Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 ОН ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

Ал боорукер болууга үйрөнгөн

Ал боорукер болууга үйрөнгөн

1. Жунус пайгамбар кандай жолду басып өткөн жана көздөгөн жерине жакындаган сайын кандай сезимде болгон?

ЖУНУС ПАЙГАМБАР өткөн-кеткенди эстеп, ойго чөгүп барат. Алдыда 800 чакырымдан ашык жол жатат. Көздөгөн жерине жакшы басса, бир айда жете турган. Ал жакка эки жол менен барса болот. Бири кыска, бирок кооптуу, экинчиси коопсузураак болгону менен, узун жол. Пайгамбар учу-кыйырына көз жетпеген Сирия чөлүн айланып өтүп, Эфрат сыяктуу агыны катуу дарыяларды кечип, Сирия, Месопотамия, Ашур жерлериндеги шаар-кыштактарда чоочун адамдардын үйлөрүндө түнөп, жол арытат. Күн артынан күн өтүп, Нинеби улам жакындаган сайын жүрөгүн түпөйүл кылган сезим улам күчөп, калтаарый баштайт.

2. Жунус пайгамбар Жахабанын тапшырмасын дароо аткарыш керектигин кантип түшүнгөн?

2 Жунус пайгамбар артка жол жок экенин жакшы билет. Ал мурун качып кетүүгө аракет кылган. Ошондо Жахаба деңизге алай-дүлөй түшүрүп, аны чөгүп бараткан жеринен чоң балык жиберип, аман алып калган. Үч күндөн кийин балык аны деңиз жээгине бүркүп салган болчу. Жахаба ошол кереметтүү окуя аркылуу пайгамбарын тил алчаак, момун болууга чыдамдуулук менен үйрөткөн (Жун. 1, 2-бөл.).

3. Жахаба Жунус пайгамбарга кандай мамиле кылган жана пайгамбарга байланыштуу кандай суроо туулат?

3 Жахаба Нинебиге экинчи жолу жибергенде, Жунус пайгамбар дароо баш ийип, чыгышты көздөй узак жолго сапар алган. (Оку: Жунус 3:1—3.) Кудай оң  жолго салгандан кийин, пайгамбар биротоло өзгөрдү беле? Жахаба ырайым көрсөтүп, аны сактап калган. Бирок кежирлиги үчүн жазалаганга шашпай, тапшырмасын аткарууга дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берген. Ушундан кийин Жунус пайгамбар боорукер болууга үйрөндү беле? Негизи, жеткилеңсиз пенделер дайыма эле боорукер боло бербейт. Анда, келгиле, Жунус пайгамбардын окуясынан буга байланыштуу эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

Ушундай болот деп ким ойлоптур?

4, 5. Жахаба Нинебини эмне үчүн «улуу шаар» деген жана мындан Кудай жөнүндө эмнени биле алабыз?

4 Жунус пайгамбар Жахабанын Нинебини эмне үчүн абдан баалаганын түшүнгөн эмес. Ыйык Китептен: «Нинеби Кудайдын көз алдында улуу шаар болчу»,— дегенди окуйбуз (Жун. 3:3). Жунус китебинде Жахабанын Нинебини «улуу шаар» деп үч жолу айтканы жазылган (Жун. 1:2; 3:2; 4:11). Ал шаар Жахабанын көз алдында эмнеси менен улуу, башкача айтканда, маанилүү болгон?

 5 Нинеби Топон суудан кийин Нимрот курган алгачкы шаарлардын бири болчу. Ал, сыягы, өз ичине бир канча шаарды камтыган ири шаар болгон. Аны бир башынан экинчи башына чейин жөө аралап чыгыш үчүн үч күн талап кылынчу (Башт. 10:11; Жун. 3:3). Ал көк тиреген ибадатканалары, зоодой бийик дубалдары, кооз имараттары менен суктанта турган даңазалуу шаар эле. Бирок Жахабанын көз алдында ушул жансыз нерселер эмес, шаардын тургундары баалуу болчу. Ал убакта Нинеби калкы жыш отурукташкан шаар болгон. Эли жамандыкка белчесинен батса да, Кудай алар үчүн кам көргөн. Кудай ар бир адамдын өмүрүн баалайт жана алардын өкүнүп, жаман жолдон бурулушун каалайт.

Нинеби жамандыкка толгон чоң шаар болгон

6. а) Жунус пайгамбар Нинебиге кирип барганда эмне үчүн корккон? (Шилтемени да карагыла.) б) Кудайдын сот өкүмүн жарыялаганынан Жунус пайгамбар жөнүндө эмнени биле алабыз?

6 Калкы 120 000ден ашкан Нинебиге кирип барганда Жунус пайгамбарды ого бетер коркунуч басса керек *. Ал быкпырдай кайнаган чоң шаарды аралап, кыязы, Кудайдын сот өкүмүн жарыялаганга ыңгайлуу жерди караштырып, бир күн кечке жөө басат. Пайгамбар бул бөтөн эл менен кантип сүйлөшкөн? Ага ашурлуктардын тилин үйрөнүүгө туура келгенби? Же Жахаба керемет жолу менен ошол тилде сүйлөтүп койгонбу? Бул туурасында Ыйык Китепте эч нерсе айтылбайт. Балким, ал Кудайдын сот өкүмүн өзүнүн эле еврей тилинде котормочу аркылуу айткандыр. Кандай болбосун, анын: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат»,— деген сөздөрү элге жакпай турган кабар болчу (Жун. 3:4). Ошентсе да пайгамбар тайманбастык менен кайра-кайра айта берген. Мындан анын кайраты бек, ишеними күчтүү киши болгонун биле алабыз. Бүгүнкү күндө мындай сапаттар бизге да болуп көрбөгөндөй керек.

Жунус пайгамбардын кабары жөнөкөй, бирок элге жакпай турган кабар болчу

7, 8. а) Нинебинин эли Жунус пайгамбардын кабарын кандай кабыл алган? б) Нинебинин падышасы Жунус пайгамбардын кабарын укканда эмне кылган?

7 Кызыктуусу, нинебиликтер Жунус пайгамбардын кабарына кулак кага баштайт. Пайгамбар эл укмак турсун, каары кайнап, ур-токмокко алат деп ойлогон. Бирок баары тескерисинче болуп чыгат. Анын айткандары бул жат элдин жүрөгүн козгойт.  Алаамат жөнүндөгү кабар шаардын төрт кыйырына жел менен кошо тарап, эл ичи уу-дуу болот. (Оку: Жунус 3:5.) Бай-кедей, күчтүү-алсыз, жаш-кары дебей — баары бир кишидей өкүнүп, орозо кармашат. Бул кабар падышага да жетет.

Нинебиликтерге кабар айтыш үчүн тайманбастык, бекем ишеним керек болгон

8 Пайгамбардын сот өкүмүн укканда падышаны коркунуч басат. Ал тактысынан турат да, кымбат-баалуу кийимин чечип, карапайым эл менен теңеле таар жамынып, күлгө отурат. Анан жанындагы улуу даражалуу кишилери менен жалпы элге орозо жарыялап, баары, атүгүл үй жаныбарлары да таар жамынышы керектигин буйруйт *. Ал элинин зордук-зомбулук кылып, жаман иштерге берилип кеткенин момундук менен моюнга алат. Ошондой эле: «Балким, чыныгы Кудай алаамат түшүрөм деген оюнан кайтып, кайнаган каарын басса, аман калаттырбыз» — деп, Кудайдын ырайым кыларына үмүттөнөт (Жун. 3:6—9).

9. Сынчылар эмнеден шектенишет жана алардын шектенүүсү негизсиз экенин кайдан билебиз?

9 Айрым сынчылар нинебиликтердин дароо эле өкүнгөнүнөн шектенишет. Бирок Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар байыркы убакта адамдардын ырым-жырымга жакын, өзгөрүлмө келгенин айтып, нинебиликтердин дароо эле өкүнгөнү таң калыштуу эмес экенин белгилешет. Андан тышкары, Иса Машаяктын нинебиликтердин өкүнгөнүн айтканы да сынчылардын шек санаганын жокко чыгарат. (Оку: Матай 12:41.) Ал жерге келгенге чейин асмандан ошол окуяны өз көзү менен көргөндүктөн, анын сөздөрү төгүндөлгүс далил болуп эсептелет (Жкн. 8:57, 58). Ооба, кимдир бирөө такыр оңолбочудай сезилген күндө да, ал эч качан өзгөрбөйт деп жыйынтык чыгарууга шашпашыбыз керек. Адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин бир гана Жахаба жакшы билет.

Кудайдын ырайымы менен адамдын таш боордугу

10, 11. а) Нинебиликтердин өкүнгөнүн көрүп, Жахаба эмне кылган? б) Жахаба нинебиликтерге сот өкүмүн жаңылыш чыгарды беле?

10 Нинебиликтердин өкүнгөнүн көрүп, Жахаба эмне кылган? Кийин Жунус пайгамбар: «Чыныгы Кудай алардын иштерин, жаман жолдон кайра тартканын көрдү. Чыныгы Кудай аларга алаамат  жиберем деген оюнан кайтып, алаамат жиберген жок»,— деп жазган (Жун. 3:10).

11 Бул Жахабанын нинебиликтерге сот өкүмүн жаңылыш чыгарганын билдиргенби? Албетте, жок. Ыйык Китепте анын адилеттүү, иштери жеткилең Кудай экени айтылат. (Оку: Мыйзам 32:4.) Болгону, ал каарын кайт кылган. Нинебиликтер өзгөргөнү үчүн, ал жазалоонун кажети жок экенин көрүп, ырайым кылууну чечкен.

12, 13. а) Жахабаны адам баласын түшүнө билген, ийилчээк, боорукер Кудай деп эмне үчүн айта алабыз? б) Жунус пайгамбардын айткандары жалган беле?

12 Диний жетекчилердин окуткандарынан улам эл Кудайды көбүнчө ырайымсыз, таш боор, катаал деп элестетишет. Бирок ал, чынында, адам баласын түшүнө билген, ийилчээк, боорукер Кудай. Ал ыймансыз адамдарды жазалаардан мурун алгач өзүнүн өкүлдөрүн жиберип, эскертет. Анткени алардын, нинебиликтердей болуп, өкүнүп, жаман жолдон кайтышын каалайт (Жез. 33:11). Ал Жеремия пайгамбарга: «Мен кайсы бир элди же падышалыкты тамыры менен жуларымды, талкалаарымды, жок кыларымды айтканымда, ал эл жаман иштеринен баш тартса, алардын башына алаамат түшүрөм деген оюмдан кайтам»,— деп айткан (Жер. 18:7, 8).

Жахаба ыймансыз адамдардын өкүнүп, жаман жолдон кайтышын каалайт

13 Анда Жунус пайгамбардын айткан кабары жалган болуп чыкканбы? Жок. Анын кабарынын максаты элди эскертүү болчу. Жахаба нинебиликтерди мыйзамсыз иштерди кылганы үчүн айыптаган. Эгер алар кайра эле жаман жолуна түшө турган болсо, сөзсүз жазасын алышмак. Кийинчерээк так ошондой болгон (Сеп. 2:13—15).

14. Нинебинин кыйратылбай калганын билгенде Жунус пайгамбар эмне кылган?

14 Жунус пайгамбар өзү жарыялаган мөөнөттө шаардын кыйратылбай калганын билгенде эмне кылган? Ыйык Китепте: «Буга Жунус катуу нааразы болуп, аябай ачууланды»,— делет (Жун. 4:1). Ал тиленип жатканда өз жеринде эле кала берсе болмоктугун, Нинебинин кыйратылбай турганын башынан эле билгендиктен Таршышка качып кеткенин айтып, Кудурети Күчтүү Кудайдын адилет чечимин жактырбаганын билдирген. Анан жашагандан көрө, өлгөнүн артык көрүп, Жахабадан өлүм тилеген. (Оку: Жунус 4:2, 3.)

15. а) Жунус пайгамбар эмне үчүн бушайман болгон? б) Жахаба көңүлү чөккөн пайгамбарына кандай мамиле кылган?

15 Жунус пайгамбар эмнеге анча бушайман болгон? Ага ошондо кандай ойлор келгенин билбейбиз. Бирок, бир билгенибиз, анын кабарын нинебиликтердин баары угуп, ишенип  калышкан. Эч кандай алаамат болбой калган. Ал сөзгө калып, шылдың болуудан же жалган пайгамбар атка конуудан коркконбу? Кандай болбосун, Жунус пайгамбар элдин өкүнгөнүнө жана Жахабанын ырайым кылганына сүйүнгөн эмес. Сүйүнмөк турсун, өзүн-өзү аяп, көкүрөгү ызага толуп, аброюн ойлоп кейий берген. Ошого карабай боорукер Кудай көңүлү чөккөн пайгамбарынын мурдагыдай эле жакшы жактарына көңүл бурган. Ал пайгамбарын урмат көрсөтпөгөнү үчүн шак эле жазалап кирбей, жумшактык менен: «Ачууланганың туурабы?» — деген ойлондурарлык суроо берген (Жун. 4:4). Жунус пайгамбар буга эмне деп жооп берген? Ыйык Китепте бул туурасында эч нерсе айтылбайт.

16. Адамдардын ою Кудайдыкына кандайча төп келбей калышы мүмкүн жана Жунус пайгамбардын окуясынан эмнени биле алабыз?

16 Жунус пайгамбарды сынга алып кирерден мурун жеткилеңсиз адамдардын ойлору дайыма эле Кудайдыкына төп келе бербесин эске алышыбыз керек. Мисалы, айрымдар: «Жахаба эмне үчүн бул кырсыкка жол берди? Эмне үчүн бул жаман кишини жазалаган жок? Эмне үчүн азыркыга чейин бул дүйнөнү жок кылбай жатат?» — деп ойлошу мүмкүн. Жунус пайгамбардын окуясынан көрүнүп тургандай, биздин оюбуз Жахаба Кудайдыкына дал келбей калганда, Кудай эмес, өзүбүз көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керек.

Жахаба пайгамбарын боорукер болууга үйрөтөт

17, 18. а) Жунус пайгамбар Нинебиден кеткенден кийин эмне кылган? б) Жахабанын өсүмдүктү керемет жолу менен өстүрүп, кайра кууратып салганы Жунус пайгамбарга кандай таасир эткен?

17 Сабыры суз тарткан пайгамбар үйүн көздөй эмес, чыгыш тараптагы тоого жөнөйт. Айлана алаканга салгандай даана көрүнгөн ал жерде пайгамбар чакан алачык жасап, Нинеби тарапты телмире карап отуруп калат. Анын шаар талкаланат деген үмүтү дагы деле үзүлө элек көрүнөт. Жахаба бул таш боор кишинин жүрөгүндөгү музду эритип, боорукер болууга кантип үйрөтөт болду экен?

18 Түн ичинде Жахаба идиш ашкабак өстүрөт. Пайгамбар көзүн ачса эле, жалбырактары жазы, барпайган өсүмдүк өсүп чыккан болот. Ал өзү жасаган жарыбаган алачыкка караганда, күндөн көбүрөөк калкалайт экен. Ошондо пайгамбардын бүркөлгөн кабагы ачылып, көңүлү көтөрүлө түшөт. Ал абдан кубанып, өсүмдүктүн керемет жолу менен өсүп чыкканын Жахабанын батасы деп эсептесе керек. Бирок Кудай өсүмдүктү мээ кайнаткан ысыктан калкалаш үчүн же ыза болгон пайгамбарынын көңүлүн көтөрүш үчүн эле эмес, аны маанилүү бир нерсеге үйрөтүш  үчүн өстүргөн эле. Ошондуктан Кудай дагы бир керемет кылып, бир куртту жиберет. Курт өсүмдүктү жегендиктен, ал куурап калат. Анан Жахаба чыгыш тараптан ысык шамал жибергенде, Жунус пайгамбар алдан тайып, эс-учун жогото баштайт. Ошондо анын көңүлү чөгүп, Кудайдан өлүм тилейт (Жун. 4:6—8).

19, 20. Жахаба Жунус пайгамбарга ой жүгүрткөнгө кантип түрткү берген?

19 Жахаба пайгамбарынан: «Идиш ашкабак үчүн ачууланганың туурабы?» — деп сурайт. Пайгамбар уялып калгандын ордуна: «Ооба, туура. Ачууланганыман өлгүм келип жатат»,— деп жооп берет. Ошондо пайгамбарды эсине келтирүүгө убакыт келип жетет (Жун. 4:9).

Жахаба өсүмдүктү колдонуп, пайгамбарын боорукер болууга үйрөткөн

20 Кудай пайгамбарына өзү отургузуп, мээнет кылып өстүрбөгөн, бир түндүн ичинде өсүп чыгып, соолуп калган өсүмдүккө кайгырып жатканын айтып, ой жүгүрткөнгө түрткү берет. Анан: «Мен кантип оң колун сол колунан айырмалай албаган жүз жыйырма миңден ашык кишиси, көп сандаган малы  бар улуу шаар Нинебини аябайын?» — деп айтат (Жун. 4:10, 11) *.

21. а) Жахаба Жунус пайгамбардын эмнени түшүнүшүн каалаган? б) Жунус пайгамбардын окуясы өзүбүздү чынчылдык менен текшерүүгө кандайча түрткү берет?

21 Жахаба өсүмдүктү мисал кылып, эмнени айткысы келген? Жунус пайгамбар ал өсүмдүктү маңдай терин агызып өстүргөн эмес. Ал эми Жахаба жер жүзүндөгү жан бүткөндүн баарын жаратып, кам көргөндөй эле, нинебиликтерге да өмүр берип, аларга кам көрүп келген. Жунус пайгамбар эмне үчүн бүгүн бар, эртең жок боло турган бир өсүмдүктү 120 000 кишиден жана алардын көптөгөн малынан артык көргөн? Анын себеби өзүнүн эле керт башын ойлогонунда болгон эмеспи? Чынында, пайгамбар өсүмдүктөн пайда көргөнү үчүн анын куурап калганына кейиген. Ошондой эле өз аброюн ойлоп, жаманатты болгусу келбегендиктен нинебиликтерге ачуусу келген. Жунус пайгамбардын окуясы өзүбүздү чынчылдык менен текшерип көрүүгө түрткү берет. Кимибиз эле дайыма башкалардын гана камын ойлойм деп ишенимдүү түрдө айта алабыз? Жахаба Кудайдын бизди, өзүндөй болуп, башкалардын камын ойлоого, кайрымдуу, боорукер болууга үйрөтүп жатканына кандай гана ыраазыбыз!

22. а) Жунус пайгамбар Жахабадан боорукер болууга үйрөнгөнбү? б) Биз бул окуядан эмнеге үйрөнө алабыз?

22 Жахабанын айткандары Жунус пайгамбардын жүрөгүнө жеткенби? Жунус китеби Жахабанын ага берген суроосу менен аяктайт. Айрым сынчылар Жунус пайгамбар ал суроого ошол бойдон жооп берген эмес деп айтышат. Бирок пайгамбардын өзүнүн атынан аталган китепти жазганынын өзү эле жооп болуп эсептелет. Көптү көргөн, акылга толгон, момун карыянын үйүндө отуруп алып, өзүнүн ката-кемчиликтери, баш ийбестиги, кежирлиги жөнүндө эстеп, башын чайкап, ушул окуяны жазып жатканын элестетсеңер. Ооба, Жунус пайгамбар Жахабадан маанилүү бир нерсеге — боорукер болууга — үйрөнгөн. Ал эми бизчи? (Оку: Матай 5:7.)

^ абз. 6 Жунус пайгамбардын күндөрүндө он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын борбор калаасы Самариянын калкынын саны 20 000ден 30 000ге чейин жетсе керек. Башкача айтканда, анын калкы Нинебинин калкынын төрттөн бир бөлүгүнөн да аз болгон. Гүлдөп турган кезинде Нинеби дүйнөдөгү эң ири шаар болгон көрүнөт.

^ абз. 8 Жаныбарларга таар жабуу кызыктай көрүнүшү мүмкүн, бирок байыркы убакта бул кадимки эле көрүнүш болчу. Алсак, грек тарыхчысы Геродоттун айтымында, байыркы перстер атактуу бир аскер башчысы каза болгондо, аза күтүү каадасына үй жаныбарларын да катыштырган.

^ абз. 20 Кудайдын нинебиликтердин оң колун сол колунан айырмалай албаганы жөнүндө айтканы алардын, кичинекей балдарча, Кудайдын мыйзам-принциптерин билбей турганын билдирген.