Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!

 13-БӨЛҮМ

Падышалыктын жарчылары укуктары үчүн күрөшүп келишет

Падышалыктын жарчылары укуктары үчүн күрөшүп келишет

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Мыйзамды колдонуп, кабар айтуу ишин токтотууга аракет кылган кишилердин болору алдын ала айтылган

1, 2. а) Диний жетекчилер кабар айтуу ишине бут тосууга кандайча аракет кылышкан? Бул элчилерди токтото алганбы? б) Тыюу салынганына карабай, элчилер эмне үчүн кабар айта беришкен?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан бир аз эле убакыт өткөн. Иерусалимдеги жыйналыштын уюшулганына бир нече эле жума болгон. Шайтан ушул маалды кол салууга эң ылайыктуу учур деп ойлоп, жыйналыш жакшы түптөлө электе, аны жок кылгысы келген. Ал заматта амал ойлоп таап, диний жетекчилер аркылуу кабар айтуу ишине тыюу салууга аракет кылган. Бирок элчилер кайраттуулук менен кабар айта беришкен. Натыйжада «Мырзабызга ишенгендердин» саны өсө берген (Элч. 4:18, 33; 5:14).

Элчилер «Исанын ысмы үчүн кордук көрүшкөнүн сыймык катары көрүп,.. кубанып чыгып кетишкен»

2 Буга кыжыры келген душмандар ошону менен эле тынчып калбай, элчилердин баарын түрмөгө камашкан. Бирок түн ичинде периште аларды бошоткон. Алар таң атары менен кабар айта башташкан. Ошондо элчилерди башкаруучулардын алдына экинчи жолу алып барып, аларды кабар айтууга тыюу салган мыйзамды буздуңар деп айыпташкан. Элчилер болсо кайраттуулук менен: «Биз адамдарга эмес,.. башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп беришкен. Буга алар каарданып, элчилерди «өлтүрмөкчү болушкан». Ошондо Гамалеил деген кадыр-барктуу Мыйзам окутуучу: «Жакшылап ойлонуп көргүлө... буларды жайына койгула»,— деп кеңеш берген. Таң калыштуусу, башкаруучулар аны угуп, элчилерди коё беришкен. Элчилер андан ары эмне кылышкан? Эч коркпостон «Машаяк Иса жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай беришкен» (Элч. 5:17—21, 27—42; Накыл 21:1, 30).

3, 4. а) Шайтан көптөн бери кайсы ыкманы колдонуп келет? б) Ушул жана кийинки эки бөлүмдө эмнелерди карайбыз?

3 Диний жетекчилердин элчилерди камакка алганы Кудайдын элине каршы козголгон алгачкы сот иши болгон. Тилекке каршы, ошону менен эле баары бүтүп калган эмес (Элч. 4:5—8; 16:20; 17:6, 7). Бүгүн да Шайтан чындыкка каршы болгондор аркылуу бийликтегилерди кабар айтуу ишине тыюу салууга түртөт. Душмандар бизге ар кандай жолдор менен каршылык көрсөтүп келишет. Алсак, алар бизге тынчтыкты бузгандар, бийликке каршы чыккандар жана адабият сатып  пайда көргөндөр деген сыяктуу айыптарды тагышат. Бирок биз муну төгүнгө чыгарыш үчүн сотторго кайрылабыз. Мунун натыйжасы кандай болууда? Көп жыл мурун чыгарылган сот чечимдеринин пайдасын көрүп жатасыңбы? Келгиле, соттордун «жакшы кабар таратуу укугубузду» кандайча «мыйзам боюнча бекитип, коргошконун» карап көрөлү (Флп. 1:7).

4 Бул бөлүмдөн кабарды эркин айтуу үчүн кантип күрөшкөнүбүз жөнүндө билебиз. Ал эми кийинки эки бөлүмдө бул дүйнөдөн оолак болуш үчүн жана Падышалыктын талаптарына ылайык жашаш үчүн сот майданында кандай күрөш жүргүзгөнүбүз талкууланат.

Тынчтыкты бузгандарбы же Падышалыктын берилген жактоочуларыбы?

5. 1930-жылдардын аягында бир туугандар эмне үчүн камакка алына башташкан? Жооптуу бир туугандар эмне кылууну чечишкен?

5 Бүтүндөй АКШда бийликтегилер 1930-жылдардын аягында Жахабанын Күбөлөрүн кызматка катышууга уруксат алууга мажбурлашкан. Бирок бир туугандар уруксат кагазын алышкан эмес. Анткени уруксат кагазы жокко чыгарылышы мүмкүн болчу. Ошондой эле алар Машаяктын буйругун аткарганга тоскоолдук кылууга бир да өкмөттүн укугу жок экенин жакшы билишкен (Мр. 13:10). Тилекке каршы, жүздөгөн бир туугандар камакка алына баштаган. Ошондо жооптуу бир туугандар өкмөттүн дин тутуу эркиндигибизди чектегени мыйзамды бузгандыкка жатарын далилдеш үчүн сотторго кайрылууну чечишкен. 1938-жылы маанилүү сот ишинин башталышына себеп болгон бир окуя болгон.

6, 7. Ньютон бир туугандын үй-бүлөсү кандай кыйынчылыкка туш болгон?

6 Шейшемби күнү, 1938-жылы 26-апрелде, 5 атайын пионер — 60 жаштагы Ньютон Кантвел бир тууган аялы Эстер жана 22 жаштагы Генри, 18 жаштагы Рассел, 16 жаштагы Жесси деген үч уулу менен — бир күн кечке кабар айтыш үчүн Нью-Хейвен (Коннектикут) шаарына жөнөп кетишкен. Бирок бир топ убакытка кетүүгө камданып алышкан. Анткени алар ага чейин бир нече жолу камакка алынгандыктан, дагы ошондой болуп калабы деп ойлошкон. Бирок бул алардын ынтасын сууткан эмес. Ошентип, адабияттар, патефондор жүктөлгөн машинени Ньютон бир тууган айдап, үн күчөткүч орнотулган машинени Генри айдап алып, Нью-Хейвенге барышкан. Өздөрү күткөндөй эле, бир нече сааттан кийин полиция кызматкерлери жетип келишкен.

7 Алар адегенде Расселди, анан атасы менен апасын кармап кетишкен. Жакын жерде кабар айтып жүргөн Жесси ата-энесин алып кетип жатышканын карап туруп калган. Генри болсо шаардын башка жагында жүргөн. Жесси жалгыз калып калганына карабай, патефонун көтөрүп алып, кабар айта берген. Эки католик киши анын патефонунан Рутерфорд бир туугандын «Душмандар» деген баяндамасын угуп, ушунчалык  ачуулангандыктан Жессини сабап сала жаздашкан. Бирок Жесси кетип калган. Көп өтпөй эле ал да полициянын колуна түшкөн. Полиция Эстер бир туугандан башкасынын баарына айып таккан. Бирок ошол эле күнү алар үчүн күрөө коюлуп, абактан чыгарылышкан.

8. Сотто Жесси эмне себептен күнөөлүү деп табылган?

8 Бир нече ай өткөндөн кийин, 1938-жылы сентябрда, Ньютон бир туугандын үй-бүлөсү Нью-Хейвендеги 1-баскычтагы соттун алдына барган. Ньютон бир тууганга, Расселге жана Жессиге уруксат кагазы жок тартуу чогултуп жүрүшөт жана тынчтыкты бузуп жатышат деген айып тагылып, күнөөлүү деп табылышкан. Алар бул иш боюнча Коннектикут штатынын Жогорку Сотуна кайрылышканда Ньютон бир тууган менен Рассел акталып, Жесси тынчтыкты бузуучу катары күнөөлүү деп табылган. Анткени баягы эки католик киши патефондон уккан баяндамада алардын дини шылдыңга алынганын жана ошого аябай ачууланышканын айтып, ага каршы күбөгө өтүшкөн. Жооптуу бир туугандар бул чечимге макул болбой, АКШнын Жогорку Сотуна кайрылышкан.

9, 10. а) АКШнын Жогорку Соту Ньютон бир туугандын үй-бүлөсүнө байланыштуу кандай чечим чыгарган? б) Ошол чечимден биз кандай пайда алып жатабыз?

9 Соттун төрагасы Чарлз Хьюз менен 8 сот 1940-жылы 29-мартта Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочусу Хейден  Ковингтон бир туугандын далилдерин угушкан *. Коннектикут штатынын айыптоочусу бир туугандардын элдин тынчын алып жатканын далилдегенге аракет кылганда, соттордун бири: «Машаяк Исанын кабарын да көптөр уккусу келген эмес, туурабы?» — деп сураган. Айыптоочу: «Ооба, туура. Бирок жаңылбасам, Ыйык Китепте Иса Машаяк кабар айтканы үчүн жазага тартылган деп да айтылган»,— деп жооп берген. Кызыктуусу, ал бул сөздөрү менен Жахабанын Күбөлөрүн Иса Машаякка салыштыргандай, штатты болсо Машаякты жазага тарткандарга теңегендей эле болгон. Ошентип, ал өзүн-өзү сөзгө жыкканын билбей да калган. 1940-жылы 20-майда Сот бир добуштан Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарган.

Хейден Ковингтон (алдыңкы катар, ортодо); Глен Хау (солдо) жана соттон жеңип чыгып келаткан башка бир туугандар

10 Соттун чечими кандай пайда алып келген? Ал чечим ар бир кишинин дин тутуу укугун мурдагыдан да жакшы коргоп, жергиликтүү, штаттык, атүгүл федералдык өкмөттөрдү ал укукту чектебөөгө милдеттендирген. Мындан тышкары, Сот Жессинин иш-аракети «элдин тынчын алган... иш катары эсептелбейт» деген чечим чыгарган. Ооба, Соттун чечимине ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнө коюлган тынчтыкты бузуучулар деген айып негизсиз деп табылган. Сот майданындагы ошол жеңиш Кудайдын эли үчүн чоң мааниге ээ болгон. Биз бүгүнкү күнгө чейин андан пайда алып келебиз. Кандайча? Жахабанын Күбөсү болгон бир жактоочу: «Дин тутуу эркиндигибиз мыйзамдуу түрдө корголгондуктан, ишибизге чек коюлат деп коркпой, өз өлкөбүздө жаркын келечек жөнүндөгү кабарды эркин айтып жатабыз»,— деп ой бөлүшөт.

Бийликке каршы чыккандарбы же чындыкты жарыялагандарбы?

«Квебектин Кудайды, Машаякты жана эркиндикти жек көргөнү бүтүндөй Канаданы уят кылууда»

11. Канададагы бир туугандар кандай өнөктүк өткөрүшкөн жана эмне үчүн?

11 Канададагы Жахабанын Күбөлөрү 1940-жылдары катуу куугунтуктала башташкан. Андыктан бир туугандар 1946-жылы Квебектин өкмөтүнүн дин тутуу укугубузду тебелеп жатканын жалпыга маалымдаш үчүн атайын 16 күндүк өнөктүк өткөрүп, «Квебектин Кудайды, Машаякты жана эркиндикти жек көргөнү бүтүндөй Канаданы уят кылууда» деген 4 беттүү баракчаны таратышкан. Ал баракчада Квебектеги чиркөө кызматчыларынын элди бизге каршы тукурганы, полициянын ырайымсыз мамилеси, сүрмө топтун кол салганы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Анда: «Жахабанын Күбөлөрү дагы деле мыйзамсыз түрдө камалып жатышат. Алардын 800дөйүнө Чоң Монреалда кылмыш иши козголду»,— деп да айтылган.

12. а) Душмандар өнөктүккө кандай жооп кайтарышкан? б) Бир туугандарга кандай айып коюлган? (Шилтемени да карагыла.)

12 Квебектин премьер-министри Морис Дюплесси рим-католик чиркөөсүнүн Кардиналы Вильнёв менен биригип, баракчага жооп катары Жахабанын Күбөлөрүнө «ырайымсыз согуш»  жарыялаган. Жоопко тартылган бир туугандардын саны тез эле 800дөн 1 600гө чейин көбөйгөн. Бир пионер эже: «Бизди көп жолу камакка алышкандыктан, санабай деле калганбыз»,— деп айткан. Өнөктүккө катышкан бир туугандар «жаңжал отун жаккан баракчаны» тараткандар деп айыпталышкан *.

13. Козголоңчулар деген айып менен кимдер биринчи соттолгон жана сот кандай чечим чыгарган?

13 Айме Буше бир тууган 18деги Жизел, 11деги Люзел деген эки кызы менен 1947-жылы козголоңчу катары соттолгондордун биринчиси болгон. Бир туугандар өздөрү жашаган жерде, Квебектин түштүгүндөгү дөңсөөлүү аймакта, дыйкандарга «Квебектин Кудайды, Машаякты жана эркиндикти жек көргөнү бүтүндөй Канаданы уят кылууда» деген баракчаны таратып жүрүшкөн. Ошол иш-аракети үчүн аларды тынчтыкты бузуучулар деп айтууга болот беле? Буше бир тууган момун, жумшак киши болгон. Ал чакан фермасын иштетип, шаарга анда-санда ат араба менен каттап турчу. Анын үй-бүлөсү, баракчада айтылгандай, дагы деле ырайымсыз мамилеге кабыла берген. 1-баскычтагы сот Жахабанын Күбөлөрүн жек көргөндүктөн Буше бир туугандын айыпсыздыгын көрсөткөн айкын далилдерди четке каккан. Ал сот «баракча козголоң чыгаруу максатында таратылып жатат» деп ырастаган айыптоочу тарапты ээлеп, Буше бир тууганды күнөөлүү деп тапкан. Соттун ою боюнча, «чындыкты айтуу кылмыш» болуп эсептелген. Буше бир тууган менен Жизел «жаңжал отун жаккан баракчаны» таратты деген айып менен камакка алынышкан, атүгүл кичинекей Люзелди да 2 күнгө камашкан. Бир туугандар Канаданын Жогорку Сотуна кайрылышканда, Сот алардын ишин кароого макул болгон.

14. Квебектеги бир туугандар куугунтук маалында эмне кыла беришкен?

14 Ал ортодо Квебектеги бир туугандар катуу каршылыктарга, ырайымсыз мамилеге карабай, жакшы кабарды эр жүрөктүк менен айта беришкен. Натыйжада жарчылардын саны өскөн. 1946-жылы башталган өнөктүктөн 4 жыл өткөндөн кийин эле Квебектеги жарчылардын саны 300дөн 1 000ге чейин жеткен *.

15, 16. а) Канаданын Жогорку Соту Буше бир туугандын үй-бүлөсүнүн ишин кантип чечкен? б) Ошол жеңиш бир туугандарга жана башкаларга кандай пайда алып келген?

15 Канаданын 9 кишиден турган Жогорку Соту 1950-жылы июнда Буше бир туугандын ишин караган. 6 айдан кийин, 1950-жылы 18-декабрда, Сот биздин пайдабызга чечим чыгарган. Эмне үчүн? Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочусу Глен Хау бир туугандын айтымында, соттор «козголоң» өз ичине бийликке каршы тополоң уюштурууну камтыйт дегенге кошулушкан. Ал эми баракчада «козголоңго үгүттөгөн эч нерсе жазылган эмес, андыктан ал тек гана сөз эркиндигинин бир түрү болгон». Глен бир тууган: «Ошондо Жахабанын бизди жеңишке жеткиргенин өз көзүм менен көргөм»,— деп кошумчалаган *.

16 Жогорку Соттун чечими Падышалыктын зор жеңиштеринин бири болгон. Ал чечимдин негизинде Квебектеги  бир туугандарга каршы козголгон ушуга окшош 122 иш жабылган. Анын негизинде Канаданын жана Британ шериктештигинин эли өкмөттүн бийлик жүргүзгөнүнө карата өз пикирин эркин билдирүү укугуна да ээ болгон. Ооба, Жахабанын элинин эркиндигине каршы чабуул койгон Квебек өкмөтүнүн да, чиркөөнүн да мизи майтарылган *.

Сатып пайда көргөндөрбү же Падышалыктын ынталуу жарчыларыбы?

17. Айрым өлкөлөр кызматыбызды кандай жолдор менен көзөмөлдөгөнгө аракет кылышат?

17 Биз, Машаяктын алгачкы жолдоочуларындай эле, «Кудайдын сөзүн сатып пайда көрбөйбүз». (Оку: 2 Корунттуктар 2:17.) Ошентсе да айрым өлкөлөр кызматыбызды соода-сатыкты жөндөгөн мыйзамдар аркылуу көзөмөлдөгөнгө аракет кылып келишет. Келгиле, адабияттарды сатып пайда көрбөй турганыбызды далилдеген эки сот ишине токтололу.

18, 19. Даниянын өкмөтү кабар айтуу ишине бөгөт коюуга кантип аракет кылган?

18 Дания. 1932-жылы 1-октябрда адабияттарды уруксат кагазы жок сатуу кылмыш кылгандыкка жатат деген мыйзам күчүнө кирген. Бирок бир туугандар уруксат кагазын алышкан эмес. Эртеси күнү 5 жарчы борбор калаа Копенгагенден 30 чакырымдай алыс жайгашкан Роскилле шаарында кабар айтып жүрүшкөн болчу. Кечинде чогула турган жерге Август Ламан деген бир тууган келбей калган. Көрсө, аны адабияттарды уруксат кагазы жок сатып жүрөт деген айып менен камап коюшуптур.

19 Август бир тууган 1932-жылы 19-декабрда сот алдына барган. Ал Ыйык Китепке негизделген адабияттарды таратып жүргөнү чын экенин, бирок пайда көрүш үчүн сатпаганын айткан. Сот анын сөздөрүн ырастап: «Соттолуучу... өзүн камсыз кыла алат. Ал адабият таратуудан пайда көрбөй эле, тескерисинче, чыгым болот экен»,— деген. Сот Август бир тууганды жактап, анын ишинин «соода-сатыкка жатпай» турганын тастыктаган. Ошого карабай душмандар бүтүндөй өлкө боюнча кабар айтуу ишине бөгөт коюуга аракет кыла беришкен (Заб. 94:20). Чечимге макул болбогон айыптоочу Жогорку Сотко чейин барган. Ал эми бир туугандар эмне кылышкан?

20. Даниянын Жогорку Соту кандай чечим чыгарган жана бир туугандар эмне кылышкан?

20 Иш Жогорку Сотто караларына бир жума калганда бүтүндөй Даниядагы бир туугандар кабарды ынталуу тарата башташкан. 1933-жылы 3-октябрда Жогорку Сот чечимин жарыялаган. Ал төмөнкү баскычтагы соттун чечимин колдоп, Август бир тууганды айыпсыз деп тапкан. Андыктан бир туугандар андан ары да ээн-эркин кабар айта беришкен. Алар жеңишке жеткиргени үчүн Жахабага ыраазы болуп, кабар айтуу ишине мурункудан да ынталуу катыша башташкан. Ошондон тартып Дания өкмөтү биздин ишке эч кандай тоскоолдук кылган эмес.

Даниядагы эр жүрөк бир туугандар, 1930-жылдар

21, 22. АКШнын Жогорку Соту Мердок бир туугандын ишине байланыштуу кандай чечим чыгарган?

 21 АКШ. Пионер болуп кызмат кылган Роберт Мердок менен 7 бир тууганды 1940-жылы 25-февралда Питсбургдун жанындагы Жаннет шаарында кабар айтып жүргөн жеринен кармап кетишкен. Аларга уруксат кагазы жок адабият таратып жүрүшөт деген айып коюлган. Бир туугандар АКШнын Жогорку Сотуна кайрылышканда, Сот ал ишти кароого макул болгон.

22 Жогорку Сот 1943-жылы 3-майда Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарган. Сот уруксат кагазын алууга байланыштуу талапты туура эмес деп тапкан, анткени ал «Федералдык Конституция ыйгарган укукту чектөөгө жаткан». Сот «басма сөз жана дин тутуу эркиндигин чектеген» жергиликтүү бийликтин токтомун да жокко чыгарган. Ишти караган соттордун бири Уильям Дуглас баарынын оюн корутундулап: «Жахабанын Күбөлөрүнүн ишинде кабар айтуу жана адабият таратуу бири-бири менен тыгыз байланышта. Чиркөөгө барып сыйынуу, секичеден окутуу сыяктуу диний иштер коомдо канчалык баалуу болсо,.. Жахабанын Күбөлөрүнүн адабият таратуу иши да ошончолук баалуу»,— деген.

23. 1943-жылы чыгарылган чечим эмне себептен биз үчүн да зор мааниге ээ?

23 Ооба, АКШнын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрү үчүн зор мааниге ээ болгон чечим чыгарган. Сот биздин  Кудайдын Сөзүн саткан соодагерлер эмес, анын кызматчылары экенибизди тастыктаган. Бир туугандар ошол күнү Жогорку Сотто 13 иштин 12син, анын ичинде Мердок бир туугандын ишин жеңип алышкан. Жакшы кабарды эл көп жүргөн жерлерде жана үймө-үй таратууга болгон укугубуз талашка салынганда, ошол чечимдер сот майданында жеңишке ээ болууга өбөлгө түзүп келет.

«Адамдарга эмес,.. башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»

24. Бийликтегилер кабар айтуу ишине тыюу салса, эмне кылабыз?

24 Биз жакшы кабарды таратууга болгон укугубузду коргогон өкмөттөргө абдан ыраазыбыз. Бирок алар ишибизге тыюу салса, анда кабар айтуу ыкмаларын өзгөртүп, кызматыбызды уланта беребиз. Биз, элчилердей болуп, «адамдарга эмес,.. башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек» (Элч. 5:29; Мт. 28:19, 20). Ошол эле учурда эркиндик беришин суранып, сотторго кайрылабыз. Буга байланыштуу эки мисалды карап көрөлү.

25, 26. Бир туугандар эмне үчүн Никарагуанын Жогорку Сотуна кайрылышкан жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

25 Никарагуа. 1952-жылы 19-ноябрда филиалдын кызматчысы жана миссионер болуп кызмат кылган Доневен Манстерман бир тууган өлкөнүн борбор калаасы Манагуадагы Миграция министрлигине барган. Ал бөлүм башчысы Арнольдо Гарсиянын кеңсесине чакырылган болчу. Арнольдо Гарсия ага Никарагуадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн «кабар айтуу жана башка диний иштерине тыюу салынганын» айткан. «Эмне үчүн?» — деген суроого Гарсия жогорудан ошондой буйрук берилгенин жана Жахабанын Күбөлөрүнө коммунисттер деген айып тагылганын билдирген. Мунун артында рим-католик диний жетекчилери турганы айдан ачык болчу.

Никарагуадагы бир туугандар, тыюу салынган убак

 26 Доневен бир тууган токтоосуз түрдө Дин иштери боюнча министрликке жана президент Анастасио Сомосе Гарсиага кайрылган, бирок андан эч кандай майнап чыккан эмес. Андыктан бир туугандар кабар айтуу ыкмаларын өзгөртүшкөн. Падышалык залын жаап, чакан топ болуп чогула башташкан. Көчөлөрдө кабар айтууну токтотушса да, башка жолдор менен кабар айта беришкен. Ошол эле учурда тыюу салууга байланыштуу чечимди жокко чыгарышын өтүнүп, Никарагуанын Жогорку Сотуна кайрылышкан. Ишибизге тыюу салынганы жана Сотко эмне деп кайрылганыбыз көп гезитке чыккан. Акыры, Жогорку Сот ишибизди кароого макул болгон. Ошентип, 1953-жылы 19-июнда Сот бир добуштан биздин пайдабызга чечим чыгарган. Ага ылайык, өкмөттүн биздин ишке тыюу салганы Конституция менен кепилденген дин тутуу, абийир жана өз пикирин билдирүү эркиндигин бузгандыкка жаткан. Ошондой эле Сот өкмөттү Жахабанын Күбөлөрүнө мурункудай мамиле кылууга милдеттендирген.

27. Никарагуалыктар эмнеге таң калышкан жана бир туугандар жеңишке эмненин аркасында жеттик деп эсептешкен?

27 Никарагуалыктар Жогорку Соттун чечимине таң калышкан. Себеби диний жетекчилердин таасири күчтүү болгондуктан, буга чейин Сот аларга жакпаган чечим чыгарууга батынчу эмес. Өкмөттүн да укуругу узун болгондуктан, Сот алардын чечимин талашка салган учурлар чанда эле болчу. Бир туугандар ошол жеңишке Падышабыз колдоп жаткандыктан жана кабар айтуу ишин уланта беришкендиктен жеткенине эч шектенишкен эмес (Элч. 1:8).

28, 29. 1980-жылдардын ортосунда Заирдеги жагдай кандайча өзгөргөн?

28 Заир. 1980-жылдардын ортосунда Заирде (азыр Конго Демократиялык Республикасы) 35 000дей жарчы бар болчу. Күн санап көбөйүп жаткан жарчыларга кам көрүш үчүн филиал жаңы имараттарды куруп жаткан. 1985-жылы декабрда өлкөнүн борбор калаасы Киншасада эл аралык жыйын өткөрүлүп, ар кайсы өлкөдөн келген 32 000 бир тууган шаардагы стадионго толуп калган. Бирок көп өтпөй эле жагдай өзгөрө баштаган.

29 Квебекте Дюплессинин убагында куугунтукталган Марсель Фильто бир тууган ошол маалда Заирде миссионер болуп кызмат кылчу. Ал: «Жооптуу бир туугандар 1986-жылы 12-мартта Заирде Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынганы жөнүндө кат алышкан»,— деп эскерет. Ал документке президент Мобуту Сесе Секонун колу коюлуптур.

30. Филиалдын комитетине кандай чечим чыгарууга туура келген жана алар эмне кылууну чечишкен?

30 Эртеси улуттук радиодон: «Эми [Заирде] Жахабанын Күбөлөрүнүн жаагы жап болот»,— деп жарыяланган. Андан кийин куугунтук башталган. Падышалык залдарын талкалап, бир туугандарды тоноп, камакка алып, сабашкан. Атүгүл кичинекей балдарды да түрмөгө камашкан. 1988-жылы 12-октябрда өкмөт уюмдун мүлкүн тартып алса, Улуттук гвардия филиалды ээлеп алган. Жооптуу бир туугандар президентке  кайрылышкан, бирок эч кандай жооп болгон эмес. Филиалдын комитетине оор чечим чыгарууга туура келген. Алар: «Жогорку Сотко кайрылышыбыз керекпи же күтө турганыбыз жакшыбы?» — деп ойлонушкан. Миссионер жана филиалдын комитетинин координатору болуп кызмат кылган Тимети Холмс бир тууган: «Биз Жахабадан акылмандык, жетекчилик сурап тиленип жаттык»,— деп эскерет. Жакшылап ойлонгондон кийин комитет сотко кайрылууга азыр ылайыктуу учур эмес экенин баамдаган. Андан көрө, бир туугандарга кам көрүп, кабарды башка жолдор менен айтууга көңүл топтоону чечишкен.

«Сот иши жүрүп жатканда, Жахабанын жагдайды өзгөртө аларына дагы бир жолу ынандык»

31, 32. Заирдин Жогорку Соту кандай чечим чыгарган жана анын натыйжасы кандай болгон?

31 Бир нече жылдан кийин куугунтук басаңдап, өлкөдө адам укуктарын коргоого көбүрөөк көңүл бурула баштаган. Ошондо филиалдын комитети Заирдин Жогорку Сотуна кайрылууга ылайыктуу учур келгенин баамдаган. Кызыктуусу, Сот ишибизди кароого макул болгон. Ошентип, ишибизге тыюу салынганына 7 жылдай болгондон кийин, 1993-жылы 8-январда, Сот өкмөттүн Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жүргүзгөн иш-аракетин мыйзамсыз деп таап, бизге кайрадан эркиндик берген. Элестетсеңер, соттор өмүрүн тобокелге салып, президенттин чечимин жокко чыгарышкан! Холмс бир тууган: «Сот иши жүрүп жатканда, Жахабанын жагдайды өзгөртө аларына дагы бир жолу ынандык»,— деген (Дан. 2:21). Бул жеңиш бир туугандардын ишенимин ого бетер бекемдеген. Алар Падышабыздын кайсы учурда кандай иш-аракет кылуу керектигин баамдоого жардам бергенин сезишкен.

Конгодогу бир туугандар Жахабага эркин кызмат кылып жатышканына абдан кубанышат

 32 Ошондон кийин өлкөгө миссионерлер келип, жаңы имараттар курулуп, бир туугандар адабияттарды кенен-кесир ала башташкан *. Ооба, Жахабанын өз элин коргоп келгенин билгенде баарыбыз кубанабыз (Ыш. 52:10).

«Жахаба — менин жардамчым»

33. Сот майданында болгон айрым окуялар эмнени далилдеп турат?

33 Сот майданында болгон жеңиштер Иса Машаяктын: «Мен силерге акылмандык берем, айтканга сөз табууга жардам берем. Андыктан каршылаштарыңардын баары биригип да силерге каршы тура албайт»,— деген убадасын аткарып жатканын далилдеп турат. (Оку: Лука 21:12—15.) Кээде Жахаба өз элин коргош үчүн бүгүнкү күндөгү Гамалеилдерди жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн эр жүрөк соттор менен жактоочуларды колдонот. Ал душмандардын куралдарын эч нерсеге жараксыз кылып коёт. (Оку: Ышая 54:17.) Ооба, Кудайдын ишине эч ким бөгөт коё албайт!

34. Сот майданында жеңишке ээ болуп келгенибиз эмнеси менен кызыктуу жана бул эмнени далилдеп турат? (« Кабар айтуу ишин алга илгерилеткен чоң жеңиштер» деген кутучаны да карагыла.)

34 Сот майданында жеңишке ээ болуп келгенибиз эмнеси менен кызыктуу? Биз таасирдүү, белгилүү адамдардан эмеспиз. Шайлоого катышпайбыз, саясатты колдобойбуз, саясатчыларга таасир эткенге да аракет кылбайбыз. Сот алдына барган бир туугандарды эл «билими жок карапайым кишилер» катары көрөт (Элч. 4:13). Соттор таасирдүү диний, саясий жетекчилерге каршы чыгууга жана биздин пайдабызга чечим чыгарууга кызыкдар деле эмес. Ошентсе да алар кайра-кайра бизди жактап келишет. Жеңиш артынан жеңишке жетип жатканыбыз — Кудай менен Машаяктын бизди колдоп жатканынын далили (2 Кор. 2:17). Андыктан элчи Пабылдын: «Жахаба — менин жардамчым; мен коркпойм»,— деген сөздөрүнө толук кошулабыз (Евр. 13:6).

^ 9-абз. «Кантвел Коннектикут штатына каршы» деген бул иш Хейден Ковингтон бир тууган АКШнын Жогорку Сотунда жактаган 43 иштин алгачкысы болгон. Ал 1978-жылы каза болгон. Анын аялы Дороти ишенимдүү кызмат кылып, 92 жашында көз жумган.

^ 12-абз. Бул айып 1606-жылы чыккан мыйзамга негизделген. Сот ишин кароого чакырылган жарандар жоопко тартылган кишинин айткандары, чындык болгон күндө да, козголоң чыгаргандай сезилсе, аны күнөөлүү деп табышчу.

^ 14-абз. 1950-жылы Квебекте 164 бир тууган толук убакыт кызмат кылган. Алардын 63ү Гилат мектебин бүтүргөн миссионерлер болгон. Алар катуу куугунтукка дуушар болорун билишсе да, Квебекке барып кызмат кылууга макул болушкан.

^ 15-абз. Глен Хау бир тууган мыкты жактоочу болгон. Ал 1943-жылдан 2003-жылга чейин Канададагы жана башка жерлердеги бир туугандарды коргош үчүн жүздөгөн сотко катышкан.

^ 16-абз. Бул иш тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2000-жылдын 22-апрелиндеги санынын 18—24-беттериндеги «Силер эмес, Кудай согушат» деген макаланы карагыла, ор.

^ 32-абз. Улуттук гвардия филиалдын имаратын кайра кайтарып берген, бирок жаңы имараттар башка жерге курулган.

Көбүрөөк билиңиз

ДОКУМЕНТАЛДЫК ТАСМАЛАР

Жахабанын Күбөлөрү — ишенимин иш жүзүндө көрсөткөндөр. 2-бөлүк: Жарык жаркырасын

Иса Машаяк жолдоочуларына «бардык элдерден шакирт даярдоого» жардам берип келет. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ар кандай каршылыктарга, кыйынчылыктарга карабай, чындыктын жарыгын жаркырата беришкен.