Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 17-бөлүк

Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окуткан

Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окуткан

Иса шакирттерин көп нерсеге окуткан, бирок анын негизги окутуусу Кудайдын Падышалыгы жөнүндө болгон

ИСА жерге кандай максат менен келген? Ал өзүнүн максатын: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп билдирген (Лука 4:43). Келгиле, Исанын Падышалык жөнүндө айткандарынын төртөөнө токтололу.

1. Иса — дайындалган Падыша. Иса өзүнүн убадаланган Машаяк экенин айткан (Жакан 4:25, 26). Ошондой эле Даниел пайгамбар көргөн аяндагы Падыша экенин да айкын көрсөткөн. Ал элчилерине «даңктуу тактыга» отурарын жана алар да аны менен бирге тактыларга отурарын айткан (Матай 19:28). Иса аны менен кошо башкара турган жолдоочуларын «кичине отор» деп атаган. Андан тышкары, анын бул дүйнөгө таандык эмес «башка койлору» да бар экенин баса белгилеген (Лука 12:32; Жакан 10:16).

2. Кудайдын Падышалыгы чыныгы адилеттүүлүктү орнотот. Эйден багында көтөрүлгөн козголоңдон улам Жахабага жалган жалаа жабылып, анын ысмы караланган. Иса Кудайдын Падышалыгы ошол адилетсиздикти жоёрун, башкача айтканда, Кудайдын ысмын ыйыктаарын айткан (Матай 6:9, 10). Иса аял-эркек, бай-кедей деп бөлбөстөн, баарын бирдей окутуу менен адилеттүү экенин далилдеген. Ал негизинен ысрайылдыктарга жиберилсе да, самариялыктарга жана жүйүт эместерге да кабар айткан. Ошол маалдагы диний жетекчилерден айырмаланып, Иса бет карама болгон эмес.

3. Кудайдын Падышалыгы бул дүйнөгө таандык эмес. Иса жашаган маалда Ысрайыл башка бир өлкөнүн бийлиги астында болгондуктан, саясий абал бир калыпта болбой, өйдө-ылдый болуп турган. Ошондо эл аны саясатка аралаштыргысы келген, бирок Иса андан баш тарткан (Жакан 6:14, 15). Ал бир саясий ишмерге: «Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деген (Жакан 18:36). Жолдоочуларына да алар бул дүйнөгө таандык эмес экенин айткан (Жакан 15:19). Иса жолдоочуларына курал алууга тыюу салган. Атүгүл аны коргоо үчүн колуна кылыч алган шакиртине да тыюу салган (Матай 26:51, 52).

«Иса... айылдарды кыдырып, Кудайдын падышалыгы жөнүндө жакшы кабар жарыялап, кабар айтып жүрдү» (Лука 8:1).

4. Иса сүйүү менен башкарат. Иса адамдарды сергитерин жана алардын түйшүктөрүн жеңилдетерин убада кылган (Матай 11:28—30). Ал, чынында эле, айткандарына жараша иш кылган. Ал турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө, адамдардын бири-бири менен болгон мамилесин жакшыртууга, дүнүйөкор болбоого жана бактылуу болууга байланыштуу эң сонун кеңештерди берген (Матай 5—7-бөлүмдөр). Иса адамдарга чындап көңүл бөлгөндүктөн, алар ага оңой эле кайрыла алышчу. Ар кандай тектеги адамдар, атүгүл басынтылгандар да анын аларга боору ооруп, жылуу мамиле кыларына ишенип, жанына агылып келишчү. Ооба, Иса кандай гана сонун башкаруучу!

Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып эле бербестен, көптөгөн кереметтерди да жасаган. Анын кереметтери эмнени айгинелеп турган? Келгиле, ушул суроого жооп алалы.

Матай, Марк, Лука жана Жакан китептерине негизделди.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудайдын Падышалыгына Иса эмне үчүн өзгөчө маани берген?

Иса Машаяк башка нерселерге караганда Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көп айткан. Анын мындай кылганы бекеринен болгон эмес.

Кудайдын Падышалыгы башкарганда эмнелер ишке ашат?

Эмнелер ишке ашарын көрөр-көрбөсүңөр кандай иш-аракет кыларыңарга байланыштуу болот.

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Көптөр Иса үйрөткөн тиленүүнү жакшы билишет. Ал тиленүүдөгү: «Падышалыгың келсин»,— деген сөздөр эмнени билдирет?