Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 ТИРКЕМЕ

Ажырашууга жана бөлөк жашоого Кудай кандай карайт?

Ажырашууга жана бөлөк жашоого Кудай кандай карайт?

Жахаба жубайлардан үйлөнгөндө берген убадасына бек турууну талап кылат. Биринчи эркек менен аялдын башын кошуп, никени негиздегенде ал: «Эркек... аялы менен биригет да, экөө бир дене болот»,— деп айткан. Кийинчерээк Иса Машаяк бул сөздөрдү кайталап: «Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп кошумчалаган (Башталыш 2:24; Матай 19:3—6). Демек, Жахаба менен Иса никени жубайлардын  биринин көзү өткөнгө чейин бузулбашы керек болгон шериктик катары көрүшөт (1 Корунттуктар 7:39). Нике ыйык түзүлүш болгондуктан, ажырашууга жеңил ойлуулук менен кароо туура эмес. Жахаба адамдардын ыйык китептик негизсиз ажырашканын жек көрөт (Малаки 2:15, 16).

Ыйык Китепке ылайык, кайсы себептен улам ажырашууга жол берилет? Жахаба ойноштукту да, бузуктукту да жек көрөт (Башталыш 39:9; 2 Шемуел 11:26, 27; Забур 51:4). Бузуктукту ушунчалык жек көргөндүктөн ал аны ажырашууга жол берген себеп катары эсептейт. (Бузуктукка эмнелер кирерин билүү үчүн 9-бөлүмдүн 7-абзацын кара.) Жахаба күнөөсүз тарапка жарын кечирүүнү же аны менен ажырашууну чечүүгө укук берген (Матай 19:9). Ошондуктан күнөөсүз тарап ажырашууну чечсе, Жахаба анын чечимин жек көрбөйт. Ошол эле учурда жыйналыштагылар андай жагдайга кабылган кишини ажырашууга үндөбөшү керек. Кээде, айрыкча, күнөөлүү тарап чын жүрөктөн өкүнгөндө, жубайы ажырашпоону туура көрүшү мүмкүн. Бирок ажырашууга ыйык китептик негиз бар болсо, күнөөсүз тарап жубайын кечирер-кечирбесин өзү чечиши абзел жана бул кандай натыйжаларга алып келбесин, баарына даяр болушу керек (Галатиялыктар 6:5).

Өмүрлүк жары бузуктук кылбаса да, Кудайдын кызматчысы кээ бир өзгөчө жагдайларда бөлөк жашоону же ажырашууну чечиши ыктымал. Андайда, Ыйык Китепте айтылгандай, ажырашууну чечкен адам башка бирөө менен баш кошпошу же жары менен кайра жарашышы керек (1 Корунттуктар 7:11). Анын башка бирөө менен үй-бүлө курууга укугу жок (Матай 5:32). Азыр болсо кээ бирөөлөр бөлөк жашоо үчүн негиз катары эсептеген жагдайларга токтололу.

Үй-бүлөсүнө кам көрүүдөн баш тартканда. Эгер эркек, иш кылууга жарактуу болсо да, үй-бүлөсүнө кам көрүүдөн баш тартса, үй-бүлө мүчөлөрү жашоо үчүн зарыл нерселерге жетпей, жакырданып кетиши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Ким... өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот. Андай адам ишенбегендерден да жаман»,— деп айтылат (1 Тиметей 5:8). Эгерде андай эркек оңолгусу келбесе, аялы өзүнүн жана балдарынын камын ойлоп, бөлөк жашоону * чечиши  ыктымал. Албетте, жыйналыштагы аксакалдарга кайсы бир ишенимдешибиздин үй-бүлөсүнө кам көрүүдөн баш тартып жатканы белгилүү болуп калса, алар буга олуттуу көңүл бурушу зарыл. Үй-бүлөсүнүн камын ойлобогон киши жыйналыштан чыгарылышы ыктымал.

Өзгөчө ырайымсыз мамиле кылганда. Кээде адам өмүрлүк жарына зордук-зомбулук көрсөтүп, ден соолугуна, атүгүл өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Эгерде ал жыйналыштын мүчөсү болсо, аксакалдар бул жагдайды карап чыгышы керек. Ачууга алдыруу, зордук-зомбулук көрсөтүү адамдын жыйналыштан чыгарылышына негиз боло алат (Галатиялыктар 5:19—21).

Рухийликке катуу коркунуч туудурганда. Кимдир бирөө жубайына чыныгы Кудайга сыйынууга катуу тоскоолдук кылышы, атүгүл ар кандай жолдор менен анын буйруктарын бузууга мажбурлашы ыктымал. Андайда жабыр тартып жаткан тарап «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийүү» үчүн бөлөк жашоону чечиши мүмкүн (Элчилер 5:29).

Жогоруда талкууланган өзгөчө жагдайларда эч ким күнөөсүз тарапты бөлөк жашоого же тескерисинче, өмүрлүк жары менен калууга үндөбөшү керек. Албетте, рухий жактан жетилген достор, жыйналыштын аксакалдары мындайда жардам көрсөтүшү жана Ыйык Китепке негизделген кеңештерди бериши мүмкүн, бирок алар аялы менен күйөөсүнүн ортосунда кандай кыйынчылык болуп жатканын толук биле алышпайт. Муну Жахаба гана билет. Эгер ага кызмат кылган аял же эркек өмүрлүк жарынан бөлөк жашоо максатында гана үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөрдү көбүртүп-жабыртып жатса, Кудайды жана ал негиздеген нике түзүлүшүн сыйлабаганын көрсөтөт. Адам бөлөк жашоону эмне үчүн каалап жатканын канчалык жашырбасын, Жахаба анын ниетин көрүп турат. Ооба, «анын көз алдында баары ачык-айкын. Биз анын алдында жооп беребиз» (Еврейлер 4:13). Анткен менен кээде үй-бүлөсүндөгү өзгөчө оор жагдай өзгөрбөгөндүктөн, адам аргасыздан жубайынан бөлөк жашоону чечиши мүмкүн. Андайда жыйналыштагылар аны айыптабашы керек. Бирок акыр-аягы «баарыбыз Кудайдын сот тактысынын алдына барабыз» (Римдиктер 14:10—12).

[Шилтеме]

^ 3-абз. Айрым өлкөлөрдө бул үчүн сотко кайрылуу талап кылынат.