Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 11-бөлүк

Жан дүйнөнү тынчтандырып, билимге сугара турган ырлар

Жан дүйнөнү тынчтандырып, билимге сугара турган ырлар

Дөөтү жана башка пайгамбарлар Кудайды даңктаган ырларды жазышкан. Забур китеби 150 бөлүмдөн турат

ЗАБУР китеби Ыйык Жазманын эң чоң китеби болуп саналат. Ал толугу менен 1 000 жылдай убакыт аралыгында жазылып бүткөн. Анда жүрөк козгой турган, терең ишенимге негизделген сезимдер жазылган. Ал китепте кубаныч, даңктоо, ыраазычылык, күйүт, кайгы жана өкүнүү сыяктуу көп кырдуу сезимдер чагылдырылган. Мындан забурду жазгандардын Кудай менен ушунчалык тыгыз жана ысык мамиледе болушканын көрүүгө болот. Келгиле, забурларда жазылгандардын айрымдарына токтолуп көрөлү.

Жахаба — ага сыйынышыбызга жана аны даңкташыбызга татыктуу Эгедер. 82-забурдун 19-аятынан: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба... жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай»,— деген сөздөрдү окуйбуз. Айрым забурчулар Жахабаны жымыңдаган жылдыздарга толгон асманды, жер бетиндеги кереметтүү тирүү жандыктарды жана адамды жаратканы үчүн даңкташкан (Забур 8, 18, 138, 148-бөлүмдөр). Башкалары Жахабаны өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын, кандай гана жагдай болбосун, коргоп, куткарып кала турган Кудай катары даңазалашкан (Забур 17, 96, 137-бөлүмдөр). Ал эми дагы бирөөлөрү Кудайды кордук көргөн адамдарды жубатып, бузуку адамдарды жазалаган адилеттүү Кудай катары макташкан (Забур 10, 67, 145-бөлүмдөр).

Жахаба аны сүйгөндөргө жардам берип, жан дүйнөсүн тынчтандырат. Дөөтүнүн Жахабаны өз койлорун кайтарган, кам көргөн жана коргогон Койчу катары сүрөттөгөн 22-забуру көптөргө маалым болсо керек. Кудайдын кызматчылары 64-забурдун 3-аятынан Жахабанын «сыйынууну уга» турган Кудай экенин биле алышат. Ал эми олуттуу күнөө кылып алгандар Дөөтү жазган 38, 50-забурлардан анын олуттуу күнөөсү үчүн өкүнгөнү жана Кудайдын ага ырайым кыларына болгон ишеними жөнүндөгү чын жүрөктөн чыккан сөздөрүн окуп, жан дүйнөсүн тынчтандыра алышат. 54-забурдун 23-аятында болсо бизди Жахабага толук таянып, түйшүктөрүбүздү ага артууга үндөгөн сөздөр камтылган.

Жахаба Кудай Машаяк башкарган асмандагы өкмөтү аркылуу дүйнөдөгү абалды өзгөртөт. Забур китебинде жазылгандардын көбү алдын ала убада кылынган Падышага, тактап айтканда, Машаякка карата айтылган. 2-забурда ошол Падышанын ага каршы чыккан бузуку адамдарды жок кылары айтылат. Ал эми 71-забурдан Падыша ачарчылыкты, адилетсиздикти жана эзүүчүлүктү жоёрун биле алабыз. 45-забурдун 10-аятында Кудайдын Машаяк башкарган асман Падышалыгы аркылуу согуштарды токтотуп, бардык согуш куралдарын жок кылары баса белгиленет. Ошондой эле 36-забурдан зулум адамдардын жер үстүнөн жок болору, ал эми адилеттүү адамдардын тынчтыкта жана биримдикте түбөлүктөн түбөлүккө жер үстүндө жашаары жөнүндө окуйбуз.

Забур китебине негизделди.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай силерди жубата алат

Силер кездешип жаткан көйгөйлөр дүйнөдөгү миллиарддаган адамдардыкына караганда анча олуттуу эместей сезилеби?

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгынын Падышасы ким, ал Падышалык эмнени ишке ашырат?