Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла»

 2-БӨЛҮМ

Канткенде абийирибизди таза сактай алабыз?

Канткенде абийирибизди таза сактай алабыз?

«Абийириңерди таза сактагыла» (1 ПЕТИР 3:16).

1, 2. Эмне себептен компас баалуу шайман болуп эсептелет жана эмне үчүн аны абийирге салыштырууга болот?

КЕМЕЧИ учу-кыйыры көрүнбөгөн океанда кемеси менен толкундарды жиреп баратат; саякатчы ээн талаа, эрме чөлдө жол жүрүп баратат; учкуч асманды бир учунан экинчи учуна чейин каптаган булуттардын үстү менен учуп келатат. Бул үч кишинин кандай жалпылыгы бар экенин билесиңби? Эгер колдорунда компас болбосо, айрыкча, заманбап техникалар жок болсо, алар чоң кырсыкка дуушар болушмак.

2 Компас — бул дайыма түндүктү көрсөтүп туруучу магнит жебеси бар жөнөкөй шайман. Эгер ал тийиштүү түрдө иштесе жана так карта менен бирге колдонулса, адамдын өмүрүн сактай алат. Компасты кандайдыр бир деңгээлде Жахаба бизге берген баалуу белекке — абийир белегине — салыштырууга болот (Жакып 1:17). Абийирибиз болбосо, биз да жетекчиликсиз калмакпыз. Абийирибиз тийиштүү  түрдө «иштесе», биз жашоодо туура жолду таап, андан эч качан адашпайбыз. Анда эмесе, азыр абийир деген эмне экенин жана анын кантип «иштээрин» карап чыгалы. Андан кийин төмөнкү суроолорду талкуулайбыз: 1) абийирди кантип үйрөтүүгө болот? 2) Эмне үчүн башкалардын абийирин эске алуу керек? 3) Абийирди таза сактоонун кандай пайдасы бар?

АБИЙИР ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ КАНТИП «ИШТЕЙТ»?

3. «Абийир» деп которулган грек сөзү түзмө-түз кандай маанини туюнтат жана биз кандай өзгөчө жөндөмдүүлүккө ээбиз?

3 Ыйык Китепте «абийир» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «өзүңдү билүү» деген маанини туюнтат. Кудай бизге өзүбүздү баамдап билүү жөндөмдүүлүгүн бергендиктен, биз жердеги башка тирүү жандардын баарынан айырмаланабыз. Каймана мааниде айтканда, өзүбүзгө сырттан карап, кандай адам экенибизге баа бере алабыз. Абийирибиз ички дүйнөбүздөгү сот сыяктуу ролду аткарып, иш-аракеттерибизди, ой жүгүртүүбүздү жана чыгарган чечимдерибизди таразалай алат. Ал бизди жаңылыш чечим чыгаруудан сактайт. Андан тышкары, туура чечим чыгарганыбызда мактап, туура эмес чечим чыгарганыбызда, жемелейт.

4, 5. а) Адам ата менен Обо эненин абийирге ээ болгонун кайдан билебиз жана алардын Кудайдын мыйзамын бузганы эмнеге алып келген? б) Байыркы убактагы ишенимдүү адамдардын өз абийирин эске алганын кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

4 Мындай жөндөмдүүлүк биринчи эркек менен аялга башынан эле берилген. Адам ата менен Обо эненин иш-аракетинен экөөнүн тең абийирге ээ экени көрүнгөн. Муну күнөө жасаганда уялышканынан байкоого болот (Башталыш 3:7, 8). Бирок ошол учурда булганып калган абийири аларга эч кандай пайда алып келбей калган. Алар Кудайдын айкын айтылган мыйзамын баркка албай коюшкан. Ошентип, Жахаба Кудайга билип туруп баш ийбөөнү тандоо менен анын каршылаштары болуп калышкан. Жеткилең болгондуктан Адам ата менен Обо эне эмне кылып жатышканын эң сонун түшүнүшкөн. Ошол себептен алар үчүн Кудайга кайрылып келүүгө жол жок болчу.

 5 Адам ата менен Обо энеден айырмаланып, көптөгөн жеткилең эмес адамдар абийирин эске алып иш кылышкан. Мисалы, Аюп аттуу ишенимдүү киши: «Мен адилеттигиме бекем карманып келем, аны коё бербейм, жүрөгүм мени өмүрүмдүн бир күнү үчүн да жемелебейт»,— деп айткан * (Аюп 27:6). Ал иш-аракет кылууда, чечим чыгарууда дайыма абийирин эске алган. Ошондуктан өзүн күнөөлүү сезген, уялган, абийири кыйнаган учурлары болбогонун айта алган. Андан айырмаланып, Дөөтүнүн кандай сезимде болгонун байкасаң. Бир жолу Жахабанын майланган падышасын, Шабулду, сыйлабагандай иш кылып алганда, «жүрөгү ооруган» (1 Шемуел 24:5). Бирок ошондо абийиринин кыйнаганы Дөөтүгө пайда алып келген, себеби мунун натыйжасында ал башкаларды сыйлабагандыкка жаткан иштерден алыс болууга үйрөнгөн.

6. Абийир белегинин бардык адамдарга берилгенин эмне көрсөтүп турат?

6 Абийир белеги Жахабанын кызматчыларына эле берилгенби? Элчи Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазган төмөнкү сөздөрүнө көңүл бурсаң: «Мыйзамды билбеген башка элдер мыйзамда айтылгандарды табиятынан эле аткарып жатышса, анда алар мыйзамды билбесе да, өздөрүнө өздөрү мыйзам. Алардын абийири да күбөлөндүргөндө, алар ойлонуп, өздөрүн бирде айыптаса, бирде акташат. Ошентип, мыйзамдын маани-маңызы жүрөктөрүнө жазылганын көрсөтүшөт» (Римдиктер 2:14, 15). Ырас, Жахабанын мыйзамдарын таптакыр билбеген адамдар да айрым учурларда ушул ички сезимдин таасири менен Кудайдын принциптерине ылайык иш кылышат.

7. Эмне үчүн кээде абийир туура эмес жетекчилик бериши мүмкүн?

7 Анткен менен кээде абийир туура эмес жетекчилик  бериши мүмкүн. Эмне үчүн? Мисалы, компасты магниттин жанына коюп койсо, ал түндүктү эмес, башка тарапты көрсөтө баштайт. Ошондой эле ишеничтүү карта болбосо, компастын пайдасы дээрлик тийбейт. Анын сыңарындай, абийирибизге жүрөгүбүздүн каалоолору күчтүү таасир этсе, ал тескери жетекчилик бере башташы ыктымал. Абийирибизди Кудайдын Сөзүндө камтылган ишеничтүү жетекчилик менен бирге колдонбосок, көптөгөн маанилүү жагдайларда туураны туура эместен айырмалай албай калабыз. Ал тийиштүү түрдө «иштеши» үчүн, Жахабанын ыйык рухунун жетегине муктажбыз. Пабыл: «Абийирим ыйык рухтун жетеги менен күбөлөндүрүп жатат»,— деген (Римдиктер 9:1). Бирок канткенде абийирибиз Жахабанын ыйык рухунун жетегине ылайык «иштейт»? Ал үчүн аны үйрөтүү керек.

АБИЙИРДИ КАНТИП ҮЙРӨТҮҮГӨ БОЛОТ?

8. а) Жүрөк абийирге кандай таасир этиши мүмкүн жана чечим чыгарууда биринчи кезекте эмнени эске алышыбыз керек? б) Эмне үчүн кээде абийирибиздин таза болгону жетишсиз? (Шилтемени кара.)

8 Абийирге ылайык чечим чыгаруу керек болгондо эмне кыласың? Айрымдар ой-сезимдерине эле таянып чечим чыгарышат да, анан: «Абийирим буга жол берет»,— деп коюшат. Бирок жүрөктөгү каалоолор аябай күчтүү болушу, атүгүл абийирге үстөмдүк кылып кетиши мүмкүн. Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган. Аны ким биле алат?» — делет (Жеремия 17:9). Ошондуктан чечим чыгарууда биринчи кезекте жүрөгүбүздүн каалоосун эмес, Жахабага эмне жагарын эске алышыбыз керек *.

9. Кудайдан коркуу деген эмне жана ал абийирибизге кандай таасир этет?

 9 Эгер чечим чыгарууда үйрөтүлгөн абийирибизге жетектелсек, өзүбүз каалагандай эмес, Кудайдан коркуу менен иш кыларыбызды көрсөтөбүз. Бир мисалга көңүл буралы. Ишенимдүү башкаруучу Некемиянын Иерусалимде жашагандардан салык алууга укугу бар болчу. Бирок ал анткен эмес. Эмне үчүн? Кудайдын элин басмырлап, анын ырайымынан айрылып калуу жөнүндөгү ойдун өзү эле ага жагымсыз болгон. Ал: «Кудайдан корккондуктан анткен жокмун»,— деген (Некемия 5:15). Ооба, Жахабадан чын жүрөктөн коркконубуз, башкача айтканда, ага жакпай калуудан коркконубуз маанилүү. Кудайды урматтаарыбызды айгинелеген мындай сезим бизге чечим чыгарганда анын Сөзүнөн жетекчилик издөөгө түрткү берет.

10, 11. Спирт ичимдиктерине байланыштуу Ыйык Китепте кандай принциптер бар жана канткенде Кудайдан жетекчилик ала алабыз?

10 Мисалы, спирт ичимдиктерин колдонууга токтололу. Адатта, бирөөлөр менен чогулганда көбүбүзгө: «Ичсемби же ичпей эле койсомбу?» — деп ойлонуп көрүп, чечим чыгарыш керек болот. Бул үчүн адегенде билим алуу зарыл. Буга байланыштуу Кудайдын Сөзүндө кандай принциптер камтылган? Алсак, анда спирт ичимдиктерин чени менен ичүүгө тыюу салынбайт жана шарапты белек катары бергени үчүн Жахабага ыраазычылык билдирилет (Забур 104:14, 15). Бирок мас болуу, жосунсуз той-тамашалар айыпталат (Лука 21:34; Римдиктер 13:13). Андан сырткары, Ыйык Китеп аракечтикти бузуктук, ойноштук сыяктуу оор күнөөлөрдүн катарына кошот * (1 Корунттуктар 6:9, 10).

11 Исанын жолдоочусунун абийири ушу сыяктуу принциптердин негизинде үйрөтүлүп, курчутулат. Бирөөлөр  менен чогулганда ичимдик ичүүгө байланыштуу чечим чыгарууга туура келиши мүмкүн. Ошондо мындай деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы: бул отуруш кандай максатта уюштурулган? Жагдай чектен чыгып, келгендердин жүрүм-туруму жосунсуз болуп кетпейби? Мен эмнеге жакынмын? Көңүлүмдү көтөрүү жана өзүмдү эркинирээк сезүү үчүн сөзсүз эле ичимдик ичишим керекпи? Ашыкча ичип албаш үчүн өзүмдү башкара аламбы? Ыйык Китептеги принциптердин жана ушул суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп жатканда Жахабадан жетекчилик сурап тиленгенибиз жакшы. (Оку: Забур 139:23, 24.) Ошондо аны бизди ыйык руху менен жетектөөгө «чакырган» болобуз. Андан сырткары, абийирибизди Кудайдын принциптерине ылайык «иштөөгө» үйрөтөбүз. Бирок чечим чыгарууда дагы бир нерсени эске алышыбыз керек.

ЭМНЕ ҮЧҮН БАШКАЛАРДЫН АБИЙИРИН ЭСКЕ АЛУУ КЕРЕК?

Туура үйрөтүлгөн абийириң ичимдик ичүүнү же ичпөөнү чечүүгө жардам берет

12, 13. Эмне себептен Кудайдын кызматчыларынын абийири ар башка болот жана мындайда эмне кылганыбыз дурус?

12 Балким, кээде Кудайдын кызматчыларынын абийири бири-бириникинен айырмаланарын көрүп таң калаттырсың. Кимдир бирөө кайсы бир ишти же каада-салтты туура көрбөшү, ал эми башкасы аны жакшы көрүшү, айыптагыдай эч жаман жери жок деп эсептеши мүмкүн. Маселен, кимдир бирөө достору менен кечинде эс алуу үчүн чогулуп, ичимдик ичүүнү каалайттыр, башка бирөө болсо муну туура көрбөшү ыктымал. Эмне үчүн адамдардын бир эле нерсеге болгон көз карашы ар башка болот жана бул чыгарган чечимдерибизге кандай таасир этиши керек?

13 Адамдар бири-биринен көп себептерден улам айырмаланат. Алсак, чоңойгон чөйрөсү ар кандай болот. Кээ бирөөлөр мурун өздөрү күрөшүп келген алсыз жактарын жакшы билишет; балким, кээде жеңилип калган учурлары да болгондур (1 Падышалар 8:38, 39). Спирт ичимдиктерин ичүүгө келгенде андай адамдардын абийири өзгөчө сезимтал болушу мүмкүн. Сеникине келген бир  туугандын абийири ошондой болсо, ал сунуш кылынган ичимдиктен баш тартышы ыктымал. Мындайда ага таарынасыңбы? Аны кыйнайсыңбы? Албетте, антпейсиң. Балким, ал эмне үчүн ичкиси келбей жатканын айткысы келбейттир. Бирок анын себебин билесиңби же жокпу, бир тууганыңа болгон сүйүүң анын каалоосун эске алууга түрткү берет.

14, 15. 1-кылымдагы жыйналыштагылардын абийири кайсы маселеге байланыштуу ар башкача «иштеген» жана Пабыл кандай кеңеш берген?

14 Биринчи кылымда элчи Пабыл ишенимдештеринин абийири көп учурда ар башка болорун байкаган. Ошол кезде алардын кээ бирлери буркандарга багышталган тамак-ашты жегенге болбойт деп эсептешкен (1 Корунттуктар 10:25). Бирок Пабылдын абийири кийин базарда сатылган андай тамак-ашты жегенге жол берген, анткени ал буркандарды эч нерсеге арзыбаган нерсе катары көргөн. Жахаба берген жана ага таандык болгон тамак-ашты буркандар эч качан өздөрүнө таандык кыла алмак эмес. Ошентсе да Пабыл башкалардын буга болгон көз карашы өзүнүкүнөн айырмаланарын түшүнгөн. Балким, айрымдары Исанын жолдоочусу болгонго чейин бурканга табынуучулукка баш-оту менен берилип келишкен. Ошон үчүн алар атүгүл мурун бурканга табынуучулукка байланышы болгон нерселерди да арам деп эсептешкен. Пабыл бул кыйынчылыкты кантип чечкен?

15 Ал: «Биз, күчтүүлөр, ишеними алсыздардын алсыз жактарын көтөрүшүбүз керек. Өзүбүзгө гана жакканды кылбай[лы]... Анткени Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес»,— деп айткан (Римдиктер 15:1, 3). Пабыл бул жерде бир туугандарыбыздын кызыкчылыгын, Машаякка окшоп, өзүбүздүкүнөн жогору коюшубуз керектигин көрсөткөн. Ушуга байланыштуу теманы талкуулап жатып ал Машаяк өз өмүрүн курмандыкка чалып куткарып алган койлорду, башкача айтканда, сүйүктүү ишенимдештерин мүдүрүлтпөш үчүн эч качан эт жебей турганын айткан. (Оку: 1 Корунттуктар 8:13; 10:23, 24, 31—33.)

16. Эмне себептен абийири көп нерсеге чектөө койгон бир туугандар башкаларды айыптоодон качышы керек?

 16 Ошол эле учурда, абийири көп нерсеге чектөө койгон бир туугандар башкалардан абийирге байланышкан маселелерге карата өздөрүнүкүндөй көз карашта болууну талап кылып, аларды айыптабашы керек. (Оку: Римдиктер 14:10.) Ооба, абийирибизди башкаларды айыптоо үчүн эмес, өзүбүздү текшерүү үчүн колдонгонубуз жакшы. Иса Машаяктын: «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла»,— деген сөздөрүн эстен чыгарбайлы (Матай 7:1). Жыйналыштагылар ар ким өз абийирине жараша чече турган маселелерди көйгөйгө айландыруудан качышы зарыл. Анын ордуна, баарыбыз сүйүү менен биримдикке өбөлгө түзүп, бири-бирибизди басынтууга эмес, бекемдөөгө умтулушубуз керек (Римдиктер 14:19).

 АБИЙИРДИ ТАЗА САКТООНУН КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?

Таза абийир бизди өмүр жолунда жетектеп, кубаныч менен жан дүйнө бейкуттугуна ээ кылат

17. Бүгүн көптөрдүн абийири жөнүндө эмне десе болот?

17 Элчи Петир: «Абийириңерди таза сактагыла»,— деп жазган (1 Петир 3:16). Жахаба Кудайдын алдында таза абийир баа жеткис белек болуп эсептелет. Бирок бүгүн көптөрдүн абийири андай эмес. Пабыл кээ бирөөлөрдүн абийири ысык темир менен белги салынгандагыдай сезимсиз болуп калганын айткан (1 Тиметей 4:2). Дененин ысык темир басылган жери күйүп, карттанып, эч нерсе сезбей калат. Көптөрдүн абийири ушу сыяктуу, тактап айтканда, «өлүк» болуп калган. Карттанып, сезимсиз болуп калган абийир туура эмес ишке карата эч кандай эскертүү бербей, каршылык көрсөтпөй, жемелеп-кыйнабай калат. Тилекке каршы, көптөр бүгүн: «Абийириң жемелебесе, кайра жакшы да...» — деп ойлошот.

18, 19. а) Өзүбүздү күнөөлүү сезүүнүн кандай пайдасы бар? б) Өкүнгөндөн кийин деле абийирибиз жемелей берсе, эмне кылышыбыз керек?

 18 Бирок жемелөө менен абийирибиз бизге туура эмес иш кылганыбызды айтып турат. Мындай сезим күнөөкөргө өкүнүүгө түрткү бергенде, атүгүл анын олуттуу күнөөлөрү да кечирилет. Алсак, Дөөтү падыша аябай чоң күнөө жасаса да, кечирилген. Анткени ал чын жүрөктөн өкүнгөн. Кылган ишин жек көрүп, андан ары Жахабанын мыйзамдарына баш ийүүнү чечкен Дөөтү анын «кечирүүгө даяр» Кудай экенине өз тажрыйбасынан ынанган (Забур 51:1—19; 86:5). Бирок өкүнгөндөн кийин деле өзүбүздү күнөөлүү сезип, кыйнала берсекчи?

19 Ооба, кээде туура эмес иш жасап алган адамдын абийири аны зарылдыгы болбой калганда да күнөөлүү сездиртип, кыйнай бериши мүмкүн. Мындай учурда өзүн өзү соттогон жүрөгүбүздү Жахабанын адамдардагы сезимдердин баарынан «чоң» экенине ынандырышыбыз зарыл. Башкаларды Кудайдын сүйөрүнө, кечирерине ишенүүгө чакырганыбыздай эле, өзүбүз да ошого бекем ишенишибиз керек. (Оку: 1 Жакан 3:19, 20.) Ал эми таза абийир жан дүйнө тынчтыгына, бейкуттукка жана азыркы дүйнөдө чанда кезикчү зор кубанычка ээ кылат. Ырас, бир кездерде олуттуу күнөө жасагандардын көптөрү терс сезимдерден арылып, азыр Жахаба Кудайга таза абийир менен кызмат кылып жатышат (1 Корунттуктар 6:11).

20, 21. а) Бул китеп кандай максатта чыгарылган? б) Кудайдын кызматчылары катары кандай эркиндикке ээбиз жана аны кантип колдонушубуз керек?

20 Бул китеп сага кубанычка ээ болууга жана Шайтандын дүйнөсүнүн кыйынчылыктар менен коштолгон акыркы күндөрүндө абийириңди таза сактоого жардам берүү үчүн чыгарылган. Албетте, бул китепте күндөлүк жашооңдо пайда болуучу жагдайларды чечүүдө Ыйык Китептеги ой жүгүртүшүң керек болгон мыйзамдар менен принциптердин баарын талкуулап чыгуу мүмкүн эмес. Андан тышкары, абийириңе жараша чече турган нерселерге карата жөнөкөй, «болот» же «болбойт» деген жоопторду  күтпөшүң керек. Бул китептин максаты — сага Кудайдын Сөзүн жашооңдо кантип колдонсоң болорун изилдөөнүн аркасында абийириңди үйрөтүп, курчутууга жардам берүү. Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдан айырмаланып, «Машаяктын мыйзамы» бизди эрежелерге эмес, көбүрөөк абийирибизге жана принциптерге жетектелип жашоого үндөйт (Галатиялыктар 6:2). Ошентип, Жахаба кызматчыларын зор эркиндикке ээ кылган. Бирок анын Сөзүндө эркиндигибизди эч качан «жаман иштерди жаап-жашырыш үчүн» пайдаланбашыбыз керектиги эскертилет (1 Петир 2:16). Биз аны Жахабаны сүйөрүбүздү көрсөтүү үчүн колдонушубуз керек.

21 Ыйык Китептеги принциптерди жашооңдо кантип колдонсоң болору жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүп, чыгарган чечимдериңе ылайык иш кылуу менен Жахабаны жаңы тааныганда баштаган иш-аракетиңди улантасың. Ооба, иш жүзүндө «колдонуу аркылуу» акылыңды машыктырасың (Еврейлер 5:14). Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийириңдин пайдасы күн сайын тиет. Саякатчыга жол көрсөткөн компаска окшоп, абийириң сага асмандагы Атаңа жаккан чечимдерди чыгарууга жардам берет. Бул болсо Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга өбөлгө түзөт.

^ 5-абз. Еврей Жазмаларында «абийир» деген сөз колдонулбайт. Бирок ушуга окшогон мисалдардан абийирдин өз кызматын аткарганы айкын көрүнүп турат. «Жүрөк» деген сөз, адатта, адамдын ички дүйнөсүнө карата колдонулса да, ушул сыяктуу учурларда ал адамдын ички дүйнөсүнүн өзгөчө бир бөлүгүн, анын абийирин, билдирет. Ал эми Грек Жазмаларында «абийир» деп берилген грек сөзү 30 жолудай кездешет.

^ 8-абз. Ыйык Китептен кээде абийирдин таза болгону жетишсиз экени көрүнүп турат. Мисалы, Пабыл: «Абийирим таза, бирок ушундан улам эле адил болуп калбайм, анткени мага баа берип, соттой турган — Жахаба өзү»,— деген (1 Корунттуктар 4:4). Атүгүл Исанын жолдоочуларын Пабылга окшоп куугунтуктагандар да Кудайга жаккан ишти кылып жатабыз деп ойлогондуктан, абийирлери жемелебеши ыктымал. Ошондуктан абийирибиздин өзүбүздүн да, Кудайдын да көз алдында таза болгону маанилүү (Элчилер 23:1; 2 Тиметей 1:3).

^ 10-абз. Эске алчу нерсе, көптөгөн догдурлар ичимдикти чени менен ичүүгө карата берилген көрсөтмөнүн аракечтерге тиешелүү эмес экенин айтышат; аракечтер үчүн ичимдикти «чени менен ичүү» аны таптакыр оозго албоону билдирет.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Чечимдерди акылдуулук менен чыгар

Чечимдерибиз Кудайдын эркине келер-келбесин кайдан билебиз? Чыгарган чечимибизге ылайык иш кылууга эмне жардам берет?