Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?

 6-бөлүк

Аюб пайгамбар актыгынан жазган эмес

Аюб пайгамбар актыгынан жазган эмес

Шайтан Аюб Кудайдын алдында актыгын сактабайт деп ырастаган, бирок Аюб актыгынан жазган эмес

ДЕГЕЛЕ адам баласы башына кыйынчылык келгенде же Кудайга баш ийүүдөн эч кандай пайда жоктой сезилгенде Кудайга болгон берилгендигин сактайбы? Ушул суроонун көтөрүлүшү жана чечилиши Аюб деген пайгамбарга байланыштуу болгон.

Ысрайылдыктар Мисирде жүргөндө, Ыбрайымдын Аюб аттуу тууганы азыр Аравия деп белгилүү болгон жерде жашап турган. Ошол тапта асмандагы периштелер Кудай алдына чогулушат, алардын арасында козголоңчул Шайтан да бар эле. Кудай аларга берилгендигин сактап жашаган Аюбга ишенерин билдирип, андай кемчиликсиз бир да адам жок экенин айтат. Бирок Шайтан Кудайдын сөзүн четке кагып, Аюб Кудайга бата алып жатканы үчүн жана Ал аны колдоп-коргогону үчүн эле кызмат кылат деп ырастайт. Ошондой эле Шайтан, эгер Аюб колунда болгон нерселеринин баарынан айрылса, Кудайга тил тийгизет деген.

Ошондо Кудай Шайтанга Аюбду адегенде байлыгынан, анан балдарынан, андан соң ден соолугунан айрылтууга жол берет. Аюб мунун баарын Шайтан кылып жатканын билбегендиктен, Кудай эмне үчүн анын азап тартышына жол бергенин түшүнгөн эмес. Ошентсе да ал Кудайга акарат келтирген эмес.

Аюбга анын дос аталымыш болгон үч досу келет. Алар Аюбду жашыруун жасаган күнөөлөрү үчүн жазаланып жатат деген туура эмес ойго ишендирүүгө аракет кылышкан. Алардын сөздөрү Аюб китебине жазылып калган. Алар атүгүл Кудай өз кызматчыларынан жакшы нерсе таппайт, аларга ишенбейт деп айтышкан. Ал эми Аюб алардын жалган ырастоолорун четке кагып, өмүрү өткөнчө актыгынан жазбоого чечкиндүү экенин айткан.

Бирок Аюб өзүн ашыкча актап жаңылыштык кетирген. Ошондо Аюбдун жана анын досторунун айткан ар бир сөзүнө кулак түрүп отурган Элийу деген киши бир маалда үн катат. Ал Аюбдун жеке өз ысмына караганда Кудайдын эгедерлигин актоо алда канча жогору турарын аңдабаганын баса белгилеген. Ошондой эле анын дос сөрөйлөрүн да ашкерелеген.

Ошондо Жахаба Кудай Аюбга кайрылып, ага туура ой жүгүртүүгө жардам берген. Ал анын көңүлүн табияттагы көптөгөн керемет иштерге буруп, адам баласы улуу, кудуреттүү Кудай астында эч нерсе эмес экенин көрсөткөн. Аюб Кудайдын айткандарына момундук менен макул болгон. Жахаба «абдан боорукер, кайрымдуу» болгондуктан Аюбду оорусунан айыктырып, мурункудан эки эсе көп байлык берген. Ошондой эле Аюб Кудайдын батасы менен он балалуу болгон (Жакып 5:11). Оор сыноолорго карабай актыгынан жазбаган Аюб Шайтандын адам баласы башына кыйынчылык түшкөндө Кудайдан баш тартып кетет деген ырастоосунун жалган экенин ачыкка чыгарган.

Аюб китебине негизделди.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

«Кудай да адилетсизби?»

Жахаба адилетсиздикти жек көрсө, эмне үчүн анда дүйнө адилетсиздикке толгон?