Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жахабаны сүйгөн кымбаттуу окурман!

Иса Машаяк: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— деген (Жакан 8:32). Кандай гана бекемдээрлик сөздөр! Ооба, жалгандык кеңири тараган азыркы акыркы оор күндөрдө да чындыкты таанып-билүү мүмкүн (2 Тиметей 3:1). Кудайдын Сөзүндө камтылган чындыкты биринчи жолу уккан күнүң эсиңдеби? Ал кандай гана толкундандырарлык күн болгон!

Белгилей кетчү нерсе, чындык жөнүндө так билимге ээ болуу жана аны башкалар менен бөлүшүү маанилүү болгондой эле, чындыкка ылайык жашоо да маанилүү. Ан үчүн Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылышыбыз керек. Бул эмнени билдирет? Бул суроого жоопту Исанын өлөр алдындагы түнү айткан сөздөрүнөн табууга болот. Ал өзүнүн ишенимдүү элчилерине: «Мен Атамдын осуяттарын аткарып, анын сүйүүсүнөн айрылбаганымдай эле, силер да менин осуяттарымды аткарсаңар, сүйүүмдөн айрылбайсыңар»,— деп айткан (Жакан 15:10).

Көңүл бурсаң, Иса Машаяк Атасынын осуяттарын аткаргандыктан анын сүйүүсүнөн айрылган эмес. Биз да Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн жашообуздун бардык тармагында чындыкка ылайык жашашыбыз керек. Ошол түнү Иса: «Буларды билип, иш жүзүндө аткарсаңар, анда бактылуусуңар»,— деген (Жакан 13:17).

Бул китеп сага мындан ары да чындыкка ылайык жашоого жана түбөлүк өмүр алуу үчүн «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого» жардам берет деп чын ниеттен үмүттөнөбүз (Жүйүт 21).

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши