Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 4-бөлүк

Кудай Ыбрайым менен келишим түзөт

Кудай Ыбрайым менен келишим түзөт

Ыбрайым Кудайга ишенип, анын тилин алган. Кудай ага батасын берип, укум-тукумун көбөйтөрүн убада кылган

НУХТУН учурундагы Топон суудан кийин 350 жылдай убакыт өтөт. Ошол маалда Ыбрайым пайгамбар азыркы Ирактын территориясында жайгашкан гүлдөгөн Ур шаарында жашачу. Ал Кудайга бекем ишенген киши болгон. Күндөрдүн бир күнүндө анын Кудайга болгон ишеними сыналат.

Жахаба Ыбрайымга киндик каны тамган жерди таштап, Канаан деген бөтөн жерге көчүп барууну буйруйт. Ыбрайым буйдалбастан жөнөйт. Ал аялы Саараны, иниси Лотту жана кызматчыларын алып, узак сапарга чыгат. Канаан жерине келип, чатырларда жашап калат. Жахаба Ыбрайым менен келишим түзүп, андан улуу эл чыгарарын, жер жүзүндөгү бардык элдер ал аркылуу бата аларын жана анын тукумуна Канаан жерин энчиге берерин убада кылат.

Бара-бара Ыбрайым менен Лот байып, жер жайнаган малдуу болушат. Ошондо Ыбрайым Лотко каалаган жерин тандап, бөлүнүп кетүүнү сунуш кылат. Лот Иордан дарыясы тараптагы жери семиз аймакты тандап, Содом шаарына жакын жерге жайгашат. Содом шаарынын тургундары жийиркеничтүү иштерди кылган, Жахаба Кудайдын алдында күнөөгө баткан, абдан бузулган адамдар эле.

Жахаба Кудай Ыбрайымга анын тукуму асмандагы сан жеткис жылдыздардай көп болорун айткан. Ыбрайым пайгамбар Кудайдын ошол айткандарына бекем ишенген. Бирок арадан убакыт өтсө да, сүйүктүү аялы Сааранын согончогу канаган эмес. Ыбрайым 99га чыгып, Саара 90го таяп калганда, Кудай Ыбрайымга Сааранын уул төрөөрүн айтат. Кудай айткандай эле, Саара Ыскакты төрөйт. Ыбрайымдын башка да балдары бар болчу. Бирок Эйден багында убада кылынган Куткаруучу Ыскактын тукумунан чыкмак.

Ошол учурларда адил Лот үй-бүлөсү менен Содом шаарында жашап турган эле. Ал, Содомдун тургундарындай болуп, бузуку иштерге барган эмес. Жахаба Содом шаарын жок кылууну чечкенде алдыда боло турган кыйроо жөнүндө Лотко эскертиш үчүн периштелерин жиберет. Периштелер Лотко үй-бүлөсү менен Содомдон артын карабай чыгып кетүүнү буйрук кылат. Андан соң Кудай Содомго жана коңшу шаар Аморго асмандан от менен күкүрт жаадырып, ал шаарларда жашагандардын баарын тыптыйпыл кылып жок кылат. Лот эки кызы менен аман калат. Ал эми аялы, кыязы, артта калган мүлкүнө ичи ачышып, артын карап жиберген. Ошентип, ал тил албастыгы үчүн өмүрүнөн айрылган.

Башталыш 11:10—19:38-аяттарга негизделди.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыбрайым — «бардык ишенгендердин атасы»

Ыбрайым кантип ишеним көрсөткөн? Канткенде андан үлгү алган болобуз?