Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 12-бөлүк

Кудайдын турмуш-тиричиликке зарыл кеңештери

Кудайдын турмуш-тиричиликке зарыл кеңештери

Накыл сөздөр китеби турмуш-тиричиликке зарыл кеңештерге бай. Анын көпчүлүгүн Сулайман пайгамбар жазган

ЖАХАБА акылдуулук менен бийлик жүргүзөбү? Бул суроого жооп алуу үчүн, келгиле, ал кандай кеңештерди берерин карап чыгалы. Анын кеңештери турмуш талабына жооп береби? Аларды колдонуу жашоону жакшыраак, маңыздуураак кылабы? Акылман Сулайман падыша көптөгөн накыл кептерди жазган. Анын айткандары жашоонун дээрлик бардык тармактарына тиешелүү. Келгиле, анын айрымдарына токтолуп көрөлү.

Кудайга таянуу. Жахаба менен тыгыз мамиледе болуу үчүн ага таяна билүү керек. Сулайман: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— деп жазган (Накыл сөздөр 3:5, 6). Биз Кудайга анын жетекчилигин издеп, баш ийүү аркылуу таяна алабыз; Кудайга таянуу жашоону маңыздуу кылат. Жахабага таянсак, анын жүрөгүн кубантабыз. Ошондо Кудай Шайтандын көтөргөн талаш суроосуна жооп кайтарат (Накыл сөздөр 27:11, «Мукаддас»).

Башкалар менен мамилелешүүдө акылдуулук көрсөтүү. Күйөөлөргө, зайыптарга жана балдарга Кудайдын кеңештерине кулак кагуу азыркы учурда өтө маанилүү. Кудай Накыл сөздөр китебинде: «Жаш кезде алган... аялың менен кубан»,— деп күйөөлөрдү аялдарына берилгендигин сактоого үндөйт (Накыл сөздөр 5:18—20). Ал эми зайыптар ушул китептен күйөөсү менен балдарынын урмат-сыйына татыктуу болгон жакшы аял кандай болушу керектигин окуй алышат (Накыл сөздөр 31-бөлүм). Балдарга болсо ата-энесинин тилин алышы керектиги айтылат (Накыл сөздөр 6:20). Ошондой эле ал китепте дос күтүүнүн маанилүүлүгү жана обочолонуу өзүмчүлдүккө алып келери көрсөтүлөт (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»). Достор же оң, же терс таасир тийгизиши мүмкүн, андыктан досторду акылдуулук менен тандай билүү зарыл (Накыл сөздөр 13:20; 17:17).

Өзүбүзгө кам көрүүдө акылдуулук көрсөтүү. Накыл сөздөр китеби ичкиликке берилүүдөн сак болууга, оң маанай өрчүтүп, терс сезимдер менен күрөшүүгө жана эмгекчил болууга байланыштуу баалуу кеңештерге бай (Накыл сөздөр 6:6; 14:30; 20:1). Андан тышкары, Кудайдын кеңештерине эмес, адамдык көз карашка кармануу каргашага алып келери эскертилет (Накыл сөздөр 14:12). Ошондой эле ал китепте «өмүрдүн булагы» жүрөктө экени айтылып, жүрөгүбүздү, башкача айтканда, ички дүйнөбүздү зыяндуу таасирден коргоо керектиги баса белгиленет (Накыл сөздөр 4:23).

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон кишилер Накыл сөздөр китебиндеги кеңештерди турмушта колдонуу жашоону жеңилдетерине кошулушат. Ошондуктан алар Жахабага даярдуулук менен баш ийишет.

Накыл сөздөр китебине негизделди.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жашооңдо «асмандан келген акылмандыкты» чагылдырасыңбы?

Ыйык Китепте Кудайдан келген акылмандыкты өрчүтүүгө кайсы 4 нерсе жардам берери айтылат