Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 15-БӨЛҮМ

Эмгектенүүдөн кубаныч ал

Эмгектенүүдөн кубаныч ал

«Ар бир адам... эмгегинин үзүрүн көрүшү керек» (НАСААТЧЫ 3:13).

1—3. а) Көптөр өздөрүнүн жумушуна кандай карашат? б) Ыйык Китеп бизди эмгекке карата кандай көз карашта болууга үндөйт жана бул бөлүмдө кайсы суроолор каралат?

БҮГҮН көптөр иштеген ишинен кубаныч алышпайт. Алар өздөрүнө жакпаган жумушта керээли-кечке иштеп, күн сайын жумушка айла жок эле барышат. Андай адамдар жумуштан ырахат албаса да, жумушка болгон кызыгуусун кантип арттыра алышат?

2 Ыйык Китеп бизди эмгекке карата оң көз карашта болууга үндөйт. Анда эмгек да, анын үзүрү да бата экени айтылат. Сулайман падыша: «Ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек. Бул — Кудайдын белеги»,— деп жазган (Насаатчы 3:13). Жахаба бизди сүйгөндүктөн жана дайыма жыргалчылыгыбызды ойлогондуктан иштеген ишибизден канааттануу алып, эмгегибиздин үзүрүн көрүшүбүздү каалайт. Анын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн биз анын жумушка байланыштуу принциптерине жана көз карашына ылайык жашашыбыз керек. (Оку: Насаатчы 2:24; 5:18.)

3 Эмгегибизден канткенде кубаныч ала алабыз? Жумуштун кандай түрлөрү бизге ылайык келбейт? Жумушубузду рухий иштер менен канткенде тең салмакташтыра алабыз? Аткарышыбыз керек болгон эң маанилүү иш кайсы? Бул бөлүмдө ушул төрт суроо каралат. Бирок адегенде ааламдагы улуу эмгекчилердин: Жахаба Кудай менен Иса Машаяктын үлгүсүн карап чыгалы.

 ЭҢ УЛУУ ЭМГЕКЧИ МЕНЕН ЧЕБЕР УСТА

4, 5. Ыйык Китепте Жахабанын эмгекчил экени кандайча көрсөтүлөт?

4 Жахаба — эң улуу Эмгекчи. Башталыш 1:1де: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— деп айтылат. Жерге байланышкан жаратуу иштерин аяктаганда Кудай өзүнүн эмгегине «эң сонун» деп баа берген (Башталыш 1:31). Башкача айтканда, жердеги иштеринин баарына толук канааттанган. Ооба, «бактылуу Кудайыбыз» Жахаба кылган эмгегинен чоң кубаныч алган (1 Тиметей 1:11).

5 Жараткан Кудайыбыз эмгектенгенин эч качан токтотпойт. Жер менен андагы нерселер жаратылгандан көп убакыт өткөндөн кийин, Иса Машаяк: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат»,— деген (Жакан 5:17). Жахаба эмне иш кылып келген? Ал асмандан адамзатка жетекчилик берип, кам көрүп келген. Ошондой эле Машаяктын рухтан төрөлгөн жана аны менен асманда бийлик жүргүзө турган жолдоочуларынан турган «жаңы жаратууну» жараткан (2 Корунттуктар 5:17). Андан тышкары, аны сүйгөндөр жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрүшү үчүн, ал адамзатка байланышкан ой-ниетинин аткарылышына кам көрүп келет (Римдиктер 6:23). Эмгегинин натыйжасы Жахабага дайыма чоң кубаныч тартуулары шексиз. Миллиондогондор, Кудай аларды өзүнө жакындаткандыктан, Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алып, анын сүйүүсүнөн айрылбоо үчүн жашоосун өзгөртүп жатышат (Жакан 6:44).

6, 7. Эмне үчүн Исаны күжүрмөн эмгекчи деп айтууга болот?

6 Иса башынан эле күжүрмөн эмгекчи болгон. Жерге адам болуп келгенге чейин ал, «асмандагы жана жердеги... нерселер» жаратылып жатканда, Кудайдын «чебер устасы» болгон (Накыл сөздөр 8:22—31; Колосалыктар 1:15—17). Иса жерге келгенде да күжүрмөн эмгектенген. Ал жаш кезинен эле куруучулук өнөрүн өздөштүрүп,  «жыгач уста» катары белгилүү болгон * (Марк 6:3). Бул өнөр, айрыкча, курулуш каражаттары жана электр шаймандар сатылган дүкөндөр, жыгач тилүүчү жайлар жок кезде, көп күч-аракетти жана ар кандай шык-жөндөмдү талап кылган. Куруу ишине жыгач даярдоо үчүн Исанын бак кыйып, аны иштеген жерине ташып барганын же үй куруу үчүн устун даярдап, эшиктерди, үй эмеректерин жасаганын элестетсең. Ал күжүрмөн эмгектин, чебердик менен аткарылган иштин канааттануу алып келерин билген.

7 Иса Машаяк кызматын да өзгөчө ынтызарлык менен аткарып, үч жарым жыл бою абдан маанилүү иш менен алек болгон. Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга кабар айтуу үчүн ал таң заардан түнгө чейин кызмат кылып, бир да күнүн текке кетирген эмес (Лука 21:37, 38; Жакан 3:2). «Иса шаарларды, айылдарды кыдырып, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айткан» (Лука 8:1). Адамдарга жакшы кабар жеткирүү үчүн ал чаң жолдор менен жөө жүрүп, жүздөгөн чакырымдарды басып өткөн.

8, 9. Иса эмгектенүүдөн кантип кубаныч тапкан?

8 Иса жигердүү кызмат кылуудан кубаныч алганбы? Ооба. Ал Падышалык жөнүндөгү чындыктын үрөнүн сээп, артында каймана мааниде эгини бышып, оруп-жыюуга даяр болуп калган талааларды калтырган. Кудайдын ишин аткарганы ага ушунчалык дем-күч берип тургандыктан, ал аны аткаруу үчүн айрым учурларда тамактануудан да баш тарткан (Жакан 4:31—38). Жердеги кызматынын акырында Атасына: «Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу менен мен сени жер үстүндө даңктадым»,— деп айтканда, анын кандай канааттануу сезгенин элестетсең (Жакан 17:4).

 9 Ырас, Жахаба менен анын Уулу эмгектен кубаныч алуу жагынан бизге эң жакшы үлгү көрсөтүшөт. Жахабага болгон сүйүүбүз аны туураганга түрткү берет (Эфестиктер 5:1). Ал эми Исага болгон сүйүүбүз анын «изи менен так жүрүүгө» жардам берет (1 Петир 2:21). Кел анда, биз да эмгегибизден канткенде кубаныч таба аларыбызды карап көрөлү.

ЭМГЕГИБИЗДЕН КАНТКЕНДЕ КУБАНЫЧ АЛА АЛАБЫЗ?

Ыйык Китептеги принциптерди колдонсоң, эмгегиңен кубаныч аласың

10, 11. Жумушубузга оң маанай менен кароого бизге эмне жардам берет?

10 Жахабанын кызматчылары жумушунан кубаныч, канааттануу алууну каалашат. Бирок жумушубуз өзүбүзгө жакпаса, андан кубаныч табуу оңойго турбашы мүмкүн. Андайда эмне кылсак болот?

11 Оң маанайда болууга умтул. Биз жагдай-шартыбызды өзгөртө албасак да, маанайыбызды өзгөртө алабыз. Кудайдын эмгекке карата болгон көз карашы жөнүндө ой жүгүртүү бизге оң маанайда болууга жардам берет. Мисалы, үй-бүлө башчысы болсоң, жумушуң кандай гана кызыксыз болбосун, анын үй-бүлөңдү эң керектүү нерселер менен камсыз кылууга шарт түзөрү тууралуу ой жүгүрт. Жакындарыңа кам көрүп жатканыңды Жахаба жогору баалайт. Анын Сөзүндө үй-бүлөсүнө кам көрбөгөн адамдын «ишенбегендерден да жаман» экени айтылат (1 Тиметей 5:8). Иштөөнүн аркасында маанилүү бир максатка жетип жатканыңды — Кудайдын алдындагы жоопкерчилигиңди аткарып жатканыңды — түшүнсөң, бул сага, өзүң менен чогуу иштегендерден айырмаланып, жумушуңдан кандайдыр бир деңгээлде канааттануу алууга жана эмне үчүн иштеп жатканыңды унутпоого жардам берет.

12. Жумушубузда тырышчаак жана чынчыл болуу эмнеси менен пайдалуу?

12 Тырышчаак жана чынчыл бол. Күжүрмөн эмгектенгенибиз  жана ишибизди жакшы аткарууга үйрөнгөнүбүз көп жагынан пайдалуу. Тырышчаак, иштин көзүн билген жумушчулар көп учурда жогору бааланат (Накыл сөздөр 12:24; 22:29). Кудайдын кызматчылары катары биз чынчыл да болушубуз керек. Иштеген жерибизден акча жана башка нерселерди же жумуш убактысын уурдабайбыз (Эфестиктер 4:28). Мурунку бөлүмдөн билгенибиздей, чынчылдыктын пайдасы чоң. Чынчыл жумушчуга көбүрөөк ишеним артышат. Тырышчаактык менен эмгектенип жатканыбызды жумуш берүүчүбүз байкайбы, байкабайбы, «абийирибиздин таза экени» жана сүйүктүү Кудайыбызга жагарыбызды  билүү бизге чоң кубаныч тартуулайт (Еврейлер 13:18; Колосалыктар 3:22—24).

13. Иштеген жерибизде үлгү көрсөткөнүбүздүн натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

13 Жүрүм-турумуң менен Кудайды даңктай аларыңды унутпа. Иштеген жерибизде Жахабанын кызматчылары катары бийик нормаларга кармансак, башкалар байкабай койбойт. Анын натыйжасы кандай болот? «Куткаруучу Кудайыбыздын окуусун... көркүнө чыгарабыз» (Тит 2:9, 10). Жакшы жүрүм-турумубуз башкаларга сыйынуубуздун канчалык көрктүү экенин көрүүгө жардам берип, аларды чындыкка тартышы мүмкүн. Сени менен чогуу иштегендердин бири, жакшы үлгү көрсөткөнүңдөн улам, чындыкка кызыга баштаса, кандай сезимде болоруңду элестетсең! Баарынан да маанилүүсү, үлгүлүү жүрүм-турумуң Жахабаны даңктайт жана анын жүрөгүн кубантат. Мындан артык эмне бар?! (Оку: Накыл сөздөр 27:11; 1 Петир 2:12.)

ЖУМУШ ТАНДООДО ЭСТҮҮЛҮК КӨРСӨТ

14—16. Жумуш тандаганда кайсы эки нерсени эске алышыбыз керек?

14 Ыйык Китепте кайсы жумуш бизге ылайык келери, кайсынысы ылайык келбеси тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин айтылбайт. Бирок бул биздин бардык эле жумуштарга макул боло берерибизди билдирбейт. Ыйык Жазма бизге Кудайга жага турган жакшы жумуш тандоого жана ага жакпай турган жумуштан баш тартууга жардам берет (Накыл сөздөр 2:6). Биз жумуш тандаганда эки нерсени эске алышыбыз керек.

15 Бул жумуштун Ыйык Китепте айыпталган иштер менен байланышы жокпу? Кудайдын Сөзүндө уурулук кылуу, жалган айтуу жана буркан жасоо ачык эле айыпталат (Чыгуу 20:4; Элчилер 15:29; Эфестиктер 4:28; Аян 21:8). Биз андай иштерге аралашышыбызды талап кылган жумуштардын баарынан баш тартабыз. Жахабага болгон сүйүүбүздөн улам анын буйруктарына  карама-каршы келген иштер менен байланышы бар жумушка эч качан орношпойбуз. (Оку: 1 Жакан 5:3.)

16 Бул жумушта иштесем, жаман иштерге аралашып калбаймбы же башкаларды да ошого үндөгөндөй болбоймбу? Бир мисал карап көрөлү. Катчы болуп иштөөнүн өзү жаман деле эмес. Бирок Жахабанын кызматчысына бойдон алдыруу клиникасында иштөө сунуш кылынсачы? Албетте, андан бойдон алдырууга түздөн-түз жардам берүү талап кылынбашы деле мүмкүн.  Ошентсе да анын жумушу андай клиникада жүргүзүлгөн иштерди — Кудайдын Сөзүнө карама-каршы келген иштерди — колдоп калбайбы? (Чыгуу 21:22—24). Биз Жахабаны сүйгөндүктөн ага жакпаган иштерге аралашкыбыз келбейт.

17. а) Жумуш тандоодо эмнелерди эске алышыбыз керек? ( «Бул жумушка орношконум туурабы?» деген кутучаны кара.) б) Канткенде абийирибиз Кудайга жаккыдай чечимдерди чыгарууга жардам берет?

17 Жумушка байланыштуу көптөгөн маселелерди 15, 16-абзацтардагы эки маанилүү суроонун үстүнөн ой жүгүртүү менен чечүүгө болот. Андан тышкары, жумуш тандоодо башка да нерселерди эске алуу зарыл *. Ишенимдүү кул туш болушубуз мүмкүн болгон ар бир жагдайга көрсөтмө берет деп күтпөшүбүз керек.  Бул жагынан бизден эстүүлүк талап кылынат. 2-бөлүмдөн билгенибиздей, биз Кудайдын Сөзүнөн окуп-билгендерибизди күндөлүк турмушубузда колдонуу менен абийирибизди үйрөтүшүбүз керек. Акылыбызды «колдонуу аркылуу... машыктырсак», абийирибиз бизге Кудайга жаккыдай чечимдерди чыгарууга жана анын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет (Еврейлер 5:14).

ЖУМУШКА КАРАТА ТЕҢ САЛМАКТУУ КӨЗ КАРАШ САКТА

18. Рухий жактан бекем болуу эмне үчүн оңой эмес?

18 Ушул «акыркы күндөрдө», «өзгөчө оор мезгилде», рухий жактан бекем болуу оңой эмес (2 Тиметей 3:1). Жумуш табуу жана жумуш ордун сактап калуу кыйынга турушу мүмкүн. Жахабанын кызматчылары катары үй-бүлөбүздү багуу үчүн күжүрмөн эмгектенүү маанилүү экенин түшүнөбүз. Бирок абайлабасак, жумушубуздагы кысым жана дүйнөдө кеңири кулач жайган дүнүйөкорлук рухийлигибизге терс таасир этиши мүмкүн (1 Тиметей 6:9, 10). Кел анда, «эмне маанилүүрөөк экенин баамдап», канткенде тең салмактуу боло аларыбызды карап көрөлү (Филипиликтер 1:10).

19. Эмне үчүн Жахабага толук таянсак болот жана бул эмнеден качууга жардам берет?

19 Толугу менен Жахабага таян. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6.) Ал ушуга татыктуу, анткени бизге кам көрөт (1 Петир 5:7). Жахаба биздин муктаждыктарыбызды өзүбүздөн да жакшы билет жана анын колу кыска эмес (Забур 37:25). Ошондуктан Ыйык Жазмадагы: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан»,— деген сөздөргө кулак какканыбыз абзел (Еврейлер 13:5). Толук убакыт кызмат кылган көптөгөн бир туугандар Кудайдын бизди эң керектүү нерселер менен камсыз кыла аларын тастыктай алышат. Жахабанын кам көрөрүнө толук  ишенсек, үй-бүлөбүздү кантип багарыбызды ойлоп, өтө тынчсыздана бербейбиз (Матай 6:25—32). Биз жумушубуздун айынан жакшы кабар айтуу жана жыйналышка катышуу сыяктуу рухий иштерге салкын мамиле кылбайбыз (Матай 24:14; Еврейлер 10:24, 25).

20. Көздү бир эле нерсеге багыттоо деген эмнени билдирет жана ушундай көз караш сактоо үчүн эмне кылсаң болот?

 20 Көзүң бир эле нерсеге багытталсын. (Оку: Матай 6:22, 23.) Көздү бир эле нерсеге багыттоо деген жөнөкөй жашоону билдирет. Кудайдын кызматчысынын көзү бир гана максатка — анын эркин аткарууга — багытталышы керек. Эгер ошондой болсо, айлыгы көп жумушка жана майкөл-сүткөл жашоого умтулбайбыз. Ошондой эле жарнамаларда бактылуу болуш үчүн сөзсүз керектей көрсөтүлгөн эң жакшы, эң жаңы нерселердин артынан сая түшпөйбүз. Көзүң мындан ары да бир эле нерсеге багытталышы үчүн, эмне кылсаң болот? Жөнү жок карыз алуудан кач. Өтө көп убакытты, күчтү ала турган нерселерди сатып алба. Ыйык Китептеги: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз... болсо, ошого ыраазы бололу»,— деген кеңешке кулак как (1 Тиметей 6:8). Жашооңду мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүүгө аракет кыл.

21. Биринчи орунга эмнелерди коюш керектигин чечип алганыбыз эмне үчүн зарыл жана жашообузда биринчи орунда эмне турушу керек?

21 Биринчи орунга эмнелерди коюш керектигин аныктап алып, ошого ылайык иш кыл. Жашоодо баарына жетишүү мүмкүн эмес болгондуктан, биринчи орунга эмнелерди коюш керектигин чечип алганыбыз зарыл. Антпесе баалуу убактыбыз анча маанилүү эмес иштерге короп, маанилүүрөөктөрү көз жаздымда калып калышы мүмкүн. Жашообузда эң биринчи орунда эмне турушу керек? Дүйнөдө көптөр мансапка жетүү үчүн жогорку билим алууга чоң маани беришет. Бирок Иса Машаяк жолдоочуларын «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын» издөөгө үндөгөн (Матай 6:33). Анын чыныгы жолдоочулары катары биз Кудайдын Падышалыгын жашообузда биринчи орунга коёбуз. Чыгарган чечимдерибизден, койгон максаттарыбыздан, кылган иштерибизден Падышалыктын кызыкчылыктары менен Кудайдын эрки биз үчүн материалдык нерселерден жана дүйнөгө  мүнөздүү мүдөө-максаттардан маанилүүрөөк экени көрүнүп турушу керек.

КЫЗМАТТА ЖИГЕРДҮҮ БОЛ

Кабар айтуу ишин биринчи орунга коюу менен Жахабага болгон сүйүүбүздү көрсөтөбүз

22, 23. а) Исанын чыныгы жолдоочуларына кандай маанилүү иш тапшырылган жана анын биз үчүн маанилүү экенин кантип көрсөтө алабыз?  «Чыгарган чечимимден улам жашоом кубанычка толуп, канааттануу алып жатам» деген кутучаны кара.) б) Жумушуңа байланыштуу эмне кылууга чечкиндүүсүң?

22 Акыркы күндөрдүн соңунда жашап жатканыбызды билгендиктен биз ар дайым көңүлүбүздү Исанын чыныгы жолдоочуларына тапшырылган маанилүү ишке — кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине — бурабыз (Матай 24:14; 28:19, 20). Исаны туурап, биз бул куткаруу ишине жигердүү катышууну каалайбыз. Бул ишти маанилүү деп эсептей турганыбызды кантип көрсөтө алабыз? Кудайдын кызматчыларынын көбү жыйналыштын жарчылары катары кабар айтуу ишине чын жүрөктөн катышышат. Кээ бирөөлөр өздөрүнүн иштерин пионер же миссионер болуп кызмат кылгыдай уюштурушат. Рухий максаттардын маанилүүлүгүн баамдап, көптөгөн ата-энелер балдарын толук убакыттагы кызматты максат кылууга үндөшөт. Падышалыктын ынталуу жарчылары жигердүү кызмат кылуудан кубаныч таап жатышабы? Албетте! Жахабага жан-дилден кызмат кылуу кубаныч, канааттануу тартуулап, сансыз баталарга ээ кылат. (Оку: Накыл сөздөр 10:22.)

23 Үй-бүлөбүздү багуу үчүн көбүбүзгө эртеден кечке иштегенге туура келет. Бирок Жахабанын эмгегибизден кубаныч табышыбызды каалаарын эсиңден чыгарба. Жумушубузга кылган мамилебиз жана иштерибиз анын көз карашына, принциптерине ылайык келсе, эмгегибизден канааттануу ала алабыз. Бирок жумушубуздун бизди маанилүү иштен — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодон — алаксытышына эч качан жол бербегенге чечкиндүү бололу. Бул ишти жашообузда биринчи орунга койсок, Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтүп, анын сүйүүсүнөн айрылбайбыз.

^ 6-абз. «Жыгач уста» деп которулган грек сөзү «үй курган, жыгачтан эмерек же дагы башка нерселерди жасаган, деги эле жыгач менен иштеген кишиге карата колдонулат».

^ 17-абз. Жумуш тандоодо эмнелерди эске алуу керектигине байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Күзөт мунарасын» (ор.) кара: 1999-жыл, 15-апрель, 28—30-б.; 1983-жыл, 1-март, 18-б.

Көбүрөөк билиңиз

ОЙГОНГУЛА!

Чыныгы ийгиликке жетүүнүн сыры

Чыныгы ийгиликке жеткенге жардам берген беш кеңеш.