Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла

 11-БӨЛҮК

Кудай биздин үнүбүздү угабы?

Кудай биздин үнүбүздү угабы?

Кудай тиленүүлөрүбүздү угат (1 Петир 3:12).

Жахаба — «тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай (Забур 65:2). Ал биздин чын жүрөктөн тиленишибизди каалайт.

Жахаба Кудайга гана тилен.

 Көп нерселер тууралуу тиленсек болот (1 Жакан 5:14).

Кудайдын эркинин асманда да, жерде да аткарылышы жөнүндө тилен.

Исанын атынан тилен. Ушундай кылуу менен Исанын сен үчүн кылгандарын баалаарыңды көрсөтөсүң.

Жахабадан жакшы иштерди кылганга жардам беришин сура. Ошондой эле тамак-аш, жумуш, турак-жай, кийим-кече жана ден соолугуң тууралуу да тиленсең болот.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло аласыңар?

Кудайдын кандай тиленүүлөрдү угары, кантип тилениш керектиги, Кудайга канткенде жакындай аларыбыз жөнүндө окуп көргүлө.