Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

 15-БӨЛҮМ

Кайсы дин Кудайга жагат?

Кайсы дин Кудайга жагат?
  • Кудайга бардык диндер жагабы?

  • Чыныгы динди кантип аныктоого болот?

  • Бүгүн кимдер Кудайга туура сыйынууда?

1. Кудайга туура жол менен сыйынуу кандай пайда алып келет?

ЖАХАБА КУДАЙ жыргалчылыгыбызга кызыкдар болгондуктан дайыма анын жетеги менен жүрүшүбүздү каалайт. Эгерде ага туура жол менен сыйынсак, бактылуу болобуз жана көптөгөн кыйынчылыктардан кача алабыз. Андан сырткары, Кудай бизге батасын берип, жардам көрсөтөт (Ышая 48:17). Бүгүн Кудай жөнүндө чындыкка окутабыз деген диндер миңдеп саналат. Бирок алардын Кудай жана анын талаптары жөнүндөгү окуулары бири-биринен таптакыр айырмаланат.

2. Кудайга кайсы дин жагарын кантип билүүгө болот жана муну түшүнүүгө кайсы мисал жардам берет?

2 Анда Жахабага кайсы дин жагарын кантип билүүгө болот? Ал үчүн көптөгөн диндердин окууларын изилдеп, бири-бирине салыштыруунун зарылдыгы жок. Болгону эле, Кудайга жаккан дин жөнүндө Ыйык Китепте чынында эмне айтыларын билип алышың керек. Мисалы, бүгүн көптөгөн өлкөлөрдө жасалма акчалардын көбөйүшү чоң көйгөйгө айланды. Эгерде сага аларды аныктоо тапшырылса, эмне кылат элең? Жасалма акчалардын баарын изилдеп чыкканың туура болот беле? Жок. Ага убакыт короткондон көрө, чыныгы акчаны изилдегениң туура эмеспи? Анын кандай болорун билип алган соң, жасалма акчаны оңой эле айырмалай аласың. Анын сыңарындай, чыныгы диндин кандай болорун билип алсак, жалган динди аныктоо кыйынга турбай калат.

3. Кудайга жагуу үчүн эмне кылганыбыз абзел?

 3 Жахабага ага жаккандай сыйынганыбыз маанилүү. Көптөр Кудайга бардык эле диндер жагат деп ойлошот, бирок Ыйык Китепте андай эмес экени айтылат. «Кудайга ишенем»,— деп айтып коюу жетишсиз. Элчи Пабыл: «Алар башкаларга Кудайды тааныйбыз дешкени менен, кылган иштеринен Андан баш тартканы көрүнүп турат»,— деген (Тит 1:16). Ошондуктан Кудайга жагуу үчүн анын талаптары менен таанышып, аларга ылайык иш кылганыбыз абзел. Иса пайгамбар Кудайдын эркин аткарбагандарды «мыйзамсыз иш кылгандар» деп атаган (Матай 7:21—23). Жасалма акча сыяктуу жалган диндин эч кандай пайдасы жок, тескерисинче, ал зыян гана алып келет.

4. Иса пайгамбар кайсы эки жол жөнүндө сөз кылган жана алар каякка алып барат?

4 Жахаба ар бир адамга бейишке айланган жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Ан үчүн Кудайга туура жол менен сыйынып, азыртадан эле ага жаккыдай жашашыбыз керек. Тилекке каршы, көптөр андай кылууну каалашпайт. Ошол себептен Иса пайгамбар: «Тар дарбазадан киргиле, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат. Ал жолдо бараткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен кууш жол өмүргө алып барат. Ал жолду тапкандар аз»,— деп айткан (Матай 7:13, 14). Ооба, чыныгы дин түбөлүк өмүргө, ал эми жалган дин өлүмгө алып барат. Жахаба эч кимдин өлүшүн каалабайт, ошондуктан адамдардын баарына аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө (2 Петир 3:9). Ырас, Кудайга кантип сыйынганыбыздан өмүрүбүз көз каранды.

ЧЫНЫГЫ ДИНДИ КАНТИП АНЫКТООГО БОЛОТ?

5. Чыныгы динди туткандарды кантип айырмалап билүүгө болот?

5 «Өмүргө алып бара» турган жолду кантип табууга болот? Иса Машаяк чыныгы динди аны туткан адамдарга байкоо салуу менен айырмалап билүүгө болорун айткан. «Аларды иштеринен билесиңер... Ар бир жакшы дарак  жакшы жемиш берет»,— деген ал (Матай 7:16, 17). Башка сөз менен айтканда, чыныгы динди туткандарды алардын ишенген окуулары жана жүрүм-туруму аркылуу айырмалап билүүгө болот. Алар жеткилеңсиз болушса да, ката кетиришсе да, уюм катары Кудайдын эркин аткарууга умтулушат. Кел анда, чыныгы динди туткан адамдарды аныктоого жардам берерлик алты белгини карап көрөлү.

6, 7. Кудайдын кызматчылары Ыйык Китепке кандай карашат жана Иса бул жагынан кандай үлгү калтырган?

6 Кудайдын кызматчылары окууларын Ыйык Китепке негиздешет. Ыйык Китептин өзүндө: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болот»,— деп айтылат (2 Тиметей 3:16, 17). Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Бизден уккан Кудайдын сөзүн адамдын сөзүндөй эмес, Кудайдын сөзүндөй кабыл [алдыңар]... Чынында эле, ал — ...Кудайдын сөзү»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктар 2:13). Ошондуктан чыныгы диндин окуулары адамдардын көз карашы менен каада-салттарына эмес, Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китепке негизделет.

7 Иса элди Кудайдын Сөзүнүн негизинде окутуу жагынан мыкты үлгү калтырган. Асмандагы Атасынан тиленип жатып ал: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17). Иса Кудайдын Сөзүнө бекем ишенгендиктен, окууларынын баары анда айтылгандарга төп келчү. Ал Ыйык Жазмадан көп цитата келтире турган (Матай 4:4, 7, 10). Кудайдын кызматчылары да бүгүн окууларын өзүлөрүнүн көз карашына эмес, Ыйык Китепке негиздешет. Анткени анын Кудайдын Сөзү экенине толук ишенишет.

8. Жахабага кызмат кылууга эмнелер кирет?

8 Чыныгы динди туткандар Жахабага гана сыйынып, анын ысмын жарыялашат. Иса пайгамбар: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деген  (Матай 4:10). Ошондуктан чыныгы динди туткан адамдар Жахабага гана сыйынып, анын ысмы жана кандай Кудай экени жөнүндө башкаларга айтуу менен ага кызмат кылышат. Забур 83:18де: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп жазылган. Иса элге Кудайдын ысмын ачып берүү менен бизге үлгү калтырган. Ал Атасына: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим»,— деген (Жакан 17:6). Чыныгы динди туткандар да бүгүн башкаларга Кудайдын ысмы, ой-ниети жана касиет-сапаттары тууралуу жарыялашууда.

9, 10. Кудайдын чыныгы кызматчылары бири-бирине кантип сүйүү көрсөтүшөт?

9 Кудайдын кызматчылары бири-бирин чын жүрөктөн сүйүшөт. Иса: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жакан 13:35). Анын алгачкы жолдоочулары бири-бирине сүйүү менен мамиле кылышкан. Ыйык Китептеги принциптерге негизделген сүйүү адамдын расасына, коомдо ээлеген абалына, улутуна карабайт жана адамдарды чыныгы бир туугандыкка бириктирет. (Оку: Колосалыктар 3:14.) Жалган динди туткандар андай бир туугандыкка ээ эмес. Муну кайдан билебиз? Алар бири-бирин улуту же уруусу башка болгондуктан эле өлтүрө беришет. Кудайдын чыныгы кызматчылары болсо ишенимдештерин же башкаларды өлтүрүш үчүн колуна курал алышпайт. Ыйык Китепте: «Туура иш кылбаган адам, бир тууганын сүйбөгөн адамдай эле, Кудайдан эмес. Кудайдын балдары менен Ибилистин балдарын ушундан айырмалап билүүгө болот... Бири-бирибизди сүйүшүбүз керектигин, унутпагыла. Кара өзгөйдөн болгон жана бир тууганын өлтүрүп койгон Кабылдай болбойлу»,— деп айтылат (1 Жакан 3:10—12; 4:20, 21).

10 Албетте, чын жүрөктөн сүйүү башкаларды өлтүрбөөнү эле билдирбейт. Кудайдын кызматчылары бири-бирин бекемдеп, жардам берүүдөн убактысын, күчүн жана каражатын аяшпайт (Еврейлер 10:24, 25). Алар оор учурларда  ишенимдештерине колдоо көрсөтүп, дайым чынчылдык менен иш кылышат. Ооба, алар, Ыйык Китептеги кеңешке ылайык, баарына жакшылык кылууга умтулушат (Галатиялыктар 6:10).

11. Кудайдын адамзатты Иса Машаяк аркылуу куткарарына ишенүү эмне себептен маанилүү?

11 Чыныгы динди туткандар Кудайдын адамзатты Иса Машаяк аркылуу куткарарына ишенишет. Ыйык Китепте: «Адамдарды андан [Исадан] башка эч ким куткара албайт, анткени куткарылышыбыз үчүн асман астында адамдарга берилген башка ысым жок»,— деп айтылат (Элчилер 4:12). Бул китептин 5-бөлүмүнөн окуганыбыздай, Иса өз өмүрүн тил алчаак адамдар үчүн кун катары берген (Матай 20:28). Ошондой эле Кудай аны жердин үстүнөн бийлик жүргүзө турган асман Падышалыгында Падыша болууга дайындаган. Түбөлүк өмүргө ээ болгубуз келсе, Исага баш ийип, анын окууларына ылайык жашашыбыз керек. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт»,— деп жазылган (Жакан 3:36).

12. Бул дүйнөнүн иштерине кийлигишпөө деген эмнени билдирет?

12 Кудайдын кызматчылары бул дүйнөнүн иштерине кийлигишпейт. Иса Рим башкаруучусу Пилаттын алдында турганда: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жакан 18:36). Кайсы өлкөдө жашашпасын, анын чыныгы жолдоочулары өздөрүн Кудайдын Падышалыгынын эли деп эсептегендиктен саясий иштерге кийлигишпей, бейтараптуулукту сакташат. Алар ар кыл жаңжал-кагылышууларга катышпайт. Анткен менен башкаларга саясий партияларга мүчө болууга, шайлоодо өздөрүнүн талапкерлигин коюуга же кимдир бирөөгө добуш берүүгө тоскоолдук кылышпайт. Бейтараптуулукту сактоо менен бирге алар мамлекеттин мыйзамдарына баш ийишет. Эмне үчүн? Себеби Ыйык Китеп «жогорку бийликтерге», башкача айтканда, мамлекеттик бийликтерге баш ийүүнү буйрук кылат (Римдиктер 13:1).  Бирок бийликтегилер Кудайдын мыйзамдарына каршы иш кылууну талап кылса, Исанын жолдоочулары: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп айткан элчилерден үлгү алышат (Элчилер 5:29; Марк 12:17).

13. Чыныгы динди туткандар Кудайдын Падышалыгы эмне кылат деп үмүттөнүшөт жана алар кандай иш аткарышууда?

13 Чыныгы динди туткандар адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечерин жарыялашат.  Иса Машаяк: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деп пайгамбарлык кылган (Матай 24:14). Анын жолдоочулары адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечерине ишенгендиктен, башкаларды адамдарга эмес, ошол Падышалыкка үмүттөнүүгө чакырышат (Забур 146:3). Иса: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөндө ошол жеткилең өкмөт тууралуу айткан (Матай 6:10). Ыйык Жазмада асман Падышалыгынын бүгүнкү күндөгү «падышалыктардын баарын талкалаары», «жок кылары», «өзү болсо түбөлүк турары» алдын ала айтылган (Даниел 2:44; Аян 16:14; 19:19—21).

14. Кайсы дин чыныгы динге коюлган талаптарга жооп берет деп ойлойсуң?

14 Жогоруда айтылгандарды эске алып, төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көр: «Кайсы диндин өкүлдөрү окууларын Ыйык Китепке негиздеп, Жахабанын ысмын жарыялап келишет? Кимдер бири-бирин чындап сүйүшөт жана Иса Машаякка ишенишет? Кимдер бул дүйнөнүн иштерине кийлигишпейт жана адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечерин кабарлашат? Ушуларды кайсы диндин өкүлдөрү кылууда?» Фактылардан айкын көрүнүп тургандай, буларды Жахабанын Күбөлөрү кылууда. (Оку: Ышая 43:10—12.)

СЕН ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ?

15. Кудайдын бар экенине ишенүүдөн сырткары эмне кылуу керек?

15 Кудайга жагуу үчүн ага ишенүү аздык кылат. Ыйык Китепте атүгүл жин-перилердин да Кудайдын бар экенине ишенери айтылат (Жакып 2:19). Бирок алар Кудайдын эркин аткарышпайт жана анын жактыруусуна ээ эмес. Кудайга жагуу үчүн, анын бар экенине ишенгенден сырткары, эркин аткарууга да тийишпиз. Ошондой эле жалган динден чыгып, чыныгы динди тутушубуз абзел.

16. Жалган динге байланыштуу эмне кылышыбыз керек?

 16 Элчи Пабыл жалган дин менен болгон байланышыбызды толук үзүшүбүз керектигин айткан. Ал: «„Алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө,— дейт Жахаба,— мындан ары арам нерсеге жолобогула“, „ошондо мен силерди кабыл алам“»,— деп жазган (2 Корунттуктар 6:17; Ышая 52:11). Ошондуктан Кудайдын кызматчылары жалган динге байланышы бар нерселердин баарынан качышат.

17, 18. «Улуу Бабыл» эмнени билдирет жана эмне үчүн андан тезинен чыгуу керек?

17 Ыйык Китепте жалган диндердин баары «Улуу Бабылдын» курамына кирери көрсөтүлөт * (Аян 17:5). «Улуу Бабыл» деген сөз айкашы Топон суудан кийин жалган дин тамыр алган байыркы Бабыл шаарын эске салат. Азыркы жалган диндердин окуулары менен каада-салттарынын көбү ошол шаарда пайда болгон. Мисалы, бабылдыктар үч баштан же үч беттен турган кудайларга табынышчу. Бүгүнкү диндердин көпчүлүгүндө да Үчилтик (Троица) негизги окуулардын бири болуп саналат. Бирок Ыйык Китепте Жахабанын жалгыз чыныгы Кудай экени, ал эми Иса Машаяктын анын Уулу экени айкын-так жазылган (Жакан 17:3). Бабылдыктар адам өлгөндөн кийин жаны денесинен бөлүнүп кетерине жана айрымдардын тозок отунда кыйналарына да ишенишчү. Бүгүн да көптөр адамдын өлбөс жаны, ошондой эле тозок оту бар дегенге окутушат.

18 Байыркы Бабылда пайда болгон окуулар бүт жер бетине тарагандыктан, биздин күндөрдө Улуу Бабыл дүйнө жүзүндөгү жалган диндердин баарын билдирет. Кудай алдын ала айткандай, ал жакында күтүлбөгөн жерден жок кылынат. Улуу Бабылдын курамына кирген диндердин эч бири менен байланышпоо канчалык маанилүү экенин түшүнүп жатасыңбы? Жахаба Кудай, азыр  убакыт барда, Улуу Бабылдан тезинен чыгышыңды каалайт. (Оку: Аян 18:4, 8.)

Жахабага анын эли менен бирге кызмат кылсаң, жоготкон нерселериңен алган баталарың көп болот

19. Жахабага сыйынсаң, кандай баталарга ээ болосуң?

19 Жалган динден чыкканыңдан кийин айрымдар сени менен болгон мамилесин токтотууну чечиши мүмкүн. Бирок Жахабага анын эли менен бирге кызмат кылсаң, жоготкон нерселериңен алда канча көп бата аласың. Исаны жолдоо үчүн чоң курмандыктарга барган алгачкы шакирттерге окшоп, көптөгөн рухий бир туугандарды табасың. Ошондой эле миллиондогон адамдардан турган бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөнүн мүчөсү болосуң. Алар бири-бирине чын жүрөктөн сүйүү көрсөтүшкөнү менен айырмаланат. Андан сырткары, келечекте түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болосуң. (Оку: Марк 10:28—30.) Ал эми чыныгы динди тутканыңды жактырбагандардын айрымдары убакыттын өтүшү менен Ыйык Китепти изилдеши жана Жахабага сыйына башташы ыктымал.

20. Чыныгы динди туткандарды кандай келечек күтүп турат?

20 Ыйык Китепте Кудайдын жакында азыркы ыймансыз дүйнөнү жок кылып, өзүнүн Падышалыгы башкарган жана адилдик өкүм сүргөн жаңы дүйнөнү орнотору айтылат (2 Петир 3:9, 13). Ал кезде жашоо кандай гана ырахаттуу болот! Жаңы дүйнөдө сыйынуунун бир эле, Кудайга жаккан гана, түрү болот. Андыктан чыныгы динди туткандарга азыртадан кошулуу үчүн тийиштүү кадамдарды жасаганың акылдуулукка жатпайбы?

^ 17-абз. Улуу Бабылдын эмне үчүн дүйнөдөгү бардык жалган диндерди билдирери «Тиркеменин» 219, 220-беттеринде түшүндүрүлөт.