Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла

 Баш сөз

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Биздин сүйүктүү бир туугандарыбыз!

«Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган чыгарылышына 2008-жылдын январынан тартып «Ишенимдин үлгүсү» деген кызыктуу рубрика чыга баштаган. Ал рубрикадагы макалаларды калтырбай окуп келебиз.

Ал макалалар көптөгөн окурмандардын купулуна толуп, жан дүйнөсүн козгогон. Мисалы, бир эже Марта жөнүндөгү макаланы окуганда: «Макаланы окуп алып, аябай күлдүм. Көрсө, мен Мартага окшош экенмин. Мен да кээде конок камылгасын көрүп, ара-бери чуркап жүрүп, досторум менен жайбаракат отуруп сүйлөшкөнгө жетишпей калам»,— деген. Бир өспүрүм кыз болсо Эстер жөнүндө окугандан кийин: «Ачыгын айтсам, кээде оюбуздун баары эле сырткы көрүнүш, саркеч кийим болуп калат. Жарашыктуу кийинип жүргөн жакшы дечи, бирок аша чаап да кетпешибиз керек. Анткени Жахаба ички дүйнөбүзгө көңүл бурат»,— деген. Ал эми элчи Петир жөнүндө окуган бир эже: «Макаланы окуп жатканда кадимкидей ичине кирип кеттим. Каармандар менен аралашып жүргөндөй эле болдум. Бүт дитимди коюп, дароо байкала бербеген терең ойлорду түшүнгөнгө аракет кылдым»,— деп ой бөлүшкөн.

Ыраазычылыгын билдирип, кат жазып жиберген ушул жана башка көптөгөн окурмандардын айткандары Ыйык Китептеги: «Мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктап турат (Рим. 15:4). Ооба, бизди насаатташ үчүн Жахаба Ыйык Китепке ишеними күчтүү инсандар жөнүндө жаздырып койгон. Чындык жолунда жүргөнүбүзгө канча жыл болбосун, баарыбыз тең алардан көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Андыктан биз силердин бул китепти мүмкүн болушунча эртерээк окуп чыгууга чакырабыз. Аны үй-бүлө менен сыйынуу кечинде изилдегиле. Бул балдарыңарга сөзсүз жагат. Бул китеп Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө изилдене баштаганда, бир да жуманы калтырбагыла! Шашпай, ар бир ойдун түбүнө түнөп, элестетип окугула. Каармандар менен сүйлөшүп, алар көргөндү көрүп, сезгенди сезип, окуяга аралашканга аракет кылгыла. Алардын ордунда болсоңор, кандай кылмактыгыңар жөнүндө ойлонгула.

Бул китептин чыкканына аябай кубанып жатабыз жана анын силерге да, үй-бүлөңөргө да пайда алып келерине шектенбейбиз. Биз силерди аябай жакшы көрөбүз. Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши