Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

 ТИРКЕМЕ

Сот күнү деген эмне?

Сот күнү деген эмне?

СОТ күнүн кантип элестетесиң? Көптөр Кудайдын тактысынын алдына миллиарддаган адамдар бир-бирден алынып келип, ар бирине өкүм чыгарылат деп ойлошот. Алардын түшүнүгү боюнча, айрымдар асманда жашоо сыйлыгын алышса, башкалары түбөлүккө тозокко түшүшөт. Бирок бул Ыйык Китепке таптакыр дал келбейт. Андан Сот күнү үрөй учура турган эмес, үмүт байлатып, адамзат кайрадан жеткилеңдикке жете турган убак экенин билебиз.

Аян 20:11, 12де элчи Жакан Сот күнүн мындай деп сүрөттөгөн: «Мен чоң ак тактыны жана анда отурганды көрдүм. Анын жүзүнөн жер менен асман качып баратты, бирок аларга орун табылган жок. Ошондой эле тактынын алдында турган өлгөндөрдү: жогорку даражалууларды да, карапайымдарды да көрдүм. Түрмөктөр ачылды. Анан дагы бир түрмөк ачылды, ал өмүр түрмөгү эле. Өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык соттолушту». Бул жерде айтылган Сот ким?

Жахаба Кудай — адамзаттын эң жогорку Соту. Бирок ал келечекте сот жүргүзүүнү башка бирөөгө тапшырган. Элчилер 17:31де Пабыл Кудай жөнүндө: «Ал өзү дайындаган киши аркылуу жер жүзүн адилдик менен соттой турган күндү белгилеп койгон»,— деген. Жахаба дайындаган ал Сот — тирилген Иса Машаяк (Жакан 5:22). Сот күнү качан башталат жана канча убакытка созулат?

 Аян китебинен Сот күнү Армагедондон кийин — Шайтандын түзүлүшү жок кылынгандан кийин — башталарын билүүгө болот * (Аян 16:14, 16; 19:19—20:3). Армагедон согушунан кийин Шайтан жин-перилери менен 1 000 жылга түпсүз туңгуюкка ыргытылат. Ал убакта Машаяктын 144 000 кошо башкаруучусу сот жүргүзүүгө катышышат жана аны менен бирге «1 000 жыл падышалык кылышат» (Аян 14:1—3; 20:1—4; Римдиктер 8:17). Мындан Сот күнү 24 саатка эмес, миң жылга созулары айкын көрүнүп турат.

Ошол миң жылдын ичинде Иса Машаяк «тирүүлөр менен өлгөндөрдү соттойт» (2 Тиметей 4:1). «Тирүүлөр» Армагедондон аман өтө турган «эбегейсиз көп адамдарды» билдирет (Аян 7:9—17). Элчи Жакан сот тактысынын алдында өлгөндөр да турганын көргөн. Иса убада кылгандай, «мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын үнүн угуп», «мүрзөдөн чыгышат», башкача айтканда, тирилишет (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15). Алар эмненин негизинде соттолушат?

Жакан аянда «түрмөктөр ачылып», «өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык соттолушканын» көргөн (Аян 20:12). Ал түрмөктөргө адамдардын мурун кылган иштери жазылганбы? Жок, алар өлгөнгө чейин жасаган иштеринин негизинде соттолушпайт. Муну кайдан билебиз? Ыйык Китепте: «Өлгөн адам күнөөсүнөн арылат»,— деп айтылат (Римдиктер 6:7). Ошондуктан тирилгендердин мурунку күнөөлөрү эсептелбейт. Алар, мындайча айтканда, таза ак барактай болушат. Демек, жаңы түрмөктөргө Кудайдын келечектеги талаптары жазылат. Түбөлүк өмүр сүрүү үчүн Армагедондон аман өткөндөр да, тирилгендер да Кудайдын мыйзамдарына, алардын ичинде миң жыл аралыгында бериле турган жаңы көрсөтмөлөрүнө баш ийиши керек болот. Андыктан адамдар Сот күнү деп аталган убакыттын ичинде жасаган иштеринин негизинде соттолушат.

 Сот күнүндө миллиарддаган адамдар Кудайдын эрки жөнүндө билүүгө жана ага ылайык жашоого биринчи жолу мүмкүнчүлүк алышат. Демек, дүйнө жүзү боюнча билим берүү иши жүргүзүлөт. Чынында эле, «жер тургундары адилдикке үйрөнөт» (Ышая 26:9). Анткен менен Кудайдын эркине баш ийүүнү каалабагандар да болот. Ышая 26:10до: «Ыймансызга ырайым кылынса да, ал адилдикке үйрөнбөйт, чынчылдар жашаган жерде адилетсиздик кылат, Жахабанын улуулугун көрбөйт»,— деп айтылат. Андай ыймансыздар Сот күнүндө түбөлүккө жок кылынат (Ышая 65:20).

Сот күнүнүн аягында адамдар Адам ата менен Обо эне айрылган жеткилеңдикке жетишет (1 Корунттуктар 15:24—28). Андан кийин акыркы сыноо болот. Шайтан туңгуюктан бошотулат да, адамзатты туура жолдон адаштырууга акыркы жолу аракет кылат (Аян 20:3, 7—10). Туруштук бергендер Ыйык Китептеги: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деген убаданын аткарылганын көрүшөт (Забур 37:29). Ооба, Сот күнү ишенимдүүлүгүн сактаган адамдардын баарына зор пайда алып келет!

^ 1-абз. Армагедон жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган төмөнкү адабияттарды кара: «Жазманы түшүнүү» (ор.) эмгегиндеги «Жахабанын күнү» [«День Иеговы»], «Хар-Магедон» деген темалар; «Сергек болгула!» китепчеси, 12—19-б.

 

Көбүрөөк билиңиз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ

Акыр заман деген эмне?

Ыйык Китепте акыр заман жөнүндө айтылгандардын чынында жакшы кабар экенин билчү белеңер?