Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

 ТИРКЕМЕ

Шеол жана адис деген эмне?

Шеол жана адис деген эмне?

ЫЙЫК КИТЕПТИН түп нускасында еврей сөзү шео́л жана грек сөзү а́дис 70тен ашуун жолу кезигет. Экөө тең бирдей маанини туюнтуп, өлүмгө байланыштуу колдонулат. Ыйык Жазманын айрым котормолорунда алар «мүрзө», «тозок» же «көр» деп берилген. Анткен менен көптөгөн тилдерде еврей жана грек тилиндеги ал сөздөрдүн маанисин толук берген сөздөр жок. Алар кандай мааниге ээ? Кел, анда Ыйык Китепте алардын кандай контекстте колдонуларын карап көрөлү.

Насаатчы 9:10до: «Сен бара турган жайда — көрдө [«шеолдо», шилтеме] — жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок»,— деп айтылат. Бул аят шеол өлгөн жакындарыбыз коюлган белгилүү бир жерди же мүрзөнү билдирерин көрсөтүп турабы? Жок. Анткени Ыйык Китептин түп нускасында маркумдар жаткан жер же мүрзө тууралуу сөз жүргөн жерлеринде шео́л менен а́дистен башка сөздөр турат (Башталыш 23:7—9; Матай 28:1). Ошондой эле бир нече киши, мисалы, үй-бүлө же топ адам коюлган мүрзөгө карата да шео́лдон бөлөк сөз колдонулат (Башталыш 49:30, 31).

Анда шеол эмнени билдирет? Ыйык Жазмадан шео́л жана а́дис деген сөздөрдүн көп адам коюлган чоң мүрзөдөн да кененирээк мааниге ээ экенин көрүүгө болот. Мисалы, Ышая 5:14тө шеолдун «кеңейип, оозун араандай ачканы» айтылат. Башкача айтканда, шеол сансыз маркумдарды жутканына карабай дагы эле: «Келе, келе!» — дей берет (Накыл сөздөр 30:15, 16). Белгилүү гана сандагы адамдар баткан көрүстөндөн айырмаланып, шеол «тойбойт» (Накыл сөздөр 27:20). Ооба, ал эч качан толбойт. Демек, шео́л же а́дис деген сөздөр кайсы бир жерди же жайды эмес, көзү өтүп кеткендердин көбү жаткан каймана маанидеги жалпы мүрзөнү билдирет.

Шеол менен адис эмне экенин тереңирээк түшүнүүгө Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндөгү окуу да жардам берет. Кудайдын Сөзүнөн шеолдо же адисте жаткандардын  тирилүүгө үмүтү бар экени көрүнүп турат * (Аюп 14:13; Элчилер 2:31; Аян 20:13). Ыйык Китепте шеолдо же адисте Жахабага кызмат кылгандар гана эмес, ага сыйынбаган көптөгөн адамдар да бар экени жазылат (Башталыш 37:35; Забур 55:15). Ошондуктан анда «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилери» айтылат (Элчилер 24:15).

^ 1-абз. Тирилбей тургандар жөнүндө айтылганда шео́л же а́дис эмес, «гээна» деген сөз колдонулат (Матай 5:30; 10:28; 23:33). Гээна да, шео́л менен а́дистей эле, белгилүү бир жерди же жайды билдирбейт.