Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 20-бөлүк

Иса Машаяк өлүм жазасына тартылат

Иса Машаяк өлүм жазасына тартылат

Иса жаңы майрамды негиздейт. Ага чыккынчылык кылышат жана устунга кадап өлтүрүшөт

ИСА үч жарым жыл кабар айтып элдерди окуткандан кийин жердеги жашоосунун соңуна чыгып калганын билген. Ошол маалда Жүйүт диний жетекчилери өз ара кеңешип аны өлтүрмөкчү болушат, бирок Исанын пайгамбар экенине ишенген эл көтөрүлүш чыгарып жиберет деп коркушат. Ошондо Шайтан Исанын 12 элчисинин бири болгон Жүйүт Искариотту Исага чыккынчылык кылууга азгырат. Ал Исаны диний жетекчилердин колуна салып берерин айтканда, алар ага 30 күмүш тыйын сунуш кылышат.

Өмүрүнүн акыркы түнү Иса Пасах майрамында элчилери менен чогуу болот. Алардын арасынан Жүйүт чыгып кеткенден кийин жаңы майрамды, Эскерүү кечесин, негиздейт. Иса бир сындырым нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирип кайрылат да, аны 11 элчисине узатат. Нанды узатып жатып: «Бул силер үчүн бериле турган денемди билдирет. Муну мени эскерүү үчүн кылгыла»,— дейт. Анан шарап куюлган чөйчөктү узатып: «Бул чөйчөк... канымдын негизинде түзүлүүчү жаңы келишимди билдирет»,— деген сөздөрдү айтат (Лука 22:19, 20).

Иса ошол түнү элчилерине көп нерселерди айтат. Ал аларга бири-бириңерди чын жүрөктөн сүйгүлө деген жаңы осуят берип: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— дейт (Жакан 13:34, 35). Ал шакирттерин кайраттандырып, ошол түнү боло турган кайгылуу окуяга көңүлдөрүн чөктүрбөөгө үндөйт. Ошондой эле алар үчүн чын жүрөктөн тиленет. Андан соң Кудайды даңктап ырдашып, түн ичинде ал жерден Гетсемани багын көздөй жөнөп кетишет.

Иса Гетсемани багында чөгөлөп отуруп, Кудайга бүт жүрөгүндөгүсүн айтып кайрылат. Бир маалда куралданган жоокерлер, дин кызматчылар жана дагы башка адамдар Исаны кармап кетиш үчүн, топтошуп алып келип калышат. Жүйүт ушуну кармагыла дегендей белги берип, Исага жакын басып келет да, бетинен өбөт. Жоокерлер келип Исаны байлашканда, элчилери качып кетишет.

Жүйүттөрдүн жогорку сотунун алдында туруп Иса Кудайдын Уулу экендигин айтат. Сот Исага Кудайга акарат келтирди деген жалаа жаап, ага өлүм өкүмүн чыгарат. Ошондон кийин аны Рим башкаруучусу Понтий Пилаттын алдына алып барышат. Пилат анын эч кандай күнөөсү жок экенин көрүп турса да, Исаны анын өлүмүн талап кылып жаткан элдин алдына алып чыгып, алардын сотуна коёт.

Исаны Голгота деген жерге алып барышып, Рим жоокерлери аны устунга кадашат. Ошондо кайдан-жайдан белгисиз чаламандын чак түшүндө жерди коюу караңгылык басат. Ал эми түштөн кийин Иса өлгөндө, жер катуу титирейт. Анын сөөгү асканын бооруна оюлган мүрзөгө коюлат. Кийинки күнү дин кызматчылар сакчыларды коюп, Иса жаткан мүрзөнүн оозун кайтартып коюшат. Иса ошол бойдон мүрзөдө калганбы? Жок. Бул тууралуу кийинки бөлүмдөн билебиз.

Матай 26, 27-бөлүмдөргө, Марк 14, 15-бөлүмдөргө, Лука 22, 23-бөлүмдөргө жана Жакан 12—19-бөлүмдөргө негизделди.

^ абз. 15 Иса өз өмүрүн кун катары бергендиги жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 47—56-беттерин карагыла.