Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

 ТИРКЕМЕ

Иса — убада кылынган Машаяк

Иса — убада кылынган Машаяк

МАШАЯКТЫ аныктоого жардам берүү үчүн Жахаба өзү убада кылган ошол Куткаруучунун төрөлүшү, кызматы жана өлүмү жөнүндө Ыйык Китепке майда-чүйдөсүнө чейин алдын ала жаздырып койгон. Ал пайгамбарлыктардын баары Иса Машаякка байланыштуу аткарылган. Алар өзгөчө  тактыгы менен таң калтырат. Мисалы, Машаяктын төрөлүшү менен кичинекей чагына байланыштуу айрым пайгамбарлыктарды карап көрөлү.

Ышая пайгамбар Машаяктын Дөөтү падышанын тукумунан келерин айткан (Ышая 9:7). Ал айткандай эле, Иса Дөөтүнүн урпактарынан чыккан (Матай 1:1, 6—17).

 Кудайдын Микей аттуу пайгамбары убада кылынган Тукумдун «Бетлехем Эфратада» төрөлөрүн жана келечекте бийлик жүргүзөрүн жазган (Микей 5:2). Иса төрөлгөн мезгилде Ысрайылда Бетлехем деп аталган эки шаарча бар болчу. Алардын бири өлкөнүн түндүгүндөгү Назарет шаарынын жанында, экинчиси болсо Жүйүт аймагында, Иерусалимден анча алыс эмес жерде жайгашкан. Иерусалимдин жанындагысы мурун Эфрата деп аталчу. Пайгамбарлыкта айтылгандай, Иса так ошол шаарчада туулган (Матай 2:1).

Ыйык Китептеги дагы бир пайгамбарлыкта Кудай өзүнүн Уулун «Мисирден чакырып алары» айтылган. Исанын кичинекей кезинде ата-энеси аны алып, Мисирге качып кетишкен. Ирод падыша өлгөндөн кийин, алар Мисирден мекенине кайтып келишкен. Ошентип, пайгамбарлык аткарылган (Ошуя 11:1; Матай 2:15).

200-беттеги таблицанын  «Пайгамбарлык» деген тилкесинде Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктар жазылган аяттар берилген. Аларды «Аткарылышы» деген тилкедеги аяттар менен салыштыр. Бул Кудайдын Сөзүнүн ишенүүгө татыктуу экенине ого бетер ынанууга жардам берет.

Ал аяттарды окуп жатканда алардагы пайгамбарлыктар Исанын төрөлүшүнөн жүздөгөн жылдар мурун жазылганын эстен чыгарба. Иса: «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын жазууларында жана Забурда мен жөнүндө жазылгандын баары аткарылышы керек»,— деп айткан (Лука 24:44). Ыйык Китебиңди изилдеп жатып Исага байланыштуу пайгамбарлыктардын майда-баратына чейин аткарылганын көрө аласың.