Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!

Падышалыктын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатасыңбы?

 7-БӨЛҮК

Падышалыктын баталары. Бардыгы жаңы болот

Падышалыктын баталары. Бардыгы жаңы болот

 КЫПКЫЗЫЛ алманы үзүп, буркураган жытын искеп, толоюн деп калган себетиңе саласың. Бир нече саат бою иштесең да, такыр чарчаган жоксуң. Дагы бир топ иштегенге күчүң бар. Апаң да алма терип жатып, бала-бакырасы, кол кабыш кылганы келген достору менен сүйлөшүп жатат. Ал сенин бала чагыңдагыдай эле жапжаш. Шайтан башкарып турганда апаңдын карып, азаптуу оорудан каза болгонун өз көзүң менен көргөнсүң. Ал акыркы демин чыгарып, жарык дүйнө менен кош айтышып жатканда жанында болчусуң. Эми болсо ошол окуялардын баары түш сыяктуу эле сезилет. Анткени азыр апаң, башкалардай эле, чың ден соолукта бактылуу өмүр сүрүп жатат.

Жакында ушундай сонун күндөр келет. Биз буга эч шектенбейбиз. Анткени Жахабанын бир да убадасы аткарылбай калбайт. Бул бөлүктөн биз Кудайдын убадаларынын айрымдары жакынкы арада, Армагедонго чейинки убакта, кандайча аткарыларын карайбыз. Ошондой эле Армагедондон кийин кайсы убадалардын аткарыларына токтолобуз. Кудайдын Падышалыгынын бүт жер жүзүнө бийлик жүргүзөрүн, бардык нерсенин жаңы болорун көрүү кандай гана жүрөк толкутарлык болот!

БУЛ БӨЛҮКТӨ

21-БӨЛҮМ

Кудайдын Падышалыгы душмандарын жок кылат

Армагедон согушуна азыртадан эле даярдана аласыңар.

22-БӨЛҮМ

Падышалык Кудайдын ой-ниетин ишке ашырат

Жахабанын убадалары сөзсүз аткарылат деп эмне үчүн ишенсек болот?