Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 ТИРКЕМЕ

Аял киши кайсы учурда жана эмне үчүн башына бир нерсе кийип алышы керек?

Аял киши кайсы учурда жана эмне үчүн башына бир нерсе кийип алышы керек?

Ыйык Китепке ылайык, Жахабага кызмат кылган аял кайсы учурда жана эмне үчүн башына бир нерсе кийип же салынып алышы керек? Кел анда, буга байланыштуу элчи Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен эмнелерди жазганын карап көрөлү. Анын сөздөрүндө Кудайды даңктагыдай чечим чыгарышыбызга жардам берерлик жетекчилик камтылган (1 Корунттуктар 11:3—16). Пабыл көңүл бурушубуз керек болгон үч нерсени: 1) аял кишинин кайсы иштерди аткарып жатканда, 2) кандай жагдайларда жана 3) кандай себептерден улам башына бир нерсе кийип же салынып алышы керектигин көрсөткөн.

Иштер. Пабыл эки нерсени: тиленүүнү жана пайгамбарлык кылууну айтып өткөн (4, 5-аяттар). Тиленүү Жахабага урмат-сый менен кайрылууну билдирет. Ал эми пайгамбарлык кылууга бүгүнкү күндө Кудайдын эли Ыйык Китептин негизинде жүргүзүп жаткан окутуу иштеринин баары кирет. Бирок Пабыл аял кишинин тиленгенде же башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты окутканда дайыма башына бир нерсе  кийиши керектигин айтканбы? Жок. Бул анын кандай жагдайда тиленгенине же окутканына жараша болот.

Жагдайлар. Пабыл эки жагдай: үй-бүлөдөгү жана жыйналыштагы жагдай жөнүндө сөз кылган. Ал: «Аялдын башчысы эркек... Жылаңбаш тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир аял өз башын уят калат»,— деген (3, 5-аяттар). Жахаба үй-бүлөдө күйөөнү аялдын башчысы кылып дайындаган. Эгер аял күйөөсүнүн Жахаба тапшырган жоопкерчиликтерин аткарууга умтулуп, анын бийлигин тийиштүү түрдө урматтабаса, аны уятка калтырган болот. Маселен, күйөөсүнүн көзүнчө изилдөө өткөрүүгө туура келсе, аял анын бийлигин урматтаарын көрсөтүп, башына бир нерсе кийип алышы керек. Андай учурда, күйөөсү чөмүлгөн болсо да, болбосо да, аялдын бул талапты аткарганы маанилүү, себеби эркек — үй-бүлөнүн башчысы *. Чөмүлгөн жашы жете элек уулунун көзүнчө тиленгенде же изилдөө өткөргөндө да аял башына бир нерсе кийип алышы керек. Анткени уулу үй-бүлөнүн башчысы болбосо да, жыйналыштагы чөмүлгөн эркек бир туугандарга берилген бийликке ээ.

Пабыл жыйналыштагы тартип жөнүндө: «Эгер кимдир бирөө башка салтка карманыш керектигин айтып талашкысы келсе, билип койсун, бизде да, Кудайдын жыйналыштарында да башка салт жок»,— деп айткан (16-аят). Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында чөмүлгөн эркек бир туугандар жетекчилик кылышат (1 Тиметей 2:11—14; Еврейлер 13:17). Алар гана аксакал жана кызмат жардамчысы катары дайындалып, Кудайдын оторуна кам көрүү жоопкерчилигине ээ боло алышат (Элчилер 20:28). Бирок кээде чөмүлгөн жана талаптарга жооп берген эркек бир туугандар аткарчу иштерди эже-карындаштар аткарган учурлар болот. Мисалы, чөмүлгөн эркек бир тууган жок болсо, кабар айтуу жолугушуусун эже же карындаш алып барышы мүмкүн. Же ал, жанында эркек бир тууган болсо да, алдын ала сүйлөшүлгөн изилдөөнү өткөрүшү ыктымал *. Мындайда эркек бир туугандарга тапшырылчу иштерди  аткарып жатканын түшүнгөндүктөн ал башына бир нерсе кийип же салынып алат.

Анткен менен сыйынууга байланыштуу көп иштерди аткарууда аял кишиден баш кийим кийүү талап кылынбайт. Алсак, жыйналышта жооп бергенде, күйөөсү менен же чөмүлгөн башка эркек бир тууган менен үймө-үй кабар айтканда, ошондой эле чөмүлө элек балдары менен изилдөө өткөрүп же тиленип жатканда баш кийим кийиши зарыл деле эмес. Албетте, бул темага байланыштуу эже-карындаштарда дагы башка суроолор туулушу мүмкүн. Андайда кошумча изилдөө жүргүзсө болот *. Эгер андан кийин деле кандай кылса туура болорун билбей жатса, абийирин эске алып, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, баш кийим кийип алса болот.

Себептер. 10-аяттан Кудайга кызмат кылган аялдын бул талапты кайсы эки себептен улам аткарарын билебиз. Ал жерде: «Периштелер үчүн аялдын башында күйөөсүнө баш иерин көрсөткөн белги болушу керек»,— деп жазылган. Биринчиден, «баш иерин көрсөткөн белги» деген сөздөргө көңүл бурсаң. Башына бир нерсе кийип же салынып алуу менен аял киши Жахабанын чөмүлгөн эркек бир туугандарга кандай бийлик бергенин түшүнөрүн көрсөтөт. Ошентип, ал Жахабага болгон сүйүүсүн, берилгендигин айгинелейт. Ал эми экинчи себебин «периштелер үчүн» деген сөздөрдөн билүүгө болот. Баш кийим кийүү менен аял киши кандайча күчтүү рухий жаратууларга таасир эте алат?

Периштелер Жахабанын уюмунун жердеги жана асмандагы бөлүгүндөгүлөрдүн анын бийлигин урматтап жатышканын кызыгуу менен байкап турушат жана жеткилеңсиз адамдардын бул жагынан көрсөткөн үлгүсүнөн пайда алышат.  Андан да маанилүүсү, байыркы убактагы козголоңчул периштелерден айырмаланып, алар Жахаба бекиткен тартипке баш ийиши керек (Жүйүт 6). Алар Кудайга кызмат кылган айрым аялдардын чөмүлгөн эркек бир туугандан бир топ тажрыйбалуу, билимдүү, акылдуу болгонуна карабай, ага даярдуулук менен баш ийип жатышканын байкашы ыктымал. Кээ бир жыйналыштарда келечекте Машаяктын мурасташы боло турган майланган эжелер бар. Алар акыр-аягы периштелердикинен да жогору турган абалды ээлеп, асманда Машаяк менен бирге падышалык кылышат. Алар периштелерге кандай сонун үлгү көрсөтүүдө! Ооба, бардык эже-карындаштар Кудайга баш ийип, берилгендигин көрсөтүү менен миллиондогон периштелерге тил алчаактык жагынан үлгү боло алышат. Бул, чынында эле, чоң сыймык!

^ 3-абз. Күйөөсү оорунун айынан тилден калган учурларды эске албаганда, Жахабага кызмат кылган аял ишенимдеш күйөөсүнүн көзүнчө үнүн чыгарып тиленбеши керек.

^ 1-абз. Эгер эже же карындаш алдын ала сүйлөшүлгөн изилдөөнү чөмүлө элек жарчынын көзүнчө өткөрсө жана ал күйөөсү болбосо, анда баш кийим кийүүнүн зарылдыгы жок.

^ 2-абз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Күзөт мунарасынын» төмөнкү сандарын кара: 2002-ж., 15-июль, 26, 27-б., ор.; 1977-ж., 15-февраль, 125—128-б., англ.