Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 ТИРКЕМЕ

Желекке таазим кылуу, добуш берүү, альтернативалык жарандык кызмат

Желекке таазим кылуу, добуш берүү, альтернативалык жарандык кызмат

Желекке таазим кылуу. Желекке таазим кылуу же аны аздектөө көп учурда гимн менен коштолот. Жахабанын Күбөлөрү мындай иш-аракеттерди куткарууну Кудай эмес, мамлекет же анын башкаруучулары алып келет деген маанини туюнткан диний каада катары көрүшөт (Ышая 43:11; 1 Корунттуктар 10:14; 1 Жакан 5:21). Байыркы Бабылдын падышасы Небухаданасар ошондой башкаруучулардын бири болгон. Элди өзүнүн улуулугу, динчилдиги менен таасирлентүү үчүн ал килейген айкел орноткон. Анан кол алдындагыларга гимн сыяктуу музыка башталганда жүзтөмөндөп, айкелге таазим кылууну буйруган. Бирок Шадрах, Мешах, Абетнего аттуу үч еврей, өлүм жазасына тартыларына карабай, ага таазим кылуудан баш тартышкан (Даниел 3-бөлүм).

Тарыхчы Карлтон Хейз биздин доордо желектин улутчулдуктун башкы символуна, адамдар сыйынган негизги нерсеге айланганын айткан. Ал: «Жанынан желекти көтөрүп өткөндө, эркектер баш кийимин чечишет; жазуучулар желекти даңктаган ырларды чыгарышат, балдар гимндерди ырдашат»,— деп жазган. Ошондой эле Карлтон улутчулдуктун  өзүнүн «ыйык күндөрү», «ыйыктары менен баатырлары», «ибадатканалары» же ыйык жайлары бар экенин кошумчалаган. Бразилияда салтанат өтүп жатканда аскердик жогорку кызматтагы бир киши: «Адамдар ата мекенге сыйынгандай эле,.. желекти ыйык тутуп, ага сыйынышат»,— деп айткан. «Америка энциклопедиясында» болсо «айкаш жыгачтай эле, желек ыйык деп эсептелери» жазылган.

Жогоруда айтылган энциклопедияда жакында эле белгиленгендей, улуттук гимндерде «патриоттук сезимдер чагылдырылып, көп учурда Кудайдан элди же анын башкаруучуларын жетектешин, коргошун өтүнгөн сөздөр камтылат». Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн желекке таазим кылууну, гимн ырдоону камтыган улуттук салтанаттарды диний каада катары эсептешкени акылсыздыкка жатпайт. Бир китепте АКШдагы Жахабанын Күбөлөрүнүн балдарынын мектепте желекке таазим кылуудан же берилгендикти сактоого ант берүүдөн баш тартканы жөнүндө айтылып: «Жогорку Сот буга байланыштуу бир катар иштерди карагандан кийин мындай күндөлүк каадалардын диний каадаларга кирерин ырастаган»,— делген («The American Character»).

Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепке ылайык келбеген салтанаттарга катышпаса да, башкалардын буга карата болгон көз карашын сыйлашат. Алар желекти улуттук символ катары эсептешет. Ошондой эле мыйзамдуу түрдө орнотулган бийликтин «Кудайдын кызматчысы» катары иш жүргүзгөн «жогорку бийлик» экенин түшүнүшөт (Римдиктер 13:1—4). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү: «Падышалар менен жогорку абалды ээлегендердин баары үчүн тиленгиле»,— деген чакырыкка кулак кагышат. Анткени алар мындан ары да Кудайга «толук берилгендик менен, салабаттуулук менен, тынч, бейпил жашоону» каалашат (1 Тиметей 2:2).

Шайлоолордо добуш берүү. Жахабанын кызматчылары башкалардын добуш берүүгө болгон укугун сыйлашат жана элди шайлоого каршы үгүттөшпөйт. Ошондой эле бийликке келгендер менен кызматташышат. Бирок элге кошулуп саясий иштерге кийлигишпей, бейтараптуулукту бекем сакташат (Матай 22:21; 1 Петир 3:16). Добуш берүү милдет болуп эсептелген же шайлоого катышпагандарга катуу кысым  көрсөтүлгөн жерде жашаган бир туугандын эмне кылганы дурус? Ал Шадрах, Мешах жана Абетнегонун Дур талаасына барганын эске алып, абийири жол берсе, добуш берчү жайга барууну чечиши мүмкүн. Ошол эле учурда бейтараптуулукту сактоого умтулары шексиз. Ал төмөнкү алты принципти эстен чыгарбашы керек:

  1. Кудайдын кызматчылары «бул дүйнөгө таандык» эмес (Жакан 15:19).

  2. Алар — Машаяктын жана анын Падышалыгынын өкүлдөрү (Жакан 18:36; 2 Корунттуктар 5:20).

  3. Кудайдын элинин жыйналышы бир ишенимдин негизинде бириккен жана анын мүчөлөрү бири-бирине Исаныкындай сүйүү көрсөтүшөт (1 Корунттуктар 1:10; Колосалыктар 3:14).

  4. Кимдир бирөөгө добуш берген киши кайсы бир деңгээлде анын кылган иштерине жооптуу болот. (Төмөнкү аяттарда камтылган принциптерге көңүл бур: 1 Шемуел 8:5, 10—18 жана 1 Тиметей 5:22.)

  5. Ысрайылдыктар адамдардын арасынан падыша шайлап берүүсүн талап кылганда, Жахаба өзүн четке кагылгандай сезген (1 Шемуел 8:7).

  6. Кудайдын кызматчысы ар кандай саясий көз караштагы адамдарга Падышалык жөнүндө таза абийир менен айта алгыдай болушу керек (Матай 24:14; 28:19, 20; Еврейлер 13:18).

Альтернативалык жарандык кызмат. Айрым өлкөлөрдө өкмөт аскердик кызматтан баш тарткандардан белгилүү бир убакыт ичинде альтернативалык кызматтын кайсы бир түрүн өтөөнү талап кылат. Ушундай жагдайга туш болгондо, тиленүү менен ой жүгүрткөнүбүз, жетилген ишенимдешибиз менен сүйлөшүп көргөнүбүз жана окуп-билгендерибиздин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизге жараша чечим чыгарганыбыз маанилүү (Накыл сөздөр 2:1—5; Филипиликтер 4:5).

Ыйык Китеп бизди «өкмөткө жана бийликтерге баш ийүүгө», эстүү жана «бардык жакшы иштерге даяр болууга» чакырат (Тит 3:1, 2). Андыктан мындай деп ойлонуп көр: альтернативалык кызматка макул болсом, бейтараптуулугумду бузуп койбоймунбу же жалган дин менен байланышы бар иштерге  катышып калбаймынбы? (Микей 4:3, 5; 2 Корунттуктар 6:16, 17). Андай кызматтын айынан Кудайдын кызматчысы катары ээ болгон милдеттеримди аткаруу кыйын болуп калбайбы же атүгүл аларды аткара албай калбаймынбы? (Матай 28:19, 20; Эфестиктер 6:4; Еврейлер 10:24, 25). Же тескерисинче, андай кызматты өтөө менен бирге рухий иштерге көбүрөөк убакыт бөлүүгө, ал турсун, Кудайга толук убакыт кызмат кылууга мүмкүнчүлүгүм болоттур? (Еврейлер 6:11, 12).

Эгер кайсы бир ишенимдешибиз баарын чынчылдык менен таразалап көрүп, түрмөгө камалгандан көрө альтернативалык кызматты өтөөнү туура көрсө, анын чечимин сыйлашыбыз керек (Римдиктер 14:10). Же андай кызматтан баш тартса, анда да көз карашын сыйлашыбыз кажет (1 Корунттуктар 10:29; 2 Корунттуктар 1:24).

 

Көбүрөөк билиңиз

Бир гана Кудайдын Падышалыгына берилгендик сактайбыз

Бейтараптуулукту сактаганы үчүн Жахабанын Күбөлөрү «дарыядай» куугунтуктарга туш болушкан. Бирок аларды «жер» жутуп алган.