Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кудайдын ой-ниети ушундай беле?

Кудайдын ой-ниети ушундай беле?

ГЕЗИТ окуйбузбу, телевизор көрөбүзбү же радио угабызбы, жаңылыктардын баары эле кылмышкерлик, согуш, террорчулук жөнүндө болуп калды. Өзүңдүн кыйынчылыктарың тууралуу да ойлонуп көрсөң. Балким, ооруп жаткандырсың же жакын адамыңан айрылып, күйүт тартып жүргөндүрсүң. Кээде өзүңдү: «Мен кордукка тойдум, азапка малындым»,— деп айткан Аюп пайгамбардай сезеттирсиң (Аюп 10:15).

Ойлонуп көр:

  • Кудай жашообуздун ушундай болушун каалады беле?

  • Кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берген кеңештерди кайдан тапса болот?

  • Качандыр бир убакта жер бетинде тынчтык орнойбу?

Ыйык Китепте бул суроолорго канааттандырарлык жооп берилет.

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ КУДАЙДЫН ТӨМӨНКҮДӨЙ ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ ЖАСААРЫ АЙТЫЛАТ

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4)

«Аксак бугудай секирет» (Ышая 35:6)

«Сокурлардын көзү ачылат» (Ышая 35:5)

 «Мүрзөлөрдө жаткандардын баары... мүрзөдөн чыгышат» (Жакан 5:28, 29)

«Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (Ышая 33:24)

«Дан жер бетинде мол болот» (Забур 72:16)

 ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДӨӨНҮН ПАЙДАСЫ

Мурунку бетте айтылган өзгөрүүлөрдү куру кыял деп четке кагууга шашылба. Аларды Кудай убада кылган. Ыйык Китепте анын өз убадасын кандайча ишке ашырары түшүндүрүлөт.

Мындан сырткары, Ыйык Китепте канткенде азыр да бактылуу жашай аларыбыз айтылат. Бир азга токтоп, кыйынчылыктарың жана жүрөгүңдү өйүгөн нерселер тууралуу ой жүгүртүп көрсөң. Балким, оорунун айынан, акчанын жетишсиздигинен, үй-бүлөңдөгү көйгөйлөрдөн улам же жакын адамыңдан айрылгандыктан кыйналып жүргөндүрсүң. Ыйык Китеп ушу сыяктуу ар кандай кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет жана андан төмөнкүдөй суроолорго жубатарлык жооп алууга болот:

  • Эмне себептен азап чегүүдөбүз?

  • Турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө эмне жардам берет?

  • Канткенде үй-бүлөбүз бактылуу болот?

  • Адам өлгөндө эмне болот?

  • Өлгөн жакындарыбызды кайрадан көрөбүзбү?

  • Кудайдын өз убадаларын аткарарына эмне үчүн шектенбесек болот?

 Колуңдагы адабиятты окуп жатканыңдын өзү эле Ыйык Китептин чынында эмнеге окутарын билүүнү каалаарыңды көрсөтүп турат. Бул китептен сен көп нерселерди биле аласың. Ар бир абзацка суроо берилген. Миллиондогон адамдар Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен суроо-жооп иретинде изилдешет. Мындай ыкма сага да жагат деп ишенебиз. Биз сенин Ыйык Китепте чынында эмнелер жөнүндө жазылганын изилдөөдөн кубаныч алышыңа тилектешпиз. Жасаган аракетиңе Кудай батасын берсин!

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ар бир кишиге Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштаганы менен белгилүү. Муну тасмадан көргүлө.