Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 12-БӨЛҮМ

«Бекемдей турган сөздөрдү» сүйлө

«Бекемдей турган сөздөрдү» сүйлө

«Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче... бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө» (ЭФЕСТИКТЕР 4:29).

1—3. а) Жахаба бизге кандай белек берген жана аны кандайча туура эмес колдонушубуз мүмкүн? б) Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн сүйлөө жөндөмдүүлүгүн кантип колдонушубуз керек?

ЖАКЫН адамыңа белек берсең, бирок ал аны туура эмес колдонсо, кандай сезимде болот элең? Мисалы, сен ага машине белек кылдың дейли. Бирок кийинчерээк анын машинени этияттап айдабай, башкалардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жатканын уксаң, капа болбой коёт белең?

2 Сүйлөө жөндөмдүүлүгү — «жакшы, жеткилең белектердин» булагы болгон Жахабанын белеги (Жакып 1:17). Адам баласын жаныбарлардан айырмалап турган бул белектин аркасында биз башкаларга ойлорубузду эле эмес, сезимдерибизди да билдире алабыз. Бирок, машине сыяктуу эле, сүйлөө жөндөмдүүлүгү да туура эмес колдонулуп калышы мүмкүн. Этияттап сүйлөбөй, башкалардын көңүлүн оорутсак, бул Жахабаны кандай гана капалантат!

3 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаш үчүн, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн ал ниет кылгандай колдонушубуз керек. Кандай сөздөрдү колдонгонубуз Жахабага жагары Ыйык Китепте айкын көрсөтүлөт. Маселен, анда: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн, ыңгайы келгенде, аларды бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө»,— делет (Эфестиктер 4:29). Бул бөлүмдө эмне үчүн сүйлөгөн сөзүбүзгө  маани беришибиз керек экени, кандай сөздөрдөн качышыбыз керектиги жана кантип башкаларды «бекемдей турган сөздөрдү» сүйлөй аларыбыз талкууланат.

ЭМНЕ ҮЧҮН СҮЙЛӨГӨН СӨЗҮБҮЗГӨ МААНИ БЕРИШИБИЗ КЕРЕК?

4, 5. Сөздүн күчтүү таасири Накыл сөздөр китебинде кандай сүрөттөлөт?

4 Сүйлөгөн сөзүбүзгө маани беришибиз керектигинин бир орчундуу себеби сөз күчтүү таасирге ээ. Накыл сөздөр 15:4тө: «Тилдин сабырдуулугу — өмүр дарагы, ал эми тилдин бурмаланышы рухту жаралайт»,— делет *. Суу соолуп бараткан даракты жандандыргандай эле, жакшы сөз жан сергитет. Ал эми жаман сөздөр ындынды өчүрөт. Ооба, сүйлөгөн сөздөрүбүз жаралай турган да, айыктыра турган да күчкө ээ (Накыл сөздөр 18:21).

5 Сөздүн таасири канчалык күчтүү экени айкын сүрөттөлгөн башка аятта: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 12:18). Ойлонбой айтылган сөз көңүлдү оорутуп, ортодогу мамилени бузат. Бирөөнүн сөздөрүнөн улам жүрөгүң кылыч менен жаралангандай учурлар болду беле? Бирок  ошол эле аятта: «Акылдуулардын тили айыктырат»,— деп да айтылат. Кудайдын акылмандыгын чагылдырган адамдын жылуу-жумшак сөздөрү жараланган жүрөктү айыктырып, ортодогу мамилени калыбына келтирет. Кимдир бирөөнүн жагымдуу сөздөрү жүрөгүңдү жылыткан учурду эстей аласыңбы? (Оку: Накыл сөздөр 16:24.) Сөздөрдүн таасири күчтүү экенин эске алып, биз башкаларды жаралай турган эмес, айыктыра турган сөздөрдү сүйлөөгө умтулабыз.

Жакшы сөз жан сергитет

6. Тилибизди башкара билүү эмне үчүн оңой эмес?

6 Канчалык аракет кылбайлы, тилибизди толугу менен башкара албайбыз. Анткени күнөөнүн жана жеткилеңсиздиктин айынан тилибизди туура эмес колдонууга жакынбыз. Бул — сүйлөгөн сөзүбүзгө маани беришибиз керектигинин экинчи себеби. Сөз жүрөктөн чыгат, жүрөк болсо «жамандыкка жакын» (Башталыш 8:21; Лука 6:45). Ошондуктан тилибизди ооздуктоо оңой эмес. (Оку: Жакып 3:2—4.) Тилибизди жеткилең түрдө башкара албасак да, биз аны туура колдонууга аракеттене алабыз. Агымга каршы сүзүп бараткан киши ага туруштук берүү үчүн көп күч жумшашы керек болгондой эле, биз да тилибизди туура эмес колдонууга болгон жакындыгыбызга каршы туруу үчүн талыкпай күрөшө беришибиз керек.

7, 8. Сүйлөгөн сөзүбүзгө эмне үчүн олуттуу көңүл бурушубуз керек?

7 Сүйлөгөн сөзүбүзгө маани беришибиз керектигинин үчүнчү себеби сүйлөгөн сөзүбүз үчүн Жахабанын алдында жооп беребиз. Тилибизди кандай колдонгонубуз башкалар менен болгон мамилебизге эле эмес, Жахаба менен болгон мамилебизге да таасир этет. Жакып 1:26да: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— делет *. Мурунку бөлүмдөн билгенибиздей,  сөздөрүбүз сыйынуубуз менен тыгыз байланышта. Эгер тилибизди ооздуктабай, зыяндуу, заар сөздөрдү сүйлөсөк, кылып жаткан кызматыбыздын баары Кудайдын көз алдында куру бекер болуп калышы мүмкүн. Бул сүйлөгөн сөздөрүбүзгө олуттуу көңүл бурушубуз керек экенин көрсөтүп турган жокпу? (Жакып 3:8—10).

8 Демек, сүйлөгөн сөзүбүзгө маани беришибиз керектигине орчундуу себептер бар. Кандай сөздөр башкаларды бекемдей турганын карап чыгардан мурун Кудайдын кызматчылары кандай сөздөрдөн качышы керектигин талкуулайлы.

ЖАРАЛАЙ ТУРГАН СӨЗДӨР

9, 10. а) Кандай сөздөрдү сүйлөө бүгүнкү күндө кадимки нерсеге айланган? б) Эмне үчүн адепсиз сөздөрдү четке кагышыбыз керек? (Шилтемени да кара.)

9 Адепсиз сөздөр. Тилдөө, уят сөздөрдү айтуу жана башка адепсиз сөздөрдү сүйлөө бүгүнкү күндө кадимки нерсеге айланган. Андай сөздөрдү көптөр айткандары таасирдүүрөөк болушу үчүн же сөз байлыгынын начардыгынан улам сүйлөшөт. Куудулдар көп учурда элди күлдүрүш үчүн секске байланышкан уят сөздөрдү колдонушат. Бирок адепсиз сөздөрдү күлкү-тамаша катары көрүүгө болбойт. Эки миң жылдай мурун Кудайдын рухунун жетеги менен элчи Пабыл Колосадагы жыйналышка «адепсиз сөздөрдөн» арылууну кеңеш кылган (Колосалыктар 3:8). Ал эми Эфестеги жыйналышка Исанын чыныгы жолдоочуларынын арасында «сөз да болбошу» керек болгон нерселерге «адепсиз тамашалар» да кирерин айткан (Эфестиктер 5:3, 4).

10 Адепсиз сөздөр Жахаба үчүн жийиркеничтүү. Алар Жахабаны сүйгөндөр үчүн да жийиркеничтүү. Ооба, Кудайга болгон сүйүүсү аларга адепсиз сөздөрдөн качууга түрткү берет. Пабыл «күнөөгө баткан дененин иштерине» «ыпыластык» да кирерин көрсөткөн. «Ыпыластык» болсо адепсиз сөздөрдү колдонууну да камтыйт (Галатиялыктар  5:19—21). Бул — абдан олуттуу нерсе. Бир нече жолу кеңеш берилгенине карабай, кимдир бирөө адеп-ахлаксыз, жосунсуз сөздөрдү колдонгонун токтотпосо жана өкүнбөсө, жыйналыштан чыгарылышы мүмкүн *.

11, 12. а) Башкалар жөнүндө сүйлөшүү кайсы учурда зыяндуу? б) Эмне үчүн Жахабанын кызматчылары ушак сөздөрдөн качышы керек?

11 Зыяндуу кеп-сөз, жалаа. Кээде биз кимдир бирөөлөр жөнүндө жана алардын жашоосу тууралуу сөз кылабыз. Ошондой кеп-сөздөрдүн баары эле зыяндуубу? Жок. Айрым учурларда кандайдыр бир жакшы жаңылыктарды же пайдалуу маалыматтарды айтабыз. Мисалы, кимдир бирөөнүн чөмүлгөнү же башка бирөөнүн бекемдөөгө муктаж болуп жатканы жөнүндө сүйлөшөбүз. Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары бири-биринин иштерине чын жүрөктөн кызыгып, ишенимдештери тууралуу орундуу маалыматтар менен бөлүшүп турушкан (Эфестиктер 6:21, 22; Колосалыктар 4:8, 9). Бирок башкалар жөнүндө сүйлөшкөндө, алардын жеке иштерине кийлигишсек же анча-мынча нерселерди бурмалап айтсак, кесепеттүү болушу мүмкүн. Андан да жаманы, бул жалаа жабууга алып барышы ыктымал. Андай сөздөр ар дайым залакалуу. Жалаа — бул «башка бирөөнү уят кылган жана анын аброюн түшүргөн жалган сөз». Алсак, фарисейлер Исанын аброюн түшүрүү аракетинде кара ниеттик менен ушак таратып, ага жалаа жабышкан (Матай 9:32—34; 12:22—24). Көп учурда ушактын айынан чатак чыгат (Накыл сөздөр 26:20).

12 Сүйлөө жөндөмдүүлүгүн башкаларды уят кылуу үчүн же бөлүп-жаруу үчүн колдонгондорго Жахаба  кандай карайт? Ал «бир туугандардын ортосуна от жаккандарды» жек көрөт (Накыл сөздөр 6:16—19). «Жалаачы» деп которулган диаболос деген грек сөзү Шайтанга карата да колдонулат. Ал — «Ибилис», Кудайга жалаа жапкан кара өзгөй ушакчы (Аян 12:9, 10). Албетте, биз тилибизди туура эмес колдонуу менен, Ибилистей болуп, ушакчы болуп калгыбыз келбейт. Жыйналышта ушак сөздөргө жол берилбеши керек, анткени ушак күнөөгө баткан дененин иштерине кирген араздашууга жана бөлүнүүчүлүккө алып барат (Галатиялыктар 5:19—21). Ошондуктан бирөө тууралуу уккандарыңды башкаларга айтардан мурун: «Бул чындыкпы? Муну айтканым боорукердикке жатабы? Бул маалыматты айтуунун зарылдыгы же пайдасы барбы?» — деп ойлонуп көр. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 4:11.)

13, 14. а) Кемсинтерлик сөздөр башкаларга кандай таасир тийгизет? б) Тил тийгизүү деген эмне жана башкаларга тил тийгизгендер кандайча өздөрүн коркунучка дуушар кылышат?

13 Кемсинтерлик сөздөр. Жогоруда айтылгандай, сөздөр жүрөктү жаралай турган күчкө ээ. Албетте, жеткилеңсиздиктин айынан баарыбыз эле кээде бир нерсе айтып алып, кайра өкүнүп калабыз. Бирок Ыйык Китепте Жахабанын кызматчылары үйүндө да, жыйналышта да кандай сөздөрдү такыр колдонбошу керектиги көрсөтүлөт. Пабыл ишенимдештерин: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн... арылгыла»,— деп үндөгөн (Эфестиктер 4:31). «Кемсинтерлик сөздөр» деген сөз айкашы башка котормолордо «жаман сөздөр», «заар тил», «кордогон сөздөр» деп да берилген. Кемсинтерлик сөздөр, алардын ичинде тилдөө, катуу сынга алуу адамдын кадыр-баркын түшүрүп, өзүн эч нерсеге жарабагандай сездириши мүмкүн. Андай сөздөр, өзгөчө, балдардын назик, ишенчээк жүрөгүн жаралайт (Колосалыктар 3:21).

14 Тил тийгизүү, тактап айтканда, башкаларга карата ыза кыларлык же кемсинтерлик сөздөрдү колдонуу  Ыйык Китепте катуу айыпталат. Андай сөздөрдү колдонуп жүргөн киши өзүн коркунучка дуушар кылат. Анткени бир нече жолу жардам көрсөтүлгөнүнө карабай оңолбосо, жыйналыштан чыгарылышы мүмкүн. Ал Падышалыктын баталарынан да кол жууп калышы ыктымал (1 Корунттуктар 5:11—13; 6:9, 10). Демек, жүрөктү жаралай турган зыяндуу, жалган, орой сөздөрдөн арылбасак, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып каларыбыз айкын.

«БЕКЕМДЕЙ ТУРГАН СӨЗДӨР»

15. Кандай сөздөр башкаларды бекемдейт?

15 Канткенде сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү Кудай ниет кылгандай колдоно алабыз? Кудай Сөзү бизди «бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөөгө» үндөөрүн эстесең (Эфестиктер 4:29). Башкаларды сөзүбүз менен бекемдеп, кайраттандырып, дем-күч бергенибиз Жахабаны кубандырат. Андай сөздөрдү айтуу үчүн жакшылап ойлонуу керек. Ыйык Китепте буга карата кандайдыр бир эрежелер же жакшы сөздөрдүн тизмеси берилбейт (Тит 2:8). «Бекемдей турган сөздөрдү» сүйлөө үчүн алардын кандай болушу керектигин көрсөткөн жөнөкөй, бирок маанилүү үч нерсени: сөздөрүбүз туура, чын жана пайдалуу болушу керектигин эске алганыбыз абзел. Кел анда, башкаларды кантип бекемдей аларыбызды карап көрөлү. ( «Сүйлөгөн сөзүм башкаларды бекемдейби?» деген кутучаны кара.)

16, 17. а) Эмне үчүн башкаларды макташыбыз керек? б) Жыйналышта жана үй-бүлөдө башкаларды мактоого кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

16 Чын жүрөктөн мактоо. Жахаба да, Иса да башкаларды мактоо жана жакшы сөз айтуу абдан зарыл экенин түшүнөт (Матай 3:17; 25:19—23; Жакан 1:47). Жахабанын кызматчылары катары биз да башкаларды чын жүрөктөн макташыбыз керек. Эмне үчүн? «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» — делет Накыл сөздөр 15:23тө. «Мени бирөө чын жүрөктөн мактаганда, кандай сезимде  болом? Ал сөздөр жүрөгүмдү жылытып, дем-күч бербейби?» — деп ойлонуп көр. Ооба, мактоо сөздөрү кимдир бирөөнүн сага көңүл бөлүп, кам көрүп, аракетиңди баалап жатканын көрсөтөт. Бул өзүңдү ишенимдүү сезип, мурдагыдан да көп күч-аракет жумшоого түрткү берет. Эгер башкалардын мактоосу сага жагымдуу болсо, анда сен да аларды мактоого аракет кылышың керек эмеспи? (Оку: Матай 7:12.)

17 Башкалардын жакшы жактарын байкоого үйрөнүп, аларды мактай бил. Мисалы, жыйналыш жолугушуусунан жакшы баяндама угушуң мүмкүн, ошондой эле жаш бир туугандын рухий максаттарга умтулуп жатканын же улгайган бир туугандын чектелүү мүмкүнчүлүктөрүнө карабай жолугушууларды калтырбай келип жатканын байкашың ыктымал. Чын жүрөктөн чыккан мактоо сөздөрү алардын жүрөгүн жылытып, рухий жактан бекемдейт. Үй-бүлөдө да жубайлар бири-бирин мактап, ыраазычылык билдирип турушу керек (Накыл сөздөр 31:10, 28). Айрыкча, балдар өздөрүн керектүү сезсе жана аларга көңүл бурулса, канат байлап калышат. Күндүн нуру жана суу өсүмдүккө кандай таасир этсе, мактоо менен жакшы сөз балдарга ошондой таасир этет. Ата-энелер, балдарыңарды жакшы сапаттары жана аракеттери үчүн мактоого мүмкүнчүлүк издегиле. Мактоо сөздөрү алардын кайраттуу болушуна, өздөрүн ишенимдүү сезишине өбөлгө түзүп, жакшы иштерди ого бетер тырышчаактык менен кылууга түрткү берет.

18, 19. Эмне үчүн ишенимдештерибизди жубатууга умтулушубуз керек жана аларды кантип жубата алабыз?

18 Жубатуу. Жахаба «кыйналган, момун адамдарга» мээримдүүлүк менен кам көрөт (Ышая 57:15). Анын Сөзү бири-бирибизди жана «көңүлү чөккөндөрдү сооротууга» үндөйт (1 Тесалоникалыктар 5:11, 14).Кайгыга баткан ишенимдештерибизди жубатууга жасаган аракеттерибизди Кудайдын көрүп турарына жана баалаарына шектенбесек болот.

Бекемдээрлик сөздөрүбүз Жахабаны кубантат

 19 Ындыны өчкөн же көңүлү чөккөн ишенимдешиңди кантип бекемдесең болот? Өзүңдү анын көйгөйүн чечүүгө милдеттүүдөй көрбө. Көп учурда жөнөкөй эле сөздөр менен эң сонун жардам берүүгө болот. Кайгырган адамды ал үчүн тынчсызданып жатканыңа ынандыр. Ага чогуу тиленүүнү сунуш кыл. Тиленгенде ал бир тууганга Жахабанын жана башкалардын аны канчалык жакшы көрөрүн сезүүгө жардам беришин өтүнсөң болот (Жакып 5:14, 15). Ал ишенимдешиңе жыйналышка керек экенин, аны баары баалай турганын айт (1 Корунттуктар 12:12—26). Жахабанын ага чындап кам көрөрүнө ынандыруу үчүн Ыйык Китептен бекемдээрлик аят окуп бер (Забур 34:18; Матай 10:29—31). Көңүлү чөккөн адамга «жакшы сөз» айтуу үчүн убакыт бөлгөнүң жана чын жүрөктөн сүйлөгөнүң башкалардын аны жакшы көрөрүн, баалаарын түшүнүүгө жардам берет. (Оку: Накыл сөздөр 12:25.)

20, 21. Канткенде кеңеш жакшы натыйжа берет?

20 Натыйжалуу кеңеш. Жеткилеңсиз болгондуктан баарыбыз мезгил-мезгили менен кеп-кеңешке муктаж болобуз. Ыйык Китепте: «Келечекте акылман болуш үчүн, кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 19:20). Кеңешти аксакалдар эле бербейт. Алсак, ата-энелер балдарына акыл айтат (Эфестиктер 6:4). Рухий жактан жетилген эжелер жашыраактарына  кеп-кеңешин айтышы мүмкүн (Тит 2:3—5). Сүйүү бизге башкалардын көңүлүн оорутпай кеңеш берүүгө түрткү берет. Бул жагынан бизге эмне жардам берет? Кеңештин натыйжалуу болушун шарттай турган үч нерсени: кеңеш берүүчүнүн маанайы менен ниети кандай болушу, кеңештин эмнеге негизделиши жана кантип берилиши керектигин карап чыгалы.

21 Кеңештин канчалык натыйжалуу болору кеңеш берүүчүдөн көз каранды. Андыктан: «Кеңеш кантип берилсе, аны кабыл алуу мага оңоюраак болот?» — деп ойлонуп көр. Кеңеш берүүчү сага чын дилден кам көрүп жатса, нааразычылыгын айтпай, жакшы ниет менен кеңеш берсе, анын айткандарын кабыл алуу оңоюраак болот. Ошондуктан башкаларга кеңеш бергенде, сенин да маанайың, ниетиң ошондой болушу керек эмеспи? Андан тышкары, натыйжалуу кеңеш Кудайдын Сөзүнө негизделет (2 Тиметей 3:16). Ыйык Китептин өзүнөн үзүндү келтиребизби же жокпу, кеңештерибиздин баары ага негизделиши керек. Ошол себептен аксакалдар өз оюн башкаларга таңуулашпайт жана Ыйык Жазманы өздөрүнүн көз карашын ырастап тургандай кылып көрсөтүшпөйт, башкача айтканда, аны бурмалашпайт. Ошондой эле кеңешти кантип берүү керектиги эске алынса, кеңеш жакшыраак натыйжа берет. Боорукердик менен берилген кеңеш оңоюраак кабыл алынат жана адамдын кадыр-баркын түшүрбөйт (Колосалыктар 4:6).

22. Сүйлөө жөндөмдүүлүгүн кандай колдонууга чечкиндүүсүң?

22 Ырас, сүйлөө жөндөмдүүлүгү — Кудай берген баалуу белек. Жахабага болгон сүйүүбүз бизге бул белекти туура колдонууга түрткү бериши керек. Сүйлөгөн сөзүбүз жаралай турган да, айыктыра турган да күчкө ээ экенин унутпайлы. Андыктан бул белекти Кудай ниет кылгандай колдонууга — «бекемдей турган сөздөрдү» сүйлөөгө — умтулалы. Ошондо сөзүбүз башкаларды бекемдейт жана бизге Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет.

^ 4-абз. Бул аяттагы «бурмалануу» деп которулган еврей сөзүн «ийилүү, бузулуу» деп да которууга болот.

^ 7-абз. «Пайдасыз» деп берилген грек сөзү «куру бекер» деп да которулат (1 Корунттуктар 15:17).

^ 10-абз. «Ыпыластык» деген сөз Ыйык Жазмада кеңири мааниде колдонулат жана өзүнө ар кандай күнөөлөрдү камтыйт. Ыпыластыктын бардык түрү укуктук чаралардын көрүлүшүн талап кылбаса да, одоно ыпыластыкка жаткан иштерди өкүнбөй кыла бергендер жыйналыштан чыгарылышы мүмкүн (2 Корунттуктар 12:21; Эфестиктер 4:19). (Кара: «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 15-июль, «Окурмандардын суроолору», ор.)

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

«Ооба» деп, кайра «жок» дебейсиңби?

Кудайдын кызматчысы «ооба» деп, кайра «жок» дебей, сөзүнө турушу керек. Макулдашкан нерсени өзгөртүүгө туура келсечи? Пабыл бул жагынан кандай үлгү калтырган?