Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 7-БӨЛҮМ

Өмүрдү Кудай баалагандай баалайсыңбы?

Өмүрдү Кудай баалагандай баалайсыңбы?

«Өмүрдүн булагы сенде» (ЗАБУР 36:9).

1, 2. Кудай бизге кандай белек берген жана ал эмне үчүн бүгүнкү күндө өзгөчө баалуу?

АСМАНДАГЫ Атабыз бизди аң-сезимдүү, анын сапаттарын чагылдыра алгыдай кылып жараткан (Башталыш 1:27). Аң-сезим, чынында эле, баа жеткис белек. Анын жардамы менен биз Ыйык Китептеги принциптердин үстүнөн ой жүгүртө алабыз. Ал эми ал принциптерди колдонуунун аркасында рухий жактан жетилген, Жахабаны сүйгөн жана «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырган» адамдардан болобуз (Еврейлер 5:14).

2 Ыйык Китептеги принциптердин үстүнөн ой жүгүртө билүү азыркы заманда өзгөчө маанилүү. Анткени дүйнө ушунчалык татаалданып кеткендиктен, канчалык көп мыйзам чыгарылбасын, жашоодо кездешчү ар бир жагдай үчүн өзүнчө мыйзам ойлоп табуу мүмкүн эмес. Буга медицина тармагындагы маселелер, айрыкча, курамына кан кошулган дары-дармектер менен кан колдонулган процедураларга байланышкан маселелер далил боло алат. Кан туурасындагы суроолорго Жахабага баш ийүүнү каалагандардын баары өзгөчө көңүл бурушат. Эгер Кудайдын Сөзүндөгү бул маселеге тиешеси бар принциптерди терең түшүнсөк, акылдуу чечимдерди чыгарып, абийирибизди таза сактай алабыз жана Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз (Накыл сөздөр 2:6—11). Кел анда, ошол принциптердин айрымдарын карап көрөлү.

ӨМҮР МЕНЕН КАН ЫЙЫК

3, 4. Кандын ыйыктыгы жөнүндө биринчи жолу Ыйык Китептин кайсы жеринде айтылган жана мындай жыйынтыкка кайсы принциптердин негизинде келүүгө болот?

3 Кабыл Абылды өлтүргөндөн көп өтпөй, Жахаба кан менен  өмүрдүн ортосунда тыгыз байланыш бар экенин, алардын ыйык экенин баса белгилеген. Ал Кабылга: «Жерден бир тууганыңдын каны мага боздоп жатат»,— деген (Башталыш 4:10). Абылдын каны, Жахабанын көз карашы боюнча, анын мыкаачылык менен кыйылган өмүрүн билдирген. Ошондуктан Абылдын каны Кудайдан өч алууну сурап «боздоп жаткан» десек болот (Еврейлер 12:24).

4 Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суудан кийин Кудай адамдарга жан-жаныбарлардын этин жегенге уруксат берген, бирок алардын канын тамак-ашка колдонууга тыюу салган. Ал: «Денени жаны менен — каны менен — кошо жебегиле. Андан сырткары, мен каныңарды төккөн ар бир тирүү жанды жоопко тартам»,— деп айткан (Башталыш 9:4, 5). Бул буйрук Нух пайгамбардын урпактарынын баарына, алардын ичинде азыркы күндө жашап жаткандарына да тиешелүү. Ошондой эле ал Жахабанын Кабылга айткан сөздөрүндө камтылган ойду, башкача айтканда, ар бир тирүү жандын каны анын өмүрүн билдирерин ырастап турат. Андан тышкары, өмүрдүн булагы болгон Жахабанын кан менен өмүрдү баалабагандардын баарын жоопко тартарын көрсөтүп турат (Забур 36:9).

5, 6. Ысрайыл элине берилген Мыйзамда кандын ыйык жана баалуу экени кандайча көрсөтүлгөн? ( «Жаныбарларга кандай карышыбыз керек?» деген кутучаны да кара.)

5 Бул маанилүү эки чындык ысрайыл элине берилген Мыйзамда чагылдырылган. Мисалы, Лебилер 17:10, 11де: «Кимдир бирөө... кандайдыр бир кан жесе, мен ал кишиге каарымды төгөм, аны элинин арасынан жок кылам. Тирүү жандыктардын өмүрү канда, күнөөдөн арылышыңар үчүн мен канды курмандык жайында колдонууга белгиледим. Силер кан аркылуу күнөөдөн арыласыңар, анткени анда өмүр бар»,— деп жазылган *. ( «Кандын күнөөдөн арылтуучу күчү» деген кутучаны кара.)

6 Союлган жаныбардын курмандык жайында колдонулбаган каны жерге төгүлүшү керек болчу. Ошентип, өмүр  каймана мааниде анын баштапкы Ээсине кайтарылчу (Мыйзам 12:16; Жезекиел 18:4). Бирок, эске алчу нерсе, ысрайылдыктарга жаныбардын этинен канды кетирүүдө өтө эле түйшүктөнө берүүнүн зарылдыгы жок болчу. Эгер жаныбар тийиштүү түрдө союлуп, каны агызылган болсо, анын этин таза абийир менен жей беришкен. Анткени анын канын тийиштүү түрдө агызуу менен алар өмүр берүүчү Кудайга урмат көрсөтүшкөнүн билишчү.

7. Дөөтү канды ыйык эсептээрин кантип көрсөткөн?

 7 Кудайдын жүрөгүнө жаккан Дөөтү падыша анын канга байланышкан мыйзамындагы принципти жакшы түшүнгөн (Элчилер 13:22). Бир жолу ал абдан суусаганда, үч жоокери өмүрүн тобокелге салып, душмандын кошуунунан суу алып келип беришкен. Ошондо Дөөтү эмне кылган? Ал: «Өз өмүрүн тобокелге салган кишилердин канын кантип ичмек элем?» — деген. Анын көз карашы боюнча, үч жоокери алып келген суу алардын өмүрүн билдирген. Ошондуктан чаңкап турганына карабай, ал сууну «Жахабанын алдында жерге төгүп салган» (2 Шемуел 23:15—17).

8, 9. Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенден кийин Кудайдын өмүргө жана канга карата болгон көз карашы өзгөргөнбү? Түшүндүр.

8 Нух пайгамбарга канга байланыштуу буйрук берилгенден 2 400 жылдай, ал эми Мыйзам келишими түзүлгөндөн 1 500 жылдай өткөндөн кийин, Жахаба Исанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышынын жетектөөчү кеңешине төмөнкүдөй сөздөрдү жаздырткан: «Ыйык рух жана биз силерге төмөнкү зарыл нерселерден сырткары кошумча жүк жүктөбөөнү туура деп таптык: арам өлгөн жаныбардын этин жегенден, буркандарга багышталган нерселерди, канды колдонуудан жана бузуктук кылуудан качкыла» (Элчилер 15:28, 29).

9 Ошол убактагы жетектөөчү кеңештин кандын ыйык экенин жана аны туура эмес колдонуу бурканга табынуучулук, бузуктук сыяктуу олуттуу күнөөлөргө кирерин түшүнгөнү шексиз. Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары да ушундай көз карашка карманышат. Ошондой эле алар Ыйык Китептеги принциптерге жетектелгендиктен, канды колдонууга байланыштуу Жахабага жаккандай чечим чыгара алышат.

КАНДЫН МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУЛУШУ

Кандын фракцияларын колдонууга кандай караарымды догдурума кантип түшүндүрүп берем?

10, 11. а) Жахабанын Күбөлөрү накта канды жана анын негизги компоненттерин куйдурууга кандай карашат? б) Кайсы учурларда алардын көз карашы ар башка болушу мүмкүн?

10 Жахабанын Күбөлөрү «канды колдонуудан... качуу» деген сөздөр аны куйдуруудан жана донор катары кан тапшыруудан же өзүнүн канын кийин куйдуруу үчүн башка бир жерде сактоодон качууну билдирерин түшүнүшөт. Кудайдын  мыйзамына баш ийгендиктен алар кандын негизги төрт компонентин: эритроциттерди, лейкоциттерди, тромбоциттерди жана плазманы да куйдурушпайт.

11 Бүгүн кандын бул негизги компоненттерин кайра иштетүү аркылуу көптөгөн фракциялар бөлүнүп алынып, ар кандай жолдор менен колдонулууда. Жахабанын Күбөсү андай фракцияларды колдонобу? Аларды «кан» деп эсептейби? Муну ар ким өзү чечиши керек. Адамдын өзүнүн каны колдонулуучу гемодиализ, гемодилюция, реинфузия (канды үнөмдөө) сыяктуу медициналык процедураларга байланыштуу да ушуну айтууга болот. Бирок андай процедуралардын учурунда анын каны бир жерде убактылуу сакталып турбашы керек. («Тиркемедеги» «Кандын фракциялары жана хирургиялык процедуралар» деген теманы кара.)

12. Абийирге жараша чече турган маселелерге кандай карашыбыз керек?

12 Ар ким өзү чече турган маселелер Жахабанын алдында  анча маанилүү эмеспи? Жок. Жахаба биздин ой-ниеттерибизге абдан кызыгат. (Оку: Накыл сөздөр 17:3; 24:12.) Ошондуктан кайсы бир дары-дармек же медициналык процедура жөнүндө тиленүү менен изилдөө жүргүзгөндөн кийин Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизге жараша иш кылышыбыз кажет (Римдиктер 14:2, 22, 23). Албетте, андайда башкалар өз көз карашын таңуулабашы абзел. Биз да алардан: «Менин ордумда болсоң, эмне кылат элең?» — деп сурабашыбыз керек. Андай учурларда Кудайдын ар бир кызматчысы «өз жүгүн өзү көтөрүүгө» тийиш * (Галатиялыктар 6:5; Римдиктер 14:12). ( «Канды ыйык эсептейминби?» деген кутучаны кара.)

ЖАХАБАНЫН МЫЙЗАМДАРЫ АНЫН АТАЛЫК СҮЙҮҮСҮН ДАЛИЛДЕП ТУРАТ

13. Жахабанын мыйзам-принциптеринен ал жөнүндө эмнени билүүгө болот? Мисал менен түшүндүр.

13 Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерден Жахабанын акылман Мыйзам Чыгаруучу жана балдарынын жыргалчылыгын көздөгөн мээримдүү Ата экенин билүүгө болот (Забур 19:7—11). Канды колдонбоого карата берилген буйрук ден соолукка байланыштуу берилбесе да, ага баш ийүү кан куйдуруунун ар кандай терс натыйжаларынан сактайт (Элчилер 15:20). Азыр медицина тармагындагы көптөгөн адистер кансыз хирургияны медициналык жардам көрсөтүүнүн эң мыкты жолу деп эсептешет. Жахабанын кызматчылары андай ой-пикирлерди анын чексиз акылман, мээримдүү Ата экенин ырастаган дагы бир далил катары көрүшөт. (Оку: Ышая 55:9; Жакан 14:21, 23.)

14, 15. а) Кудайдын өз элине болгон сүйүүсүн кайсы мыйзамдары көрсөтүп турат? б) Коопсуздук үчүн берилген ал мыйзамдарда камтылган принциптерди кантип колдонсоң болот?

14 Кудайдын өз элинин жыргалчылыгын көздөй турганын байыркы ысрайыл элине берген көптөгөн мыйзамдары көрсөтүп турат. Мисалы, ал ысрайылдыктардан, кырсыктын алдын алуу үчүн, үйүнүн үстүн айландыра тосуп коюуну талап кылган, анткени үйдүн үстүндө алар көп иштерди  жасашчу (Мыйзам 22:8; 1 Шемуел 9:25, 26; Некемия 8:16; Элчилер 10:9). Ошондой эле сүзөнөөк буканы бош коё бербөөнү да буйруган (Чыгуу 21:28, 29). Ким бул талаптарга көңүл бурбаса, башкаларды ойлобогонун көрсөтмөк жана кандын төгүлүшүнө себепкер болуп калмак.

15 Бул мыйзамдарда камтылган принциптерди кантип колдонсоң болот? Мисалы, машинең, аны кантип айдап жүргөнүң, корооңдогу жан-жаныбарларың, үйүң, иштеген жериң жана тандаган көңүл ачууларың жөнүндө ойлонуп көр. Айрым өлкөлөрдө жаштар, негизинен, ар кандай кырсыктардан улам өлүмгө дуушар болушат жана буга көбүнчө алардын өз өмүрүн тобокелге салганы себеп болот. Бирок Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоону каалаган жаштар өмүрдү жогору баалагандыктан кооптуу жолдор менен көңүл ачышпайт. Ошондой эле алар «эч кандай зыянга учурабайм» деген сыяктуу акылсыз ойлорго алдырышпайт, тескерисинче, залакалуу нерселерден алыс болуп, жаштыгын кубанычтуу өткөрүшөт (Насаатчы 11:9, 10).

16. Ыйык Китептеги кайсы принцип бойдон алдыруунун туура эмес экенин көрсөтүп турат? (Шилтемени да кара.)

16 Кудай төрөлө элек баланын да өмүрүн жогору баалайт. Алсак, байыркы Ысрайылда кимдир бирөө боюнда бар аялды түртүп жиберип, аялдын өзү же боюндагы баласы өлүп калса, Кудай ал адамды киши өлтүргүч катары эсептеп, андан «жанга жан» беришин талап кылчу *. (Оку: Чыгуу 21:22, 23.) Андыктан керт башынын кызыкчылыгын ойлогондордун же жыныстык жактан эркин жашагысы келгендердин айынан жыл сайын канча деген ымыркайдын бойдон алдырылып жатканын көргөндө Жахабанын кандай сезимде болорун элестетсең.

17. Кудайдын нормаларын билгенге чейин боюнан алдыргандарды кантип сооротсоң болот?

17 Ыйык Китептеги чындыкты билгенге чейин боюнан алдыргандар жөнүндө эмне айтууга болот? Кудай аларды  кечиреби? Албетте. Жахаба күнөөсү үчүн чындап өкүнгөндөрдү Исанын төгүлгөн канынын негизинде кечирет (Забур 103:8—14; Эфестиктер 1:7). Буга байланыштуу Машаяк да: «Мен өкүнүүгө адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деген (Лука 5:32).

 ЗЫЯНДУУ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮДӨН КАЧ

18. Ыйык Китепте кандын төгүлүшүнүн негизги себеби кандайча көрсөтүлгөн?

18 Жахаба башкаларга зыян кылбашыбызды гана эмес, жүрөгүбүздөн кандын төгүлүшүнүн негизги себебин — жек көрүүчүлүктү — жок кылышыбызды да каалайт. Элчи Жакан: «Бир тууганын жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч»,— деп жазган (1 Жакан 3:15). Андай адам бир тууганын жаман көрүп эле койбостон, анын өлүмүн да каалайт. Анын жек көрүүсү Кудай соттой турган иштерди кылганынан, айталы, бир тууганы жөнүндө ушак таратканынан же ага жалаа жапканынан көрүнүшү мүмкүн (Лебилер 19:16; Мыйзам 19:18—21; Матай 5:22). Ошондуктан жүрөгүбүздөгү бардык жамандыкты жок кылганыбыз кандай гана маанилүү (Жакып 1:14, 15; 4:1—3).

19. Ыйык Китептеги принциптерге жетектелгендер Забур 11:5теги жана Филипиликтер 4:8, 9дагы сөздөрдөн эмнелерди биле алышат?

19 Өмүрдү Жахаба баалагандай баалагандар жана анын сүйүүсүнөн айрылбоону каалагандар зордук-зомбулуктун бардык түрүнөн качышат. Забур 11:5те: «Зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү анын [Жахабанын] жаны жек көрөт»,— деп жазылган. Бул аятта Жахабанын кандай Кудай экени жөнүндө айтылгандан сырткары, биз үчүн жетекчилик камтылган. Ошондой эле бул сөздөр Кудайды сүйгөндөрдү зордук-зомбулукту жакшы көрүүгө түрткөн көңүл ачуулардын бардык түрүнөн качууга үндөйт. Ал эми Жахабанын «тынчтыктын Кудайы» деп аталганы анын кызматчылары акылы менен жүрөгүн тынчтыкка өбөлгө түзө турган нерселерге — жакшылыкка жаткан, сүйүүгө жана мактоого татыктуу нерселерге — толтурушу керектигин көрсөтүп турат. (Оку: Филипиликтер 4:8, 9.)

КАНДЫН ТӨГҮЛҮШҮНӨ СЕБЕПКЕР БОЛГОН УЮМДАРДАН АЛЫС БОЛ

20—22. Исанын жолдоочулары дүйнөгө карата кандай көз карашта жана эмне үчүн?

20 Кудайдын көз карашы боюнча, кандын төгүлүп жатканына Шайтандын дүйнөсү себепкер. Анын Ыйык Китепте жырткычка салыштырылган саясий түзүлүшүнүн айынан  миллиондогондор, алардын ичинде Жахабанын көптөгөн кызматчылары өмүрүнөн айрылууда (Даниел 8:3, 4, 20—22; Аян 13:1, 2, 7, 8). Ал эми илим менен коммерциялык түзүлүш жырткычка окшогон саясий күчтөр менен тыгыз кызматташып, үрөй учурарлык курал-жарактарды ойлоп табуунун аркасында чоң пайда көрүүдө. Ооба, «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенине» шек жок (1 Жакан 5:19).

21 «Бул дүйнөгө таандык болбогондуктан» жана саясий иштер менен согуштарга катышпагандыктан Кудайдын кызматчылары кандын төгүлүшүнө жекече да, топ катары да эч качан күнөөлүү болушпайт * (Жакан 15:19; 17:16). Исадан үлгү алгандыктан алар, башкалар куугунтуктаганда, жооп иретинде зордук-зомбулук көрсөтүшпөйт. Тескерисинче, душмандарына сүйүү көрсөтүшөт, атүгүл алар үчүн тиленишет (Матай 5:44; Римдиктер 12:17—21).

22 Андан тышкары, алар кандын төгүлүшүнө баарынан көп күнөөлүү болгон «Улуу Бабыл» менен — жалган  диндин дүйнөлүк империясы менен — байланышуудан качышат. Кудайдын Сөзүндө айтылгандай, «Улуу Бабылдан» «пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын каны табылган». Ошондуктан бизге: «Элим,.. андан чык»,— деген буйрук берилген (Аян 17:6; 18:2, 4, 24).

23. Улуу Бабылдан чыгуу эмнени билдирет?

23 Улуу Бабылдан чыгуу жалган дин менен болгон байланышты толугу менен үзүүдөн да көптү билдирет. Бул жалган дин көз жумуп жаткан же ачык эле колдогон адеп-ахлаксыздык, саясатка кийлигишүү, байлыктын артынан сая түшүү сыяктуу жаман иштерди жек көрүүнү да камтыйт. (Оку: Забур 97:10; Аян 18:7, 9, 11—17.) Себеби андай иштер көп учурда кандын төгүлүшүнө алып барат.

24, 25. а) Кандын төгүлүшүнө катышканына өкүнгөн адамга Кудай эмненин негизинде ырайым кылат? б) Бул эмнени эсибизге салат?

24 Кудайга арналып, чөмүлгөнгө чейин баарыбыз кандайдыр бир жол менен Шайтандын дүйнөсүн колдоп, кайсы бир деңгээлде кандын төгүлүшүнө катышып келгенбиз. Бирок жүрүм-турумубузду өзгөртүп, Машаяктын куткаруу курмандыгына ишеним өрчүткөндүктөн жана өмүрүбүздү Кудайга арнагандыктан, ал бизге ырайым кылып, рухий жактан коргоп жатат (Элчилер 3:19). Мындай коргоо байыркы убактагы баш калкалоочу шаарларды эсибизге салат (Сандар 35:11—15; Мыйзам 21:1—9).

25 Ал шаарлар адамды кандайча коргогон? Эгер кайсы бир ысрайылдык кокусунан киши өлтүрүп алса, ошол шаарлардын бирине качып барышы керек болчу. Дайындалган соттор анын ишин карап, чечим чыгаргандан кийин, ал, башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин, ошол шаарда жашоого тийиш эле. Ал эми башкы дин кызматчы өлгөндөн кийин, каалаган жагына кете алчу. Мындан Кудайдын ырайымдуу экени жана адамдын өмүрүн жогору баалаары айкын көрүнүп турат. Өмүр менен канды ыйык тутууга карата берилген буйрукту байкабай бузуп алып, өлүмгө дуушар болбошубуз үчүн, Жахаба, байыркы убакта баш калкалоочу шаарлардын болушуна кам көргөндөй эле, бүгүн  да бизди Машаяктын куткаруу курмандыгынын негизинде коргойт. Бул үчүн сен Кудайга ыраазысыңбы? Ыраазы экениңди кантип көрсөтсөң болот? Мунун бир жолу — башкаларды Кудайдын бизди коргоо үчүн кандай чара көргөнүн түшүнүп, ошого ылайык иш кылууга чакыруу. Бул «улуу алаамат» тездик менен жакындап келаткан азыркы убакта өзгөчө маанилүү (Матай 24:21; 2 Корунттуктар 6:1, 2).

ӨМҮРДҮ БААЛАП, ПАДЫШАЛЫК КАБАРЫН ЖАРЫЯЛА

26—28. Биздин кызматыбыз Жезекиел пайгамбардыкына эмнеси менен окшош жана Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн дагы эмне кылышыбыз керек?

26 Учурда Кудайдын эли аткарып жаткан иш Жезекиел пайгамбардын кызматын эсибизге салат. Жахаба аны каймана мааниде ысрайыл элине сакчы кылып дайындап: «Оозуман чыккан сөздү угуп, аларга менин атыман эскертип айтышың керек»,— деген. Эгер Жезекиел өзүнө тапшырылган ишти аткарбаса, Иерусалим жоопко тартылган убакта анын тургундарынын каны үчүн күнөөлүү болуп калмак (Жезекиел 33:7—9). Бирок ал Кудайга тил алгандыктан кандын төгүлүшүнө себепкер болгон эмес.

27 Азыр биз Шайтандын дүйнөсү толугу менен жок кылына турган убакта жашап жатабыз. Ошондуктан биз үчүн, Жахабанын Күбөлөрү үчүн, анын «өч алар күнүн жарыялоо» жана Падышалык жөнүндө кабар айтуу милдет да, сыймык да болуп эсептелет (Ышая 61:2; Матай 24:14). Бул маанилүү ишке сен да толук катышып жатасыңбы? Элчи Пабыл кабар айтуу ишине олуттуу караган. Ошол себептен ал: «Мен эч кимдин канына забын эмесмин, анткени силерге Кудайдын эркин толугу менен жарыялоодон баш тарткан жокмун»,— деп айта алган (Элчилер 20:26, 27). Бул биз үчүн кандай сонун үлгү!

28 Албетте, Жахабанын аталык сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн өмүргө жана канга карата аныкындай көз карашта болуу жетишсиз. Кийинки бөлүмдө талкуулай турганыбыздай, биз анын көз алдында таза, ыйык болушубуз керек.

^ 5-абз. «Тирүү жандыктардын өмүрү канда»,— деген сөздөргө байланыштуу бир журналда: «Каймана маанисин албаганда, бул сөздөрдүн түзмө-түз маанисинин туура экени талашсыз: өмүр үчүн кандын клеткасынын ар бир түрү зарыл»,— делет («Scientific American»).

^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү чыгарган «Күзөт мунарасы» журналынын 2004-жылдын 1-июлундагы санын кара (13—18-б.).

^ 16-абз. Ыйык Китепти иликтеген лексикографтардын ырастоосу боюнча, еврей текстинде колдонулган сөздөр «аялга гана зыян келтирилгенин билдирбейт». Дагы бир эске алчу нерсе, Жахабанын андай өкүмдү түйүлдүккө канча убакыт болгонуна карап чыгарганы жөнүндө Ыйык Жазмада эч нерсе айтылбайт.

^ 70-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Тиркемедеги» «Кандын фракциялары жана хирургиялык процедуралар» деген теманы кара.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмне үчүн ыйык болушубуз керек?

Лебилер китебин окуганда түшүнбөй калган же тажап кеткен учурларың болду беле? Андагы баалуу ойлор сага ыйык болууга жардам берет.