Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 23-бөлүк

Жакшы кабар кеңири тарайт

Жакшы кабар кеңири тарайт

Элчи Пабыл жер-сууну кыдырып кабар айтат

ПАБЫЛ Исанын жолдоочусу болуп, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен тарата баштайт. Бир кездерде ошол кабардын таралышына өзү каршы болуп жүрсө, кийин ал кабарды өзү таратып, көптөгөн каршылыктарга кабылган. Талыкпаган элчи Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды алыскы жерлерге барып ар улуттагы адамдарга айтуу үчүн бир нече жолу саякат жасаган.

Биринчи жолку саякатында Листра шаарына келип, тубаса шал бир кишини айыктырат. Муну көргөн эл Пабылды жана аны менен бирге жүргөн Барнабаны кудай катары көрүп, даңазалап кыйкырышат. Пабыл менен Барнаба аларга арнап курмандык чалмакчы болгон элди араңдан зорго тыйышат. Бирок ошол эле эл Исанын жолдоочуларына каршы чыккандардын тукуруусу менен Пабылды ташбараңга алып, өлтүрдүк деген ойдо чала жан таштап салышат. Бирок Пабыл аман калат да, кийинчерээк ошол эле шаарга ишенимдештерин кайраттандырыш үчүн кайрылып келет.

Исаны жолдогон кээ бир жүйүттөр башка улуттагы ишенимдештери Мусанын айрым мыйзамдарына карманышы керек деп, талаш маселе көтөрүшөт. Көтөрүлгөн маселени чечүү үчүн Пабыл Иерусалимдеги элчилерге жана аксакалдарга жөнөйт. Алар Ыйык Жазманы кылдат изилдеп, Кудайдын ыйык рухунун жетеги астында бир бүтүмгө келишет. Анан ишенимдештерин буркандарга табынуудан, канды колдонуудан, арам өлгөн жаныбардын этин жегенден жана бузуктук кылуудан сактанууга чакырып, аларга кат жазышат. Катта алар ушул буйруктарга кармануу зарыл экенин, ал эми Мусанын мыйзамына карманууну талап кылуунун кажети жок экенин билдиришет (Элчилер 15:28, 29).

Пабыл экинчи саякатында Берояга (азыркы Грециянын аймагындагы шаарга) барган. Ал жерлик жүйүттөр Кудайдын Сөзүн жакшы угуп, Пабылдын айткандарынын чын-төгүнүн текшерүү үчүн Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдешкен. Пабыл ал жактан да каршылыкка дуушар болгондуктан, Афин шаарына кетет. Ал Афинде кабар айтып, илимдүү-билимдүү кишилердин алдында сөз сүйлөгөн. Пабыл аны угуп отургандарга сый-урмат көрсөтүп, кыраакылык менен, көркөмдөп сүйлөгөн.

Үчүнчү саякатынан кийин Пабыл Иерусалимге жөнөйт. Ал ибадатканага барганда, айрым жүйүттөр аны өлтүрмөкчү болушат. Римдик жоокерлер Пабылды алардын колунан куткарып калышат да, аны суракка алышат. Пабыл Римдин жараны катары кийинчерээк өз укугун Рим башкаруучусу Феликстин алдында коргойт. Ага айып таккан жүйүттөр анын күнөөлүү экенин далилдей алышкан эмес. Римдин башка башкаруучусу Фест аны жүйүттөрдүн колуна салып бербеши үчүн, Пабыл ага: «Цезардын сотун талап кылам!» — дейт. Фест болсо: «Цезардын сотун талап кылсаң, цезарга барасың»,— деп жооп берет (Элчилер 25:11, 12).

Ошентип, Пабылды кеме менен Италияга алып жөнөшөт. Жолдон кеме кыйроого учурагандыктан, аларга Мальта аралында кыштоого туура келет. Пабыл Италияга келип эки жыл ижарага алган үйдө жашап турат. Ал жоокерлердин кайтаруусу астында болсо да, ага келгендерге Падышалык жөнүндө айтып, ынталуулук менен кызматын уланта берген.

Элчилер 11:22—28:31-аяттарга негизделди.