүгө болот.

Галилеядан чыккан пайгамбар

3—5. а) Жунусту көптөр кандай киши катары элестетишет? б) Жунустун тек-жайы жөнүндө Ыйык Китепте эмне делет? (Шилтемени да карагыла.) в) Жунустун кызматы эмне үчүн оңой болгон эмес?

3 Жунус пайгамбарды көптөр Кудайга баш ийбеген, кежир киши болгон дешет. Бирок анын жакшы жактары да болгон. Аны пайгамбар кылып Кудай өзү тандаган. Ал ишенимсиз, жаман кишиге мындай чоң жоопкерчиликти артпайт болчу.

Жунустун жакшы жактары да болгон

4 Ыйык Китепте Жунус пайгамбардын тек-жайы жөнүндө учкай эле айтылат. (Оку: 2 Падышалар 14:25.) Ал Гат-Хепер шаарынан болгон. Ал шаар Иса Машаяктын балачагы өткөн Назареттен  4 чакырымдай алыстыкта жайгашкан *. Жунус пайгамбар 10 уруудан турган Ысрайылды Жеробам II башкарып турган убакта кызмат кылган. Илияс пайгамбардын көзү өтүп кеткенине көп болгон, ал эми Элиша пайгамбар Жеробамдын атасынын тушунда көз жумган. Жахаба ал ишенимдүү пайгамбарларын колдонуп, кезинде Ысрайыл жерин Баалга сыйынуудан тазалаганына карабай, эл кайра эле баягы таз кейпин кийген. Өлкөнү «Жахабанын көз алдында жаман иштерди кылган» падыша бийлеп турган (2 Пад. 14:24). Андыктан Жунус пайгамбардын кызматы оңой болгон эмес. Ошого карабай ал кызматын туруктуулук менен уланта берген.

5 Күндөрдүн бир күнүндө Жунус пайгамбардын жашоосунда чукул өзгөрүү болот. Жахаба ага бир оор иш тапшырат.

«Тур,.. Нинебиге бар»

6. Жунус пайгамбар кандай тапшырма алган жана эмне үчүн корккон?

6 Жахаба Жунус пайгамбарга: «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, анын кыянаттыгы мага жеткенин жарыяла»,— деп айтат (Жун. 1:2). Пайгамбардын ал ишти аткаруудан коркконунун себеби бар болчу. Ашурлуктардын борбор калаасы Нинеби чыгыш тарапта 800 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жана ал жакка жетиш үчүн бир айдай жөө жүрүш керек. Бирок кеп аралыктын алыстыгында эле болсо кана! Жунус пайгамбар баш кесерлиги, жеткен мыкаачылыгы менен атагы чыккан ашурлуктарга Кудайдын сот өкүмүн жарыялашы керек эле. Аны өз эли кыйратып укпай жатса, анан ошол бутпарас эл угуп жыргатмак беле? Ал жалгыз башы менен «канкор шаар» деп аталган Нинебиде эмне кыла алат? (Нкм. 3:1, 7).

7, 8. а) Жахабанын тапшырмасын аткаруудан качыш үчүн Жунус пайгамбар эмне кылууга даяр болгон? б) Эмне үчүн Жунус пайгамбарды коркок киши болгон деп айтууга шашпашыбыз керек?

7 Жунус пайгамбар ушуларды ойлоп тынчсызданганбы, жокпу, кыскасы, ал качып жөнөгөн. Жахаба аны чыгышка бар десе, ал таптакыр тескери багытка, батышты көздөй, жөнөгөн. Деңиз жээгинде жайгашкан Жапа шаарына келип, Таршышка барчу кемеге отурган. Айрым окумуштуулар Таршыш Испанияда болгон дешет. Эгер ошондой болсо, Жунус пайгамбар Нинеби шаарынан 3 500 чакырымдай алыстыкта жайгашкан жерди көздөй бет алган. Учу-кыйырына куш учуп жеткис Улуу деңиздин аркы өйүзүндөгү ал жерге кеме бир жыл дегенде араң жетмек. Жахабанын тапшырмасын аткаруудан качыш үчүн Жунус пайгамбар жердин жети катмарына да кетип калууга даяр болгон. (Оку: Жунус 1:3.)

 8 Ушундан улам Жунус пайгамбарды коркок деп айтууга болобу? Жыйынтык чыгарганга шашпай туралы. Андан ары эмне болгонуна токтолсок, анын эр жүрөк болгонун билебиз. Албетте, ал деле жеткилеңсиз киши болгондуктан көп ката кетирген (Заб. 51:5). Кимибиз эле коркунучка эч качан алдырган эмеспиз?

9. Кудайдан тапшырма алганда кандай сезимде болушубуз мүмкүн жана андайда эмнени унутпашыбыз керек?

9 Кээде Кудай бизге аябагандай оор, атүгүл аткарууга мүмкүн эместей сезилген тапшырмаларды бериши мүмкүн. Алсак, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодон коркушубуз ыктымал (Мт. 24:14). Андайда Иса пайгамбардын: «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок»,— деген сөздөрүн унутуп коюш бат эле (Мр. 10:27). Ооба, кээде өзүбүз деле Кудайдын кайсы бир тапшырмасын аткаруудан коркобуз, андыктан Жунус пайгамбардын сезимдерин түшүнүү кыйын деле эмес. Жунус пайгамбар качып кетип эле баарынан кутулганбы?

Жахаба тил албаган пайгамбарын оң жолго салат

10, 11. а) Кеме жээктен алыстаганда, Жунус пайгамбар эмне деп ойлосо керек? б) Кемедегилер кандай коркунучка дуушар болушкан?

10 Жунус пайгамбардын финикиялыктардын жүк ташуучу кемесине түшүп жатканын элестетсеңер. Ал кеме башчысы менен кемедегилердин сапарга аттанууга камынып, кумурскача тынбаган аракетте ары-бери чуркап жүргөнүн карап турат. Кеме акырын ордунан козголуп, бет келген майда толкундарды жирей тилип жөнөп берет. Жээк улам алыстап, карааны таптакыр үзүлгөндө, Жунус пайгамбар жүрөгүн түпөйүл кылган тапшырмасынан кутулдум деп ойлосо керек. Бирок бир заматта аба ырайы бузулуп, мемиреп жаткан деңиз үстү түнөрө баштайт.

11 Шамал аркырап согуп, деңизге алай-дүлөй түшүрөт. Тоо көчкүсүндөй алп толкундар кемени, жыгачтын таарындысынан бетер, бирде өйдө ыргытса, бирде ылдый кулатат, бирде серпип таштаса, бирде түбү жок тереңге түртүп жиберет. Буркан-шаркан кайнап жаткан деңизде кеме канчага чейин туруштук бере алат болду экен? Ошондо Жунус пайгамбар деңизге катуу шамалды Жахаба жибергенин билгенби? Айтыш кыйын. Ал кемедегилердин ар бири өз кудайына жалынып-жалбарганын көрөт, бирок алардын кудайлары эч нерсе кыла албай турганын жакшы билет (Леб. 19:4). Ошентип, Ыйык Китепте айтылгандай, «кеме талкалана турган болот» (Жун. 1:4). Эми Кудайынан качып бараткан Жунус пайгамбар ага кайрылып жардам сураганга кантип батынат?

12. а) Бороон-чапкын болуп жатканда уктап калганы үчүн Жунус пайгамбарды айыптаганга эмне себептен шашпашыбыз керек? (Шилтемени да карагыла.) б) Жахаба шамалдын кимдин айынан болуп жатканын кантип көрсөткөн?

12 Жунус пайгамбар колунан эч нерсе келбей турганына көзү жетип, кеменин бир коңулуна бүктөлө жатып алат. Анан жаткан  калыбында катуу уйкуга кетет *. Бир убакта кеме башчысы келип, аны ойготот да, эл катары өз Кудайына сыйынышын айтат. Бул табият алааматы жогорудан болуп жатканын түшүнгөн кемечилер ушунун баарына ким себепкер экенин билиш үчүн өкчөмө таш ыргытышат. Өкчөмө таш ыргытылып, айыпсыз кишилер чекесинен чыккан сайын, Жунус пайгамбардын жүрөгү катуулай согуп кирет. Аягында бир эле киши калат. Жахаба так ошол кишинин айынан деңизге бороон-чапкын жиберген эле. Ошондуктан өкчөмө таш Жунус пайгамбарга түшөт. (Оку: Жунус 1:5—7.)

13. а) Жунус пайгамбар кемечилерге эмнелерди айтып берген? б) Жунус пайгамбар кемечилерге эмне кылууну айткан жана эмне үчүн?

13 Жунус пайгамбар кемечилерге Кудуреттүү Жахаба Кудайдын кызматчысы экенин, ага баш ийбей качып баратканын, балээнин баары анын айынан болуп жатканын төкпөй-чачпай айтып берет. Ошондо тиги кишилер үрөйү учуп, нес болушат. Анан пайгамбардан эмне кылышты сурашат. Жунус пайгамбар эмне дей алат эле? Ал түнөргөн сүрдүү деңиздин тереңине кетип баратканын бир саамга элестетип, дене бою дүркүрөй түшкөн чыгар. Бирок бул бейкүнөө бечараларды кантип өзү менен кошо өлүмгө кыят? Алардын өмүрүн сактап калыш үчүн: «Мени деңизге ыргытып жибергиле, ошондо толкун басылат. Анткени бороон-чапкындын менин айыман болуп жатканын билем»,— деп айтат (Жун. 1:12).

14, 15. а) Канткенде Жунус пайгамбарды туурай алабыз? б) Жунус пайгамбардын айткандарын уккан кемечилер эмне кылышкан?

14 Жогорудагы сөздөрдү коркок киши эч айтпайт болчу. Ошондой оор кырдаалда пайгамбарынын эр жүрөктүгүн, жан аябастыгын көрүп, Жахаба кубанса керек. Ишеними күчтүү киши деп мына Жунус пайгамбарды айт! Биз да башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору койсок, аны туураган болобуз (Жкн. 13:34, 35). Кимдир бирөөнүн тыйын-тыпыр жагынан кыйналып жатканын, көңүлү чөгүп же рухий жактан бекемдөөгө муктаж болуп жүргөнүн байкасак, колубуздан келишинче жардам берүүгө умтулабызбы? Эгер ошентсек, Жахабанын жүрөгүн кубантарыбыз шексиз.

15 Жунус пайгамбардын айткандарын уккан кемечилер адегенде аны өлүмгө кыя албай, деңизге ыргытууга колдору барбай коёт. Алар бороон-чапкындын алаамат күчү менен дагы бир аз тырбалаңдап алышып көрүшөт, бирок ал үмүтсүз күрөш болчу. Өжөр деңиз көшөргөнүн койбой, толкун артынан толкун кубалай берет. Кеме сууга батып, чөкмөй болгондо, кемечилер Жунус пайгамбардын  Кудайы Жахабадан ырайым кылышын сурап, пайгамбарды аргасыздан деңизге ыргытып жиберишет (Жун. 1:13—15).

Кемечилер Жунус пайгамбарды деңизге ыргытып жиберишкен

Жунус пайгамбарга ырайым көрсөтүлүп, куткарылат

16, 17. Жунус пайгамбар деңизге ыргытылганда эмне болгонун сүрөттөп бергиле. (Сүрөттөрдү да карагыла.)

16 Жунус пайгамбар жинденген кара сур толкундардын кучагына бата түшөт. Энтиге суу жутуп, жан далбастап чабак уруп жатканда, аркасынан көбүк жаратып узап бараткан кеменин карааны көзгө урунат да, кайра көздөн кайым болот. Ырайымсыз алп толкундар менен алпурушуп отуруп күчтөн тайып, деңиздин түбү жок туңгуюк айлампасына сүңгүп кетет. Деңиз түбүнө улам тереңдеген сайын аны менен кошо үмүтү да чөгүп барат.

17 Кийин ал ошондо ага кандай ойлор келгенин жазган. Ал үчүн өмүр менен өлүм аралыгы бир карыш болуп, бүт өмүрү көз алдына тартыла түшкөн. Ажайып кооз ибадаткана көзүнөн учуп, аны эч качан көрбөй турганына кейиген. Ага деңиздин так түбүнө, тоолор түптөлгөн жерге түшүп, балырларга чырмалып калгандай сезилген. Ал өлдүм деп, жанынан түңүлгөн. (Оку: Жунус 2:2—6.)

18, 19. Жунус пайгамбар деңизге ыргытылганда эмне болгон жана ал кереметтин аркасында ким турган? (Шилтемени да карагыла.)

 18 Бирок так ошол маалда кайдан-жайдан килейген, капкара бирдеме пайда болот. Ал улам жакындай берет. Анан оозун араандай ачып, аны бүкүлү бойдон жутуп алат.

Жахаба чоң балыкка Жунус пайгамбарды жутуп алууну «буйрук кылган»

19 Мына эми, чын эле бүттү окшойт. Бирок пайгамбар жүрөгү дүк-дүк сокконунан али тирүү экенин түшүнөт. Анык көрү боло турган алп жандыктын курсагында азык болуп эрип кетпей, бир да сөөгү сынбай, тумчугуп өлүп калбай дагы деле тирүү экен! Ошондо аны кастарлоо сезими чулгайт. Ал чоң балыкка аны жутуп алууну Жахаба «буйрук кылганын» түшүнөт * (Жун. 1:17).

20. Жунус пайгамбардын тиленүүсүнөн эмнелерди билүүгө болот?

20 Мүнөттөр өтүп, саатка айланат. Жылчыксыз чылк караңгылыкта жаткан пайгамбар терең ой жүгүртүп, Жахабага кайрылат. Анын ошондогу тиленүүсү өзү жазган китептин экинчи бөлүмүндө толугу менен жазылган. Забурдан көп шилтеме келтиргенинен Ыйык Жазманы жакшы билгени көрүнүп турат. Анын тиленүүсүнөн Кудайдын жакшылыктарын эч качан унутпаганын да билүүгө болот. Ал тиленүүсүн: «Мен болсо сага ыраазычылыгымды айтып, курмандык чалам. Берген убадамды аткарам. Куткарылуу Жахабадан»,— деп жыйынтыктайт (Жун. 2:9).

21. Жунус пайгамбар эмнени түшүнгөн жана биз эмнени унутпашыбыз керек?

21 «Балыктын ичинде» жатып, Жунус пайгамбар Жахабанын өз кызматчыларын, качан болбосун жана каерде болбосун, куткара аларын түшүнгөн. Жахаба өмүрү кылдын учунда турган пайгамбарын атүгүл деңиздин түбүнөн да таап, куткарып алган (Жун. 1:17). Балыктын ичинде үч күн, үч түн жаткан кишини аман алып калууга бир гана Жахабанын кудурети жетет. Ар бир пенденин деми анын колунда (Дан. 5:23). Тирүү жүргөнүбүз үчүн ага ыраазы эмеспизби?! Ыраазы экенибизди ага баш ийүү менен көрсөтө алабыз.

22, 23. а) Жунус пайгамбардын Кудайга ыраазы болгону кандайча сыналган? б) Ката кетирип алганда Жунус пайгамбарды кантип туурасак болот?

 22 Жунус пайгамбар Жахабага ыраазы экенин ага баш ийүү менен көрсөтүүгө үйрөндү беле? Ооба, үйрөнгөн. Үч күн, үч түн өткөндөн кийин балык аны «кургактыкка бүркүп чыгарган» (Жун. 2:10). Жунус пайгамбар, жадагалса, жээкке чейин кыйналып сүзүп отурган эмес. Бирок, албетте, кайсы жерде турганын жана андан ары кайсы тарапка бет аларын өзү аныкташы керек болчу. Көп өтпөй эле анын Кудайга канчалык ыраазы болгону кайрадан сыналган. Жунус 3:2де Жахабанын Жунуска экинчи жолу: «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, айткандарымды ошол шаарга жарыяла»,— деп айтканы жазылган. Ошондо пайгамбар эмне кылган?

23 Ал бул жолкусунда олку-солку болгон эмес. «Жунус туруп, Жахабанын сөзү боюнча, Нинебиге жөнөдү»,— делет Ыйык Китепте (Жун. 3:3). Ооба, ал катасынан сабак алып, Кудайга баш ийүүгө үйрөнгөн. Бул жагынан да аны туурашыбыз керек. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт (Рим. 3:23). Бирок жаза басып, жаңылганда дароо эле багынып беребизби же каталарыбыздан сабак алып, Кудайга баш ийип, кызматыбызды улантабызбы?

24, 25. а) Жунус пайгамбар кандай бата алган? б) Жунус пайгамбарды келечекте дагы кандай бата күтүп турат?

24 Жахаба Жунус пайгамбарга тил алганы үчүн батасын берген. Кийинчерээк Жунус пайгамбар баягы кемечилердин аман калганын уккан. Аны деңизге ыргытышкандан кийин шамалдын тып басылганын көргөн кемечилер «Жахабадан абдан коркуп калышкан». Ошондуктан өздөрүнүн жансыз кудайларына эмес, Жахабага курмандык чалышкан (Жун. 1:15, 16).

25 Бирок Жунус пайгамбар кийинчерээк дагы бир бата алмак. Иса пайгамбар анын балыктын ичинде үч күн, үч түн жатканын айтып, өзүнүн да көрдө — шеолдо — үч күн, үч түн жатарын пайгамбарлык кылган. (Оку: Матай 12:38—40.) Жунус пайгамбар тирилгенде муну билип, аябай кубанат болуш керек (Жкн. 5:28, 29). Жахаба сага да батасын берүүнү каалайт. Ан үчүн, Жунус пайгамбардай болуп, кетирген катаңан сабак алып, Кудайга баш ийүүгө жана башкалардын кызыкчылыгын өзүңдүкүнөн жогору коюуга умтула бер.

^ абз. 4 Жунус пайгамбардын Галилеядан чыкканы көңүлгө аларлык. Анткени текебер фарисейлер Иса пайгамбар жөнүндө: «Ыйык Жазманы изилдеп көр, ошондо Галилеядан пайгамбар чыкпай турганын көрөсүң»,— деп айтышкан эле (Жкн. 7:52). Көптөгөн котормочулардын жана изилдөөчүлөрдүн айтымында, фарисейлер Галилеядан пайгамбар чыккан эмес жана эч качан чыкпайт деп ырасташкан. Эгер ошол чын болсо, фарисейлер өздөрүнүн тарыхына жана Ыйык Китептеги пайгамбарлыкка көз жумушкан (Ыш. 9:1, 2).

^ абз. 12 Септуагинтада Жунус пайгамбардын катуу уктап кеткени баса белгилениши үчүн, анын коңурук тартканы жазылган. Бирок ушундан улам ал кайдыгер киши болгон деп жыйынтык чыгарардан мурун, көңүлү чөгүп, кыйналып жүргөн адамды кээде уйку басарын эске алышыбыз керек. Иса пайгамбардын өлөр алдындагы түнү Петир, Жакып жана Жакан да Гетсемани багында «кайгыдан улам чарчап, уктап калышкан» (Лк. 22:45).

^ абз. 19 Еврей тилиндеги «балык» деген сөз грек тилине «деңиз желмогузу», «алп балык» деп которулган. Жунус пайгамбарды кайсы деңиз жаныбары жутуп алганын так аныктоо мүмкүн болбосо да, Жер ортолук деңизде кишини бүкүлү бойдон жута ала турган акулалар бар экени маалым. Ал эми башка жерлерде узундугу 15 метрге жеткен, атүгүл андан да чоң кит сымал акулалар бар.