Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 4-БӨЛҮМ

Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?

Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?

«Бардык адамдарды урматтагыла» (1 ПЕТИР 2:17).

1, 2. а) Бийликти урматтоого байланыштуу кээде кандай кыйынчылык туулат? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

АЙТЫЛГАН нерсени жасагысы келбегенде кичинекей баланын эмне кыларын байкап көрдүң беле? Макул болгусу келбей, кыйналып жатканын жүзүнөн эле билүүгө болот. Ал ата-энесинин эмне дегенин угуп турса да жана аларга баш ийиши керектигин билсе да, тил алгысы келбейт. Кээде биз да ошентебиз.

2 Бийликти урматтоо биз үчүн дайыма эле оңойго тура бербейт. Сенин үстүңөн кандайдыр бир бийлиги бар адамдарды урматтоо кээде кыйын болорун байкадың беле? Мындай сезим менен башкалар да күрөшүп келет. Биз бийликтин баркы дээрлик жок болуп калган убакта жашап жатабыз. Ошентсе да Ыйык Китепте бийлиги барларды урматташыбыз керектиги айтылат (Накыл сөздөр 24:21). Кудайдын сүйүүсүнөн айрылгыбыз келбесе, бул талапка ылайык иш кылышыбыз керек. Андыктан төмөнкү суроолорду карап чыкканыбыз маанилүү: эмне үчүн кээде бийликти урматтоо кыйынга турат? Эмне себептен Жахаба бизден бийликти урматтоону талап кылат жана бул талапты аткарууга эмне жардам берет? Бийликти урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЙЫН?

3, 4. Күнөө менен жеткилеңсиздик кантип пайда болгон жана эмне үчүн жеткилеңсиздигибиз бийликти урматтоого тоскоолдук кылат?

3 Кел, азыр бийлиги барларды урматтоо кайсы эки себептен улам кыйынга турарын кыскача карап көрөлү. Биринчиден, биз жеткилең эмеспиз; экинчиден, бийлиги барлар да  жеткилең эмес. Тээ Эйден багында Адам ата менен Обо эне Кудайдын бийлигине каршы чыккандан тартып, адамдар күнөөкөр, жеткилеңсиз болуп калышкан. Ошентип, козголоңдун айынан күнөө пайда болгон. Ошондуктан адамдар төрөлгөнүнөн эле тил албоого жакын келишет (Башталыш 2:15—17; 3:1—7; Забур 51:5; Римдиктер 5:12).

4 Жеткилеңсиз болгондуктан көбүбүз оңой эле бой көтөрүп, текеберденип кетишибиз мүмкүн, ал эми сейрек кездешүүчү момундук сапатын өрчүтүп, сакташ үчүн бизден көп күч-аракет талап кылынат. Атүгүл Кудайга көп жыл бою ишенимдүү кызмат кылып келатып деле кежир, бой көтөрчөөк болуп калышыбыз ыктымал. Мисалга Коракты алалы. Ал Жахабанын эли менен бирге далай кыйынчылыктарга туруштук берген. Бирок бара-бара көбүрөөк бийликке ээ болгусу келе баштагандыктан элди ошол кезде жашаган эң жумшак кишиге, Муса пайгамбарга, каршы чыгууга тукуруп, жүзү каралык кылган (Сандар 12:3; 16:1—3). Ошондой эле Узия падышаны да эстесең. Бой көтөрүп кеткендиктен ал Жахабанын ибадатканасына кирип, дин кызматчыларга гана таандык болгон ыйык ишти аткарууга батынган (2 Жылнаама 26:16—21). Мындай кишилердин баары бийликке каршы чыгышканы үчүн тийиштүү жазасын алышкан. Анткен менен алардын катасынан ар бирибиз сабак алсак болот. Биз бийликти урматтоого тоскоол болгон текебердик сапаты менен күрөшүшүбүз керек.

5. Жеткилең эмес адамдар бийлигин кантип туура эмес колдонушкан?

5 Бийлиги бар жеткилең эмес адамдардын өздөрү да көп жаман иштерди жасап, бийликтин баркын кетиришкен. Алсак, далайлары ырайымсыз, өктөм болушат жана башкаларды кордошот. Адамдар бийликти кыянат пайдаланган учурлар тарыхта абдан көп болгон. (Оку: Насаатчы 8:9.) Мисалы, Жахаба Шабулду падыша болууга тандаганда, ал жакшы, момун киши болчу. Бирок кийин бой көтөрүүчүлүккө, көрө албастыкка алдырып, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы Дөөтүнү куугунтуктай баштаган (1 Шемуел 9:20, 21; 10:20—22; 18:7—11). Кийинчерээк Дөөтү Ысрайылдагы  эң жакшы падышалардын бири болгон. Бирок ал да хеттик Урийдин аялын билгизбей тартып алып, эч күнөөсү жок Урийдин өзүн, майданда каза болушу үчүн, катуу салгылаш болуп жаткан жерге жиберүү менен бийлигин кыянат пайдаланган (2 Шемуел 11:1—17). Ооба, жеткилеңсиз болгондуктан адамдар үчүн бийлигин туура колдонуу оңой эмес. Эгер алар Жахабаны урматтабаса, бийлигин ого бетер туура эмес колдонушат. Британиялык бир мамлекеттик ишмер католик дининин айрым жетекчилеринин айынан кантип чоң куугунтук башталганын баяндагандан кийин: «Колго тийген бийлик адамды бузат. Чеги жок бийлик чексиз бузат»,— деп жазган. Ушулардан улам: «Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?» — деген суроону карап чыкканыбыз маанилүү.

ЭМНЕ ҮЧҮН БИЙЛИКТИ УРМАТТОО КЕРЕК?

6, 7. а) Жахабага болгон сүйүүбүз эмне кылууга түрткү берет жана эмне үчүн? б) Баш ийүү эмнени билдирет?

6 Бийликти урматтоого бизге биринчи кезекте сүйүү түрткү берет. Биз Жахабаны, жакындарыбызды жана өзүбүздү сүйөбүз. Кудайды баарынан жакшы көргөндүктөн анын жүрөгүн кубантууну каалайбыз. (Оку: Накыл сөздөр 27:11; Марк 12:29, 30.) Биз Эйден багындагы окуядан тартып Жахабанын эгедерлигине, ааламды башкарууга укуктуу экенине, шек туулганын, ошондой эле адамдардын көбү анын бийлигин четке кагып, Шайтанды колдоп жатканын билебиз. Ошондуктан Жахаба тарапта турганыбызга абдан кубанычтабыз жана Аян 4:11деги жүрөк козгоорлук сөздөргө чын дилден кошулабыз. Биз Жахабанын ааламдын толук укуктуу Башкаруучусу экенине эч шектенбейбиз. Күн сайын анын бийлигине баш ийүү менен эгедерлигин колдоорубузду көрсөтөбүз.

7 Кудайдын бийлигин урматтоо жеңил болгондо гана тил алууну билдирбейт. Жахабаны сүйгөндүктөн биз ага чын көңүлдөн тил алабыз. Бирок кээде тил алуу абдан кыйын болгон учурлар да болот. Андайда, биринчи абзацта сөз кылынган бала баш ийиши керек болгондой эле, биз да баш ийишибиз керек. Биз Иса Машаяктын абдан кыйын болгондо  да Атасынын эркине баш ийгенин билебиз. Ал Атасына: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп айткан (Лука 22:42).

8. а) Жахабанын бийлигине баш ийүү бүгүн эмнени билдирет жана анын буга кандай караарын кайдан билебиз? б) Кеңештерди, насааттарды кабыл алууга эмне жардам берет? ( «Кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал» деген кутучаны кара.)

8 Жахаба бүгүн биз менен түзмө-түз сүйлөшпөйт; бул үчүн ал өзүнүн Сөзүн жана жердеги өкүлдөрүн колдонот. Ошондуктан Жахаба биздин үстүбүздөн бийлик кылууга дайындаган же бийлик кылышына жол берген адамдарга баш ийүү менен анын бийлигин урматтаарыбызды көрсөтөбүз. Эгер аларга каршы чыксак, айталы, Ыйык Китепке негизделген кеңештерин, насааттарын четке каксак, Кудайды капалантабыз. Мисалы, ысрайыл эли наалып, Муса пайгамбарга каршы чыкканда, Жахаба ал ишти өзүнө каршы жасалгандай кабыл алган (Сандар 14:26, 27).

9. Эмне себептен жакындарыбызга болгон сүйүү бизге бийликти урматтоого түрткү берет? Мисал менен түшүндүр.

9 Биз бийликти жакындарыбызды сүйгөндүктөн да урматтайбыз. Кандайча? Мисалы, сен аскер бөлүгүндөгү жоокерлердин бирисиң дейли. Аскер бөлүгүндөгүлөрдүн ийгиликке жетиши, атүгүл аман калышы ар бир жоокердин өзүнөн жогору тургандар менен кызматташып, аларга тил алганынан жана баш ийгенинен көз каранды. Эгер тил албай, тартипти бузсаң, башка жоокерлердин баарын коркунучка дуушар кылышың мүмкүн. Бүгүнкү күндө адамдар башкарган аскерлердин төбө чачты тик тургузган иштерди кылып, дүйнөгө бүлгүн салып жатканына кошулат чыгарсың. Жахабанын аскерлери болсо адамдарга пайда гана алып келет. Ыйык Китепте «асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» деген сөз айкашы жүздөгөн жолу кездешет (1 Шемуел 1:3). Ооба, Кудай — кубаттуу периштелерден турган чоң аскердин Башчысы. Кээде ал жердеги кызматчыларын да аскерге салыштырат (Забур 68:11; Жезекиел 37:1—10). Эгер Жахаба биздин үстүбүздөн бийлик кылууга дайындаган адамдарга каршылык көрсөтсөк, биз менен чогуу рухий согушка катышып жаткандарды коркунучка дуушар  кылбайбызбы? Жыйналыштан кимдир бирөө аксакалдарга каршы чыкса, башка бир туугандар да кыйналышы мүмкүн (1 Корунттуктар 12:14, 25, 26). Бала ээн баш болсо, бүт үй-бүлөсү кыйналышы ыктымал. Ошондуктан биз жакындарыбызды сыйлап, кызматташуу менен аларды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз.

10, 11. Эмне үчүн кандайдыр бир деңгээлде өзүбүздүн пайдабызды ойлоо да бийликти урматтоого түрткү берет?

10 Бийликке баш ийүү өзүбүзгө пайда алып келгендиктен да аны урматтайбыз. Жахаба бийликти урматташыбыз керектигин айтканда, адатта, мунун бизге кандай пайдаларды алып келерин да айтып өтөт. Мисалы, ал балдарга узак өмүр сүрүшү жана өздөрүнө жакшы болушу үчүн ата-энесине тил алышы керектигин айтат (Мыйзам 5:16; Эфестиктер 6:2, 3). Ошондой эле бизге рухий жактан зыян тартпашыбыз үчүн жыйналыштын аксакалдарын урматташыбыз керектигин эскертет (Еврейлер 13:7, 17). Андан сырткары, мамлекеттик бийликтерге баш ийүү бизди коргой турганын да айтат (Римдиктер 13:4).

 11 Жахабанын эмне себептен тил алчаак болушубузду каалаарын билүү бийликти урматтоого жардам берерине кошулбайсыңбы? Кел анда, азыр бийликти урматтаарыбызды жашообуздун негизги үч тармагында кантип көрсөтө аларыбызды талдап чыгалы.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ

12. Жахаба үй-бүлөдө эркекке кандай бийлик берген жана ал аны кантип колдонот?

12 Үй-бүлөнү Жахаба өзү негиздеген. Тартиптин Кудайы болгондуктан ал үй-бүлөнү кубаныч тартуулагыдай кылып түзгөн (1 Корунттуктар 14:33). Жахаба эркектерге үй-бүлө башчысы катары бийлик кылуу укугун берген. Күйөө өзүнүн Башчысын, Иса Машаякты, урматтаарын анын жыйналышка бийлик жүргүзүүдө чагылдырган сапаттарын тууроо менен көрсөтөт (Эфестиктер 5:23). Ошондуктан ал жоопкерчиликтеринен качпай, аларды чечкиндүүлүк менен аткарат. Андай күйөө өктөм же орой болбой, мээримдүү, эстүү, боорукер болууга умтулат. Ал бийлигинин чектелүү экенин, башкача айтканда, Жахабаныкынан төмөн турарын эч качан унутпайт.

Үй-бүлөсүнө башчылык кылууда эркек Машаяктан үлгү алат

13. Канткенде аял өзүнүн милдетин Жахабага жаккандай аткара алат?

13 Аял — күйөөсүнүн жардамчысы жана толуктоочусу. Ыйык Китепте эненин «үйрөткөн мыйзамы» тууралуу айтылат. Мындан үй-бүлөдө аялга да бийлик берилгенин билсек болот (Накыл сөздөр 1:8). Бирок, албетте, анын бийлиги күйөөсүнүкүнөн  төмөн турат. Жахабага кызмат кылган аял күйөөсүнүн бийлигин урматтаарын ага үй-бүлөдөгү башчылык милдетин аткарууга жардам берүү менен көрсөтөт. Ал күйөөсүн кемсинтпейт, ага амалкөйлүк менен таасир этүүгө же аны башкарып алууга умтулбайт. Аны менен кызматташып, колдоо көрсөтөт. Күйөөсүнүн чечимдери жакпай калганда ал өзүнүн оюн сылыктык менен айтса болот, бирок ошондо да ага баш ие берет. Эгер күйөөсү Исанын жолдоочусу болбосо, аял кыйынчылыктарга туш болушу ыктымал. Бирок анын дайыма баш ийгенин көрүп, күйөөсү Жахабага жакындоого түрткү алышы мүмкүн. (Оку: 1 Петир 3:1.)

14. Балдар ата-энесин жана Жахабаны канткенде кубанта алышат?

14 Балдар ата-энесинин тилин алуу менен Жахабанын жүрөгүн сүйүнтүшөт. Ошондой эле ата-энесин да кубантып, алардын баркын көтөрөт (Накыл сөздөр 10:1). Жалгыз бой эне же ата тарбиялап жаткан балдар атасы же энеси алардын колдоосуна, кызматташуусуна көбүрөөк муктаж болорун түшүнгөндүктөн аларга баш ийишет. Ооба, үй-бүлөнүн  ар бир мүчөсү Кудай берген милдеттерин аткарса, үй-бүлөдө кубаныч, ынтымак өкүм сүрөт. Ал эми бул үй-бүлөнүн Негиздөөчүсүн — Жахаба Кудайды — даңктайт (Эфестиктер 3:14, 15).

ЖЫЙНАЛЫШТА

15. а) Жахабанын бийлигин урматтаарыбызды жыйналышта кантип көрсөтөбүз? б) Жетекчиликти колго алгандардын тилин алууга кайсы принциптер жардам берет? ( «Жетекчиликти колго алгандарга тил ал» деген кутучаны кара.)

15 Жахаба Уулун жыйналыштын Башчысы кылып дайындаган (Колосалыктар 1:13). Ал эми Иса Машаяк Кудайдын элине рухий жактан кам көрүүнү «ишенимдүү жана акылдуу кулуна» тапшырган (Матай 24:45—47). Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши ошол «ишенимдүү жана акылдуу кул» катары кызмат кылат. 1-кылымдагыдай эле, азыр да жыйналыштын аксакалдары Жетектөөчү Кеңештен түзмө-түз же анын өкүлдөрү, мисалы, кыдыруучу көзөмөлчүлөр аркылуу көрсөтмөлөр менен кеңештерди алып турушат. Андыктан аксакалдардын бийлигин урматтасак, Жахабага тил алганыбызды көрсөтөбүз. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:12; Еврейлер 13:17.)

16. Кандайча аксакалдар ыйык рух аркылуу дайындалат?

16 Аксакалдар менен кызмат жардамчылары — жеткилең эмес адамдар. Биз сыяктуу эле алар да ката кетиришет. Ошентсе да аксакалдар жыйналыштын рухий жактан бекем болушуна кам көрүү үчүн берилген «адам түрүндөгү белектер» болуп эсептелет (Эфестиктер 4:8). Алар ыйык рух аркылуу дайындалат (Элчилер 20:28). Кандайча? Аксакалдыкка сунуш кылынган бир тууган биринчи кезекте Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги талаптарга жооп бериши керек (1 Тиметей 3:1—7, 12; Тит 1:5—9). Андан тышкары, анын талаптарга канчалык жооп берерин аныктап жатканда аксакалдар Жахабадан ыйык руху аркылуу жетектешин сурап, чын жүрөктөн тиленишет.

17. Жыйналыштагы иштерди аткарып жатканда эмне үчүн кээде аял киши баш кийим кийип алышы керек?

17 Айрым учурларда жыйналышта аксакалдар менен  кызмат жардамчылары жок болушу мүмкүн. Андайда алар аткара турган иштерди, алсак, кабар айтуу жолугушуусун өткөрүү сыяктуу иштерди башка чөмүлгөн эркек бир тууган аткарса болот. Эгер андай бир тууган да жок болсо, ал тапшырмаларды талаптарга жооп берген чөмүлгөн эже-карындаштардын аткарышына жол берилет. Бирок аял киши чөмүлгөн эркек бир туугандын милдетин аткарып жатканда баш кийим кийип алышы керек * (1 Корунттуктар 11:3—10). Муну менен ал үй-бүлөсүндө да, жыйналышта да Жахабанын башчылыкка карата бекиткен тартибин урматтаарын көрсөтөт.

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИКТИ УРМАТТОО

18, 19. а) Римдиктер 13:1—7-аяттарда камтылган принциптерди кантип түшүндүрүп берет элең? б) Мамлекеттик бийликтерди урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

18 Исанын чыныгы жолдоочулары Римдиктер 13:1—7-аяттарда камтылган принциптерге чын жүрөктөн карманышат. (Аяттарды оку.) Бул аяттарды кунт коюп окусаң, «жогорку бийликтердин» мамлекеттик бийликтер экенин түшүнөсүң. Жахаба алардын бийлик кылышына жол берип жаткандыктан, алар азыр кандайдыр бир деңгээлде тартиптин сакталышына, ар кандай тейлөө кызматтарынын көрсөтүлүшүнө кам көрүп, маанилүү кызмат аткарып жатышат. Мамлекеттик мыйзамдарга баш ийүү менен алардын бийлигин урматтаарыбызды көрсөтөбүз. Биз төлөшүбүз керек болгон салыктарды төлөйбүз, талап кылынган ар кандай иш кагаздарын же документтерди тийиштүү түрдө толтурабыз, ошондой эле үй-бүлөбүзгө, жумушубузга же мүлкүбүзгө байланышкан мыйзамдарга баш иебиз. Бирок бийликтегилер Кудайдын айткандарына каршы иш кылууну талап кылса, баш ийбейбиз. Андай учурда 1-кылымдагы элчилерге окшоп: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп беребиз (Элчилер 5:28, 29). ( «Кимге баш ием?» деген кутучаны кара.)

 19 Бийликтегилерди урматтаарыбызды аларга жасаган мамилебиз менен да көрсөтөбүз. Кээде бизге жогорку кызматтагы адамдар менен сүйлөшүүгө туура келет. Мисалы, элчи Пабыл Ирод Агриппа падыша менен жана башкаруучу Фест менен сүйлөшкөн. Алар көп туура эмес иштерди кылышса да, Пабыл аларга урмат-сый менен кайрылган (Элчилер 26:2, 25). Пабылдан үлгү алып, биз да чоң кызматтагылар менен болобу же жергиликтүү милиция кызматкерлери мененби, сылык сүйлөшөбүз. Мектепте окуган бир туугандар мугалимдерин жана мектептеги башка иштерди аткаргандарды урматтоого умтулушат. Биз ишенимибизди туура көргөндөргө гана эмес, Жахабанын Күбөлөрүнө каршы болгондорго да урмат-сый менен мамиле кылабыз. Ооба, ишенимдешибиз болбогон адамдарга аларды урматтаарыбыз сезилип турушу керек. (Оку: Римдиктер 12:17, 18; 1 Петир 3:15.)

20, 21. Бийликти урматтоо кандай пайда алып келет?

20 Элчи Петир: «Бардык адамдарды урматтагыла»,— деп жазган (1 Петир 2:17). Ошондуктан башкаларды дайыма чын жүрөктөн урматташыбыз керек. Бул аларга күчтүү таасир этиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө башкаларды урматтап-сыйлагандар чанда кездешет. Ошол себептен бардык адамдарды урматтоо менен биз Иса Машаяктын: «Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун»,— деген буйругун аткарган болобуз (Матай 5:16).

21 Азыркы караңгы дүйнөдө жүрөгү таза адамдар рухий жарыкка тартылып жатышат. Ошондуктан үй-бүлөбүздөгүлөргө, жыйналыштагыларга жана бул дүйнөдөгү адамдарга урмат көрсөткөнүбүз айрымдарга таасир этип, биз менен чогуу жарыкта жүрүүгө түрткү бериши мүмкүн. Бул кандай гана кубанычтуу! Бирок алар рухий жарыкка тартылбаган күндө да, биз бир нерседен шектенбесек болот: башкаларды урматтаганыбыз Жахаба Кудайга жагат жана анын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет. Мындан артык дагы кандай сыйлык бар?!

^ 17-абз. Бул принципти кантип колдонсо болору «Тиркеменин» «Аял киши кайсы учурда жана эмне үчүн башына бир нерсе кийип алышы керек?» деген темасында талкууланат.

Көбүрөөк билиңиз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Жахабанын Койчуларынын тилин алгыла

Аксакалдар Кудайдын жыйналышын кайтарууга ыйык рух аркылуу дайындалышат. Эмне себептен аларды угушубуз керек?