Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 2-бөлүк

Бейиштен кол үзүшөт

Бейиштен кол үзүшөт

Козголоңчул бир периште Адам ата менен Обо энени Кудайдын башкаруусуна каршы чыгууга түрткөн. Натыйжада дүйнөгө күнөө менен өлүм кирген

КУДАЙ адамзатты жаратканга чейин көп убакыт мурун эле көзгө көрүнбөгөн рухий жаратууларды, атап айтканда, периштелерди жараткан. Кийинчерээк Шайтан жана Ибилис деген атка конгон бир периште куулук менен Обо энени Кудай тыюу салган бактын жемишинен жегенге азгырган.

Шайтан жылан аркылуу сүйлөп, Обо энеге Кудай андан жана анын күйөөсүнөн жакшы бир нерсени жашырып жатат деп ырастаган. Анын айтымында, Адам менен Обо тыюу салынган жемиштен жесе, өлүшмөк эмес. Мына ушундайча Шайтан Кудайды өзүнүн жердеги балдарын алдап жатат деп айыптаган. Жалганчы Шайтан Обого, эгер алар Кудайга баш ийбесе, караңгылыктан чыгып, эркиндикке ээ болушарын айтып кызыктырган. Бирок анын айткандарынын баары жалган болчу. Ошентип, Шайтан жалган айткандардын эң биринчиси болуп калган. Ал ушундайча Кудайдын эгедерлигине жана жогорку бийлигине байланыштуу талаш маселе көтөргөн. Башкача айтканда: «Кудай бийлик жүргүзүүгө укуктуубу, ошондой эле аң-сезимдүү жаратууларынын кызыкчылыктарын эске алып, адилеттүүлүк менен бийлик жүргүзөбү?» — деген суроону кабыргасынан койгон.

Обо эне Шайтандын калпына ишенип, дарактын жемишинен жегиси келе баштайт, акыры, алып жейт. Анан күйөөсүнө да берет, ал да жейт. Ошентип, алар Кудайдын алдында күнөө кетиришет. Бир караганда, олуттуу күнөөдөй көрүнбөгөнү менен, чынында, алардын кылганы Кудайга каршы чыккандыктын белгиси болчу. Кудайдын буйругуна билип туруп баш ийбей Адам менен Обо аларга бардыгын берген, анын ичинде жеткилең өмүрдү берген Жараткан Кудайдын бийлигин четке кагышкан.

Тукум «сенин башыңды жанчыйт, сен болсо анын согончогун чагасың» (Башталыш 3:15).

Кудай козголоңчуларды кылган иши үчүн жоопко тартып, жыланды, тактап айтканда, Шайтанды жок кыла турган Тукумдун — Куткаруучунун — келерин алдын ала айткан. Кудай Адам ата менен Обо энени шар эле жок кылып салбастан, убакыт берип, алардын төрөлө элек балдарына ырайым көрсөткөн. Алардын болочок балдарынын, ата-энесинен айырмаланып, келечекке болгон үмүтү бар эле. Себеби Кудай жибере турган Бирөө аларды Эйдендеги козголоңдун кесепетинен арылтмак. Кудайдын жибере турган Куткаруучусуна байланыштуу ой-ниети кандайча аткарылары жана ошол Куткаруучу ким болору Ыйык Китепте бара-бара ачылып берилген.

Кудай Адам менен Обону бейиштен кууп чыккан. Аларга Эйденден чыккандан кийин жанын багыш үчүн маңдай терин агызып оор эмгектенүүгө туура келген. Кийинчерээк Обонун боюна бүтүп, тун уулу Кабылды төрөйт. Алардын башка да уул-кыздары болгон. Мисалы, Абыл менен Шет. Шет болсо Нухтун чоң аталарынан болгон.

Башталыш китебинин 3—5-бөлүмдөрүнө жана Аян китебинин 12:9-аятына негизделди.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?

Ыйык Китепте Кудай жерди эмне үчүн жаратканы, азап-кайгыдан качан арыларыбыз, келечекте жер бейишке айланары жана анда кимдер жашай турганы жөнүндө жазылган.