Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

 19-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтул

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтул
  • Кудайды сүйүү деген эмнени билдирет?

  • Анын сүйүүсүнөн айрылбоого эмне жардам берет?

  • Жахаба аны сүйгөндөргө кандай сыйлык берет?

Азыркы коогалаңдуу мезгилде Жахаба сенин баш калкалоочу жайыңбы?

1, 2. Баш калкалай турган жайды кайдан табууга болот?

КҮН бүркөктө жолдо баратканыңды элестетсең. Асман түнөргөндөн түнөрүп, чагылган чартылдап, күн күркүрөйт. Көп өтпөй жамгыр чакалап төгө баштайт. Сен шашыла айланаңа көз чаптырып, баш калкалоого боло турган жайды көрөсүң. Ошондо кургак, жылуу жер тапканыңа кандай гана кубанасың.

2 Биз «бороон-чапкындуу» мезгилде жашап жатабыз. Дүйнөдөгү абал уламдан улам начарлап баратат. Бирок сени ар кандай зыяндан коргой турган коопсуз жай бар. Ал эмне болгон жай? Ыйык Китепте: «Мен Жахабага: „Сен баш маанамсың, сепилимсиң, таянып жүргөн Кудайымсың“,— дейм»,— деп айтылганына көңүл бурсаң (Забур 91:2).

3. Жахаба баш калкалоочу жайыбыз болуш үчүн, эмне кылышыбыз керек?

3 Элестетсең, ааламды жараткан Эгедер Жахаба биз үчүн баш калкалоочу жай болууга даяр! Ал баарынан күчтүү болгондуктан бизди коргой алат. Атүгүл кандайдыр  бир зыянга учурасак, анын кесепетин жоё алат. Бирок Жахаба баш калкалоочу жайыбыз болуш үчүн, эмне кылышыбыз керек? Эң алды, ага толук таянышыбыз талап. Андан сырткары, Ыйык Китеп бизди «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылууга» үндөйт (Жүйүт 21). Ооба, биз асмандагы Атабыз менен болгон мамилебизди бекем сактоого умтулушубуз керек. Ошондо анын баш калкалоочу жай болуп берерине шектенбесек болот. Бирок канткенде аны менен тыгыз мамиле өрчүтө алабыз?

КУДАЙДЫН СҮЙҮҮСҮН БААЛА

4, 5. Жахабанын бизди сүйөрүн көрсөткөн далилдердин айрымдары кайсылар?

4 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн анын бизге кандай жолдор менен сүйүү көрсөтөрүн байкай билишибиз зарыл. Ушул китептин жардамы менен билген ыйык китептик айрым окуулар тууралуу ойлонуп көрсөң. Жахаба Кудай адамзатка кооз үй — Жер планетасын — берген. Ал тамак-аштын, суунун, жаратылыш байлыктарынын кенен болушуна кам көргөн. Кудай ар кандай жан-жаныбарларды, көз жоосун алган табиятты жараткан. Ыйык Китеп аркылуу өзүнүн ысмын, ошондой эле кандай касиет-сапаттарга ээ экенин ачып берген. Андан сырткары, ал китептен Жахаба өзүнүн сүйүктүү Уулун, Исаны, жерге жибергенин жана биз үчүн кыйналып өлүшүнө жол бергенин билгенбиз (Жакан 3:16). Кудайдын ошол белеги бизге кандай пайда алып келген? Кереметтүү келечекке жол ачкан.

5 Келечекке дагы бир себептен улам үмүттөнсөк болот. Жахаба асмандагы өкмөтүн, Машаяк башкарган Падышалыкты, негиздеген. Жакында ал жамандыктын баарын жок кылып, жер бетин бейишке айлантат. Элестетсең, биз түбөлүккө бейкуттукта жана кубанычка бөлөнүп жашай алабыз (Забур 37:29). Жахаба азыртадан эле жашообузду туура өткөрүүгө көмөк кылган жетекчилик берип келет. Ошондой эле ал бизге тиленүү белегин берген.  Тиленүү аркылуу биз Кудайга каалаган убакта ээн-эркин кайрыла алабыз. Булар Жахаба Кудайдын жалпы адамзатты жана сени сүйөрүн көрсөткөн далилдердин айрымдары гана.

6. Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтарсаң болот?

6 Эми: «Жахабанын сүйүүсүнө кантип жооп кайтарсам болот?» — деген маанилүү суроого токтололу. Көптөр: «Мен да Жахабаны сүйүшүм керек»,— деп айтышат. Сен да ушинтип ойлойсуңбу? Иса Машаяк: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деген осуяттын эң маанилүү осуят экенин айткан (Матай 22:37). Сенде Жахаба Кудайды бүт жүрөгүң, бүт жаның, бүт акылың менен сүйүүгө көп негиз бар экени шексиз. Бирок ушундай сезимде болгонуң эле жетиштүүбү?

7. Эмне себептен Кудайга болгон сүйүү сезим менен эле чектелбейт?

7 Ыйык Китепте айтылгандай, Кудайга болгон сүйүү сезим менен эле чектелбейт. Албетте, сезим керек, бирок ал Жахабага болгон чыныгы сүйүүнүн башталышы гана. Мисалы, алманын уругунан мөмө бере турган чоң бак өсүп чыгат. Алма жегиң келсе, анын уругун жегенге эле ыраазы болосуңбу? Кайдан! Ошо сыңары, сезим Жахаба Кудайга болгон сүйүүнүн башталышы гана. Ыйык Китепте: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп айтылат (1 Жакан 5:3). Чыныгы сүйүү жемиш бериши керек. Ал иштер менен коштолууга тийиш. (Оку: Матай 7:16—20.)

8, 9. Кудайды сүйөрүбүздү жана ага ыраазы экенибизди кантип көрсөтсөк болот?

8 Кудайды сүйөрүбүздү анын осуяттарын аткарып, принциптерине кармануу менен көрсөтөбүз. Бул кыйын деле эмес. Анткени Жахабанын мыйзамдары бизге пайда гана алып келип, бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт (Ышая 48:17, 18). Кудайдын жетекчилигине баш ийүү  менен биз ага бардык жакшылыктары үчүн ыраазы экенибизди айгинелейбиз. Тилекке каршы, бүгүн Кудайга ыраазычылык билдирген адамдар чанда гана кезигет. Биз Иса пайгамбардын убагындагы жакшылыкты билбеген адамдардай болууну каалабайбыз. Ал пес оорулуу он кишини айыктырганда, ыраазычылык билдирүү үчүн бирөө эле кайрылып келген (Лука 17:12—17). Албетте, биз алардын тогузуна эмес, жакшылыкты баалаганына окшош болгубуз келет!

9 Жахаба бизден кайсы осуяттарды аткарууну талап кылат? Бул китептен алардын бир тобун карап чыкканбыз. Кел, азыр айрымдарын кайталап кетели. Себеби аларды аткарсак, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз.

ЖАХАБАГА ЖАКЫНДАЙ БЕР

10. Жахаба тууралуу билим алууну токтотпоо эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүр.

10 Жахабага жакындоо үчүн, ал тууралуу окуп-билүүнү эч качан токтотпошубуз керек. Эгерде күн суукта түн ичинде отко жылынып отурсаң, анын өчүп калышына жол бересиңби? Жок, тескерисинче, ага  улам отун салып турасың. Анткени андан өмүрүң көз каранды болушу мүмкүн! Отун салган сайын, от жалындап күйгөндөй эле, «Кудай жөнүндөгү билим» ага болгон сүйүүңдүн жалындай беришине өбөлгө түзөт (Накыл сөздөр 2:1—5).

Кудайга болгон сүйүү өчүрбөй жагып туруш керек болгон отко окшош

11. Иса Машаяктын сөздөрү шакирттерине кандай таасир эткен?

11 Иса жолдоочуларынын Жахабага жана анын баа жеткис Сөзүнө болгон сүйүүсүн ысык сакташын каалаган. Тирилгенден кийин ал эки шакиртине Еврей Жазмаларындагы өзүнө байланыштуу аткарылган айрым пайгамбарлыктарды түшүндүрүп берген. Бул аларга кандай таасир эткен? Кийинчерээк ал эки шакирт: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешкен (Лука 24:32).

12, 13. а) Көптөрдүн Кудайга жана Ыйык Китепке болгон сүйүүсү жөнүндө эмне десе болот? б) Сүйүүбүздү муздатпоого эмне жардам берет?

12 Ыйык Китептин эмнеге окутарын биринчи жолу билгениңде, жүрөгүң кубанычка жана Кудайга болгон сүйүүгө толуп, күйүп-жанды беле? Ошондой болгону шексиз. Мындай сезимдерди көптөр башынан өткөргөн. Бирок ошол баштапкы сүйүүнү муздатпай сактоо оңойго турбашы мүмкүн. Биз дүйнөдөгү адамдардай болгубуз келбейт. Иса: «Көбүндө сүйүүнүн ысыгы кайтат»,— деп пайгамбарлык кылган (Матай 24:12). Жахабага жана Ыйык Китептеги чындыктарга болгон сүйүүңдү муздатпоого эмне жардам берет?

13 Жахаба Кудай менен Иса Машаяк жөнүндө билим алууну уланта бер (Жакан 17:3). Кудайдын Сөзүн окуп жатканыңда төмөнкүдөй суроолордун үстүнөн терең ой жүгүрт: «Бул үзүндүдөн Жахаба Кудай тууралуу эмнени билдим? Аны бүт жүрөгүм, жаным жана акылым менен сүйүүгө дагы кандай себептерди таптым?» (Оку: Забур 77:12.) Мындай ой жүгүртүүнүн аркасында Жахабага болгон сүйүүң арта берет.

14. Тиленүү Жахабага болгон сүйүүбүздү өчүрбөөгө кандайча жардам берет?

14 Жахабага болгон сүйүүңдү өчүрбөөгө ар дайым тиленүү  да жардам берет (1 Тесалоникалыктар 5:17). Бул китептин 17-бөлүмүнөн билгенибиздей, тиленүү — Кудайдын баа жеткис белеги. Бири-бири менен сырдашып, пикирлешип турган адамдардын мамилеси улам бекемделе берет. Жахаба менен болгон мамилебиз жөнүндө да ушуну айтууга болот. Андыктан тиленгенде сөздөрүбүздү сезимсиз эле, терең маани бербей кайталай берүү таптакыр туура эмес болуп калар эле. Жахабага кайрылганда атасы менен сүйлөшкөн баладай болушубуз керек. Тиленгенде ага урмат көрсөтүп, ошол эле учурда жүрөгүбүздөгүнү ачык айтууну каалайбыз (Забур 62:8). Ырас, Ыйык Китепти өз алдынча изилдөө да, чын дилден тиленүү да сыйынуубуздун маанилүү бөлүгү болуп эсептелет жана алар Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет.

КУДАЙГА КУБАНЫЧ МЕНЕН КЫЗМАТ КЫЛ

15, 16. Эмне үчүн кабар айтуу кызматын кенчке салыштырууга болот?

15 Ыйык Китепти изилдөө жана тиленүү өз алдыбызча аткара турган иштерге кирет. Азыр болсо эл алдында аткарылчу ишибизге токтололу. Биз ишенимибиз тууралуу башкаларга айтабыз. Ыйык Китептен билгендериңди башкалар менен бөлүшө баштадыңбы? Ошондой болсо, сен үчүн Жахабага кызмат кылууга эң сонун мүмкүнчүлүк ачылды (Лука 1:74, 75). Жахаба Кудай жөнүндө күбөлөндүрүү менен биз Исанын чыныгы жолдоочуларынын баарына берилген маанилүү ишти — Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу ишин — аткарган болобуз. (Оку: Матай 24:14; 28:19, 20.)

16 Элчи Пабыл кызматын абдан баалагандыктан аны кенч катары көргөн (2 Корунттуктар 4:7). Башкаларга Жахаба Кудай жана анын ой-ниети тууралуу жарыялоо — сен кыла алчу иштердин эң жакшысы. Кабар айтуу менен эң мыкты Кожоюнга кызмат кылып, мол бата аласың. Ошондой эле жүрөгү таза адамдарга асмандагы Атабызга жакындап, түбөлүк өмүргө алпаруучу жолго түшүүгө жардам бересиң. Мындан маанилүү дагы кандай иш бар?  Башкаларга Жахаба жана анын Сөзү тууралуу айтуунун аркасында өзүңдүн да ишенимиң бекемделип, сүйүүң артат. Жахаба аракетиңди абдан баалайт (Еврейлер 6:10). Кызматка дайым катышуу Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого да жардам берет. (Оку: 1 Корунттуктар 15:58.)

17. Эмне үчүн кабар айтуу бүгүн шашылыш иш болуп эсептелет?

 17 Падышалык тууралуу кабар айтуу шашылыш иш экенин эстен чыгарбоо абзел. Ыйык Китепте: «Кудайдын сөзүн кийинкиге калтырбай кабарла»,— деп айтылат (2 Тиметей 4:2). Эмне үчүн бүгүн бул ишти создуктурбай аткаруу керек? Себеби Кудайдын Сөзүнөн: «Жахабанын улуу күнүнө аз калды. Ал жакындап калды, абдан шашып келатат»,— дегенди окуйбуз (Сепания 1:14). Ооба, Жахаба бул түзүлүштү толугу менен жок кыла турган убак тездик менен жакындап келатат. Бул тууралуу адамдарга эскертүү зарыл! Алар азыр ааламдын Эгедери Жахаба тарапты ээлөө маанилүү экенин билиши зарыл. Жахабанын күнү сөзсүз келет, ал «кечикпейт» (Хабакук 2:3).

18. Эмне себептен Жахабага анын кызматчылары менен бирдикте сыйынышыбыз керек?

18 Жахаба биздин өзүнүн кызматчыларына кошулуп, ага сыйынышыбызды каалайт. Ошондуктан анын Сөзүндө: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли»,— деп айтылат (Еврейлер 10:24, 25). Жыйналыштарда сүйүктүү Кудайыбызды даңктоого, ага жаккандай сыйынууга эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Ал жерден ишенимдештерибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди бекемдейбиз.

19. Жыйналышта сүйүүнүн өрчүшүнө кантип салым кошо алабыз?

19 Жахабанын кызматчылары менен пикирлешүүнүн аркасында жыйналышта биримдик менен сүйүүнүн өрчүшүнө салым кошобуз. Жахаба Кудайды туурап, башкалардын жакшы жактарын көрө билүүгө умтулушубуз керек. Ишенимдештериңден жеткилеңдикти талап кылба. Алардын ар бири рухий өсүштүн ар кайсы баскычында экенин жана баарыбыз ката кетирерибизди унутпа. (Оку: Колосалыктар 3:13.) Жахабаны чын жүрөктөн сүйгөндөр менен достошуу рухий жактан өсүшүңө шарт түзөт.  Ооба, Кудайга ишенимдештериң менен бирге сыйынуу анын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет. Жахаба өзүнө берилгендик жана сүйүү менен кызмат кылгандарга кандай сыйлык берет?

«ЧЫНЫГЫ ЖАШООГО» ЖЕТҮҮГӨ УМТУЛ

20, 21. «Чыныгы жашоо» деген эмне жана бизди кандай келечек күтүп турат?

20 Жахаба берилген кызматчыларына сыйлыкка өмүр белегин берет. Бирок кимдир бирөө: «Азыр эмне өмүргө ээ эмеспизби?» — деп сурашы мүмкүн. Көптөр, албетте, ээбиз дешет, анткени биз дем алабыз, ичебиз, жейбиз. Ооба, жашап жатканыбызга шек жок. Өзүбүздү абдан бактылуу сезген учурларда атүгүл: «Жашоо деп мына ушуну айт!» — дейбиз. Бирок Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, адамдар бүгүн толук мааниде жашаган жок.

Жахаба «чыныгы жашоого» жетишиңди каалайт. Сен ага умтулуп жатасыңбы?

21 Ыйык Китеп бизди «чыныгы жашоого бекем карманууга» чакырат (1 Тиметей 6:19). Бул «чыныгы жашоо» келечекте боло турган нерсе экенин көрсөтүп турат. Ооба, жеткилеңдикке жеткенде биз «жашоо» деген сөздүн маанисин толук түшүнөбүз, анткени ал убакта Кудай башында ниет кылгандай жашайбыз. Бейишке айланган жер бетинде ден соолугубуз чың болуп, тынчтыкта жана бактылуу өмүр сүрөбүз. Мына ошондо «чыныгы жашоого» — түбөлүк өмүргө — жеткен болобуз (1 Тиметей 6:12). Бизди алдыда кандай сонун келечек күтүп турат!

22. Канткенде «чыныгы жашоого» жете алабыз?

22 Канткенде «чыныгы жашоого» жете алабыз? Ал жөнүндө сөз кылганга чейин Пабыл Кудайдын кызматчыларын «жакшылык кылууга», «жакшы иштерге бай болууга» чакырган (1 Тиметей 6:18). Демек, көп нерсе Ыйык Китептен билгендерибизди канчалык колдонгонубуздан көз каранды. Бирок Пабыл жакшы иштерди кылуу менен «чыныгы жашоого» татыктуу болорубузду айткысы келгенби? Жок, анткени биз ага «Кудайдын ырайымынын» аркасында гана ээ боло алабыз (Римдиктер 5:15). Жахаба ишенимдүү кызматчыларына сыйлык берүүнү  жакшы көрөт. Ал сенин «чыныгы жашоого» жетишиңди каалайт. Кудайды сүйгөндөр келечекте бейкуттукта түбөлүккө өмүр сүрүшөт.

23. Эмне үчүн Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганыбыз маанилүү?

23 Ар бирибиз: «Кудайга Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык сыйынып жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Эгер бул суроого күн сайын «ооба» деп жооп бере алсак, анда туура жолдо баратабыз. Жахабанын бизге баш калкалоочу жай болуп берерине толук ишенсек болот. Ал өзүнүн берилген кызматчыларын азыркы коогалаңдуу мезгилде — бул түзүлүштүн акыркы күндөрүндө — коргоп келет. Ошондой эле аларга жакында орной турган жаңы дүйнөгө аман өтүүгө жардам берет. Ал убак келгенде, кубанычыбыз койнубузга батпай, азыр туура чечим чыгарганыбызга кандай гана сүйүнөбүз! Эгер сен да Жахаба тарапты ээлесең, ал башында ниет кылгандай, «чыныгы жашоонун» ырахатына батып, түбөлүк өмүр сүрөсүң!

Көбүрөөк билиңиз

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?