Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Үй-бүлөнү эмне бактылуу кылат?

Үй-бүлөнү эмне бактылуу кылат?

Сиз кандай деп ойлойсуз?

  • Сүйүүбү?

  • Акчабы?

  • Же дагы башка нерсеби?

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Кудайдын сөзүн угуп, аны аткаргандар бактылуу!» (Лука 11:28, «Жаңы дүйнө котормосу»).

МУНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Үй-бүлөңүздө сүйүү (Эфестиктер 5:28, 29).

урмат-сый (Эфестиктер 5:33).

биримдик болот (Марк 10:6—9).

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?

Ооба. Буга, бери дегенде, эки себеп бар:

  • Кудай — үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү. Ыйык Китепте «ар бир үй-бүлө өзүнүн аты үчүн» Жахаба Кудайга милдеттүү экени айтылат (Эфестиктер 3:14, 15). Башкача айтканда, үй-бүлө түйүнү Кудай негиздегендиктен бар болуп турат. Муну эске алуу эмне үчүн маанилүү?

    Мисалы, сизге кайсы бир тамак аябай жагып калып, анын эмнеден жасалганын билгиңиз келсе, кимге кайрылат элеңиз? Албетте, ошол тамакты жасаган кишиге.

    Ошо сыяктуу эле, үй-бүлө канткенде бактылуу болорун билгибиз келсе, аны негиздеген Жахаба Кудайга кайрылганыбыз туура (Башталыш 2:18—24).

  • Кудай бизге кам көрөт. Үй-бүлөлүк турмушка байланыштуу кеңештерди Жахабанын Сөзүнөн издегенибиз акылдуулукка жатат. Эмне үчүн? Анткени ал бизге «кам көрөт» (1 Петир 5:6, 7). Жахаба Кудай бизге жакшылык гана каалайт жана анын кеңештерин колдонуу ар дайым жакшы натыйжа берет (Накыл сөздөр 3:5, 6; Ышая 48:17, 18).

 КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?

Жакшы күйөө, жакшы аял же жакшы ата-эне болуш үчүн эмне кылыш керек?

Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: ЭФЕСТИКТЕР 5:1, 2; КОЛОСАЛЫКТАР 3:18—21.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар

Ыйык Китептеги принциптерди колдонсоңор, бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар.