Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

 2-БӨЛҮМ

Ыйык Китепти Кудай жаздырган

Ыйык Китепти Кудай жаздырган
  • Ыйык Китеп башка китептерден эмнеси менен айырмаланат?

  • Ал кыйынчылыктар менен күрөшүүгө кандайча жардам берет?

  • Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга эмне үчүн ишенүүгө болот?

1, 2. Эмне себептен Ыйык Китепти Кудайдын баа жеткис белеги десек болот?

ЖАКЫН досуңан баалуу белек алган учуруң болду беле? Андайда төбөң көккө жете кубангандырсың. Себеби ал белекти берүү менен досуң ортоңордогу мамилеңерди жогору баалаарын көрсөткөн. Көңүл бурганы үчүн, албетте, ага ыраазычылык билдиргенсиң.

2 Ыйык Китеп — Кудайдын баа жеткис белеги. Бизде ал үчүн ыраазы болууга көптөгөн себептер бар. Ал китептен такыр жооп таба албай келген суроолорубузга жооп алабыз. Мисалы, анда асман, жер жана биринчи эркек менен аял кандайча жаратылганы жазылган. Андагы өзгөрүлгүс принциптер турмуштагы кыйынчылыктар, тынчыбызды алган ойлор менен күрөшүүгө жардам берет. Мындан сырткары, Ыйык Жазмада Кудайдын өз ой-ниетин кантип ишке ашырары, жашоону кандайча жакшыртары айтылат. Ырас, Ыйык Китеп — баа жеткис белек!

3. Ыйык Китепти окуу эмне үчүн кубаныч тартуулайт жана аны берүү менен Жахаба эмнени көрсөткөн?

3 Ыйык Китепти окуу кубаныч да тартуулайт. Себеби андан Жахаба Кудай тууралуу биле алабыз. Ыйык Китепти  берүү менен Кудай өзү жөнүндө көбүрөөк билишибизди каалаарын көрсөткөн. Ооба, Ыйык Жазма Жахабага жакындоого жардам берет.

4. Ыйык Китеп жөнүндөгү кайсы маалымат сени таң калтырат?

4 Ыйык Китеп бүгүн дээрлик ар бир үйдө бар. Себеби ал толугу менен же жарым-жартылай 2 600дөй тилге которулган. Ошондуктан аны жер тургундарынын 95 пайызы окуй алат. Орто эсеп менен, жума сайын миллиондон ашуун Ыйык Китеп таратылат. Ал толугу менен же анын айрым бөлүктөрү миллиарддаган нускада басылып чыккан. Чын эле, Ыйык Жазмага тең келер китеп жок.

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» көптөгөн тилдерде жарык көргөн

5. Ыйык Китеп кандайча «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»?

5 Мындан сырткары, Ыйык Китеп «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган». (Оку: 2 Тиметей 3:16.) Кандайча? Ыйык Жазманын өзүндө: «Аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан»,— делет (2 Петир 1:21). Мисалы, деректир катчысына кат жаздырат дейли. Катта деректирдин ойлору менен көрсөтмөлөрү камтылгандыктан, ал катчыга эмес, деректирге таандык болот, чынбы? Анын сыңарындай, Ыйык Китепте аны жазган  адамдардын эмес, Кудайдын ойлору камтылган. Демек, Ыйык Китепти ишенимдүү түрдө «Кудайдын сөзү» десек болот (1 Тесалоникалыктар 2:13).

ӨЗ АРА ШАЙКЕШТИГИ МЕНЕН ТАКТЫГЫ

6, 7. Эмне себептен Ыйык Китептин өз ара шайкештиги өзгөчө таң калтырат?

6 Ыйык Китеп 1 600 жылдан ашуун убакыт аралыгында жазылган. Аны жазууга катышкан адамдар ар башка мезгилде жашаган жана коомдун ар кыл катмарынан чыккан. Айрымдары дыйкан, балыкчы, койчу болсо, башкалары пайгамбар, бий жана падыша болушкан. Инжилди жазгандардын бири Лука догдур болгон. Ыйык Китепти ар түрдүү тектеги адамдар жазса да, ал башынан аягына чейин өз ара шайкештиги менен айырмаланат *.

7 Ыйык Жазманын биринчи китебинде адамзаттын көйгөйлөрү кантип башталганы баяндалат. Ал эми акыркысында жер бети бейишке айланары айтылат. Ошондой эле Ыйык Китепте миңдеген жылдардын ичинде болуп өткөн окуялар жана Кудай өз ой-ниетин кандайча ишке ашырып келгени жөнүндө жазылат. Ооба, Ыйык Жазманын өз ара шайкештиги таң калтырбай койбойт. Кудай жаздырган китеп дал ушундай болушу керек эмеспи?!

8. Ыйык Китептин илимий жактан так экендигин көрсөткөн мисалдарды келтир.

8 Ыйык Китеп илимий жактан да так. Адамдарга кийинчерээк эле белгилүү болгон фактылар анда мурун эле жазылган болчу. Алсак, Лебилер китебинде карантин жана гигиена тууралуу ысрайыл элине берилген жол-жоболор камтылган. Ал эми ошол кезде жашаган башка элдерде булар жөнүндө эч кандай түшүнүк болгон эмес. Ошондой эле мурун Жердин формасына байланыштуу ар кандай туура эмес божомолдоолор айтылып келген.  Ыйык Китепте болсо анын тоголок, башкача айтканда, шар формасында экени эбак эле жазылган (Ышая 40:22). Андан сырткары, жердин көзгө көрүнгөн таянычы жок экени айтылган (Аюп 26:7). Албетте, Ыйык Китеп илимий эмгек эмес, ошентсе да анда илимге байланыштуу так маалыматтар берилген. Кудайдын Сөзү ушундай болууга тийиш эмеспи?!

9. а) Ыйык Китептин тарыхый жактан так жана ишенүүгө татыктуу экени эмнеден көрүнүүдө? б) Ыйык Китепти жазгандардын чынчылдыгы эмнени тастыктап турат?

9 Тарыхый окуялар жөнүндө сөз жүргөндө да Ыйык Китеп тактыгы жана ишенүүгө татыктуулугу менен өзгөчөлөнөт. Анда атүгүл майда-барат маалыматтар да камтылат. Айталы, адамдар тууралуу сөз болгондо алардын аты гана эмес, кээде санжырасы да берилет *. Ошондой эле көп учурда өз элинин кемчиликтерин жаап-жашырган тарыхчылардан айырмаланып, Ыйык Китепти жазгандар абдан чынчыл болушкан. Алар элинин, ал турсун, өзүлөрүнүн каталары жөнүндө ачык билдиришкен. Маселен, Сандар китебинде Муса пайгамбар өзүнүн олуттуу күнөө кетиргенин жана ал үчүн жазаланганын жазган (Сандар 20:2—12). Тарыхый билдирүүлөрдө мындай чынчылдык чанда эле чагылдырылат. Булардын баары Ыйык Китептин автору Кудай экенин тастыктап турат.

ДААНЫШМАН КЕҢЕШТЕР КАМТЫЛГАН КИТЕП

10. Эмне себептен Ыйык Китептин даанышман кеңештерге бай экени таң калыштуу эмес?

10 Кудайдын жетеги менен жазылгандыктан Ыйык Китеп «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тиметей 3:16). Ал даанышман кеңештерге бай. Анда адам баласынын табияты абдан таамай сүрөттөлгөн. Бул таң калыштуу эмес, себеби анын автору — ааламдын Жаратуучусу Жахаба Кудай! Ал биздин ой-сезимдерибизди өзүбүздөн да жакшы түшүнөт. Мындан сырткары, Жахаба  канткенде бактылуу болорубузду жана эмнелерден алыс болушубуз керектигин да эң сонун билет.

11, 12. а) Иса тоодо айткан насаатында эмнелер жөнүндө сөз кылган? б) Ыйык Китепте дагы кандай кеңештер камтылган жана эмне үчүн алар эч качан күчүн жоготпойт?

11 Исанын тоодо айткан насаатын карап көрөлү. Аны Матай китебинин 5—7-бөлүмдөрүнөн окуй алабыз. Ал насаатында Иса жашоонун ар кыл тармагына байланыштуу акылман кеңештерди берген. Мисалы, бактылуу болуунун,  келишпестиктерди чечүүнүн жолун көрсөткөн. Кантип тиленүү керектигин жана байлыкка карата туура көз карашта болууга эмне жардам берерин үйрөткөн. Анын ошондо айткан сөздөрү бүгүн да күчүн жоготкон жок.

12 Ыйык Китепте үй-бүлөлүк жашоодо, жумушубузда жана башкалар менен мамилелешүүдө жардам берерлик принциптер да камтылган. Андагы кеңештер менен принциптерди бардык адамдар колдоно алат жана алар ар дайым пайда алып келет. Ыйык Китеп — зор акылмандыктын булагы. Кудай өзү Ышая пайгамбар аркылуу: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм»,— деп айткан (Ышая 48:17).

ПАЙГАМБАРЛЫКТАР КАМТЫЛГАН КИТЕП

Ышая Бабылдын кулашын алдын ала айткан

13. Жахаба Ышая пайгамбар аркылуу Бабыл жөнүндө эмнелерди айткан?

13 Ыйык Китепте көптөгөн пайгамбарлыктар жазылган жана алардын көбү аткарылган. Маселен, б. з. ч. 8-кылымда жашаган Ышая пайгамбар аркылуу Жахаба Бабыл (Вавилон) шаарынын талкаланарын билдирген (Ышая 13:19; 14:22, 23). Атүгүл анын кандайча болорун майда-баратына чейин маалымдаган. Алсак, душмандар Бабыл аркылуу агып өткөн дарыянын суусун буруп, аны согушсуз эле басып алмак. Мындан сырткары, пайгамбарлыкта Бабылды каратып ала турган падышанын аты Кореш (Кир) болору да айтылган. (Оку: Ышая 44:27—45:2.)

14, 15. Бабыл тууралуу пайгамбарлык кандайча майда-чүйдөсүнө чейин аткарылган?

14 Эки жүз жылдай өткөндөн кийин, б. з. ч. 539-жылы 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү, чоң аскер Бабылды курчоого алган. Аны ким баштап барган? Персия падышасы Кореш. Ошентип, Ышаянын пайгамбарлыгы аткарыла баштаган. Корештин жоокерлери Бабылды чынында эле согушсуз басып алышканбы?

15 Ошол түнү бабылдыктар тойлоп жатышкан. Шаардын дубалдары абдан бийик, калың болгондуктан, алар өзүлөрүн коопсуз сезишкен. Ал ортодо Кореш Бабылды  аралап аккан дарыяны башка жакка буруп салгандыктан, суу азая түшкөн. Натыйжада жоокерлер дарыяны оңой эле кечип өтүшкөн. Бирок алар дубалдардан кантип өтүшөт эле? Так ошол түнү кенебестиктин айынан шаардын дарбазалары ачык калган!

16. а) Ышая Бабылдын талкалангандан кийин эмне болорун айткан? б) Бабылдын ээн калары жөнүндөгү пайгамбарлыктын аткарылганын эмне далилдеп турат?

16 Ышая Бабыл тууралуу: «Ал жерге экинчи эч ким отурукташпайт. Муундан муунга анда эч ким жашабайт. Ал жакка араб чатыр тикпейт, койчулар коюн жуушатпайт»,— деп да пайгамбарлык кылган (Ышая 13:20). Ал Бабылдын кулаарын эле эмес, түбөлүккө ээн каларын да айткан. Бул сөздөр да аткарылган. Бүгүн Ирактагы Багдад шаарынан түштүктү көздөй 80 километрдей алыстыкта Бабылдын урандыларын көрүүгө болот. Алар Жахабанын: «Аны... кыйратуучу шыпыргы менен шыпырып салам»,— деген сөздөрү орундалганын далилдеп турат (Ышая 14:22, 23) *.

Бабылдын урандылары

17. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылганы кандайча ишенимибизди бекемдейт?

 17 Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын так аткарылганын көрүп, ишенимибиз бекемделгени шексиз. Жахаба буга чейин убадаларын орундатып келгендиктен, жерди бейишке айлантары жөнүндөгү убадасы да сөзсүз аткарыларына толук ишенсек болот. (Оку: Сандар 23:19.) Биз «жалган сүйлөй албаган Кудай мурун эле убада кылган» «түбөлүк өмүргө болгон үмүткө» ээбиз (Тит 1:2) *.

«КУДАЙДЫН СӨЗҮ ТИРҮҮ»

18. «Кудайдын сөзү» жөнүндө Пабыл эмне деген?

18 Бул бөлүмдөн Ыйык Китептин өзгөчө китеп экенин билдик. Ооба, ал өз ара шайкештиги, илимий жана тарыхый жактан тактыгы менен айырмаланат. Ошондой эле  анда даанышман кеңештер, ишенүүгө татыктуу пайгамбарлыктар камтылган. Бирок анын баалуулугу ушуну менен эле чектелбейт. Элчи Пабыл: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч. Ал ичибизге терең кирип, жан менен рухту ажыратып, муундар менен сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат»,— деп жазган (Еврейлер 4:12).

19, 20. а) Кандайча Ыйык Китеп өзүбүздү текшерүүгө жардам берет? б) Кудайдын өзгөчө белеги болгон Ыйык Китеп үчүн ыраазы экениңди кантип көрсөтө аласың?

19 Кудайдын сөзүн, башкача айтканда, Ыйык Китепте жазылгандарды окуунун аркасында жашообуз өзгөрөт. Ал өзүбүздү текшерүүгө жардам берет. Биз Кудайды сүйөбүз дешибиз мүмкүн, бирок ниетибиздин чынында кандай экени анын Сөзүндө айтылгандарды кандай кабыл аларыбыздан билинет.

20 Ырас, Ыйык Китепти Кудай жаздырган деп айтууга толук негиз бар. Аны окуп-изилдешибиз жана сүйүшүбүз керек. Ыйык Жазманы терең изилдөө менен Жахабага ушундай белеги үчүн ыраазы экениңди көрсөтөсүң. Ошондой эле анын адамзатка карата болгон ой-ниетин тереңирээк түшүнө бересиң. Кудайдын ал ой-ниети жана анын кандайча ишке ашары жөнүндө кийинки бөлүмдөн окуйбуз.

^ 6-абз. Айрымдар Ыйык Китептин кээ бир жерлери бири-бирине карама-каршы келет дешкени менен, андай ырастоолор негизсиз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепченин 14—17-беттерин кара.

^ 9-абз. Буга Исанын Лука 3:23—38-аяттарда жазылган толук санжырасы мисал боло алат.

^ 16-абз. Бул пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Бардык адамдарга арналган китеп» деген китепченин 27—29-беттерин кара.

^ 17-абз. Бабылдын кулашы Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылганын көрсөткөн мисалдардын бири гана. Тир жана Нинеби шаарларынын талкаланышы тууралуу пайгамбарлыктар да аткарылган (Жезекиел 26:1—5; Сепания 2:13—15). Мындан сырткары, Даниел Бабылдан кийин бийлик кыла турган ири державалардын, айталы, Мадай-Персия жана Грециянын эмне болорун алдын ала айткан (Даниел 8:5—7, 20—22). Машаяк жөнүндөгү көптөгөн пайгамбарлыктардын Исага байланыштуу кандайча аткарылганын «Тиркеменин» 199—201-беттеринен окуй аласың.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?